ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-октябрындагы № 707 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159»Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция30.10.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 30-октябрындагы № 707

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 “Мамлекеттик

алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна

өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Нотариалдык кызматтарды көрсөтүүнү оптималдаштыруу жана бюджеттин киреше бөлүгүн чыңдоо максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 139-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик алымдын ставкаларында:

– 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 18–22-пунктчалар менен толукталсын:

“18) акы төлөбөөдө, акцепт кылбоодо жана акцептин датасын койбоодо векселдерге бөгөт жасоо, чектин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрүү үчүн – векселдин же чектин төлөнбөгөн суммасынын 2 пайызы, бирок эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмүнөн кем эмес;

19) документтерди сактоо үчүн – жарыяланган баалуулуктун суммасынын 2 пайызы (сакталган ар бир ай үчүн), бирок эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнөн кем эмес;

20) деңиз бөгөтүн жасоо үчүн – эсептик көрсөткүчтүн 5 эселенген өлчөмү;

21) башка нотариалдык аракеттерди жасоо (анын ичинде зыяндын ордун толтуруу, карызды кайтаруу, мүлктү сактоо тууралуу милдеттенмелерди күбөлөндүрүү) үчүн:

– жеке жактар үчүн – эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;

– юридикалык жактар үчүн – эсептик көрсөткүчтүн 4 эселенген өлчөмү;

22) нотариалдык буйрукту берүү үчүн:

– жеке жактар үчүн – 1000 (бир миң) сом;

– эгерде тараптын бири юридикалык жак болсо – 2000 (эки миң) сом.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 84 (3740) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев