Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Эмгек,
социалдык камсыздоо жана миграция Министрлигинин
2025-жылдын 23-октябрындагы № 291 буйругу менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, анын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Cтандарттары
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 334 буйругунун редакциясына ылайык)
I-Бөлүм. Билим берүү тармагында
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кесиптик окутууга, кайра окууга, квалификацияны жогорулатууга жолдомо берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 1-глава, 109-пункт |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары. Аймактык органдардын тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кайрылган жумушсуз жана жумуш издеген жаран катары иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик органдарында катталган Кыргыз Республикасынын жарандары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (10-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө"; - 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Окутууга жолдомону жазуу жүзүндө берүү. Эмгек китепчесине жазуу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген, күтүү үчүн орундар, даараткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы даараткана), жылытуу, суу түтүгү, телефон менен жабдылган жайларда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган; - кезек күтүү принциби боюнча. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жеринде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү | Кайрылуу ээсинен документтерди кабыл алуу: 30 мүнөткө чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн узактыгы: 10 күнгө чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү: 30 мүнөткө чейин. Мамлекеттик кызмат 1 жылдын ичинде 1 жолудан ашык көрсөтүлбөйт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - zanyatost.kg порталынан; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык органдарга жеке кайрылуу аркылуу; - аймактык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан. Аймактык органдарда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - жарандарды жеке кабыл алуу; - жалпыга маалымдоо каражаттары; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - zanyatost.kg порталы; - portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы; - аймактык органдардагы буклеттер жана брошюралар, маалымат такталары; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык органдардын маалымат такталарында, сайтында жана zanyatost.kg порталында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык органдарынын кабинеттеринин эшиктеринде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар илинет. Жарандарды кабыл алган аймактык органдардын кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга адептүү мамиле кылууну, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыстыкты камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл системасы боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызматты алууда жарандар жөнүндө жеке маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл: - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - паспорт (ID-карта); - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилген жашай туруу укугу; - качкындын расмий статусу бар жарандар үчүн - качкын күбөлүгү; - кайрылмандын расмий статусу бар адамдар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү; - эмгек китепчеси; - кесиптик квалификацияны тастыктаган документтер. Биринчи жолу жумуш издеген (мурда иштебеген), кесиби (адистиги) жок жарандарды каттоо жашаган жери боюнча же аймактык органдын жайгашкан жери боюнча паспорту жана билими жөнүндө документти көрсөтүү менен жумушсуздун жеке кайрылуусу боюнча жүргүзүлөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү акысыз |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдардын жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө дал келүүсү |
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (кайрылуу ээсинин) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта берилет. Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жиберүү үчүн кайрылуу ээсинде квалификациялуу электрондук кол тамга болгон учурда жеке кабинет аркылуу portal.tunduk.kg порталында каттоодон өтүү зарыл. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кайрылуу ээсине мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - ушул стандарттын 3-пунктунда көрсөтүлгөн параметрлерге шайкеш келбегенде; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн бир жылдын ичинде бир жолудан ашык кайрылганда; эгерде кайрылуу ээси "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык "Иш менен камсыз болгондор" категориясына кирсе |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаштуу маселелер келип чыккан учурда керектөөчү белгиленген тартипте эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда керектөөчү эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет, анда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүнүн жооп алуу мөөнөтү ал катталган учурдан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда кайрылуу ээси эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге жарандарды республикалык бюджеттин эсебинен окутуу (бюджеттик окутуу) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 1-глава, 110-пункт |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында билим берүү, анын ичинде мектепке чейинки, мектептик, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Башталгыч жана орто кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайлары (мындан ары - окуу жайлары). Окуу жайларынын тизмеси кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, сайтында жайгаштырылат. Кыргыз Республикасында эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Кыска мөөнөттүү кесиптик жана жарандык окутуу курстарын өткөрүүчү мекеме (мындан ары - мекеме) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Республикалык бюджеттин эсебинен кесип алуу укугуна 14 жаштан кичүү эмес жана 28 жаштан улуу эмес төмөнкү талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары ээ: - базалык билим алган мектеп бүтүрүүчүлөрү (9-11-класстар); - кесиптик билим берүүнүн ушул деңгээлин биринчи жолу алып жаткан жаштар; - базалык билими жок же таптакыр билим албаган жаштар. Расмий түрдө жумушсуз жарандар катары катталган 16 жаштан жогору Кыргыз Республикасынын жарандары, кыска мөөнөттүү окуу курстарынан, кайра окутуудан жана квалификацияны жогорулатуудан өтүүнү каалаган окуу жайларына жана мекемелерге кайрылган башка категориядагы адамдар, ошондой эле социалдык аялуу категорияга кирген жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, эмгек мигранттары жана качкындар республикалык бюджеттин эсебинен кесип алуу укугуна ээ |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Билим берүү жөнүндө" (3, 11, 20, 30, 40 жана 43-беренелер); - "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 "Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө"; - 2003-жылдын 28-июлундагы № 473 "Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарда окутулуучу кесиптердин тизмесин бекитүү жөнүндө"; - 2007-жылдын 13-февралындагы № 54 "Экстернат формасында баштапкы кесиптик билим алууга жол берилбөөчү кесиптердин жана адистиктердин тизмеси жөнүндө"; - 2008-жылдын 3-октябрындагы № 560 "Кесиптик башталгыч билим жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу"; - 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндө"; - 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө"; - 2012-жылдын 1-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; - 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө"; - 2011-жылдын 31-майындагы № 270 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу"; - 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесин түзүү жөнүндө"; - 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө" |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Кесиптик окутуунун, кайра окутуунун, квалификацияны жогорулатуунун толук курсун аяктагандан кийин бүтүрүү жана квалификациялык экзамендердин жыйынтыктарын эске алуу менен бүтүрүүчү мамлекеттик үлгүдөгү документти алат: - кесиптик башталгыч билим берүү программасын өздөштүргөн адамдарга кесиптик башталгыч билими