Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-октябрындагы № 707
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 “Мамлекеттик
алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Нотариалдык кызматтарды көрсөтүүнү оптималдаштыруу жана бюджеттин киреше бөлүгүн чыңдоо максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 139-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик алымдын ставкаларында:
– 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 18–22-пунктчалар менен толукталсын:
“18) акы төлөбөөдө, акцепт кылбоодо жана акцептин датасын койбоодо векселдерге бөгөт жасоо, чектин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрүү үчүн – векселдин же чектин төлөнбөгөн суммасынын 2 пайызы, бирок эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмүнөн кем эмес;
19) документтерди сактоо үчүн – жарыяланган баалуулуктун суммасынын 2 пайызы (сакталган ар бир ай үчүн), бирок эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнөн кем эмес;
20) деңиз бөгөтүн жасоо үчүн – эсептик көрсөткүчтүн 5 эселенген өлчөмү;
21) башка нотариалдык аракеттерди жасоо (анын ичинде зыяндын ордун толтуруу, карызды кайтаруу, мүлктү сактоо тууралуу милдеттенмелерди күбөлөндүрүү) үчүн:
– жеке жактар үчүн – эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
– юридикалык жактар үчүн – эсептик көрсөткүчтүн 4 эселенген өлчөмү;
22) нотариалдык буйрукту берүү үчүн:
– жеке жактар үчүн – 1000 (бир миң) сом;
– эгерде тараптын бири юридикалык жак болсо – 2000 (эки миң) сом.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 84 (3740) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |