Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 660 токтомуна) |
Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
2. Тартип Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары үчүн саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү, пайдалануу жана эсепке алуу эрежелерин аныктайт.
3. Ушул Тартиптин колдонулушу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММК фонду) менен келишимдерди түзгөн саламаттык сактоо уюмдарына жайылтылат.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык түзүлгөн Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин (мындан ары - Байкоочу кеңеш) чечими боюнча каражаттар саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө, ден соолукту алдын алуу жана чыңдоо иш-чараларын жана саламаттык сактоо жаатындагы башка максаттуу программаларды каржылоого багытталат.
2-глава. Каражаттарды түзүү
5. Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү медициналык камсыздандырууга багытталуучу бекитилген сумманын 2 (эки) пайызынан ашпаган өлчөмдө максаттуу тартипте каралат жана бекитилет.
6. Үстүбүздөгү жылга Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары үчүн саламаттык сактоону колдоонун жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын тизмеси саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана ММК фонду тарабынан Байкоочу кеңештин кароосуна жана жактыруусуна киргизилет.
7. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары боюнча бюджетти тактоодо саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттардын каралган көлөмү Байкоочу кеңештин чечими боюнча ММК фондунун бюджетине белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жылына 1 (бир) жолу кайра каралышы мүмкүн.
3-глава. Каражаттарды пайдалануу
8. Каражаттар Байкоочу кеңештин чечими боюнча төмөнкүлөргө багытталат:
1) милдеттүү медициналык камсыздандыруу келишими боюнча иштеген жана жарандарга медициналык-санитардык жардамды камсыз кылуучу саламаттык сактоо уюмдарын материалдык-техникалык жактан жабдууну жакшыртууга;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын ишке ашырууга катышкан саламаттык сактоо уюмдарына дем берүүгө.
9. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына тиешелүү максаттуу иш-чараларга бөлүнгөн каражаттар түздөн-түз багытталат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарынын жол-жоболоруна ылайык пайдаланылат.
10. Жүргүзүлгөн сатып алуулардын жүрүшүндө үнөмдөлгөн каражаттар саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Байкоочу кеңештин чечимине ылайык кайра бөлүштүрүлүүгө тийиш.
4-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
11. Ден соолукту алдын алуу жана чыңдоо боюнча иш-чараларды жана саламаттык сактоо жаатындагы башка максаттуу программаларды каржылоого каражаттар ММК фондунун Бирдиктүү казыналык эсебинде эсепке алынат.
12. Киреше жана чыгаша операцияларынын түшүүсүн эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобого ылайык жүргүзүлөт.
13. Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликти Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси тартат.