Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-июлу № 01-7/48
Сары-Өзөн айыл аймагынын жайыт жерлерин категорияга бөлүп,тарифтерин көбөйтүү үчүн айылдык кеңештин 2024-жылдын 29-августундагы №01-7/44 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Таза-Айыл” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Чомоковдун 2025-жылдын 14-июлунда №01-04/23 кайрылусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 “Айылдык аймактардын деңгээлинде административдик территориялык реформаны пилоттук режимде жүргүзүүдө мамлекеттик жайыт жерлерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына башкаруу жана пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы №01-7/44 токтомунун 2-пунктундагы башка максаттар үчүн (туризм, эс алууга ж.б.) төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 0,01 гектардан 1 гектарга чейин - ар бир 0,01 гектар (сотых) жайыт жери үчүн ижара акысы 1000 (бир миң) сом;
- 1 гектардан жогору -ар бир 0,01 гектар (сотых) жайыт жери үчүн ижара акысы 500 (беш жүз) сом;
- чөп чабуу үчүн колдонулган жайыт жери (сенокос) - ар бир 0,01 гектар (сотых) үчүн ижара акысы 30 (отуз) сом.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.
3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча комиссиянын төрагасына жана “Таза Айыл” муниципалдык ишканасынын директоруна жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| С.Б. Бекмырзаев |