Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 22-октябры № 226
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Согуштук абал жөнүндө", "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Согуштук абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-берене менен толукталсын:
"15-1-берене. Согуштук абалдын шарттарында адам укуктарынын сакталышын парламенттик контролдоо
Кыргыз Республикасынын аймагында согуштук абалдын мезгилинде адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын парламенттик контролдоо чектелүүгө тийиш эмес.".
2-берене.
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 81-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 22-статьянын 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16) дипломатиялык кызматтардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет өлкөлүк транспорт каражаттарынын кыймылын чектөөнү жана аларды карап текшерүүнү;";
2) VI глава төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-берене менен толукталсын:
"35-1-статья. Өзгөчө абал режими адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишин токтотпойт.".
3-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |