Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция
министрлигинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 292
буйругуна тиркеме
Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча Методикалык көрсөтмө
§1 Жалпы жоболор
1. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам жөнүндө жобого карата ушул Методикалык көрсөтмөлөр (мындан ары -Методикалык көрсөтмө) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары үчүн практикалык колдонмо болуп саналат.
2. Методикалык көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 токтому менен бекитилген Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө жобонун нормалары (мындан ары – Жобо) боюнча түшүндүрмөлөрдү жана ушул методикалык көрсөтмөнүн тиркемесинде берилген типтүү формаларды толтуруунун баяндоосун камтыйт.
3. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү (мындан ары – социалдык контракт) кийинки максатарга жетүүгө багытталган:
- оор турмуштук кырдаалдардан чыгуу үчүн үй-бүлөлөрдү активдүү аракеттерге дем берүү;
- социалдык коргоо системасынан жетиштүү көз карандысыздыкка ээ болуу жана коомдун жашоосуна толук катышуу максатында үй-бүлөлөргө жашоо деңгээлин жогорулатууга шыктандыруу;
- үй-бүлөлөрдүн эркин эмгектик жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу ишке тартуу;
- үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана көз карандылыкты азайтуу;
- чакан ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү.
4. Катышуучулар, өнөктөштөр, социалдык контрактты ишке ашыруу мөөнөтү:
4.1. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жана коштоо боюнча өнөктөштөр болуп райондук мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөш уюмдар, коомдук жана кайрымдуулук фонддору, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар саналат.
4.2. Потенциалдуу катышуучулар болуп, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр, ошондой эле ишкерлер саналат.
4.3. Социалдык контракттын мөөнөтү: 3 жыл.
5. Ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер социалдык контрактты каржылоо булактары боло алышат.
§2. Үй-бүлөлөрдү/ишкерлерди тандоо жана Программаны иштеп чыгуу тартиби
6. Жобонун 6-пунктуна түшүндүрмө
6.1. Катышуучуларды тандоонун алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Министрликтин аймактык бөлүмүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жардамы менен үй-бүлөлөргө жана ишкерлерге социалдык контракттын максаттары жана шарттары, катышуучуларды тандоонун критерийлери, ошондой эле бизнес-пландарга жана долбоорлорго коюлуучу талаптар жөнүндө тандоо башталганга чейин кеминде 14 жумушчу күндөн кечиктирбестен маалымдоого милдеттүү.
Ушул пунктчада көрсөтүлгөн социалдык контракт жөнүндө маалымат берүүгө жооптуу адамдар тиешелүү администрациялык-аймактык бирдикте форматты аныктап, маалыматтык материалдарды даярдап, маалымдоо графигин түзүп, жайгашкан жерине жараша ыкмаларды жана калкты маалымдоонун белгиленген форматтарын колдонушат.
6.2. Социалдык контракт түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына караштуу Социалдык маселелер боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) жүргүзөт.
Социалдык контракт түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоодо Комиссия анын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майындагы № 264 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону жетекчиликке алат.
7. Жобонун 7- пунктуна түшүндүрмө
7.1. Төмөнкү критерийлерге жооп берген үй-бүлө социалдык контракт түзүүгө укуктуу:
- үй-бүлөнүн жакыр же аз камсыз болгондугун ырастоочу документтин (мисалы, социалдык паспорттун же “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучу статусунун) болушу;
- социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алууга үй-бүлөнүн макулдугу;
- үй-бүлөнүн бизнес-планынын болушу;
- үй-бүлөнүн эмгек жана мүлктүк потенциалынын болушу.
Үй-бүлөнүн “аз камсыз болгон” же “жакыр” статусуна ээ экендиги Министрликтин аймактык бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу кызматкери же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адиси (мындан ары – ЖӨБ органы) тарабынан социалдык келишимди ишке ашырууга катышууну каалаган үй-бүлөлөргө иштерди түзүү процессинде тиешелүү маалымат базалары аркылуу аныкталат.
Социалдык контракт ыктыярдуу негизде түзүлөт, үй-бүлөнү социалдык контракт түзүүгө эч ким мажбурлоого укугу жок.
Үй-бүлөнүн мүлктүк жана эмгек потенциалына ээ болушу бизнес-пландын шарттарына жараша болот. Эгерде бизнес-пландын ишке ашырылышы көрсөтүлгөн потенциалдардын болушун талап кылса, анда алардын болушу милдеттүү болуп саналат. Эгерде бизнес-планды ишке ашыруу социалдык контракт түзгөн адамдын катышуусу менен гана мүмкүн болсо, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн эмгек потенциалына болгон муктаждыгы жоголот.
Тандоодо комиссия ар бир үй-бүлө үчүн жекече социалдык контрактты ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карайт.
8. Жобонун 8-пунктуна түшүндүрмө
Катышуу үчүн үй-бүлөнүн өкүлү арыз берет жана ушул Методикалык колдонмонун 1-тиркемесине ылайык жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берет. Арыз райондордогу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына (мындан ары - ЖӨБ АО), ал эми райондук маанидеги шаарларда жана Ош шаарында - аймактык бөлүмгө берилет.
Арыз келип түшкөндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же аймактык бөлүм арыз ээсине социалдык контракттын шарттары жөнүндө, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпулга (мындан ары – үй-бүлөгө көмөк) алууга байланышкан чектөөлөр, ошондой эле анын алуу укугун калыбына келтирүүгө мүмкүн болгон шарттар жөнүндө түшүндүрөт. Мындан тышкары, социалдык контракт түзүлгөн айдан тартып үч ай өткөндөн кийин жумушсуз катары каттоодон чыгаруу же жумуш издеп жүргөн жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу аркылуу адистикке ээ болуу мүмкүндүгү түшүндүрүлөт. Ошондой эле арыз ээсине катышуучу социалдык контракттын шарттарын аткаруудан бошотулган жагдайлар (жана активдерди атайылап жоготуу үчүн жоопкерчилик), ошондой эле бизнес-планды түзүү зарылчылыгы жана Социалдык адаптациялоо программасынын (мындан ары - Программа) мазмуну жөнүндө түшүндүрүлөт.
9. Жобонун 9- пунктуна түшүндүрүү
9.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (ЖӨБ АО) облустук маанидеги шаарларда жана Ош шаарында - аймактык бөлүм арыз берүүчү менен биргеликте тиешелүүлүгүнө жараша 2 жана 3-тиркемеге ылайык Программаны жана бизнес-планды иштеп чыгышат.
9.2. Программа ар бир үй-бүлө үчүн жекече түзүлөт.
Программанын 1-пунктундагы 1.1 пунктчасында финансылык сабаттуулукка жана бизнести өнүктүрүүгө окутуу өткөрүлгөндүгү көрсөтүлөт. Эгерде катышуучу мамлекеттик колдоонун алкагында же башка эл аралык жана жергиликтүү уюмдар тарабынан колдоого алынган долбоорлордун алкагында окутуунун көрсөтүлгөн түрлөрүнөн өткөн болсо, окуунун аяктаган күнү жана натыйжасы көрсөтүлөт.
Эгерде окутуу өткөрүлбөгөн болсо, анда графада “жок” белгиси коюлат, көрсөтүлгөн пункттун калган бөлүктөрү толтурулбайт.
Программанын 1-пунктунун 1.2-пунктчасында иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү алкагында бизнес-планды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кесиптик даярдоону, кайра даярдоону же квалификациясын жогорулатууну аяктоо мөөнөттөрү жана натыйжалары көрсөтүлгөн.
Программанын 1-пунктундагы 1.3 пунктчасында төлөмдүн датасы жана фактысы белгиленет.
Программанын 1-пунктунун 1.4-пунктчасында активдерди сатып алуу датасы жана фактысы жазылган.
Программанын 2-пунктундагы 2.1 пунктчасында зарыл болгон учурда саламаттыкты сактоо органдарына консультация берүү белгиленет. Мисалы, үй-бүлөдө айрым оорулар боюнча каттоого турууда кыйынчылыктар болсо же маалыматы жок болсо, же үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) ден соолугунун абалы боюнча корутундусу керектелсе, тиешелүү кызматты алуу үчүн саламаттыкты сактоо органдары менен консультациялары жөнүндө маалымат киргизилет.
Программанын 3-пунктундагы 3.1 пунктчасы эгерде катышуучунун жашы жете элек балдарын мектепке жана/же мектепке чейинки мекемелерге кабыл алуу боюнча консультация берүү зарыл болгон учурда, толтурулат.
Зарылчылык болбосо, анда графага “жок” белгиси коюлат, көрсөтүлгөн пункттун калган бөлүктөрү толтурулбайт.
Программанын 4-пунктундагы 4.1 пунктчасында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу зарыл болгон учурда толтурулат. Мисалы, эгерде үй-бүлө балдары үчүн тиешелүү документтерди алуу керек болсо, бул учурда үй-бүлө тиешелүү органдарга жөнөтүлүп, аларга бул документтерди алууга жардам көрсөтүлөт. Документтерди алгандан кийин аткарылгандыгы жөнүндө белги коюлат. Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүү зарылчылыгы болбосо, анда графага “жок” белгиси коюлат, көрсөтүлгөн пункттун калган бөлүктөрү толтурулбайт.
Программанын 5-пунктундагы 5.1 пунктчасында белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжалары боюнча бизнес-планды ишке ашыруунун ийгилиги көрсөтүлөт.
Социалдык адаптациялоо программасында, көрсөтүлгөн мөөнөттө, социалдык контракттын жарактуу экендиги жөнүндө белги коюу зарыл.
Мисалы, биринчи жылдын жыйынтыгы боюнча катышуучу өзүнүн ишкердик ишин ийгиликтүү ишке ашырат. Аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери мониторингдин жыйынтыгы боюнча биринчи жылга белги коюшат. Бул белги жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык контракт жарактуу экендигин билдирет.
6-пунктта коштоп жүрүүчү адис бизнес-пландын багытындагы өзгөрүүлөргө, катышуучунун башка жерге көчүрүлүшүнө, ошондой эле катышуучунун бизнес-планынын аткарылышынын абалын баалоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтарга тиешелүү жазууларды жасайт.
7-пункт үй-бүлөнү турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу боюнча кошумча чараларды иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыккан учурда толтурулат.
8-пункт социалдык контракт аяктагандан кийин толтурулат. Жыйынтыгында аймактык бөлүмдүн кызматкери Программаны токтотуунун себебин белгилейт: социалдык контракттын мөөнөтүнүн ийгиликтүү аякташы,
ал жеткис күчтүн жагдайлардын болушунун кесепетинен активдерди жоготуунун натыйжасында Программанын токтотулушу же социалдык контракттын өз ыктыяры менен чыгуунун жыйынтыгында Программанын токтотулушу, бул алынган социалдык жардамдын толук суммасынын ордун толтуруу менен гана мүмкүн.
9.3. Бизнес-план түзүп жатканда, анын үй-бүлө тарабынан ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү каралат. Эгерде үй-бүлөнүн сунуш кылынган бизнес-планды ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, үй-бүлөгө арыз ээси башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусуз өз алдынча ишке ашыра ала турган бизнес-планды түзүү сунушталат.
Бизнес-план 3-тиркемеге ылайык толтурулат:
- 1-пунктта социалдык контрактка кол коюучу арыз ээсинин аты-жөнү көрсөтүлөт;
- 2-пунктта бизнес-пландын аталышы белгиленет (мисалы, бодо малды же майда жандыктарды багып өстүрүү);
- 3-пунктта бизнес-план кайсыл тармакта ишке ашырыла тургандыгы жөнүндө белги коюлат;
- 4-пунктунда тренингдерден жана/же окутуудан өткөндүгү, бизнес-пландын тандалып алынган багыты боюнча дипломдун жана/же сертификаттын бар экендиги жөнүндө маалымат көрсөтүлөт (мисалы, слесарь, № 95 Кесиптик лицейдин жана/же экономист, И.Арабаев атындагы КМУнун диплому). Эгерде жок болсо, анда 1-саптын 2-графасына тиешелүү белги коюлат;
-5-пунктта потенциалдуу катышуучу тажрыйбаны, кайдан жана кандай кызматта алгандыгын эркин түрдө сүрөттөйт;
- 6-пунктта бизнес-планды ишке киргизүү жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон активдердин тизмеси келтирилген;
- 7-пунктта продукциянын же иштин конкреттүү түрү жана тармагы көрсөтүлөт;
- 8-пунктта бир айга болжолдуу киреше чагылдырылат. Комиссия бизнес-планды кароодо көрсөтүлгөн кирешени алуу мүмкүнчүлүгүнө баа берет;
- 9-пунктта жыйынтыктоочу көрсөткүчтөр (жетишкендиктер) баяндалат. Бул пунктта социалдык контрактты ишке ашыруу мезгилине жылдар боюнча пландаштырылган көрсөткүчтөр (жетишкендиктер) чагылдырылат. Мисалы, эгерде катышуучу мал чарбачылыгынын багытын тандап алса, анда бул пунктта көрсөткүчтөрдүн аталышына малдын аталышы көрсөтүлөт, биринчи жылдагы көрсөткүчтөргө (жетишкендиктерге), экинчи жылдагы көрсөткүчтөргө (жетишкендиктерге), үчүнчү жылга ал жетишүүнү пландап жаткан малдын саны (болжол менен) чагылдырылат.
Бул көсөткүчтөр коюлган максатка жетүү үчүн катышуучунун планы жөнүндө маалыматты чагылдырат, катышуучунун максатын ачып берет, катышуучунун өз активдеринин андан ары өсүшүнө мотивациясы белгиленет.
- 10-пунктта, эгерде потенциалдуу катышуучу зарыл деп эсептесе, кошумча маалымат көрсөтүлөт.
Эгерде социалдык контракттын эки же андан көп катышуучулары жалпы киреше алып келүүчү ишти өнүктүрүүнү чечсе, анда бул учурда ар бири өзүнчө бизнес-план түзөт.
9.4. Программаны жана социалдык контракт түзүү үчүн бизнес-планды бекитүү жөнүндө чечимди Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы (ЖӨБ АО) Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобого ылайык чечим кабыл алуу тартибинде протокол түрүндө Комиссия кабыл алат.
10. Жобонун 10- пунктуна түшүндүрмө
Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу үчүн ишкерди тандоо Комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. Жобонун 11- пунктуна түшүндүрмө
11.1. Төмөнкү критерийлерге жооп берген ишкерлер Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышууга укуктуу:
- үй-бүлөнүн эмгекке жарамдуу жарандары үчүн туруктуу узак мөөнөттүү жумуш орундарын (же өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды) түзүү үчүн ишкердик объектин түзүү боюнча ишкердин бизнес-долбоорунун болушу;
- ишкер тарабынан тиешелүү административдик-аймактык бирдикте өз ишин 1 жылдан кем эмес жүргүзүүсү.
11.2. Ишкер үй-бүлө мүчөлөрүн иш менен камсыз кылууда өзүнүн милдеттерин билиши керек. Ишкер менен келишим түзгөн учурда ал үй-бүлөнүн эмгекке жарамдуу жарандарын келишим түзүлгөн күндөн тартып 3 жылдан кем эмес мөөнөткө тиешелүү райондогу/шаардагы орточо айлык эмгек акыдан төмөн эмес эмгек акы менен ишке орноштурууга милдеттүү.
Анын ишканасы үй-бүлө жашаган аймакта 1 (бир) жылдан кем эмес иштеп, кирешелүү болушу керек.
Эгерде ишкерге белгилүү бир адистик боюнча жумушчулар керек болсо, аймактык бөлүмдүн кароосу боюнча расмий жумушсуз жана жумуш издөөчү статусуна ээ болгон катышуучулар үчүн, аларды каттоодон чыгарганга чейин кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууга болот.
11.3. Келишим түзүү үчүн ишкерлерди тандоодо артыкчылык төмөнкүлөргө ээ болгон ишканаларга берилет:
– көп сандаган үй-бүлөлөрдү узак мөөнөткө жумуш менен камсыз кылуу.
– жогорку эмгек акыны камсыз кылуу.
12. Жобонун 12 - пунктуна түшүндүрмө
12.1. Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу укугун алуу үчүн ишкер чарбаны иш жүзүндө жүргүзгөн жери боюнча жергиликтүү өз алдынча бакшаруунун аткаруу органына кайрылып (облустук маанидеги шаарларда жана Ош шаарында – аймактык бөлүмгө) арыз берүүгө тийиш.
12.2. Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу үчүн ишкерди тартуу жөнүндө чечим Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жободо белгилеген тартипте Комиссия тарабынан протокол түрүндө кабыл алынат.
13. Жобонун 13-16- пунктуна түшүндүрмө
13.1. Комиссиянын отурумуна арыз ээси (жана/же ишкер) жана аймактык бөлүмдүн өкүлдөрү катышат.
13.2. Эгерде Программада жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын компетенциясына кирген тиешелүү маселелер каралса, Комиссиянын төрагасынын кароосу боюнча Комиссиянын отурумуна жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле ишкердик түзүмдөрдүн өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
13.3. Комиссиянын отурумунда:
- социалдык контракт түзүүгө талапкер болгон үй-бүлөнүн эмгектик жана мүлктүк потенциалы каралат;
- арыз ээсинин Программасы жана бизнес-планы каралат, талкууланат жана жактырылат (облустук жана республикалык маанидеги шаарларда бекитилет);
- Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышкан ишкердин Программасы жана бизнес-долбоору каралып, талкууланып, жактырылып жана чечим кабыл алынып, ошондой эле (облустук жана республикалык маанидеги шаарларда) бекитилет.
- зарылдыгына жараша Программага түзөтүүлөр киргизилет.
13.4. Райондордо Комиссия катышуучуларга алгачкы тандоону жүргүзөт, Программаны, катышуучулардын бизнес-планын/долбоорун бекитет.
Облустук жана республикалык маанидеги шаарларда бир Комиссия Программаны, катышуучулардын бизнес-планын/долбоорун бекитет.
13.5. Үй-бүлөлөрдү тандоодо төмөнкүлөргө артыкчылык берилет:
- үч же андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө;
- «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун критерийлерине жооп берген бизнес-пландарга;
- жашыл экономика критерийлерине жооп берген бизнес-пландарга;
- эң кирешелүү жана туруктуу бизнес-пландарга;
- ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдары бар (ДМЧА) үй-бүлөлөр.
13.6. Социалдык жардам көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- ушул Жобонун 7 жана 11-пункттарынын шарттарына ылайык келбегендиктен;
- арыз ээси тарабынан үй-бүлөнүн курамы, кирешеси жана өзүнө же анын үй-бүлөсүнө таандык мүлкү жөнүндө толук эмес же так эмес документтерди жана маалыматтарды берүүдө.
14. Жобонун 17 пунктуна түшүндүрмө
Райондордо Комиссиянын чечими (протоколу) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына - акимге (мындан ары – ЖМА башчысы) жиберилет.
Облустук жана республикалык маанидеги шаарларда Комиссиянын чечими (протоколу) социалдык контракт/келишим түзүү үчүн аймактык бөлүмгө жөнөтүлөт.
§3. Программаны, бизнес-планды/долбоорду бекитүү жана социалдык контракт/келишим түзүү тартиби
1. Жобонун 18-пунктуна түшүндүрмө
Катышуучуларды, алардын Программаларын жана Программаны ишке ашырууга катышкан ишкерлердин бизнес-пландарын/долбоорлорун бекитүү жана аларды тандоону жүргүзүү максатында ЖМА башчысынын чечими менен Социалдык контрактты ишке ашыруу боюнча убактылуу комиссия (мындан ары – Убактылуу комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлөт:
- ЖМА башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары (ал жок болгон учурда – анын милдеттерин аткаруучу кызмат адамы) – Убактылуу комиссиянын төрагасы;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары (ЖӨБ АО) жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары;
- аймактык бөлүмдүн жетекчиси;
- аймактык бөлүмдүн кызматкери – Убактылуу комиссиянын катчысы;
- катышуучулардын ишкердик ишинин багыттарына жараша мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкери (ЖМА башчысынын ыктыяры боюнча);
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун жана/же өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлү (ЖМА башчысынын ыктыяры боюнча).
16. Жобонун 19,20,21- пунктуна түшүндүрмө
16.1. Убактылуу комиссия:
- үй-бүлөнүн Программасын жана бизнес-планын карайт жана бекитет;
- Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышкан ишкердин Программасын жана бизнес-долбоорун карайт жана бекитет;
-Программанын аткарылышын контролдоону жана мониторингди жүзөгө ашырат, ошондой эле анын натыйжалуулугун ишке ашыруунун ар бир этабында иштеп жаткан ЖӨБ АО жана аймактык бөлүм менен тыгыз байланышта баалайт.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн функциялар облустук жана республикалык маанидеги шаарларда Комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
- райондордо эки деңгээлдүү комиссия (Социалдык маселелер боюнча комиссия жана Социалдык контракты ишке ашыруу боюнча Убактылуу комиссия) социалдык контракттын катышуучуларын тандап алат;
- облусттук жана республикалык маанидеги шаарларда ЖӨБ АО алдында бир гана Социалдык маселелер боюнча комиссия (Бишкек шаарында - Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын алдындагы Социалдык контракт боюнча комиссия) иштейт.
16.2. Тандалган Программаларды жана катышуучулардын бизнес-пландарын/долбоорлорун бекитүү Убактылуу комиссиянын протоколу менен, ал эми облустук жана республикалык маанидеги шаарларда Комиссиянын протоколу менен таризделет.
Үй-бүлөнүн өкүлдөрү менен Убактылуу комиссия, облустук жана республикалык маанидеги шаарларда Комиссия менен, Программалар жана бизнес-пландары бекитилген, аймактык бөлүм 4-тиркемеге ылайык социалдык контракт түзөт.
Арыз берилет, ошондой эле социалдык контракт бизнес-планды түздөн-түз ишке ашырган адам менен түзүлөт.
Мисалы, эгерде бизнес-план үй-бүлө башчысы (күйөөсү) ишке ашыруучу такси кызматын көрсөтүү үчүн түзүлгөн болсо, күйөөсү үй-бүлөнүн өкүлү катары арыз берет, аны менен социалдык контракт түзүлөт.
Убактылуу комиссия, ал эми облустук жана республикалык маанидеги шаарларда-комиссия тарабынан бизнес-долбоорлор бекитилген программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышкан ишкерлер менен аймактык бөлүм 5 - тиркемеге ылайык келишим түзөт.
16.3. Үй-бүлөлөрдү тандоодо комиссиялар бизнес-планды ишке ашырууга көмөктөшүүгө жөндөмдүү жумушсуз (же эмгекке жарамдуу) үй-бүлө мүчөлөрүнүн болушун; тиешелүү аймактын экономикалык жана климаттык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен бизнес-пландын реалдуулугу жана ишке ашуусун; ошондой эле продукцияны сатуу каналдарынын же кызматтардын болуусун карап чыгышы керек.
2. Жобонун 22-пунктуна түшүндүрмө
Социалдык контракт/келишим 2 нускада түзүлөт. Бир нускасы катышуучуга берилет, экинчи нускасы аймактык бөлүмдө калат.
3. Жобонун 23- пунктуна түшүндүрмө
Ар бир катышуучуга өздүк иш түзүлөт, ал аймактык бөлүмдө сакталат.
Катышуучунун өздүк иши төмөнкү документтерден түзүлөт:
- социалдык контракт/келишим түзүүгө арыз;
- катышуучунун паспортунун көчүрмөсү (ишкер катышкан учурда ишкердик субъекти катары каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк);
- үй-бүлөнүн жакыр же аз камсыз болгондугун ырастоочу документтин болушу (мисалы, социалдык паспорттун же “Үй-бүлөгө көмөк”жөлөкпул алуучу статусунун болушу);
- Программалар;
- үй-бүлөнүн бизнес-планы;
- ишкердин бизнес-долбоору (катышкан учурда);
- социалдык контракт/келишим;
- Комиссиянын отурумунун протоколунун көчүрмөсү;
- Убактылуу комиссиянын протоколунун көчүрмөсү;
- бардык зарыл болгон ырастоочу документтер менен сатып алуу актысы.
§4. Социалдык жардамды төлөө өлчөмдөрү жана тартиби
19. Жобонун 24-пунктуна түшүндүрмө
19.1.Социалдык контракттын негизинде социалдык жардамды төлөө аймактык бөлүм тарабынан жүргүзүлөт.
Аймактык бөлүм Убактылуу комиссиянын (же облустук жана республикалык маанидеги шаарларда-Комиссиянын) чечиминин негизинде программалары жана бизнес-пландары Убактылуу комиссия (же облустук жана республикалык маанидеги шаарларда-Комиссия) тарабынан бекитилген адамдар менен социалдык контракт түзүү жөнүндө буйрук/тескеме чыгарат, ошондой эле катышуучунун жеке/эсептешүү эсебине акча каражаттарын которот.
19.2. Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга ишкердик субъекти катышкан учурда, ишкерге аймактык бөлүм тарабынан кайтарымсыз сумма (социалдык жардам түрүндө үй-бүлөлөргө төлөнүүчү сумма) төлөнөт.
Менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан социалдык контракттын негизинде социалдык жардамды каржылоодо төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган (аймактык бөлүм) менен каржылоону жүзөгө ашыруучу жактын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.
20. Жобонун 25-пунктуна түшүндүрмө
20.1. Бир үй-бүлөгө социалдык жардам төлөмүнүн өлчөмү Жобого ылайык берилет.
20.2. Жергиликтүү бюджеттин каражаттары жана/же башка бюджеттен тышкаркы каражаттар каржылоону жүзөгө ашыруучу жактын каалоосу боюнча социалдык жардамдын негизги төлөмдөрү катары, ошондой эле кошо каржылоо тартибинде да берилиши мүмкүн.
Жергиликтүү бюджеттен жана/же башка бюджеттен тышкаркы каражаттардан кошо каржыланган учурда төлөмдөрдүн өлчөмү ыйгарым укуктуу орган (аймактык бөлүм) менен каржылоону жүзөгө ашыруучу адамдын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат. Келишимде катышуучулардын саны, биргелешип каржылоонун өлчөмү жана көлөмү белгиленет.
Мисалы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, эгерде анын жергиликтүү бюджеттен тиешелүү мүмкүнчүлүктөрү жана каржылоосу болсо, социалдык контракттын катышуучуларына финансылык колдоо көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл ала алат. Бул үчүн финансылык каражаттардын жалпы көлөмүн, колдоого алынуучу катышуучулардын санын, ошондой эле каржылоо формалары көрсөтүп, аймактык бөлүм менен келишим түзүлөт. Мисалы, жаңы катышуучуга социалдык контракттын каражаттарын алгандар үчүн кошумча колдоо (мисалы, дагы 50 000 сом кошумча) берилиши мүмкүн. Финансылык жардамдын өлчөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын менен аймактык бөлүмдүн ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.
21. Жобонун 26-пунктуна түшүндүрмө
21.1. Социалдык жардамдын суммасы катышуучунун жеке/алыш-бериш эсебине которулат. Эгерде катышуучуда мамлекеттик жана муниципалдык төлөмдөрдү (жөлөкпулдарды, социалдык төлөмдөрдү, муниципалдык стипендияларды же башка төлөмдөрдү) алуу үчүн бул эсеп болсо, төлөм жеке эсепке которулат.
21.2. Социалдык жардамды төлөө аймактык бөлүм тарабынан банк-оператор аркылуу активдерди сатып алуунун ишке ашыруунун алдында жүргүзүлөт.
Мисалы, катышуучу бизнес-планын ишке ашыруу үчүн окуудан өтүшү зарыл болсо, ал алгач окуудан өтүшү керек. Окутууну аяктагандан кийин аймактык бөлүм зарыл болгон активдерди сатып алуу алдында дароо эле социалдык контракттын каражаттарын которот.
Аймактык бөлүмдөр өз каалоосу боюнча сатып алуулардын графигин түзө алышат жана сатып алуулардын алдында социалдык контракт боюнча төлөмдөрдү жүргүзө алышат.
Бул чаранын максаты - каражаттардын жеке муктаждыктарына же бизнес-планды ишке ашырууга байланышпаган башка максаттарга пайдаланбашын камсыз кылуу болуп саналат.
21.3 Жакыр үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде бир жолку социалдык жардамды эсептөө аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан накталай эмес формада транзиттик банктык эсептерге акча каражаттарын чегерүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Бул эсептер ыйгарым укуктуу орган менен келишим түзүлгөн банктарда ачылат. Ошентип, райондордун жана шаарлардын тиешелүү банктарында транзиттик эсептер ачылып, аларга аймактык бөлүмдөр тарабынан акча каражаты которулат. Бул каражаттар жакыр үй-бүлөлөрдүн катышуучуларына берилет.
§5. Социалдык контракт/келишим түзгөн катышуучуларды коштоо
4. Жобонун 27-28 пунктуна түшүндүрмө
22.1. Социалдык контракттын/келишимдин ишке ашырылышын коштоону, жалпы координациялоону жана контролдоону ЖМА башчысы жүзөгө ашырат. Облустук маанидеги шаарларда жана Ош шаарында бул функцияны ЖӨБ АОнын башчылары жүзөгө ашырат.
ЖМА ЖӨБ АОнун жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт.
22.2. ЖМА башчылары, ошондой эле облустук маанидеги шаарлардын жана Ош шаарынын башчылары тиешелүү аймакта социалдык контракттын ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
22.3. Тандалган үй-бүлөлөрдү/ишкерлерди коштоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Программаны же бизнес-планды/долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча кеп-кеңештерди берүү жана колдоо;
- окутууну уюштурууга көмөк көрсөтүү;
- товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жардам берүү;
-катышуучулар тарабынан алынган милдеттенмелердин аткарылышын контролдоо.
23. Жобонун 29-30 пунктуна түшүндүрмө
23.1. Катышуучулар тарабынан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу сатып алуучу топ тарабынан ишке ашырылат.
Бизнес-пландын багытына жараша сатып алуу боюнча топтун курамына тиешелүү тармактардын адистери киргизилет.Эгерде сатып алуу өз ишин тиешелүү уруксаттардын (патент, жеке ишкерди каттоо, ЖЧК ж.б.) негизинде жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактарда жүргүзүлсө, анда сатып алуу актысына тиешелүү финансылык отчеттуулук документтери (келишим, эсеп-фактура, коштомо кагазы, ККМ чеги, сатып алуу актысы ж.б.) тиркелет.
Тиешелүү документтери жок жана тиешелүү документтерин (базарлар, жеке сатуучулар) бере албаган жеке жактардан сатып алууларды жүргүзүүдө сатып алуу актысында сатуучунун аты-жөнүн, сатуучунун паспортунун көчүрмөсүн, сатып алган жерин, сатып алынган активдин аталышы, сатып алынган активдин саны жана суммасын көрсөтүү зарыл.
Эгерде сатып алуу Бишкек шаарында (же алыскы калктуу конуштарда) ишке ашырылса жана аймактык бөлүмдүн кызматкерлери (сатып алуу боюнча топтун мүчөлөрү) сатып алуу процессине катыша албаса, социалдык контракттын катышуучусу сатып алууну өз алдынча жүзөгө ашырууга жана социалдык жардамдын суммасын ырастоочу тиешелүү документтерди берүүгө укуктуу.
Эгерде катышуучунун сатып алынган активди ташуу үчүн каражаты жок болсо, анда бөлүнгөн акча каражаттын актыга тиешелүү сумманы төлөө менен пайдаланылышы мүмкүн, бирок социалдык жардамдын суммасынын 5% дан ашпоого тийиш.
Сатып алуучу топтун мүчөлөрүнүн актыга койгон колдору актыда көрсөтүлгөн активдер көрсөтүлгөн суммага сатылып алынгандыгын тастыктайт.
23.2. Катышуучу товарга жана кызмат көрсөтүүгө төлөмдү өз колу менен жүргүзөт. Катышуучу тарабынан сатып алуучу топтун мүчөлөрүнө жана/же кызмат адамдарына акча каражаттарын которууга катуу тыюу салынат.
Сатып алуучу топтун мүчөлөрү жана/же кызмат адамдары катышуучунун атынан акча каражаттарын алууга же которууга же товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө укугу жок.
§6. Бишкек шаарында аймактык бөлүмдү тандоонун жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүүнүн тартиби
5. Жобонун 31- пунктуна түшүндүрмө
Социалдык контракт түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоону Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын алдындагы Социалдык контракт боюнча комиссия (мындан ары - Бишкек ш. ММАнын алдындагы комиссия) төмөнкүлөрдөн турган курамда жүзөгө ашырат:
- Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары (ал жок болгон учурда - анын милдетин аткаруучу кызмат адамы) - Бишкек ш. ММАнын алдындагы Комиссиянын төрагасы;
- Бишкек шаарынын административдик району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси;
- Бишкек шаарынын административдик району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери - Бишкек ш. ММАныналдындагы Комиссиянын катчысы;
- ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери (макулдашуу боюнча);
- муниципалдык аймактык башкармалыктын (мындан ары - МАБ) жетекчиси/өкүлү;
- өкмөттүк эмес коомдук уюмдардын өкүлү (макулдашуу боюнча);
- жана башкалар (муниципалдык администрациянын башчысынын ыктыяры боюнча).
Бишкек ш. ММАнын алдындагы Комиссиянын иш тартибин Бишкек шаарынын мэриясы аныктайт.
6. Жобонун 32- пунктуна түшүндүрмө
Үй-бүлөнүн/ишкердин өкүлү МАБга социалдык контракт/келишим түзүү үчүн арыз (1-тиркеме) менен кайрылат.
МАБ ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча арызды кабыл алат, арыз ээсине социалдык контракт шарттары жөнүндө толук маалымат берет.
26. Жобонун 33-пунктуна түшүндүрмө
26.1. Бишкек шаарынын административдик району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана аймактык бөлүм тарабынан арыз ээси менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен өз ара аракеттенүүдө Программаны (2-тиркеме) жана үй-бүлөнүн бизнес-планын (3-тиркеме) иштеп чыгат.
26.2. МАБда өздүк дело түзүлөт жана Бишкек ш. ММАнын алдындагы Комиссиянын кароосуна Комиссиянын катчысына берилет.
МАБ катышуучунун жеке делосуна документтердин тизмесин, анын ичинде үй-бүлөнүн социалдык паспортун киргизет.
Бишкек шаарынын административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы муниципалдык аймактык башкармалык менен биргеликте үй-бүлөгө жана иштеген жерине кароо актысын жүргүзөт.
27. Жобонун 34-пунктуна түшүндүрмө
27.1.Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын алдындагы Социалдык контракт боюнча комиссиясы катышуучулардын Программасын жана бизнес-планын/долбоорун жактырат жана бекитет.
27.2. Бишкек ш. ММАнын алдындагы Комиссиянын чечими социалдык контракт/келишим түзүү үчүн аймактык бөлүмгө жөнөтүлөт. Аймактык бөлүм Комиссиянын чечиминин (протоколунун) негизинде буйрук/тескеме чыгарат жана төлөмдү жүргүзөт.
27.3. Катышуучулардын өздүк иштери мындан ары эсепке алуу жана сактоо үчүн аймактык бөлүмгө өткөрүлүп берилет. Катышуучулардын өткөрүлүп берилген өздүк иштери толук жана талаптагыдай таризделиши керек.
28. Жобонун 35-пунктуна түшүндүрмө
Сатып алуу боюнча топтун курамы Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы тарабынан бекитилет.
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы (аким) сатып алуу тобунун курамына катышуучулардын бизнес-планынын/долбоорлорунун багыттарына жараша адистерди киргизет.
Эгерде этап менен сатып алуу зарыл болсо, комиссиянын чечими боюнча аймактык бөлүмгө сатып алуулардын графиги берилет, ага ылайык социалдык контракттын негизинде этап менен социалдык жардам төлөмдөрү жүргүзүлөт.
29. Жобонун 36- пунктуна түшүндүрмө
Социалдык контракттын/келишимдин ишке ашырууну жалпы координациялоо жана контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
30. Жобонун 37-пунктуна түшүндүрмө
Катышуучулар тарабынан Программаны ишке ашырууну коштоо аймактык бөлүм, Бишкек шаарынын административдик району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Катышуучулар тарабынан Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо Бишкек шаарынын административдик району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Мониторингдин көрсөткүчтөрүнө Бишкек шаарынын административдик району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан талдоо жүргүзүлөт жана мониторинг жүргүзүлгөн айдан кийинки айдын 15ине чейин ыйгарым укуктуу органга отчет түрүндө берилет, анын формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
31. Жобонун 38-пунктуна түшүндүрмө
Жобонун 8-главасында каралбаган маселелер ушул Жобонун калган ченемдери менен жөнгө салынат.
Бишкек шаарында социалдык контрактты берүү жана ишке ашырууда, эгерде бул маселе Жобонун 8-главасы менен жөнгө салынбаса, тиешелүү муниципалдык органдары жана аймактык бөлүмдөр Жобонун жана ушул Методикалык сунуштардын калган ченемдерин жетекчиликке алышат.
§7. Программаны ишке ашырууну контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулугун баалоо
7. Жобонун 39-пунктуна түшүндүрмө
32.1. Натыйжалуулуктун мониторинги аймактык бөлүм тарабынан ЖӨБ АОнун адиси менен биргеликте ай сайын активдерди сатып алуу аяктаган айдан кийинки алгачкы үч айда жүргүзүлөт.
Мониторинг процессинин жүрүшүндө катышуучуга колдоо көрсөтүү зарылчылыгы аныкталса, аймактык бөлүм (Бишкек шаарында - Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгы) ЖМАга же ЖӨБ АОго (компетенттүүлүгүнө жана компетенциясына жараша) аныкталган көйгөйлөр жана аларды четтетүү боюнча сунуштар жөнүндө маалымдайт.
32.2. Үч айдан кийин социалдык контракттын аткарылышынын мониторинги биринчи жылы кварталына бир жолу жүргүзүлөт.
Социалдык контрактты ишке ашыруунун экинчи жана үчүнчү жылында мониторинг жарым жылда бир жолу жүргүзүлөт.
Мониторинг боюнча маалыматтар аны жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча Эмгек рыногунун маалыматтык системасынын «Социалдык контракт» модулуна (мындан ары- модуль) киргизилет.
32.3. Мониторинг аралыктан жүргүзүлүшү мүмкүн, мисалы эгерде бодо мал жана майда жандыктар жайыттарда болсо. Эгерде катышуучунун киреше алып келүүчү иши сезондук ишке байланыштуу болсо же ал бир нече айда бир жолу киреше алып турса, мониторинг жүргүзүүчү кызматкер кирешенин үзгүлтүксүз же сезондук экендигин белгилеши керек. Эң негизгиси сатып алынган активдин болушу.
Кирешелер жөнүндө маалыматтар ай сайын модулга киргизилет. Мисалы, жарым жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык контракттын катышуучусу ай сайын алган кирешеси жөнүндө отчет берет, мындай учурда маалыматтар ар бир ай үчүн киргизилет, же эгерде ал жарым жылда бир жолу киреше алса, анда анын кирешеси бир айга бөлүнөт жана модулга киргизилет.
Катышуучу өзүнүн бизнесин өнүктүрүү максатында бодо малды жана майда жандыктарды кайра сатууга, малдын санын көбөйтүүгө же сатып алган малдын ордуна башкасын сатып ала алат. Эң негизгиси, сатып алынган актив иш жүзүндө сакталып калат.
Мисалы, эгерде катышуучу уйду көп көлөмдө сүт бербегендиктен сатууну чечсе жана башкасын сатып алса, бул тууралуу аймактык бөлүмгө билдирүүгө милдеттүү.
Бизнес-план өзгөргөн учурда аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери модулга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишет.
32.4. Эгерде катышуучу убактылуу чет өлкөгө иштөөнү чечсе, ал бизнес-планды ишке ашырууну үй-бүлө мүчөлөрүнө өткөрүп бере алат, же бизнес-планды өзгөртүп, жубайы же башка үй-бүлө мүчөлөрү (алардын макулдугу менен) аткара ала турган иштерди тандай алат. Мында бизнес-планды андан ары ишке ашыруу ага бизнес-планды өзгөртүү боюнча модулда тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
8. Жобонун 40-пунктуна түшүндүрмө
Мониторингдин көрсөткүчтөрү аймактык бөлүм тарабынан талданат жана мониторинг жүргүзүлгөн айдан кийинки айдын 15ине чейин ыйгарым укуктуу органга берилет.
9. Жобонун 41-пунктуна түшүндүрмө
Биринчи үч ай үчүн жыйынды маалымат ай сайын отчеттук мезгилден кийинки 5-күндөн кечиктирбестен берилет. Жыйынды таблицанын маалыматтары модулга киргизилет.
Мониторингдин жыйынтыктары аралык отчетторду түзүү үчүн отчеттук мезгилден кийинки айдын 5нен кечиктирилбестен модулга киргизилет.
Жыйынтыктоочу отчет модулга киргизилген маалыматтардын негизинде, катышуучулар тарабынан социалдык контракттын аякташы боюнча түзүлөт.
§8. Корутунду жоболор
10. Жобонун 42-пунктуна түшүндүрмө
35.1. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү мөөнөтү, ал жеткис күчтүн жагдайларынын келип чыгышын кошпогондо, арыз берилген учурдан тартып активди сатып алууга чейин 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
Ал жеткис күчтүн жагдайлары деп, суу ташкындары, жер титирөөлөр жана жаратылыш-техногендик мүнөздөгү башка кырдаалдар, массалык баш аламандыктар, өрттөр, аскердик жана улуттар аралык кагылышуулар катышуучулардан көз каранды болбогон башка жагдайлардын келип чыгышы эсептелинет.
35.2. Ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөт катышуучуларды окутуу үчүн зарыл болгон мөөнөткө пропорционалдуу түрдө көбөйүшү мүмкүн.
Эгерде катышуучу жумушсуз же жумуш издеген жаран статусуна ээ болсо жана ал өзүнүн бизнес-планын ишке ашыруу үчүн кесиптик даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун алкагында аны жумушсуздуктун же жумушсуздуктун каттоосунан алып салганга чейин окуудан өтүүгө тийиш болсо, - көрсөтүлгөн мөөнөт (30 календардык күн) окууну аяктоо үчүн зарыл болгон пропорционалдуу мөөнөткө көбөйтүлүшү мүмкүн.
Мисалы, катышуучу чач тарач кызматын көрсөтүү боюнча бизнес-план жазган, бирок тиешелүү кошумча көндүмдөрү жана чач тарач адистигине ээ болгонун тастыктаган документи жок. Мындай учурда аймактык бөлүм социалдык контрактка кол койгондон кийин жана жаранды жумушсуз же жумуш издеген адам катары каттоодон чыгарганга чейин кыска мөөнөттүү курстарда окутууну уюштурат жана окуу аяктагандан кийин активди сатып алганга чейин социалдык контракттын суммасын төлөөнү жүзөгө ашырат.
11. Жобонун 43-44-пунктуна түшүндүрмө
36.1. Социалдык контракт/келишим 3 (үч) жылдык мөөнөткө түзүлөт.
36.2. Финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан (аймактык бөлүм) жүзөгө ашырылат.
Министрлик финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышына жалпы көзөмөлдү жүзөгө ашырат, ал эми аймактык бөлүм жеринде көзөмөлдү жүзөгө ашырат жана катышуучулардын финансылык ресурстарды максаттуу пайдаланышы үчүн жоопкерчилик тартат.
12. Жобонун 45-46-пунктуна түшүндүрмө
37.1. Акча каражаттарымаксатсыз пайдаланылган учурда аймактык бөлүм Комиссиянын (Бишкек шаарында- МАМна Бишкек ш. караштуу Комиссия) чечиминин негизинде социалдык контрактты/келишимди бир тараптуу тартипте бузууга укутуу.
Социалдык контрактты/келишимди бузуу жөнүндө чечим аймактык бөлүм тарабынан социалдык контрактты/келишимди бузууга негиз болгон жагдайлар аныкталгандан кийин кабыл алынат.
37.2. Социалдык контрактты/келишимди бузуу жөнүндө чечим кат жүзүндө катышуучуга социалдык контрактты/келишимди бузуунун себептерин жана төлөнгөн сумманы 30 календардык күндүн ичинде кайтарып берүү зарылдыгын көрсөтүү менен жөнөтүлөт.
Акча каражаттарын максатсыз пайдаланган учурда өндүрүп алуу жөнүндө чечим Комиссиянын (Бишкек шаарында - Бишкек МАМына караштуу Комиссия) чечиминин негизинде аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан кабыл алынат.
Катышуучулар тарабынан финансылык каражаттарды максатсыз пайдаланган учурда аймактык бөлүм аларды кайтарып берүү боюнча чараларды көрөт: же катышуучу тарабынан финансылык каражаттарды ыктыярдуу түрдө же сот органдары аркылуу кайтарып берүү.
13. Жобонун 47- пунктуна түшүндүрмө
Социалдык жардамды төлөөгө багытталган каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү процессине катышкан кызмат адамдары социалдык контрактты берүү жана ишке ашырууда кызматтык ыйгарым укуктарын жеке пайда алуу үчүн пайдаланган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жоопкерчиликке тартылышат.
14. Жобонун 48-49-пунктуна түшүндүрмө
39.1. Катышуучу көрсөтүлгөн социалдык жардамдын толук өлчөмүн акчалай компенсациялоо менен социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдан ыктыярдуу баш тарткан учурда социалдык контракттын шарттарын аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
Катышуучу социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдан өз ыктыяры менен баш тарткан учурда, катышуучу бардык сумманы накталай түрдө кайтарып берүүгө милдеттүү.
Катышуучу социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдан ыктыярдуу баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен Комиссияга (Бишкек шаарында - Бишкек шаарынын МАМына караштуу Комиссия) арыз менен кайрылат.
Катышуучунун ыктыярдуу кайтарылган каражаттары социалдык контракт түзгөн аймактык бөлүмдүн эсебине которулат. Эгерде акча каражаты контракт келишим түзүлгөн жылы кайтарылып берилсе, анда аймактык бөлүм кайтарылган каражаттарды жаңы катышуучуга бере алат.
Акча каражаттары кийинки жылдары кайтарылган учурда, каражаттар аймактык бөлүм аркылуу республикалык бюджеттин кирешесине которулат.
Социалдык келишимден ыктыярдуу баш тарткан, же максатсыз пайдалануунун натыйжасында кайра кайтарылган учурда модулга тиешелүү маалыматтар киргизилет.
39.2. Катышуучу социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын алкагында сатып алынган активдерди жоготкон же ал жеткис күчтүн (суу ташкыны, жер титирөө жана жаратылыш-техногендик мүнөздөгү башка кырдаалдар, массалык баш аламандыктар, өрт, аскердик жана этностор аралык чыр-чатактар, активдерди уурдоо, сатып алынган малдын өлүмү, катышуучунун ооруп калуусу же каза болушу) жагдайларынын келип чыгышынын натыйжасында социалдык контракттын шарттарын аткаруу мүмкүн болбогон учурда же көрсөтүлгөн социалдык жардамдын толук суммасын акчалай түрдө кайтарып берүү менен социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдан өз ыктыяры менен баш тартканда, катышуучу социалдык контракттын/келишимдин шарттарынын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Катышуучунун оорусу же эмгекке жарамсыздыгы, социалдык контрактты ишке ашыруунун мүмкүн эместиги саламаттык сактоо системасынын органдарынан тиешелүү маалымкат же МСЭКтин корутундусу менен ырасталышы керек.
Катышуучуну жоопкерчиликтен бошотуу жөнүндө чечимди Комиссия (Бишкек шаарында - Бишкек шаарынын МАМына караштуу Комиссия) кабыл алат, анын негизинде аймактык бөлүм тиешелүү акт (буйрук/тескеме) түзөт.
Ал жеткис күч жагдайдын келип чыгышынын натыйжасында Программаны ишке ашырууга катышкан ишкерлерди келишимдин шарттарын аткаруудан жоопкерчиликтен бошотуу Жобонун 49-пунктунда каралган шарттарда жана тартипте жүзөгө ашырылат.
Эгерде катышуучулардын активдери ал жеткис күчтүн жагдайларынын келип чыгышынын натыйжасында жоголсо же катышуучунун оорусунун (саламаттык сактоо органынын корутундусу менен ырасталган) же өлүмүнүн натыйжасында бизнес-планды андан ары ишке ашыруу мүмкүн болбосо, аймактык бөлүм бардык жагдайларды тактайт, факты боюнча акт түзөт, комиссиянын чечимин алат (Бишкек шаарында - Бишкек МАМына караштуу Комиссия) жана комиссиянын чечиминин негизинде социалдык контракттын шарттарын аткаруу аяктагандыгы жөнүндө акт кабыл алат (буйрук/тескеме чыгарат) (Бишкек шаарында - Бишкек МАМына караштуу Комиссия).
Мисалы, мал өлүп калган учурда ветеринардан мал катышуучунун күнөөсү жок өлдү деген маалымкат алуу зарыл. Ушул маалымкаттын негизинде акт түзүлүп, ЖӨБ АОнун алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссиясына (Бишкек шаарында - Бишкек шаарынын МАМына караштуу Комиссия) кароого киргизилет. Бул Комиссия аймактык бөлүмгө катышуучуну “форс-мажордун” келип чыгышынын натыйжасында мүлкүн жоготкондугуна байланыштуу жоопкерчиликтен бошотуу жөнүндө сунуштоо боюнча чечим кабыл алат. Аймактык бөлүм Комиссиянын чечиминин негизинде катышуучуну социалдык контракттын шарттарын аткаруу жоопкерчилигинен бошотуу жөнүндө буйрук/тескеме чыгарат.
Көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда модулга тиешелүү маалымат киргизилет.
15. Жободо каралбаган маселелер боюнча түшүндүрүү
40.1. Социалдык контракттын катышуучусу башка администрациялык-аймактык бирдикке туруктуу же убактылуу жашоого көчкөндө, баштапкы социалдык контрактты түзгөн аймактык бөлүм социалдык контрактты андан ары ишке ашырууну өз көзөмөлүнө алуу өтүнүчү менен катышуучу көчүп барган ошол администрациялык-аймактык бирдиктин аймактык бөлүмүнүн башчысынын атына (аныкталган учурдан тартып 3 жумушчу күндүн ичинде акимге же мэрге параллелдүү жазуу жүзүндөгү билдирүү менен) социалдык контрактты берүү боюнча өздүк делонун көчүрмөсүн тиркөө менен кат жөнөтөт.
Катышуучунун документтеринин түп нускасы социалдык жардам төлөгөн аймактык бөлүмдө калат.
Катышуучу көчүп барган аймактык бөлүмдүн башчысы социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучусун өзүнүн көзөмөлүнө алууга жана катышуучуну социалдык контракттын калган мөөнөтүнө көзөмөлдөөгө жана коштоп жүрүүгө милдеттүү.
Социалдык контракттын катышуучусунун электрондук делосу ЭРМС аркылуу берилет, ошондой эле социалдык контракттын катышуучусу кабыл алган маалыматтар социалдык контракттын катышуучусу көчүп келген администрациялык-аймактык бирдиктин бөлүмү тарабынан модулга киргизилет.
40.2. Катышуучу көчкөндө 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу – калган мезгилге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 823 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөнүн тартиби жөнүндө” жобонун 5.1.9-пунктуна ылайык дайындалат.
40.3. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу арыз берген айдан кийинки биринчи айдан тартып 3 (үч) айлык калган мөөнөткө социалдык жардам алуучуга социалдык контракттын негизинде тиешелүү документтерди талап кылбастан дайындалат.
Мисалы, аз камсыз болгон үй-бүлө май айында социалдык контракт түзсө, анын “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуу мөөнөтү июнь айында бүтөт, андан кийин тиешелүү документтерди талап кылбастан, жөлөкпулдун бул түрү калган (июль жана август) айларына автоматтык түрдө дайындалат.
40.4. Эгерде социалдык контрактка кол коюлгандан кийин үч ай өткөнгө чейин “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул төлөнүүгө тийиш болгон балдар 16 жашка толсо, анда “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу төлөнбөйт.
Мисалы: аз камсыз болгон үй-бүлө март айында социалдык контракт түзсө, алар үч айга – апрель, май, июнь айларына “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алышы керек. Бирок, эгер бала май айында 16 жашка толсо, анда июнь айы үчүн “үй-бүлөгө көмөк” төлөнбөйт.
40.5. Катышуучу бизнес-планды өзгөртө алат, эгерде анын учурдагы иши тиешелүү киреше алып келбесе, же катышуучу өзү ишинин багытын өзгөртүүнү чечсе. Бул үчүн ал арызды жана негиздемени (эркин формада) аймактык бөлүмдүн башчысына кайрылып, макулдугун берген жаңы бизнес-планды тиркейт.
Сатып алуу боюнча топ бизнес-план өзгөргөн учурда активдерди сатып алууга катышпайт, бирок катышуучу бул тууралуу тиешелүү кызматкерлерге билдирүүгө милдеттүү.
40.6. Социалдык контракт түзүлгөндөн кийин үч айдан кийин жумушсуздардын жана жумуш издөөчүлөрдүн катоосунан социалдык келишимге кол койгон адам гана, эгерде ал каттоодо турган болсо, чыгарылат.
Жумушсуз жана жумуш издеген жарандар катары каттоодо турган үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү социалдык контрактты ишке ашыруунун алкагында каттоодон чыгарылбайт. Ошондуктан аларга карата иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чаралары колдонулушу мүмкүн.
40.7. Социалдык контракттын катышуучусу жакырчылыктан чыгуу үчүн социалдык контракттын чегинен тышкары киреше алуу жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу максатында социалдык келишимди ишке ашыруу мезгилинде башка акы төлөнүүчү эмгек иштерин жүргүзүүгө укуктуу. Ошол эле учурда, жаңы эмгек ишмердүүлүгү социалдык контрактты ишке ашырууга тоскоол болбошу керектигин баса белгилөө керек.
40.8. Социалдык контракт түзгөн адам ишке орношкон учурда, социалдык келишим түзүлгөн айдан кийинки үч айдын ичинде (“үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алуу жана расмий жумушсуздардын реестринде турган мезгилде) жөлөкпулдун көрсөтүлгөн түрү токтотулат жана мамлекеттик жөлөкпулдар жана ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык расмий жумушсуздардын реестринен чыгарылат.
40.9. Модулга маалыматтарды киргизүү Эмгек рыногунун маалыматтык системасын колдонуу боюнча нускамага ылайык жүргүзүлөт.
40.10. Бул Методикалык көрсөтмөдө берүү, ишке ашыруу, коштоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча тиешелүү маалыматтарды киргизүүгө шилтемелер жок болгон учурда, Эмгек рыногунун маалыматтык системасын колдонуу боюнча нускаманын сунуштары колдонулат.
40.11. Социалдык контракттын мөөнөтү бүткөндөн кийин, социалдык адаптациялоо программасынын 8-пунктуна жыйынтыктоонун максаты/себеби көрсөтүлгөн тиешелүү корутунду жүргүзүлөт:
- социалдык контракттын ийгиликтүү аякташы;
- форс-мажордук жагдайлардын натыйжасында келип чыккан себептерден улам токтотуу;
- социалдык контракттан өз ыктыяры менен баш тартуу менен аякташы.
40.12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча № 385 токтомунун 43-пунктуна ылайык Социалдык контракттын ийгиликтүү аяктаган учурда, аймактык Башкармалык тарабынан социалдык контракттын катышуучуларынын коштоосун жана мониторингин токтотуу буйругу ай сайын фамилиясы аты жөнүн көрсөтүү менен чыгарылат.
40.13. Форс-мажордук жагдайлардын натыйжасында келип чыккан жана социалдык контракттан өз ыктыяры менен баш тартуу менен аяктаган учурда дагы, тиешелүү себептерин көрсөтүү менен буйрук чыгарылат.
40.14. Эмгек рыногунун маалымат системасында "Социалдык контракт" модулунда социалдык контракттын аяктаганы боюнча белгилөө коюлат.
40.15. Социалдык контракттын катышуучуларынын жеке папкалалары социалдык контракттын аяктаган учурунан тартыпрайондук архивде бекитилген тартипте5 жыл бою сакталат.
1-тиркеме
ЖӨБ АО башчысы/МАБ /РЭСКМБ башчысы
_____________________________________
жаран_________________________________
катталган ____________________________
Иш жүзүндө жашаган дареги:___________________________________________________________________
паспорттук маалыматтар (сериясы, номери,берилген күнү, берген мекеме)____________
_______________________________________
Телефону________________________
Арыз
социалдык контракттын негизинде бир жолку социалдык жардам алууга
Мага (үй-бүлөмө) бир жолку социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүүнү суранам.
Эмгекке жарамдуу курактагы бардык үй-бүлө мүчөлөрү социалдык контрактты түзүүгө макул.
Кирешелерин жашыруу жана бир жолку социалдык жардам алуу укугуна таасирин тийгизген атайылап туура эмес маалымат менен документтерди бергендиги үчүн жоопкерчилик тартуу жөнүндө эскертилди.
Мен берген маалыматтарды текшерүүгө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнүн үй-бүлөмө баруусуна каршы эмесмин.
Ушуну менен мен төмөнкү маалыматтарды иштеп чыгууга макулмун: толук аты-жөнү, туулган күнү жана жери; жарандыгы жөнүндө маалымат; билими жөнүндө маалымат; жашаган дареги; байланыш телефон номери; инсандыгын ырастоочу документтин түрү, сериясы, номери, аны берген органдын аталышы, берилген датасы; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлө курамы; эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат (толук эмес жумуш күнү, ишкердик иш ж.б.); соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө; кирешелер, чыгашалар, мүлк жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар.
Дата _______________ Арыз ээсинин колу ________________________
Кабыл алды: ФИО________________________ колу)___________
2-тиркеме
Социалдык адаптациялоо программасы
Аты жөнү____________________________________ «__ »_______20__г.
Жооптуу адам | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткарылышы боюнча маалымат | ||||||||
14. Социалдык камсыздоо органы | 1.1. Финансылык сабаттуулукка жана бизнести өнүктүрүүгө окутуу | Ооба | «_»___ 20__ж. | Ооба Жок | |||||||
Жок | |||||||||||
1.2.Бизнес-планды ишке ашыруу үчүн кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон, квалификациясын жогорулатууга жөнөтүү |
Ооба | «_»___ 20_ж. |
Ооба Жок | ||||||||
Жок | |||||||||||
14.3. Төлөмдөрдү жүргүзүү | «_»___ 20_ж.. | Ооба Жок
| |||||||||
14.4. Активдерди сатып алуу | «__»___ 20____ж. | Ооба Жок
| |||||||||
2.Саламаттык сактоо органы | 2.1. Үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык кызмат көрсөтүүнүн зарылчылыгы барбы? | Жок
Кайда ______________________________ |
«__» ____20__ж. |
Ооба Жок | |||||||
Жок | |||||||||||
3.Билим берүү органы | 3.1. Үй-бүлө мүчөлөрүнө билим берүү (мектепке чейинки жана мектеп) кызматтарын көрсөтүү зарылчылыгы барбы | Ооба
Кайда________________________________________
|
« » 20_____ж |
Ооба Жок | |||||||
Жок | |||||||||||
4. Мамлекеттик/ муниципалдык органдары (эгер бар болсо) | 4.1. Конкреттүү кызматтарды баяндоо
|
« » 20____ж | Ооба Жок
| ||||||||
Жок | |||||||||||
5.Катышуучу | 5.1.Бизнес-планды ишке ашыруу |
Мөөнөтү « »____ 20__ж. « »____ 20___ | Биринчи квартал | Ооба Жок
|
Экинчи жыл | Ооба Жок | |||||
Биринчи жарым жылдык | Ооба Жок
| Үчүнчү жыл | Ооба Жок | ||||||||
Үчүнчү квартал | Ооба Жок
|
Ишке ашты: Ооба Жок | |||||||||
Биринчи жыл | Ооба Жок | ||||||||||
| Кызматкер (Аты жөнү жана кол тамгасы) ____________________ | Катышуучу: ___________________________ Аты жөнү жана кол тамгасы |
| ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
6. Бизнес-пландын багытынын өзгөрүшү, катышуучунун башка жакка көчүүсү, социалдык контракт түзгөн үй-бүлөнү коштоп жүрүүсү жөнүндө маалыматтар жана катышуучунун бизнес-планынын аткарылышынын абалын аныктоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтар:
_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
7. Зарыл болгон учурда социалдык адаптация боюнча кошумча иш-чаралардын планы иштелип чыгат (этаптардын саны конкреттүү кырдаалга жана социалдык адаптация программасына жараша болот):
____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
8. Аймактык бөлүмдүн адисинин социалдык контракттын аяктагандыгынын себеби боюнча корутундусу (социалдык контракттын мөөнөтүнүн бүтүшү; форс-мажордук жагдайлардын натыйжасында аяктоо; бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалангандыктан аяктоо):________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Кызматкердин аты-жөнү (ЭСКММ АБ)_________колу_________ «_»___20__ж.
3 -тиркеме
Бизнес-пландын типтүү формасы
15. Аты-жөнү толугу менен./ Ф.И.О
__________________________________________________
16. Бизнес пландын аталышы. Название бизнес проекта
___________________________________________________
17. Бизнес пландын туру (баштапкы, иш аракетти кеңейтүүгө багытталган ж.б.)
(ылайыктуусунун астын сызып койсонуздар)
Тип бизнес плана (начальный, на расширение др.).
(нужное подчеркнуть)
qс/х производство q услуги qторговля
18. Кайсы оздоштурулгон окуу (тренингдерди) өттүңүздөр эле (эгер бар болсо)
Жокq | Окуу (тренинг, курс) (Аталышы) | Кайсы мекеме ɵткɵргɵн (организация) |
|
| |
|
|
19. Пландаштырылган ишти аткарууда кандай тажрыйбаныз жана билиминиз барү Какой у Вас есть опыт и знания, касающиеся запланированной деятельности
Баяндаңыз/ Опишите
|
20.
Бизнести баштаганга эмне каражат керек: Что необходимо для запуска бизнеса | Акчалай өлчөмдө В денежном выражении |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Баардыгы: |
|
21. Продукциянын, же тейлɵɵнун кыска сурɵтмɵсү. Описание продукта/ товара/услуги
o Продукциянын төмөнкү түрлөрүн чыгаруу:Выпуск следующих видов продукции:
o Кызматтардын төмөнкү түрлөрүн көрсөтүү: Предоставление следующих видов услуг:
o Соода-сатык/ Торговля (продукция с/х, одежда, электротовары и т.д.);
|
22. Пландаштырылган киреше/Планируемый доход:
Айына пландаштырылган киреше / Планируемый доход в месяц | |||
Аты / Наименование | Саны/ Количество/ | Наркы / стоимость | Жалпы баасы / общая стоимость |
|
|
|
|
|
|
|
|
16. Жыйынтыктоочу көрсөткүчтөр (жетишкендиктер)/Итоговые показатели (достижения)
Көрсөткүчтөр (жетишкендиктер) аталышы / Наименование показателя (достижения) | Биринчи жыл/ Первый год | Экинчи жыл/ Второй год | Үчүнчү жыл/ Третий год |
|
|
|
|
|
|
|
|
10. Кошумча маалымат (эгер болсо)/Дополнительная информация (если имеется)
Жок ❑
| Бар /Есть:
|
4-тиркеме
Социалдык контракт
«_____»_____________20___ж. ш/а ____________________ калктуу конуш
Аталган социалдык контракт Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигининин _______________________________ аймактык бөлүмүнүн ортосунда (мындан ары – «КР ЭСКММ АБ»), аймактык башкармалыктын башчысы менен түзүлдү___________________________________________________________________________
Жобонун негизинде иш алып барган бир тараптан жана жаран______________________________________________________________________
өздүгүн тастыктоочу документтин реквизиттери ___________________________________________________________________________
жашаган дареги: ______________________________________, мындан ары "Катышуучу" экинчи жагынан, төмөнкүдөй макулдашышты:
1. Социалдык контракттын предмети
1.1. Бул социалдык контракттын предмети болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 токтому менен бекитилген Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобого ылайык КР ЭСКММ АБ менен социалдык адаптациялоо программасын ишке ашыруунун алкагында катышуучунун (жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн) ортосунда өзүн-өзү багууга чыгуу максатында кызматташуу болуп саналат.
2. КР ЭСКММ АБ укуктары жана милдеттери
2.1. КР ЭСКММ АБ төмөнкүлөргө укуктуу:
- үчүнчү жактардан (ишканалардан, салык органдарынан жана башка уюмдардан) Катышуучунун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн текшерүү жана алардын муктаждыктарын аныктоо үчүн кирешелери жана мүлкү жөнүндө кошумча маалыматтарды суроого;
- Катышуучунун материалдык-турмуштук шарттарын текшерүүгө;
- бир жолку социалдык жардам көрсөтүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууда алынган маалыматтарды пайдаланууга;
- Катышуучу каражаттарды максатсыз пайдаланган учурда Катышуучудан бир жолку социалдык жардамдын суммасын өндүрүп алууга;
- эгерде Катышуучу социалдык адаптациялоо программасында каралбаган башка максаттар үчүн атайылап социалдык жардам алган болсо, ошондой эле алдамчылык мүнөздөгү аракеттер Катышуучунун аракеттеринен ачык байкалса, укук коргоо органдарына кайрылууга.
2.2. КР ЭСКММ АБ милдеттери
- Катышуучуга/үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык адаптациялоо программасын ишке ашыруу үчүн бир жолку төлөмгө арналган каражаттардын эсебинен 150 000 сом өлчөмүндө төлөп берүүгө;
- Катышуучуга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык жардам көрсөтүүнү уюштуруу/кеңеш берүү, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик органдар (мамлекеттик мекемелер, ишке орноштуруу кызматтары, саламаттыкты сактоо, билим берүү органдары ж.б.) менен социалдык адаптациялоо программасынын алкагындагы иш-чараларды ишке ашыруу үчүн өз ара аракеттенүү аркылуу жана өзүн-өзү камсыз кылууга көмөк көрсөтүү.
3. Катышуучунун укуктары жана милдеттери
3.1. Катышуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- ушул социалдык контракттын 2.2-пунктуна ылайык социалдык жардам алууга;
- 150 000 сом өлчөмүндө накталай сумманы толук төлөп берүү милдети менен социалдык контракт боюнча социалдык жардамдан ыктыярдуу баш тарткандыгы үчүн.
3.2. Катышуучу милдеттүү:
- социалдык адаптация программасын толук көлөмдө ишке ашырууга, оор турмуштук кырдаалдан чыгууга активдүү чараларды көрүүгө;
- берилген каражаттарды максатсыз пайдаланган, ошондой эле ушул социалдык контракт боюнча милдеттенмелерди аткарбаган учурда КР ЭСКММ АБ тарабынан берилген каражаттардын ордун толтурууга;
- эгерде Катышуучу социалдык адаптациялоо программасын жана ушул социалдык контрактты ишке ашыруу процессинде айкын болгон жалган фактыларды берсе, социалдык контракт боюнча каралган каражаттарды кайтарып берүүгө;
- КР ЭСКММ АБ кызматкери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын социалдык контрактты коштогон социалдык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу адиси (же социалдык кызматкер) менен өз ара аракеттенүүгө, программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө бардык маалыматтарды үзгүлтүксүз берүүгө;
- башка административдик-аймактык бирдикке көчүп кеткен учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу адисине (же аймактык бөлүмдүн кызматкерине) билдирүүгө.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. Катышуучу бир жолку социалдык жардам алууга арызда көрсөтүлгөн жалган же толук эмес маалыматтарды бергендиги үчүн колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
4.2. КР ЭСКММ АБ өз компетенциясынын чегинде Катышуучуга социалдык жардам көрсөтүү үчүн жоопкерчилик тартат.
4.3. ЭСКММ АБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке маалыматтарга тиешелүү маалыматтардын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат.
4.4. Бул социалдык контракттан келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылышат.
4.5. Эгерде бул талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн болбосо, алар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чечилүүгө тийиш.
5. Келишимдин мөөнөтү
5.1. Келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана ______________ чейин күчүндө болот.
5.2. Бул социалдык контрактта бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө түзүлүүгө жана Тараптардын кол коюусуна тийиш жана ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган
5.3. Эгерде Катышуучу социалдык контракттын шарттарын аткарбаса, аталган келишим КР ЭСКММ АБ тарабынан бир тараптуу бузулушу мүмкүн.
5.4. Бул социалдык контракт эки нускада түзүлдү, тараптардын ар бири үчүн бирден, экөө бирдей юридикалык күчкө ээ.
6. Тараптардын кол тамгалары
КР ЭСКММ АБ
Аты жөнү_________________________________
____________________________(кол тамга)
_________________________________(дата) п.о | Катышуучу
Аты жөнү________________________
___________________( кол тамга)
________________________(дата)
|
5 -тиркеме
КЕЛИШИМ №
Социалдык адаптация программасын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга ишкердин катышуусу жөнүндө
«_____»_____________20___ж. ш/а ____________________ калктуу конуш
Бул келишим Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин _____________________ аймактык бөлүмүнүн (мындан ары - КР ЭСКММ АБ) жетекчиси _____________________________________ бир тараптан жана ишкер ______________________________________, паспорттун ортосунда түзүлөт. сериясы _____ N _________, _______________ тарабынан берилген, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк ________________________________ (мындан ары - Ишкер) экинчи жагынан, төмөнкүдөй макулдашышты:
1. Келишимдин предмети
1.1 Ушул келишимдин предмети болуп предмети болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 токтому менен бекитилген Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобого ылайык КР ЭСКММ АБ менен социалдык адаптациялоо программасын ишке ашыруунун алкагында катышуучунун (жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн) ортосунда өзүн-өзү багууга чыгуу максатында кызматташуу болуп саналат.
1.2. Бул келишим боюнча ишкерге берилген сумма _____ үй-бүлөгө эсептелип, _________ сомду түзөт.
2. Тараптардын милдеттенмелери
2.1. Ишкер төмөнкүлөргө милдеттенет:
______________________________________________________________________________________________________________________________________________ байланыштуу өзүнүн ишкердик ишин уюштурууга;
- салык органдарында, Социалдык фонддун бөлүмдөрүндө каттоого турууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жана салыктарды төлөөгө (каттоо жок болгон учурда);
- _____________ күндүн ичинде ____________________________ менен _______ мөөнөткө эмгек келишимин түзүүгө;
- эмгек келишиминде каралган мөөнөткө социалдык контракт түзгөн адамдын ишин уюштурууга, зарыл болгон учурда окуудан өтүүнү камсыз кылууга;
- КР ЭСКММ АБ талабы боюнча ушул келишимден келип чыккан тиешелүү отчетторду берүүгө;
- бекитилген форма боюнча ай сайын жана квартал сайын отчет берип турууга.
2.2. КР ЭСКММ АБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- социалдык контракт түзгөн жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир жолку социалдык жардамды Ишкердин эсептешүү эсебине 150 000 сом өлчөмүндө кайтарымсыз төлөм түрүндө которуу;
- компетенциясынын чегинде жардам көрсөтүүгө.
3. Тараптардын укуктары
3.1. Ишкер төмөнкүлөргө укуктуу:
- ушул келишимде көрсөтүлгөн бардык сумманы алууга.
3.2. КР ЭСКММ АБ төмөнкүлөргө укуктуу:
- ишкерден өз убагында отчет берүүнү талап кылууга;
- ишкер катышкан социалдык адаптация программасын ишке ашырууда үй-бүлөлөр менен өз ара аракеттенүүгө;
- Ишкер ушул Келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин бузган учурда, Ишкерге ушул Келишим боюнча төлөнгөн акча каражаттарын өндүрүп алууга.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. Ишкер социалдык контракт боюнча Социалдык адаптация программасын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышууга арызда көрсөтүлгөн жалган же толук эмес маалыматтарды бергендиги үчүн колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
4.2. Бул келишим бузуулар табылгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда КР ЭСКММ АБ бул келишимди бузууга жана төлөнгөн бардык суммаларды, ошондой эле айыптык санкцияларды кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
4.3. КР ЭСКММ АБ социалдык адаптациялоо боюнча бекитилген программалардын өлчөмүндө Ишкерге бир жолку төлөмдү өз убагында берүү боюнча жоопкерчилик тартат.
5. Корутунду жоболор
5.1. Тараптардын ар бири экинчи тарапка келишимде кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
5.2. Ушул келишимге ар кандай ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө түзүлүүгө жана Тараптардын кол коюусуна тийиш.
5.3. Келишимди аткарууда, өзгөртүүдө, туура эмес пайдаланууда же бузууда тараптардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет, ал эми макулдашууга болбогон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотто каралат.
5.4. Бул келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана келишим түзүлгөн күндөн тартып үч жыл бою күчүндө болот.
5.5. Келишим эки нускада түзүлүп, тараптардын ар биринде бирден сакталат.
6. Тараптардын кол тамгалары
КР ЭСКММ АБ _________________________________ ____________ (Аты жөнү) (кол тамгасы) ____________________ (дата)
п.о.
Юридикалык дареги: ________________________________ ________________________________
Банк реквизиттери: ________________________________ ________________________________ _______________________________________________________________
| АРЫЗ БЕРҮҮЧҮ______________________________________ ____________________ (Аты жөнү) (кол тамгасы) ____________________ (дата) п.о. Юридикалык дареги: ______________________________________ ______________________________________ Банк реквизиттери: ______________________________________ ______________________________________ Телефон:_____________________________
БИК (бар болсо): _____________________________________ ИНН (бар болсо): ОКПО (бар болсо): _________________ |
Тиркеме 6
Сатып алуу актысы
ш/а__________________ «___»_________20 ___ж.
№ | Сатуучунун аты-жөнү | Сатып алуу дареги | Активдин аталышы | Суммасы (сатып алынган активдин баасы) | Саны | Бардыгы | Тиркелген финансылык документтердин аталышы (тизмеси) |
23. |
|
|
|
|
|
|
|
24. |
|
|
|
|
|
|
|
25. |
|
|
|
|
|
|
|
26. |
|
|
|
|
|
|
|
27. |
|
|
|
|
|
|
|
28. |
|
|
|
|
|
|
|
29. |
|
|
|
|
|
|
|
Сатуучу сатылган товардын жарактуулугу үчүн толук жоопкерчилик тартат, сатылган товарга кепилдик талонду берүүгө милдеттенет жана кемчиликтер жана бузулуулар болгон учурда товарды кабыл алууга же сатылган товарды алмаштырууга милдеттенет.
Сатуучу ошондой эле айыл чарба жаныбарларын сатуу үчүн толук жоопкерчилик тартат жана ветеринардык күбөлүк/маалымкат берет жана ооруп калган учурда кайра кабыл алууга же алмаштырууга, эгерде сатып алынган айыл чарба малынын күнөөсү боюнча (сатуучу, ооруну атайылап жашырса) өлүп калса, алынган акчанын суммасын толугу менен кайтарып берүүгө милдеттенет
30. Аты жөнү ________________________________________________Кол тамгасы______________________________________
31. Аты жөнү_________________________________________________________Кол тамгасы______________________________________
32. Аты жөнү_________________________________________________________Кол тамгасы______________________________________
Эскертүү: сатып алынган активдин суммасын, санын жана аталышын так жазуу, актыга сатып алууну тастыктаган бардык финансылык документтерди, анын ичинде күбөлүктөрдү/маалымкаттарды, чектерди, кепилдик талондорду ж.б. кошо тиркөө, ошондой эле актынын көчүрмөсүн сатуучуга сактоо үчүн милдеттүү түрдө калтыруу зарыл