Редакцияот 22.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2025-жылдын 22-октябры № 903-т

 

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 811-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Санариптик кызматтык күбөлүктөрдү берүүнүн жана колдонуунун типтүү тартибинде:

– 5-пунктта “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси” деген сөздөр ““Түндүк” ачык акционердик коому” деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 20-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)     2-пункттун биринчи абзацында “эки жумалык мөөнөттө” деген сөздөр “2025-жылдын аягына чейин” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган тескеменин тиркемесинде:

– сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары;”;

– онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары;”;

– он бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

““Түндүк” ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү.”.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев