Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 253
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы VIII сессиясында
кабыл алынган № 112-«Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар
γчγн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифтерди бекитγγ
жѳнγндѳ» токтомуна толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 12-декабрындагы №421/08-6- «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишкана тарабынан таштандыларын ташып чыгарууга кѳрсѳткѳн кызматы γчγн бюджеттик мекеме-ишканаларга, коммерциялык тγзγлγштѳгγ ишканаларга жана соода тγйγндѳрγнѳ болгон тарифтерди бекитγγ жѳнγндѳ катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасына караштуу монополияга каршы жѳнгѳ салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бѳлγмγнγн 2014-жылдын 12-ноябрындагы «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын бюджеттик мекеме-ишканаларга, коммерциялык тγзγлγштѳгγ ишканаларга жана соода тγйγндѳрγнѳ акы алып кызмат кѳрсѳтγγнγн наркын макулдашуу жѳнγндѳ» №33 буйругу менен макулдашылган тарифин, Ош шаардык Кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 22-декабрындагы отурумунун №10-токтомун, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы VIII сессиясында кабыл алынган № 112-«Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар γчγн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифтерди бекитγγ жѳнγндѳ» токтомунун 1-пункту № 1- тиркемеге ылайык катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу γчγн тγзγлгѳн эсептѳѳлѳрдγн ѳлчѳмγ менен толукталсын (№1-тиркеме тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У. Примов |
Ош шаардык Кеңешинин
2015-жылдын 12- февралындагы
кезексиз XXV сессиясынын
№253 токтомуна № 1-тиркеме
№ |
Катуу тиричилик таштандыларын чыгаруучу жайлар |
Ѳлчѳѳ бирдиги | Бир айга (сом) | Бир жылга (сом) |
1. | Ош шаарындагы коомдук тамактануучу мекемелер (ресторан, кафе, бар, ашкана, самсакана ж.б.) | Бир адам олтуруучу орунга | 58 | 696 |
2. | Тандырга бышырылуучу нан азыктарын даярдап чыгаруучу жайлар жана самсаканалар | Бир тандырга | 454 | 5448 |
3. | Керек-жарак, γй-тиричилик буюмдарын сатуучу соода борборлор, чоң жана майда дγкѳндѳр ж.б. | 1 м2 аянты | 32 | 384 |
4. | Кγнγмдγк керектелγγчγ азыктарды сатуучу соода борборлор, чоң жана майда дγкѳндѳр ж.б. | 1 м2 аянты | 29 | 348 |
5. | Базарлар | 1 м2 аянты | 23 | 276 |
6. | Сактоочу жайлар (склад) | 1 м2 аянты | 23 | 276 |
7. | Автовокзалдар, темир жол вокзалдары жана аэропорт | 1 м2 аянты | 31 | 372 |
8. | Автоунаалар токтоочу жайлар | 1 авто ордуна | 58 | 696 |
9. | Автоунаа ондоочу жана жуучу жайлар | 1 м2 аянты | 58 | 696 |
10. | Заводдор жана фабрикалар | Адамга | 26 | 312 |
11. | Заводдор жана фабрикалар | 1 м2 аянты | 29 | 348 |
12. | Ооруканалар | Жатуучу орунга | 29 | 348 |
13. | Поликлиникалар, дарыканалар жана китепканалар | Катталуучуга | 27 | 324 |
14. | Мейманканалар жана эс алуу борборлору | Бир орунга | 50 | 600 |
15. | Жатаканалар (общежития) | Бир орунга | 29 | 348 |
16. | Санаториялар жана эс алуучу жайлар | Бир орунга | 38 | 456 |
17. | Балдар бакчалары (мамлекеттик) | Бир орунга | 18 | 216 |
18. | Балдар бакчалары (жеке) | Бир орунга | 35 | 420 |
19. | Мектептер | Бир окуучуга | 14 | 168 |
20. | Мектеп-интернаттары | Бир окуучуга | 15 | 180 |
21. | Атайын окуу жайлары (училища) | Бир окуучуга | 12 | 144 |
22. | Жогорку окуу жайлар жана техникумдар | Бир студентке | 14 | 168 |
23. | Театрлар жана кинотеатрлар | Бир орунга | 29 | 348 |
24. | Ишканалар | Бир кызматкерге | 27 | 324 |
25. | Типографиялар | Бир жумушчуга | 58 | 696 |
26. | Тейлѳѳ тармактары (чачтарач, тигγγ жайлар, ѳтγк ондоо жайлар, хим.тазалоо, сγрѳтканалар, ж.б.) | Бир жумушчуга | 58 | 696 |
27. | Мончолор, ажатканалар жана сауналар | Бир орунга | 44 | 528 |
28. | Интернет, букмекер клубдар | Бир орунга | 29 | 348 |
29. | Машыгуу залдары, футзалдары, фитнес клубдар | Бир орунга | 29 | 348 |
Ош шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси: С. Маматалиева