Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 24-октябры № 292
Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча Методикалык көрсөтмөнү бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча Методикалык көрсөтмө тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтин Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо боюнча башкармалыгы:
- ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аны Министрликтин веб-сайтында мамлекеттик жана расмий тилдерде расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- буйрук кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде кабыл алынган буйруктун электрондук вариантын Укуктук маалыматтын борборлоштурулган базасына киргизүү үчүн электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлүшүн камсыз кылсын.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына социалдык контрактын негизинде социалдык жардам берүүдө ушул Методикалык көрсөтмөлөрдү жетекчиликке алсын.
4. Министрликтин 2023-жылдын 7-июлундагы № 102 “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жана катышуучуларды тандоо жөнүндө Методикалык көрсөтмөнү бекитүү тууралуу” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Министрликтин Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы бул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Министр |
| К.Л. Сагынбаев |