жөнүндө диплом; - жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасын өздөштүргөн адамдарга да жалпы орто билими жөнүндө аттестат берилет; - атайын уюмдардын жана ведомстволордун көзөмөлүндө турган объекттерде иштөө менен байланышкан кесиптер боюнча билим берүү программаларын өздөштүргөн адамдарга объекттерде же транспорт каражаттарында иштөөгө уруксат берүү үчүн күбөлүк берилет; - 6 айга чейинки мөөнөт менен кесиптик жана жарандык кыска мөөнөттүү окутуу, кайра окутуу, квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн адамдарга сертификат берилет |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат төмөнкүлөр болгон шартта көрсөтүлөт: - санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына ылайык жайлар; - талаптарга ылайык жабдылган предметтер боюнча окуу кабинеттери, лабораториялар, ар бир кесип боюнча устаканалар; - бир окуу тобу (12-15 адам эсебинде) үчүн керектүү жабдуулардын комплектиси, анын ичинде приборлор жана инструменттер; - спорт зал, спорттук инвентарь, жабдылган спорт аянтчасы же стадион; - жабдылган китепкана, ашкана (эгерде окутуу мөөнөтү 2-3 жыл болсо); - медициналык кабинет; - окуу чарбасы (эгерде тиешелүү даярдык жүргүзүлсө); - айдоочуларды жана тракторист-машинисттерди даярдоо жүргүзүлгөн автодром же окуу полигону, ошондой эле иштөө абалындагы автотрактордук техника; - бардык сабактар боюнча окуу пландарын, программаларды, анын ичинде өндүрүштүк практиканын программасын, көрсөтмө материалдарын, квалификациялык иштердин тизмегин, экзамендик материалдарды, ар бир даярдалып жаткан кесип боюнча окуу жана методикалык колдонмону, ошондой эле лабораторияларды жана устаканаларды жабдуу үчүн жазылган талаптарды кошо алганда окуу-пландык документтердин комплектиси; - окуу жайларында жана мекемелерде педагогикалык кадрлардын болушу жана алардын квалификациялык талаптарга шайкеш келүүсү; - окуу жайларынын жана мекемелердин окуучуларынын жана кызматкерлеринин санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү мүмкүнчүлүгү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармоочтор, биринчи кабаттагы даараткана. 1 жылдан кем эмес кесиптик билим берүүнүн толук курсунда окууда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө бекитилген ченемдерге ылайык окуучулар үчүн социалдык төлөмдөр кирет: - стипендия; - тамактануу. Муктаж болгон окуучулар үчүн окуу мезгилинде акысыз негизде жатакана берилет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү | Бюджеттик окутуу негизиндеги окуу жайларында жана мекемелерде окуу жылы 1-сентябрда башталып, 30-июнда аяктайт. Билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу мөөнөтү: - негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасын окутуу мөөнөтү - 3 жылдан кем эмес; - жалпы орто билим албастан, негизги жалпы билим берүүнүн базасында аскерге чакырууга чейинки даярдоонун 140 сааттык программасын камтыган кесиптик башталгыч билим берүү программасын окутуу мөөнөтү - 1-2 жыл; - жалпы орто билим берүүнүн базасында кесиптик башталгыч билим берүү программасын окутуу мөөнөтү - 1 жылдан кем эмес; - кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программасын окутуу мөөнөтү - 1 жылга чейин. Окуунун жыйынтыгы боюнча окуу жылы расмий аяктаган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде мамлекеттик үлгүдөгү документ берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - түздөн-түз окуу жайларында жана мекемелерде; - маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй түрдө берилиши мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланышууда); - электрондук түрдө - электрондук почта боюнча: dtve@elcat.kg, gapto@maiI.ru, frn.kesip@mail.ru; - интернет-сайттан: www.kesip.kg, www.frn.kg |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар; - гезиттер; - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - окуу жайларында жана мекемелерде болгон маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, сайттарында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, окуу жайларынын жана мекемелердин кабинеттеринин эшигинде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар илинет. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектеш адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди таразалоо жана аргументтөө. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, окуу жайларынын жана мекемелердин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга адептүү мамиле кылууну, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыстыкты камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Угуу жана көрүү, таяныч-кыймыл системасы боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар менен пикир алмашуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада ишке ашырылат. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, окуу жайларында жана мекемелерде келүүчүлөрдү тейлеген маселелер боюнча кызматкерлер кабыл алат. Окуу жайларында жана мекемелерде келүүчүлөрдү директор же анын орун басарлары кабыл алат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар окуган окуу жайларында жана мекемелерде аңгемелешүүдө сурдокотормочулар жана психологдор катышышы мүмкүн |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызматты алууда жарандар жөнүндө жеке маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандар 1-июлдан тартып 31-августка чейинки мезгилде окуу жайына, мекемеге кайрылып, тандап алган кесибин эске алуу менен документтерди тапшырышы керек. Окуу жайлары үчүн милдеттүү документтердин тизмесине төмөнкүлөр кирет: - окууга кабыл алуу жөнүндө арыз; - билими жөнүндө документ (күбөлүк, аттестат же маалымдама); - паспорттун (ID-карта) же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - ден соолугунун абалы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалымдама; - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн - тастыктоочу документ; - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү үчүн - социалдык коргоо органдарынын маалымдамасы; - жетимдер үчүн - ата-энесинин жоктугун тастыктаган документ; - көзөмөлсүз калган адамдар үчүн - көзөмөлсүз калган балдардын маселелери боюнча уюмдардын же социалдык коргоо органдарынын жолдомосу; - 3x4 фотосүрөт (4 даана). Документтерди бюджеттик окутууга кабыл алуу акысыз негизде ишке ашырылат. Мекемелер аркылуу кыска мөөнөттүү курстарды уюштурууда төмөнкү документтерди тапшыруу керек: - окууга кирүү жөнүндө арыз (жашы жетпеген адамдар үчүн ата-энелеринин же аларды алмаштырган адамдардын макулдугу милдеттүү); - паспорттун көчүрмөсү; - 3x4 фотосүрөт (1 даана) |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен акысыз берилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарга жана суроо-талаптын шарттарына ылайык келүүсү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алган адамдардын жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына дал келүүсү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө дал келүүсү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты окуу жайында, мекемеде чыгарылган буйруктун негизинде белгиленген тартипте өткөрүлүүчү жыйынтыктоочу квалификациялык экзамен менен ырасталат |
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жарым-жартылай (теориялык курс) электрондук форматта (окуу программаларынын электрондук версиялары болгон учурда) берилиши мүмкүн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Окуу жайы жана мекеме төмөнкүдөй учурларда бюджеттик негизде кесиптик билим берүүдөн баш тартууга укуктуу: - абитуриенттин курагы 14 жаштан кичүү же 28 жаштан улуу; - билим деңгээлинин шайкеш келбестиги (мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн билиминин деңгээли жалпы орто билимден төмөн болбоосу талап кылынган учурларда); - медициналык көрсөткүчтөр; - абитуриент кесиптик билимдин тиешелүү деңгээлине ээ болгон; - абитуриент Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү менен байланышкан талаштуу маселелер келип чыккан учурда керектөөчү белгиленген тартипте билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, окуу жайларына жана мекемелерге кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда керектөөчү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, окуу жайынын же мекеменин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет, анда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүнүн жооп алуу мөөнөтү ал катталган учурдан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда керектөөчү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш |
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге ишкананын жана жеке каражатынын эсебинен жарандарды окутуу (контракттык/акы төлөнүүчү окуу) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 1-глава, 111-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында билим берүү, анын ичинде мектепке чейинки, мектептик, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Башталгыч жана орто кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайлары (мындан ары - окуу жайлары). Окуу жайларынын тизмеси кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге маалымат такталарында, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгаштырылат. Кыргыз Республикасында эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Кыска мөөнөттүү кесиптик жана жарандык окутуу курстарын өткөрүүчү мекеме (мындан ары - мекеме) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | 14 жашка толгон жана кыска мөөнөттүү негизде кесиптик билим алууну, бири-бирине байланыштуу кесипке кайра окууну же кесиби боюнча квалификациялык деңгээлин жогорулатууну каалаган адамдар контракттык/акы төлөнүүчү негизде кесиптик билим алууга жана алардын уюмдары боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укуктуу. Жарандыгы жок жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган адамдарга мамлекеттик кызмат контракттык/акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүшү мүмкүн |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары: - "Билим берүү жөнүндө" (3, 11, 20, 30, 40 жана 43-беренелер); - "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору: - 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 "Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө"; - 2003-жылдын 28-июлундагы № 473 "Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарда окутулуучу кесиптердин тизмесин бекитүү жөнүндө"; - 2007-жылдын 13-февралындагы № 54 "Экстернат формасында баштапкы кесиптик билим алууга жол берилбөөчү кесиптердин жана адистиктердин тизмеси жөнүндө"; - 2008-жылдын 3-октябрындагы № 560 "Кесиптик башталгыч билим жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу"; - 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө"; - 2008-жылдын 15-январдагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө"; - 2012-жылдын 1-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; - 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө"; - 2011-жылдын 31-майындагы № 270 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу"; - 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесин түзүү жөнүндө"; - 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Кесиптик окутуунун, кайра окутуунун, квалификациясын жогорулатуунун толук курсун аяктагандан кийин бүтүрүү жана квалификациялык экзамендердин жыйынтыктарын эске алуу менен бүтүрүүчү мамлекеттик үлгүдөгү документти алат: - кесиптик башталгыч билим берүү программасын өздөштүргөн адамдарга кесиптик башталгыч билими жөнүндө диплом берилет; - жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасын өздөштүргөн адамдарга да орто жалпы билими жөнүндө аттестат берилет; - атайын уюмдардын жана ведомстволордун көзөмөлүндө турган объекттерде иштөө менен байланышкан кесиптер боюнча билим берүү программаларын өздөштүргөн адамдарга объекттерде же транспорт каражаттарында иштөөгө уруксат берүү үчүн күбөлүк берилет; - 6 айга чейинки мөөнөт менен кесиптик же жарандык кыска мөөнөттүү окутуу, кайра окутуу, квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөн адамдарга сертификат берилет |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат төмөнкүлөр болгон шартта көрсөтүлөт: - санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына ылайык жайлар; - талаптарга ылайык жабдылган предметтер боюнча окуу кабинеттери, лабораториялар, ар бир кесип боюнча устаканалар; - бир окуу тобу (12-15 адамга эсептелген) үчүн керектүү жабдуулардын комплектиси, анын ичинде приборлор жана инструменттер; - спорт зал, спорттук инвентарь, жабдылган спорт аянтчасы же стадион; - жабдылган китепкана, ашкана (окуу мөөнөтү 2-3 жыл болсо); - медициналык кабинет; - окуу чарбасы (эгерде тиешелүү даярдык жүргүзүлсө); - айдоочуларды же тракторист-машинисттерди даярдоо жүргүзүлгөн автодром же окуу полигону, ошондой эле иштеген абалдагы автотрактордук техника; - бардык сабактар боюнча окуу пландарын, программаларды, анын ичинде өндүрүштүк практиканын программасын, көрсөтмө материалдарды, квалификациялык иштердин тизмегин, экзамендик материалдарды, ар бир даярдалуучу кесип боюнча окуу жана методикалык колдонмону, ошондой эле лабораторияларды жана устаканаларды жабдуу үчүн жазылган талаптарды кошо алганда окуу-пландык документтердин комплектиси; - окуу жайларында жана мекемелерде педагогикалык кадрлардын болушу жана алардын квалификациялык талаптарга шайкеш келүүсү; - окуу жайларынын жана мекемелердин окуучуларынын жана кызматкерлеринин санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү мүмкүнчүлүгү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармоочтор, биринчи кабаттагы даараткана. 1 жылдан кем эмес кесиптик билим берүүнүн толук курсунда окууда мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө бекитилген ченемдерге ылайык окуучулар үчүн социалдык төлөмдөр кирет: - стипендия; - тамактануу. Муктаж болгон окуучулар үчүн окуу мезгилинде акысыз негизде жатакана берилет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жеринде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кыска мөөнөттүү курстарга кабыл алуу жайкы мезгилди кошпогондо, окуу тобун кабыл алууга жараша календарлык жыл ичинде жүргүзүлөт. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде контракттык/акы төлөнүүчү негизде 1 жылга чейинки окуу мөөнөтү менен кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программалары жүзөгө ашырылат. Ошондой эле окуу жайларында жана мекемелерде контракттык/акы төлөөчү негизде 6 айга чейинки окуу мөөнөтү менен кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программалары уюштурулат жана ишке ашырылат. Окутуунун жыйынтыгы боюнча окуу мөөнөтү расмий аяктаган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде мамлекеттик үлгүдөгү документ берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - окуу жайларында жана мекемелерде; - маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй түрдө берилиши мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланышууда); - электрондук түрдө - dtve@elcat.kg, gapto@mail.ru, frn.kesip@mail.ru электрондук почтасы боюнча; - интернет сайттан: www.kesip.kg, www.frn.kesip.kg |
9 | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар; - гезиттер; - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - окуу жайларында жана мекемелерде болгон буклеттер жана брошюралар, маалымат такталары; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, сайттарында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, окуу жайларынын жана мекемелердин кабинеттеринин эшигинде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар илинет. Аймактык органдардын кабыл алууну жүргүзгөн кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаж адамдар (угуу жана көрүү, таяныч-кыймыл системасы боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада ишке ашырылат |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууда жарандар жөнүндө жеке маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү контракттык/акы төлөнүүчү негизде алуу үчүн жарандар тандап алган кесибин эске алуу менен окуу жайга, мекемеге кайрылуусу жана окуу топторун түзүүнүн тартиби, окуунун мөөнөттөрү жана наркы жана башкалар жөнүндө маалымат алуусу зарыл. Окуу башталганга чейин 1 жумадан кечиктирбестен документтерди тапшыруу зарыл. Милдеттүү документтердин тизмесине төмөнкүлөр кирет: - окууга кабыл алуу жөнүндө арыз (жашы жете элек адамдар үчүн ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдардын макулдугу милдеттүү түрдө керек); - билими жөнүндө документ (болсо); - паспортунун (ID-карт) же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - ден соолугунун абалы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалымкат; - 3x4 фото сүрөт (4 даана). Документтерди кабыл алуу акы төлөнүүчү негизде ишке ашырылат. Окуу жайынын, мекеменин кассасы аркылуу төлөнгөн акы төлөө жөнүндө бардык квитанциялар окуучунун өздүк делосуна тиркелет. Окуудан баш тарткан учурда документтерди кабыл алуу, ошондой эле окуунун биринчи айы үчүн төлөнгөн акы кайра кайтарылбайт |
13 | Контракттык/акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы окуу жайында, мекемеде ар бир кесип боюнча өзүнчө, окутууга кеткен чыгымды, окуу мөөнөттөрүн, регионун, жабдуулардын амортизациясын ж.б. эске алуу менен аныкталат. Ар бир кесип боюнча окутуунун сметасы белгиленген тартипте түзүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана документтерди кабыл алуунун наркы прейскурантта чагылдырылат, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге бул мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн окуу жайларынын жана мекемелердин маалымат такталарында, веб-сайттарында жайгаштырылат. Окутуунун жана документтерди кабыл алуунун наркы жөнүндө маалымат мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана кызмат көрсөтүүнүн стандарты жөнүндө маалыматтар менен бирге жайгаштырылат. Баткен облусунун калкы үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 18-февралындагы 2022-жылдын № 86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик мекемелер тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси менен белгиленген |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүлүүчү стандарттарга жана суроо-талаптын шарттарына ылайык келүүсү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алган адамдарды жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө дал келүүсү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты окуу жайында, мекемеде чыгарылган буйруктун негизинде белгиленген тартипте өткөрүлүүчү жыйынтыктоочу квалификациялык экзамен менен ырасталат |
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат жарым-жартылай (теориялык курс) электрондук форматта (окуу программаларынын электрондук версиясы болгон учурда) көрсөтүлүшү мүмкүн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Окуу жайы, мекеме контракттык/акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурда баш тартууга укуктуу: - медициналык көрсөтмөлөр боюнча; - 14 жашка толо элек адамдарга |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү менен байланышкан талаштуу маселелер келип чыккан учурда керектөөчү белгиленген тартипте билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, окуу жайларына жана мекемелерге кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, окуу жайынын же мекеменин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колун жана датаны камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте ишке ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүнүн жоопту алуу мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда керектөөчү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш |
II – Бөлүм. Социалдык чөйрөдө
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулду (мындан ары - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу) дайындоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 3-глава, 18-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек чөйрөсүндө, анын ичинде калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эмгекти коргоо, калкты социалдык коргоо, мунун ичинен жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды колдоо маселелери, ошондой эле үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган): - калктын социалдык аялуу катмарына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшү (мындан ары - ведомстволук бөлүнүш); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүш). Ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү он алты жашка чыга элек төмөнкү балдар: - Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары; - тарыхый мекенине кайтып келген жана "кайрылман" статусун алган этностук кыргыздар; - жөлөкпулдарды берүү чөйрөсүндө эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген мамлекеттердин жарандары болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги 133 " Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун механизмин өркүндөтүү жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун дайындоо жөнүндө же дайындоодон баш тартуу тууралуу арыз ээсин маалымдоо. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө же дайындоодон баш тартуу тууралуу арыз ээсине анын электрондук почтасына билдирүү жиберүү аркылуу маалымдалат. Арыз ээсинин электрондук почтасы жок болгон учурда арыз ээсине стационардык же уюлдук байланыш аркылуу маалымдалат. Арыз ээси менен электрондук почта же уюлдук байланыш аркылуу байланышуу мүмкүн болбогон учурда билдирүү почта байланышы аркылуу жиберилет |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Келүүчүлөргө кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - кезек күтүү тартибинде; - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык жарандар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кирүү шартында; - күтүү үчүн бөлүнгөн жерлерди эске алуу менен. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн аймактык бөлүнүштөрдө кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек тартибинде күтүү. Жарандардан документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө убактысы - 30 мүнөткө чейин. Жарандарга телефон аркылуу жана жеке маектешүү учурунда консультация берүү мөөнөтү 10 мүнөттөн ашык жүргүзүлөт. Документтер толук көлөмдө келип түшкөн учурдан тартып. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун дайындоо жөнүндө маселе үйгө барууну, келип түшкөн документтердин аныктыгын текшерүүнү, маалыматтар базасына информация киргизүүнү, жөлөкпул дайындоого документтерди тариздөөнү эске алуу менен он иш күндөн ашык эмес каралат. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу төмөнкүдөй дайындалат: - кайрылган айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып окуу жайынан берилүүчү маалым катты арыз ээси жаңыртууга тийиш болгон айдын акыркы числосуна чейин (жөлөкпул дайындалган күндөн тартып 12 айга жетпестен бала 16 жаш курагына чыккан учурда; - калган учурларда - кайрылган айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып 12 айлык мөөнөткө |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жаран төмөнкүлөрдөн алса болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - ведомстволук бөлүнүштөн; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында - www.mlsp.gov.kg көрсөтүлгөн графикке ылайык аймактык бөлүнүштөн. Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүдөй түрдө кабарланышы мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон, "ишеним телефону" аркылуу, адис менен жеке байланышуу учурунда); - portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу; - электрондук форматта (социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы - www.mlsp.gov.kg кызмат көрсөтүү жана анын жол-жоболору жөнүндө маалымат; - маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттар, гезиттер; - коомдук кабылдамалар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты. Аймактык бөлүнүштөрдө: - маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде; - телефон аркылуу; - түздөн-түз арыз ээсине баруу менен. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кабарлоо жазуу жүзүндөгү кайрылууларга, телефон, "ишеним телефону" боюнча жана адистерге оозеки түрүндөгү жеке кайрылууларга жооп берүү аркылуу республиканын региондорунда калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда жүргүзүлөт. Даректер, телефон номерлери, банк реквизиттери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалымат табличкалары илинет. Калк менен иштеген аймактык бөлүнүштөрдүн бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата адептүүлүктү, калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин эске алуу менен берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Арыз ээси төмөнкүлөрдү тапшырышы керек: - арыз ээсинин паспортун; - баланын/балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн/күбөлүктөрүн; - жашаган/турган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө маалыматты (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана; - үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси жөнүндө маалыматтарды. Зарыл болгон учурларда жана мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларында тийиштүү маалыматтар жок болгон учурда кошумча төмөнкү документтер тапшырылат: - кайрылмандын күбөлүгү - кайрылман же анын үй-бүлө мүчөлөрү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга кайрылган учурда; - жашы жете элек аракетке жөндөмсүз адамга камкорчу/көзөмөлчү дайындоо тууралуу соттун чечими - арыз камкорчу/көзөмөлчү тарабынан берилген учурда; - жарандык мыйзамдардын талаптары боюнча таризделген ишеним кат - ишеним көрсөтүлгөн жак кайрылган учурда; - никеге туруу/ажырашуу тууралуу күбөлүк же никеге туруу/ажырашуу тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө - арыз ээси жөнүндө маалыматтар баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү маалыматтарга дал келбеген учурларда; - банк реквизиттери - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпул алуучунун банктык эсебине которулган учурда; - 9-формадагы маалым кат - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга "жалгыз бой эне" расмий статусу бар аял кайрылган учурда; - жашай туруу укугу - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган, чет өлкөлүк жарандар, жөлөкпулдарды берүү чөйрөсүндө эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген өлкөлөрдүн жарандары кайрылган учурда; - иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кызмат органдарында катталгандыгы жөнүндө маалым кат (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардан жана улгайган жарандардан тышкары "үй бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга үй-бүлөсүндө жумушсуз жарандар бар адамдар кайрылган учурда; - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыкты ырастаган маалым каты - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга үй-бүлөсүндө ДМЧА бар адамдар кайрылган учурда; - үй-бүлө мүчөсүнүн өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү же үй-бүлө мүчөсүнүн өлгөндүгү тууралуу күбөлүк жоголуп калган учурда өлгөндүгү тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга жубайы каза болгон адамдар кайрылган учурда; - жер үлүшүнүн жана үйгө караштуу жер участогунун бар/жок экендиги тууралуу маалымат, алар болгон учурда өлчөмдөрүн жана сапатын көрсөтүү зарыл; - айыл чарба жаныбарларынын бар (түрлөрү жана саны жөнүндө) же жок экендиги тууралуу маалымат/маалым кат; - жеңил автомобилдин (чыгарылган жылын көрсөтүү менен), айыл чарба техникасынын (трактор, комбайн), жүк ташуучу автомобилдин, чакан автобустун бар/жок экендиги тууралуу маалымат; - иш менен камсыз болуу жана жумушсуздук статусу тастыкталбаган, ишке жарамдуу үй-бүлө мүчөлөрү үчүн - салыктык каттоосу же катталбагандыгы тууралуу салык органынан маалымат/маалым кат; - алынып жаткан алименттердин өлчөмү жөнүндө аткаруучу өндүрүштүн тараптарынын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде берилүүчү маалым кат; - атасы же энеси республиканын чегинде же чегинен тышкары эркиндигинен ажыратылган жайларда экендигин ырастаган маалым кат; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан ижара акысынын суммасын көрсөтүү менен жер үлүшүнүн ижарага берилишин ырастаган маалымат/маалым кат эгерде жер үлүшү иштетилбей, ижарага берилсе; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер үлүшү/же анын бөлүгү иштетилбей тургандыгын жана/же ижарага берилбей тургандыгын ырастаган маалымат/маалым кат, мында анын иштетилбегендигинин себеби көрсөтүлөт - жер үлүшүнүн бүткүл аянтын же анын кандайдыр бир бөлүгүн иштетүүгө мүмкүн болбогон учурда. Электрондук түрдөгү маалыматтарды алмашууну караган өз ара аракеттенүү тууралуу ведомстволор аралык макулдашуу түзүлгөн мамлекеттик органдар берген документтер ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн алкагында аймактык бөлүнүштөрдөн суралат |
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулук; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдарга карата басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын шайкештиги: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын имаратка, жайга кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү |
15 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүгү | Арыз ээсинде квалификациялуу электрондук кол тамга болгон учурда жеке кабинетке кирүү аркылуу жана Бирдиктүү идентификациялоо системасында катталган учурда электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга арызды кабыл алууда, ошондой эле кайрылууну кароонун жыйынтыгы жөнүндө арыз ээсине маалымат берүүдө кызмат көрсөтүү жарым жартылай электрондук форматта (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттеринин өлчөмдөрү белгиленген калктуу конуштарда жашаган жарандар (үй-бүлөлөр) тарабынан берилүүчү арыздардан тышкары) берилиши мүмкүн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде: - арыз ээсине "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу дайындалган болсо же арыз ээси буга чейин "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга арыз менен башка жашаган жери боюнча кайрылган болсо; - берилген документтер жасалма экендиги аныкталса; - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу дайындала турган адам толук мамлекеттин камсыздоосунда турса; - арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер тизме боюнча толук берилбесе; - кирешенин жашыруун булактары аныкталса же туура эмес маалымат берилсе; - тапшырылган документтердин жарактуу мөөнөтү аяктаса; - бузулган документтер берилсе, (барактары жулунган, тексти жана мөөрү түшүнүксүз); - үй-бүлө "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун дайындоо критерийлерине шайкеш келбесе; - мурда дайындалган "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун билип туруп жөлөкпул алууга укук жөнүндө жалган маалыматтарды бергендиги үчүн төлөп берүү токтотулган жана төлөм токтотулган күндөн тартып 12 ай өтө элек болсо; - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга 18 жашка толо элек адамдар кайрылса; - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга укугу жок адамдар кайрылса |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш ( маселелер жаралган учурда алуучу белгиленген тартипте жазуу жүзүндө (электрондук түрдө) кайрылууга укуктуу: - жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө жөнүндө жарандардын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча комиссияга (мындан ары - Комиссия); - аймактык бөлүнүшкө; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу эркин формада берилет жана анда кызмат алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызмат алуучунун колу жана дата коюлат. Кайрылууларды кароо административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жооп алуу мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 иш күндөн ашпашы керек. Кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогондо, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралууга тийиш |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | 11-иш күнүнөн баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-глава, 20-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган): - калктын социалдык аялуу катмарына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүм (мындан ары - ведомстволук бөлүм); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр (мындан ары - аймактык бөлүм). Ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | 1. Кызматкерлер (иш берүүчү менен эмгек мамилелерде тургандар) 2. Юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкерлер 3. Жер участогунун менчик ээси же пайдалануучусу (ижарачысы) болуп саналган юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөлөрү 4. Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | 11-иш күнүнөн тартып республикалык бюджеттин каражатынан кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөндү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кирүү шартында; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалар), жылытуу, суу түтүгү жана телефон болот. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет. Эгерде алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн аймактык бөлүмдөрдө кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү илинген такта жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жандуу кезек күтүү тартибинде. Жарандардан документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө - 30 мүнөткө чейин. Жарандарга телефон аркылуу жана жеке маектешүү учурунда консультация берүү мөөнөтү 10 мүнөттөн ашпайт. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз, ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук арыз бардык зарыл болгон документтер берилгенден кийин аймактык бөлүм тарабынан каралат. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен банктардын ортосундагы келишимдер менен бекитилген форма боюнча келип түшкөн ведомосттордун негизинде күн сайын ведомстволук бөлүм тарабынан борборлоштурулуп, алуучулардын банктагы транзиттик эсептерине акча каражаттарын которуу жолу менен жүзөгө ашырылат. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - ведомстволук бөлүмдөн; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн графикке ылайык аймактык бөлүмдөн. Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүдөй кабарланышы мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон, "ишеним телефону" аркылуу, адис менен жеке байланышуу учурунда); - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg расмий сайтында; - маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар, гезиттер; - коомдук кабылдамалар; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы; Ведомстволук, аймактык бөлүмдөрдө: - маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде; - телефон аркылуу; - түздөн-түз арыз ээси барганда. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кабарлоо жазуу жүзүндөгү кайрылууларга, телефон, “ишеним телефону” боюнча жана адистерге оозеки түрүндөгү жеке кайрылууларга жооп берүү аркылуу республиканын региондорунда калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда жүргүзүлөт. Даректер, телефон номерлери, банк реквизиттери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалымат табличкалары илинет. Калк менен иштеген аймактык бөлүмдөрдүн бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөөгө жөндөмдүү болушу зарыл. Кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, объективдүүлүктү камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар менен пикир алмашуу жана аларга кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн пайдаланылышы жана үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен берилиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кызматкерлер, жеке ишкерлер, дыйкан чарбанын мүчөлөрү, жумушсуздук боюнча жөлөкпулга укугу бар расмий жумушсуздар: - паспортту; - кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоого арызды беришет. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн керектүү маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдардан “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу суратылат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүң ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө шайкештиги; - жарандардын даттануулары жана сунуштары үчүн китептин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкерлерге, дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрүнө жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуу укугуна ээ расмий жумушсуз адамдарга (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттеринин өлчөмдөрү белгиленген калктуу конуштарда жашаган дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрү тарабынан берилүүчү арыздардан тышкары) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн суроо-талапты (арызды) берүү бөлүгүндө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык ишке ашырылат. Эскертүү; жеке ишкерлерге, дыйкан (фермердик) чарбаларынын мүчөлөрүнө, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу бар расмий жумушсуздарга кызматтарды алууга электрондук арыз жөнөтүү үчүн portal.tunduk.kg порталына катталуу керек. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук түрдө толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагаз жүзүндө басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде: - арыз ээсине кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул башка аймактык бөлүмдө мурда дайындалгандыгы аныкталса; - тапшырылган документтер жасалма экендиги аныкталса; - арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер тизме боюнча толук берилбесе; - тапшырылган документтердин жарактуу мөөнөтү аяктаса; - бузулган документтер берилсе (барактары жулунган, тексти жана мөөрү түшүнүксүз); - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунда коюлган талаптарга шайкеш келбесе |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда керектөөчү белгиленген тартипте жазуу жүзүндө (электрондук түрдө) төмөнкүлөргө кайрылууга укуктуу: - аймактык бөлүмгө; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана дата коюлат. Кайрылууларды кароо административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жооп алуу мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 иш күндөн ашпашы керек. Кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогондо, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралууга тийиш |
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-глава, 21-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); - калктын социалдык аялуу катмарына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү (мындан ары - ведомстволук бөлүм); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр (мындан ары - аймактык бөлүм). Ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр болуп каза болгон адамдын сөөгүн иш жүзүндө койгон адамдар - үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрү же туугандык даражасына карабастан башка адамдар саналат. Жөлөкпул төмөнкү категориядагы жарандар каза болгон учурларда дайындалат: - кызматкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - жеке ишкер же анын багуусундагы үй- бүлө мүчөсү; - дыйкан чарбанын мүчөсү же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - расмий жумушсуз же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - социалдык жөлөкпул алган адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - жумушсуз адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2018-жылдын 18-сентябрыңдагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекизүү тууралуу”; - 2012-жылдын 23-мартындагы № 192 “Расымдык (сөөк коюу үчүн) жөлөкпулду эсептөө үчүн орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө” |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул республикалык бюджеттин каражатынан төлөндү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кирүү шартында; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалар), жылытуу, суу түтүгү жана телефон болот. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, улгайган жарандар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн аймактык бөлүмдөрдө кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү илинген такта жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жандуу кезек күтүү тартибинде. Жарандардан документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө - 30 мүнөткө чейин. Жарандарга телефон аркылуу жана жеке маектешүү учурунда консультация берүү мөөнөтү 10 мүнөттөн ашпайт. Расымдык жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз, ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук арыз бардык зарыл болгон документтер берилгенден кийин аймактык бөлүм тарабынан каралат. Расымдык жөлөкпулду төлөө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен банктардын ортосундагы келишимдер менен бекитилген форма боюнча келип түшкөн ведомосттордун негизинде күн сайын ведомстволук бөлүм тарабынан борборлоштурулуп, алуучулардын банктагы транзиттик эсептерине акча каражаттарын которуу жолу менен жүзөгө ашырылат. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - ведомстволук бөлүмдөн; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн графикке ылайык аймактык бөлүмдөн. Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүдөй кабарланышы мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон, “ишеним телефону” аркылуу, адис менен жеке байланышуу учурунда); - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg расмий сайтында; - маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар, гезиттер; - коомдук кабылдамалар; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы.
