Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 01-7/38
Асылбаш, Төш-Булак, 1-Май, Сокулук, Жакынкы жана Алыскы Арал айылдарында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын нормага келтирүү жөнүндө
(Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 01-7/43 токтомунун редакциясына ылайык)
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 10-июлундагы отурумунун чечиминин негизинде комиссиясынын төрагасы Р.Апакаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин XXVIII-чакырылышынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке турак жай куруу үчүн жер аянтынын нормасын Сокулук айылында калк жыш жайгашкандыгына байланыштуу жер аянтынын ченемин 0,04га дан 0,15га чейин, ал эми, Асылбаш, Төш-Булак, 1-Май, Жакынкы жана Алыскы Арал айылдарында жер аянтынын ченемин 0,4га дан 0,30 га чейин өлчөмүндө бекитилсин.
- Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянтынын ченемдери ушул токтом күчүнө киргенден кийин бериле турган жер участокторуна гана колдонулат. Бул токтомго чейин мурдагы токтомдордун негизинде мыйзамдуу берилген жер тилкелерине жаңы нормалар тийиштүү эмес жана алар өз күчүндө калат.
(Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 01-7/43 токтомунун редакциясына ылайык)
2.Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| М.Р.Акчалов |