Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 31-октябры № 247
«Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«психологиалык кызмат көрсөтүүлөр – практикалык психолог тарабынан өзүнүн кесиптик компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылуучу кызматтарды көрсөтүү боюнча кесиптик иш. Психологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;»;
2) 16-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«- көрсөтүлгөн чөйрөдө иш жүргүзүү укугун берүүчү тиешелүү багыт (адистик) боюнча кесиптик жогорку билимин ырастоочу документтери жок адамдардын психологиялык кызматтарды көрсөтүүсүнө багытталган.».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 84 (3740) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 24-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |