МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 209 «Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы Туруктуу координатордун кеңсесине, анын ичинде бул Кеңсенин Кыргызстандагы Туруктуу координаторуна жана башка мүчөлөрүнө карата тиешелүү өзгөртүүлөр менен SBAA (Standard Basic Assistance Agreement) колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда каттарды алмашуу жолу менен түзүлгөн макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы

Редакция14.10.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 14-октябры № 209

 

Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы Туруктуу координатордун кеңсесине, анын ичинде бул Кеңсенин Кыргызстандагы Туруктуу координаторуна жана башка мүчөлөрүнө карата тиешелүү өзгөртүүлөр менен SBAA (Standard Basic Assistance Agreement) колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда каттарды алмашуу жолу менен түзүлгөн макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы Туруктуу координатордун кеңсесине, анын ичинде бул Кеңсенин Кыргызстандагы Туруктуу координаторуна жана башка мүчөлөрүнө карата тиешелүү өзгөртүүлөр менен SBAA (Standard Basic Assistance Agreement) колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда каттарды алмашуу жолу менен түзүлгөн макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 17-сентябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган