Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 660 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун камсыздандыруу запасын түзүү жана пайдалануу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 77-беренесине, "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-статьясына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММК фонду) тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнүн эсебинен түзүлүүчү камсыздандыруу запасынын багытын, түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин аныктайт.
2. Камсыздандыруу запасы Кыргыз Республикасындагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылууга жана ММК фондунун кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджети жөнүндө мыйзамга ылайык ММК фондунун чыгымдык милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн арналган.
3. Камсыздандыруу запасынын каражаттары Бирдиктүү казыналык эсептин ичинде ачылган ММК фондунун жеке эсебинде өзүнчө эсепке алынат.
2-глава. Камсыздандыруу запасын түзүү
4. Камсыздандыруу запасын түзүү деп милдеттүү медициналык камсыздандырууга келип түшкөн каражаттардын эсебинен ММК фондунун бюджетинде финансылык каражаттарды резервге коюу түшүнүлөт.
5. Камсыздандыруу запасы милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү катары алынган каражаттардын жалпы көлөмүнөн бир айлык каржылоодон кем эмес көлөмдө түзүлөт жана жыл сайын ММК фондунун бюджети жөнүндө мыйзам менен бекитилет.
6. Камсыздандыруу запасы ММК фондунун бюджетинин чыгымдарынын курамында түзүлөт жана аны жыл ичинде пайдаланууга арналат.
3-глава. Бюджеттик жыл ичинде камсыздандыруу запасынын каражаттарын пайдалануу
7. Камсыздандыруу запасынын каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) жыл ичинде болгон табигый кырсыктарга, кыйроолорго, террористтик актыларга байланыштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын финансылык камсыз кылуу менен оор кырдаалдар келип чыкканда;
2) сот органдарынын чечими боюнча төлөөлөрдү ишке ашыруу зарылдыгы келип чыкканда;
3) ММК фондунун бюджетинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын пландалган көлөмү жетишсиз болгон учурда.
8. ММК фондунун бюджетинин пландалган кирешелеринин жетишсиздигине байланыштуу камсыздандыруу запасынын каражаттары пайдаланылган учурда камсыздандыруу запасынын каражаттары тиешелүү сумма келип түшкөндө калыбына келтирилүүгө тийиш. Башка учурларда камсыздандыруу запасы жыл ичинде калыбына келтирилүүгө тийиш эмес.
9. Эгерде камсыздандыруу запасынын каражаттары жыл ичинде пайдаланылбаса, калган калдыгы кийинки бюджеттик жылга өткөрүлөт.
10. Камсыздандыруу запасынын каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим ММК фонду тарабынан ММК фондунун жетекчиси жана кызмат адамдары кол койгон тескеме түрүндө кабыл алынат. Чечимде финансылык камсыз кылуу камсыздандыруу запасынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырыла турган чыгымдык милдеттенмелердин тизмеги көрсөтүлөт.
11. Камсыздандыруу запасынын каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечимди кабыл алуу учурдагы бюджеттик жылга ММК фондунун бюджетинен болжолдонгон кирешелердин келип түшүүсүнүн жана болжолдонгон төлөмдөрдүн маалыматтарын эске алуу менен кабыл алынат.
12. Камсыздандыруу запасынын каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечимдин негизинде чыгымдык операциялар казыналык жол-жоболорду колдонуу менен өздүк эсептен жүргүзүлөт.
13. Камсыздандыруу запастарынын каражаттарын пайдалануу жөнүндө тескемелерди эсепке алуу тийиштүү электрондук журналда жүргүзүлөт.
14. Камсыздандыруу запасынын каражаттарын пайдалануу ММК фондунун чыгарылган тескемесине жана ушул Тартипке ылайык чыгымдардын так багыттары боюнча ишке ашырылат.
4-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
15. Камсыздандыруу запасынын каражаттары боюнча өздүк эсептеги операциялар боюнча эсепке алууну жүргүзүү жана финансылык отчеттуулукту түзүү казыналыктын системасында эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүнүн бирдиктүү эрежелери жана жол-жоболору боюнча ишке ашырылат.