МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-октябрындагы № 227 «2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында кол коюлган Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Өзбекстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция22.10.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 22-октябры № 227

 

2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында кол коюлган Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Өзбекстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында кол коюлган Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Өзбекстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө депозитарий болуп саналган Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 24- октябрындагы № 81 (3737) саны менен жарыяланган.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 24-сентябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган