Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-октябры № 652
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жободо:
- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 26-1-пунктча менен толукталсын:
"26-1) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө жободо:
- 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пунктча менен толукталсын:
"14-1) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жөнүндө жободо:
- 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пунктча менен толукталсын:
"13-1) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департамент жөнүндө жободо:
- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пунктча менен толукталсын:
"8-1) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө жободо:
- 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пунктча менен толукталсын:
"10-1) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө жободо:
- 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пунктча менен толукталсын:
"12-1) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-пунктча менен толукталсын:
"20-1) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
7) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 78 (3734) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |