Загрузка документа…
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-ноябрындагы № 60/ХIХ-28
«Логвиненко айыл аймагынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына мөөнөтсүз колдонууга берилген айыл чарба багытындагы жерлеринин ижара акысын аныктоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-ни, «Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине берүү тартибин бекитүү жөнүндө» буйругуна ылайык:.
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы «Тартибдин» I бөлүмүнүн 9 пунктун жетекчиликке алып, көрсөтүлгөн тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, мөөнөтсүз колдонууга берилген айыл чарба багытындагы 1 га жеринин ижара акысы 12000 (он эки миң) сом өлчөмүндө аныкталсын. Анын ичинен кайрак жеринин ижара акысы 2226 (эки миң эки жүз жыйырма алты) сом өлчөмүндө аныкталсын.
2. Логвиненко айыл өкмөтүнүн атынан Жонгучкаев К.М, Таалайбеков А.Т. райондук жер комиссиясынын курамына киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Логвиненков айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Асанбековго жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы | К. М. Жонгучкаев |