МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-октябры № 226 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (»Согуштук абал жөнүндө«,»Өзгөчө абал жөнүндө«Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык Мыйзамына

Редакция22.10.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 22-октябры № 226

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Согуштук абал жөнүндө", "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

1-берене.

"Согуштук абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-берене менен толукталсын:

"15-1-берене. Согуштук абалдын шарттарында адам укуктарынын сакталышын парламенттик контролдоо

Кыргыз Республикасынын аймагында согуштук абалдын мезгилинде адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын парламенттик контролдоо чектелүүгө тийиш эмес.".

2-берене.

"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 81-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 22-статьянын 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16) дипломатиялык кызматтардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет өлкөлүк транспорт каражаттарынын кыймылын чектөөнү жана аларды карап текшерүүнү;";

2) VI глава төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-берене менен толукталсын:

"35-1-статья. Өзгөчө абал режими адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишин токтотпойт.".

3-берене.

Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 25-сентябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган