Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/44
Жайыт жерлерин өткөрүү жана тарифин бекитүү жөнүндө
(Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 01-7/48 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, 2024-жылдын 28-августунда “Таза-Айыл” муниципалдык ишканасынын директору С.Бербаевдин №01-04/23 кайрылусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 “Пилоттук режимде айылдык аймактардын деңгээлинде администрациялык-аймактык реформага камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык айылдык кеңештин XXVIII чакырылышынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Өзөн айыл аймагы боюнча Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн карамагындагы Жайыт жерлери “Таза-Айыл” муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт жерлеринин тарифтик баасы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- ири мүйүздүү малга жылына – 150 сом;
- майда жандыкка жылына – 30 сом;
- сырттан келген малга бир башка 3 эсе көбөйтүлгөн баада;
- башка максаттар үчүн (туризм, эс алууга ж.б.) – 1 сотых жерге 200-250 сом;
- 0,01 гектардан 1 гектарга чейин - ар бир 0,01 гектар (сотых) жайыт жери үчүн ижара акысы 1000 (бир миң) сом;
- 1 гектардан жогору -ар бир 0,01 гектар (сотых) жайыт жери үчүн ижара акысы 500 (беш жүз) сом;
- чөп чабуу үчүн колдонулган жайыт жери (сенокос) - ар бир 0,01 гектар (сотых) үчүн ижара акысы 30 (отуз) сом.
- унаа токтотуучу жай үчүн ар бирине – 150 сом.
(Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 01-7/48 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.
4. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын
Төраганын орун басары |
| М.Р.Акчалов |