Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 22-октябры № 227
2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында кол коюлган Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Өзбекстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында кол коюлган Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Өзбекстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө депозитарий болуп саналган Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 24- октябрындагы № 81 (3737) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 24-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |