МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-октябрындагы № 247 «Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция31.10.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын  31-октябры № 247

 

«Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене

«Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

«психологиалык кызмат көрсөтүүлөр – практикалык психолог тарабынан өзүнүн кесиптик компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылуучу кызматтарды көрсөтүү боюнча кесиптик иш. Психологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;»;

2) 16-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

«- көрсөтүлгөн чөйрөдө иш жүргүзүү укугун берүүчү тиешелүү багыт (адистик) боюнча кесиптик жогорку билимин ырастоочу документтери жок адамдардын психологиялык кызматтарды көрсөтүүсүнө багытталган.».

 

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 84 (3740) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 24-сентябрында

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган