Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 25-январы № 20-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 903-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2024-жылы калкты милдеттүү медициналык жана пенсиялык камсыздандыруу менен кеңири камтууну киргизүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөр жана пенсиялык камсыздоо менен толук камсыз кылуу, ошондой эле жогоруда аталган социалдык чөйрөлөрдө жарандардын камсыздандыруу төгүмдөрүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Медициналык жана пенсиялык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2025-жылдын аягына чейин:
- жарандарды милдеттүү медициналык жана пенсиялык камсыздандырууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жүргүзсүн;
- милдеттүү медициналык жана пенсиялык укуктук мамилелер чөйрөсүндө колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыксын;
- системаны киргизүү үчүн зарыл болгон ресурстарды жана убакыт алкактарын баалоо менен сунушталган чараларды ишке ашыруунун деталдуу планын иштеп чыксын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 903-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:
- айрым багыттарды ишке ашыруу боюнча чакан жумушчу топторду түзүүгө;
- иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн маалымат суроого жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди, консультанттарды жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүн тартууга.
4. Министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды ыкчам тартипте берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Медициналык жана пенсиялык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 903-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
“Түндүк” ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү.