Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 678 токтомуна) |
Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдарга коюлуучу минималдуу талаптар жана интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алардын ишин контролдоо жөнүндө ЖОБО
1-глава. Макулдук алууга арызды берүү жана кароо
1. Ушул Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдарга коюлуучу минималдуу талаптар жана интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алардын ишин контролдоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдарга коюлуучу минималдуу талаптарды, ошондой эле алардын ишин контролдоо тартибин аныктайт жана белгилейт.
2. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмду (мындан ары - уюм) түзүүгө макулдугу жөнүндө чечимин алуу үчүн уюм ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берет.
3. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) уюмдун аталышы, анын каттоо маалыматтары, иш жүзүндөгү дареги;
2) "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 44-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган, уюм аларды башкарууну ниеттенген жамааттык башкаруу укуктарынын категориясы;
3) ыйгарым укуктуу адамдын колу жана уюмдун мөөрү.
4. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
2) ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар менен документтер;
3) уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн берилген документтердин тизмеси;
4) арыз уюмдун өкүлү тарабынан берилген учурда тиешелүү түрдө таризделген ишеним кат.
5. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик же расмий тилде берилет.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды алууда номерди ыйгаруу жана кабыл алган датаны көрсөтүү менен арыздарды каттоо журналына каттайт, ошол эле учурда документтердин тизмесинин арыз ээсинде калуучу нускасында арыздын алынгандыгы жөнүндө белги коюлат.
Арыз ээси Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Арыз ээси комиссиянын (мындан ары - Комиссия) арыздарды кароо боюнча жыйналышы өтүүчү датага чейин каалаган убакта арызын чакыртып алууга укуктуу.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде ушул Жобонун 3-пунктунда каралган документтерде камтылган маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын текшерет.
Эгер ушул Жобонун 3-пунктунда каралган документтерди текшерүү процессинде документтердин ушул Жобонун талаптарын бузуу менен берилгендиги белгиленсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суроо-талапты жиберген учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде аныкталган кемчиликтерди жоюу сунушу менен арыз ээсине суроо-талапты жиберет.
Арыз ээси аныкталган кемчиликтерди көрсөтүлгөн мөөнөттө жойбосо, ал боюнча иш кагаздарын жүргүзүү токтотулат. Арыз ага тиркелген документтер менен кол койдуруу менен арыз ээсине тапшыруу же болбосо тапшыруу жөнүндө кабарлоо менен заказдык почта менен көрсөтүлгөн документтерди жиберүү аркылуу кайтарылат.
8. Арыз Комиссиянын жыйналышында уюмдун өкүлүнүн катышуусу менен каралат.
9. Комиссия жөнүндө жобо, анын жеке жана сандык курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү, арыз каралган учурга чейин алардын мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берген авторлор жана чектеш укуктардын ээлери кирет.
10. Эгер жыйналышка Комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмеси катышса, ал арызды кароого укуктуу болот. Комиссиянын чечими анын жыйналышына катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк жөнөкөй добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда учурда Комиссиянын төрагасы чечүүчү добушка ээ болот.
Комиссиянын жыйналышы комиссиянын мүчөлөрүнүн биргелешкен катышуусунда же болбосо видеоконференция режиминде электрондук коммуникация аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн сырттан добуш берүү аркылуу чечим кабыл алуусуна жана өзүнүн ыйгарым укуктарын башка жактарга өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт.
11. Жыйналыштын жыйынтыгы боюнча Комиссия ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине Комиссиянын мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмду түзүүгө макулдугу же макул эместиги жөнүндө чечимин киргизет, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
2-глава. Уюмдарга коюлуучу талаптар
12. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруу боюнча ишти жүргүзүү үчүн макулдук алууга арыз берген уюмдарга карата төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) уюмдун иш чөйрөсүнө тиешелүү чыгармачыл профилдердин авторлорунун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө 400дөн (төрт жүз) кем эмес авторлордун жана укук ээлеринин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген формадагы макулдугунун болушу;
2) өзүнүн иши жөнүндө маалыматты жайгаштыруу (жарыялоо) үчүн Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында расмий сайтынын болушу;
3) расмий сайтка күнү-түнү кирүү режимин, расмий сайтка жайгаштырылуучу маалыматтын ачыктыгын, ошондой эле мындай маалыматты акысыз негизде берүүнү камсыз кылуу;
4) андан ары иштөө планын, Кыргыз Республикасынын аймагында сый акыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөө боюнча функцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде автордук сый акыны бөлүштүрүү боюнча программалык продукттар жөнүндө маалыматты берүү;
5) автордук сый акыны бөлүштүрүү регламенти;
6) авторлордун жана укук ээлеринин маалыматтар базасынын жана чыгармаларынын репертуарынын болушу;
7) уюмдун Байкоочу кеңешин - анын аткаруу органдарынын ишин контролдоочу уюмду башкаруунун коллегиялык органын түзүү;
8) уюмдун кыймылсыз мүлкүн мамлекеттик каттоо жөнүндө документ.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун алган жана 3 (үч) жылдын ичинде авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруу боюнча үзгүлтүксүз иш жүргүзгөн уюмдарга төмөнкүдөй кошумча талаптар коюлат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык автордун жана/же укук ээсинин макулдугусуз ачыкка чыгарылбоого тийиш болгон маалыматтарды кошпогондо, авторлор жана/же укук ээлери, автордук жана (же) чектеш укуктар объекттери жана уюмга өткөрүп берилген укуктар жөнүндө маалыматтарды камтыган реестрлерди (мындан ары - реестрлер) түзүү;
2) реестрлерди уюмдун расмий сайтына жайгаштыруу, ошондой эле пайдалануучулар менен келишимдерди түзүү жана сый акы төлөө максатында аларды өз убагында актуалдаштыруу;
3) башка уюмдарга, ошондой эле уюмдар алардын кызыкчылыктары үчүн пайдалануучулар менен келишимдерди түзгөн авторлорго жана укук ээлерине реестрлерде камтылган жана уюм башкарган укуктарга тиешелүү кандай болбосун так эместиктер жөнүндө уюмга кабарлоого мүмкүндүк берген жол-жоболорду ишке киргизүү;
4) уюмдун региондук өкүлчүлүктөрүн ачуу;
5) жыл сайын көз карандысыз аудитордук текшерүү жүргүзүү;
6) эл аралык уюмда мүчөлүгүн жана/же ушул сыяктуу чет өлкөлүк уюмдар менен макулдашууга катышкандыгын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү;
7) автордук сый акыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөө процессин автоматташтыруу үчүн пайдаланылган чыгармалардын эсебин жүргүзүүнүн автоматташтырылган системасынын болушу;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул пункттун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн автоматташтырылган системада камтылган маалыматтарды тоскоолдуксуз алуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
3-глава. Уюмдун ишин контролдоо
14. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уюмдун ишин контролдойт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча уюм 15 жумуш күндүн ичинде ушул Жобонун 11, 12, 19-пункттарына ылайык маалыматты берүүгө милдеттүү.
15. Авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө типтүү келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
16. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сый акыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөө боюнча зарыл болгон административдик чыгымдарды жабууга уюм тарабынан кармалуучу, календардык жылда автордук сый акыны чогултуунун 25%ына чейинки өлчөмдөгү сумманын максималдуу чектүү босогосун белгилейт.
17. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уюмдун ишин контролдоодо автордук укуктар жана чектеш укуктар чөйрөсүндөгү эксперттерди, ошондой эле уюмдун финансылык ишин текшерүү үчүн аудитти тартууга укуктуу.
18. Текшерүүдө төмөнкү критерийлер каралат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында сый акыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөө боюнча функцияларды жүргүзүү, ошондой эле улуттук жана эл аралык рыноктордо ата мекендик жана эл аралык авторлордун жана укук ээлеринин кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүгү;
2) бардык кызыкдар жактарга авторлор жана укук ээлери, уюмга өткөрүп берилген укуктар, ошондой эле автордук укуктун жана чектеш укуктардын объекттери жөнүндө маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгү.
19. Уюм макулдук алган датадан тартып биринчи 3 (үч) жылда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жарым жылда бир жолу текшерүү түрүндө уюмдун ишин контролдойт.
3 (үч) жыл өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жылына бир жолу текшерет.
20. Жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Мыйзамдын 47-беренесинде көрсөтүлгөн документтерди, ошондой эле төмөнкүлөрдү текшерүүгө берүүсү керек:
1) уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн ушул сыяктуу чет өлкөлүк жана ата мекендик уюмдар менен арыз ээсинин кызыкчылыктарын өз ара коргоо жөнүндө маалыматтарды;
2) уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн арыз берилген датадан мурдагы отчеттук мезгил үчүн укук ээлерине төлөнгөн сый акынын суммасы жөнүндө маалымкатты;
- уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн сый акыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөө боюнча арыз ээсинин иш жүзүндөгү чыгымдарын жабууга сый акыдан кармалуучу сумма жөнүндө маалымкатты;
- уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланстын аныктыгын ырастоочу аудитордук корутундуну тиркөө менен, арыз бергенден мурдагы акыркы отчеттук датага карата бухгалтердик баланстын көчүрмөсүн;
- автордук сый акыны чогултуу жөнүндө маалыматты;
- улуттук жана чет өлкөлүк авторлорго жана укук ээлерине автордук сый акыны бөлүштүрүү жөнүндө маалыматты;
3) уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн авторлор же укук ээлери менен түзүлгөн, жарактуулук мөөнөтү арыз ээси документтерди бергенден кийин бир жылдан эрте эмес бүтүүчү келишимдер, мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө маалыматтарды (автордун же укук ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты, келишимдин реквизиттери, башкарууга өткөрүлүп берилген укуктардын категориясы, укуктарды пайдалануу аймагы);
4) уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн пайдалануучулар менен түзүлгөн, автордук укуктун жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалангандыгы үчүн сый акы (мындан ары - сый акы) төлөө жөнүндө лицензиялык келишимдер жана/же келишимдер тууралуу маалыматтарды (пайдалануучунун аталышы, келишимдин реквизиттери, укуктардын категориясы, укуктарды пайдалануу аймагы);
5) өзүнүн функцияларын ишке ашыруу боюнча андан ары иштөө планын;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук ээсинин макулдугусуз ачыкка чыгарылбай турган маалыматтарды кошпогондо, укук ээлери, автордук жана (же) чектеш укуктардын объекттери, уюмдун башкаруусуна өткөрүлүп берилген укуктар жөнүндө маалыматтарды камтыган реестрдин болушу жөнүндө маалыматты;
7) чыгармалары жана/же чектеш укуктардын объекттери уюмдун иш чөйрөсүнө тиешелүү болгон авторлордун же башка укук ээлеринин уюмда 250дөн (эки жүз элүү) кем эмес мүчөлүгү жөнүндө маалыматты;
8) уюмдун расмий сайтына реестрлерди жайгаштыруу жөнүндө маалыматты;
9) авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу чөйрөсүндө соттук талаш-тартыштардын болгондугу жөнүндө маалыматты.
21. Эгер ушул Жобонун 19-пунктунда каралган документтерди текшерүү процессинде документтердин ушул Жобонун талаптарын бузуу менен берилгендиги белгиленсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суроо-талапты алган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде уюмга аныкталган кемчиликтерди жоюу талабын жиберет.
22. Текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан анын расмий сайтына жайгаштырылат.
4-глава. Уюмдун ишин токтотуу үчүн негиздер
23. Уюмдун иши төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) бузуулар ушул Жободо белгиленген мөөнөттө уюм тарабынан жоюлбаса;
2) ушул Жободо белгиленген мөөнөттө уюмдун иши жөнүндө отчет ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилбесе;
3) уюмдун уюштуруу документтеринин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында коюлган талаптарга шайкешсиздиги келип чыкса;
4) уюм ишти жүргүзүүдөн ыктыярдуу баш тартуу жөнүндө арыз берсе;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга уюмдун иши жөнүндө атайылап жалган маалыматтарды камтыган жылдык отчет берилсе.
5-глава. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерине жана иш-аракеттерине даттануу
24. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими, аракети же аракетсиздиги административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.