Ведомстволук, аймактык бөлүмдөрдө: - маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде; - телефон аркылуу; - түздөн-түз арыз ээси барганда. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кабарлоо жазуу жүзүндөгү кайрылууларга, телефон, “ишеним телефону” боюнча жана адистерге оозеки түрүндөгү жеке кайрылууларга жооп берүү аркылуу республиканын региондорунда калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда жүргүзүлөт. Даректер, телефон номерлери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары маалымат такталарында, расмий сайтта жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалымат табличкалары илинет. Калк менен иштеген аймактык бөлүмдөрдүн бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөөгө жөндөмдүү болушу зарыл. Кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, объективдүүлүктү камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар менен пикир алмашуу жана аларга кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн пайдаланылышы жана үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкүлөрдү берет: - паспортту; - расымдык жөлөкпулду дайындоого арызды; - маркумдун ИЖНин. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул дайындоо үчүн зарыл болгон маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдардан “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу суратылат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги. мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө шайкештиги; - жарандардын даттануулары жана сунуштары үчүн китептин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн суроо-талапты (арызды) берүү бөлүгүндө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык ишке ашырылат. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук арыз жөнөтүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталына катталуусу керек. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук түрдө толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагаз жүзүндө басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жапа даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде: - арыз ээсине расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул башка аймактык бөлүмдө мурда дайындалгандыгы аныкталса; - тапшырылган документтер жасалма экендиги аныкталса; - арыз ээси тарабынан ушул эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралууга тийиш |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда керектөөчү белгиленген тартипте жазуу жүзүндө (электрондук түрдө) төмөнкүлөргө кайрылууга укуктуу: - аймактык бөлүмгө; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана дата коюлат. Кайрылууларды кароо административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жооп алуу мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 иш күндөн ашпашы керек. Кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогондо, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралууга тийиш |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды белгилөө жана төлөп берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-глава, 1-пункт |
|
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары. Аймактык органдардын тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
|
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүлөрүн ырастаган жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмөнүн маалыматтарына ылайык, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын аймактык органдарына кайрылганга чейин акыркы үч жылда 12 айдан кем эмес үзгүлтүксүз камсыздандыруу стажы бар Кыргыз Республикасынын жарандары |
|
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (87-берене); "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (10-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтому менен бекитилген Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө жобо |
|
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуу |
|
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы даараткана) жылытуу, суу түтүгү, телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
|
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү кошкондо, арыз берүүчүнүн документтерин кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Жарандарга жумушсуздук боюнча жөлөкпул дайындоо жөнүндө чечим аймактык органдар тарабынан алар катталган учурдан тартып 11-күнү кабыл алынат. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул ай сайын, бирок үч жылдын ичинде 12 календардык айдан ашык эмес төлөнөт. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду ай сайын төлөө бир ай өткөндөн кийин жумуш издөө жөнүндө маалымат өз убагында берилген учурда жүргүзүлөт. Аймактык органдын бланкында уюмдардын жана мекемелердин мөөрүн коюу менен ырасталган жумуш издөө жөнүндө маалыматтар чагылдырылууга тийиш |
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайтынан; - zanyatost.kg порталынан; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында; - аймактык органдарга жеке кайрылууда; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; - аймактык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын буклеттеринен жана брошюраларынан, маалымат такталарынан. Аймактык органдарда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
|
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - массалык маалымат каражаттары; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайты; - zanyatost.kg порталы; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - аймактык органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болгон буклеттер жана брошюралар, такталар; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - жеке кайрылууда; - телефон аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык органдардын маалымат такталарында жана сайтында, zanyatost.kg порталында жайгаштырылат |
|
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык органдарынын кабинеттеринин эшигинде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалымат табличкалары илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Керектөөчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди таразалоо жана аргументтөө. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар менен баарлашуу, ошондой эле аларга мамлекеттик кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада ишке ашырылат |
|
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызматты алууда жарандар жөнүндө жеке маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен берилиши мүмкүн |
|
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Жөлөкпул алуу үчүн паспортту жана эмгек китепчесин көрсөтүү зарыл. Эмгек жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмөнү "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алат |
|
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз |
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга дал келүүсү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү |
|
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арыз берүүчүнүн) кабыл алуу бөлүгүндө мамлекеттик кызмат portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмөнү жөнөтүү үчүн кайрылуу ээси анын квалификациялуу электрондук колтамгасы болгон учурда жеке кабинети аркылуу portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында каттоодон өтүүгө тийиш. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар) |
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээсинин статусу ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбесе; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин топтомун толук бербесе |
|
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда арыз ээси белгиленген тартипте аймактык органдын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колун жана датаны камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилиги тарабынан ишке ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
|
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш |
|
|
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу боюнча программанын алкагында жарандарды убактылуу жумуш орундары менен камсыз кылуу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-глава, 3-пункт | |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары. Аймактык органдардын тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Ылайыктуу жумуш табуу максатында иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо турган, ошондой эле расмий жумушсуз статусун алган Кыргыз Республикасынын жарандары | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (10-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтому менен бекитилген Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө жобо | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Арыз берүүчүнү убактылуу ишке орноштуруу | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жарандардын жана аймактык органдардын кызматкерлеринин имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканалар, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы даараткана) жылытуу, суу түтүгү, телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү кошо алганда, документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Кайрылган учурдан тартып кызмат көрсөтүүнү пайдаланганга чейин максимум мөөнөт - 1 ай. Кезек күтүүнү кошо алганда, жолдомо берүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 6 айга чейин | |
Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайттарынан; - zanyatost.kg порталынан; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык органга жеке кайрылууда; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; - брошюралардан, буклеттерден, аймактык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат такталарынан. Аймактык органдарда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматтарды жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттары; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайттары; - zanyatost.kg порталы; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - аймактык органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы болгон буклеттер, брошюралар жана такталар; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - аймактык органга жеке кайрылууда; - телефон аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен бирге эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык органдардын такталарына, сайттарына жана zanyatost.kg порталына жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык органдарынын кабинеттеринин эшиктеринде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар болот. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин карманышат: сылык, мээримдүү, адептүү, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешинин пикирин угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди таразалап, жүйөлөштүрүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоолору керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар менен пикир алышуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда жарандардын жеке маалыматтары жөнүндө маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн колдонулушу мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн. Маалымат иш берүүчүгө жумушка орноштуруу максатында берилиши мүмкүн | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аракеттеринин тизмеги | Акы төлөнүүчү коомдук иштерге жолдомо алуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл: - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - паспорт (ID-карта); - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилген жашоого уруксат; - качкындын расмий статусу бар жарандар үчүн - качкын күбөлүгү; - кайрылмандын расмий статусу бар адамдар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү; - эмгек иши болгон учурда эмгек китепчеси | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу болгон кабыл алуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү | |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга суроо талапты кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук арыз жиберүү үчүн өтүнмө ээсинин квалификациялуу электрондук колтамгасы болгондо өтүнмө ээси жеке кабинет аркылуу portal.tunduk.kg порталында катталышы керек. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада арызды электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар) | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз берүүчүнүн статусу ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбесе; - арыз ээсинин паспорту жок болсо | |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда арыз берүүчү белгиленген тартипте аймактык органдын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колтамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге арыз ээси канааттанбаган учурда эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турушу керек | |
|
|
| |
6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жекече реабилитациялоо программаларын иштеп чыгуу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасы, 14-пункту | |
2 | Мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору (мындан ары - РМСЭБ). Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - аймактык МСЭК) | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жарандары: - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар (мындан ары - ДМЧ балдар); - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтому | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жекече реабилитациялоо программасы | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүдөй шарттарда берилет: - күтүү үчүн орундары, дааратканалары (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - короодогу дааратканалар), жылытуусу, суу түтүгү, телефону бар, белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүндө, анын ичинде көрүүсү жана угуусу ДМЧА жана таяныч-кыймыл аппараттары бузулган ДМЧА үчүн пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кароонун максималдуу мөөнөтү 50 мүнөттү түзөт | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык МСЭКке жеке кайрылууда; - аймактык МСЭКтин маалымат такталарынан; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; Аймактык МСЭКте кабыл алуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жарандарды жеке кабыл алуу; - жалпыга маалымдоо каражаттары; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - аймактык МСЭКтин маалымат такталары; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге аймактык МСЭКтин маалымат такталарында, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Аймактык МСЭКтин имараттарында жана жайларында аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар бар. Жарандарды кабыл алган аймактык МСЭКтин кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этиканы, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбай турган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл системасы боюнча майыптыгы бар адамдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкү документтер берилет: - кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кат жүзүндөгү арызы, ал эми жашы жете электер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энелердин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы; - өздүгүн далилдеген документ (паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү); - № 088/у форма (МСЭКке жолдомо), тиешелүү медициналык документтер (стационардык дарылоо жөнүндө көчүрмөлөр, консультативдик корутундулар жана текшерүүлөрдүн натыйжалары), колдонуудагы ЧУАга ылайык таризделген амбулатордук карта; - эмгекке жарамсыздыгы жөнүндө баракча жана эмгек китепчесинин көчүрмөсү - иштеген жарандар үчүн | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдардын жынысы, расасы, тили, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү шарттарынын шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - керектөөчүнүн күтүүлөрүнө акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) дал келүүсү | |
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арыз ээсин) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта берилет. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жөнөтүү үчүн арыз ээси: portal.tunduk.kg порталында катталуусу зарыл. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, РМСЭБ, аймактык МСЭК арыз ээси жөнүндө маалыматты башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга укуктуу | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - күбөлөндүрүүдөн өтүү үчүн документтердин толук эмес пакети берилгенде; - МСЭКке жолдомонун мөөнөттөрү сакталган эмес | |
17 | Даттануу тартиби | Жаран же анын мыйзамдуу өкүлү аймактык МСЭКтин эксперттик чечимине макул болбогон учурда РМСЭБдин директорунун атына жазуу жүзүндө берилген арыздын негизинде ага даттанууга укуктуу. Күбөлөндүрүүдөн өткөргөн МСЭК арыз келип түшкөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө аны бардык документтери менен кошо РМСЭБге жиберет. РМСЭБ жарандын арызы келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен жаранды күбөлөндүрүүдөн өткөрөт жана алынган жыйынтыктардын негизинде чечим чыгарат. РМСЭБдин чечимине макул болбогон жаран эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген кеңейтилген атайын комиссия тарабынан кайра күбөлөндүрүүдөн өтөт, анын курамына эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу органдын врач-эксперттери, жарандардын саламаттыгын сактоо, социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын, Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын өкүлдөрү кирет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кеңейтилген атайын комиссиясынын корутундусуна жаран же анын мыйзамдуу өкүлү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттана алат | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралып турууга тийиш | |
7.Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жалгыз бой жашаган улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйүндө социалдык тейлөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасы, 26-пункту | |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын жарандары: - жалгыз бой жашаган улгайган адамдар; - өзүн-өзү тейлөө жана кыймылдоо жөндөмдүүлүгүн жарым-жартылай жоготкон жубайлар; - өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн жарым-жартылай жоготкон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой адамдар (мындан ары - ДМЧА) | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2011-жылдын 27-майындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын калкына берилүүчү кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө"; 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Социалдык кызматкердин социалдык кызматтын кардарынын үйүнө графикке ылайык баруусу; - тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу; - баштапкы медициналык жардамды көрсөтүү; - баарлашуу жана маектешүү; - пенсияны же социалдык жөлөкпулду алуу үчүн, социалдык стационардык мекемеге же ооруканага жаткырууга документтерди тариздөөгө жардам берүү | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Үйүнө баруучу социалдык кызматкердин үйдө кызмат көрсөтүүсү социалдык кызматтын кардарынын үйүндө жүзөгө ашырылат. Үйүнө баруучу социалдык кызматкердин социалдык кызматтын кардарына баруусу аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан бекитилүүчү баруу графигине ылайык жумасына эки жолудан кем эмес ишке ашырылат. Социалдык кызматкердин жумуш убактысынын узактыгы жумасына 40 сааттан ашпоого тийиш | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Аймактык бөлүмдөр документтерди 30 мүнөттөн ашырбай кабыл алат. Турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү, тиешелүү актын түзүү, керек болгон документтерди жыйноо жана аны иштеп чыгуу - 1 айдан ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү: - убактылуу социалдык тейлөө - 6 айга чейин; - туруктуу социалдык тейлөө - социалдык тейлөөнүн эсебинен чыгарылганга чейин | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдү маалымдоо | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык бөлүмдөргө жеке кайрылган учурда; - аймактык бөлүмдөрдүн маалымат стенддеринен; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт: - жарандарды жеке кабыл алуу; - жалпыга маалымдоо каражаттары; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - аймактык бөлүмдөрдүн маалымат стенддери; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен чогуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайттарында, анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат стенддеринде жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Мамлекеттик кызмат социалдык кызматтын кардарынын үйүндө көрсөтүлөт | |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан иш-аракеттердин тизмеси | Үйүндө социалдык тейлөө боюнча мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: - белгиленген формадагы арыз; - турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү акты; - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - пенсиялык күбөлүк (көчүрмөсү); - жашаган жеринен маалымкат; - медициналык картадан көчүрмө; - майыптыгы тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу (көчүрмөсү); - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жана ага теңештирилген адамдардын күбөлүгү (көчүрмөсү); - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарында социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечими. Зарыл болгон учурда социалдык кызматкер социалдык тейлөөгө кабыл алынып жаткан адамдарга жогоруда көрсөтүлгөн документтерди тариздөө боюнча жардам көрсөтөт | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы белгиси боюнча басмырлоого жол бербөө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө социалдык кызматкердин сыпайылыгы, сылыктыгы жана сабырдуулугу; - акыркы жыйынтыктын (алган кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта берүү | Мамлекеттик кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээсинде социалдык тейлөөдө медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар болсо (процесстин активдүү стадиясындагы кургак учук, психотикалык айнып калуу (жөөлүү, галлюцинация, агрессия, импульсивдик жүрүм-турум), карантиндик инфекциялар жана адистештирилген медициналык уюмдарда дарылоону талап кылган башка оорулар бар болсо; - арыз ээси үй-бүлөдө жашаса | |
17 | Даттануу тартиби | Арыз ээси же анын мыйзамдуу өкүлү кызмат көрсөтүүнүн сапатына канааттанбаган учурда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кардардын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн Ф.А.А., жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда кардар же анын мыйзамдуу өкүлү чечимди сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш | |
8. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кыймылдоого көмөкчү каражаттарга болгон керектөөлөрүн аныктоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды, майыптык кресло-коляскаларды, тиричилик шаймандарын (таяк жана балдак) даярдоо жана берүү (буюмдардын белгиленген тизмегине ылайык) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасы, 12-пункту | |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - РПОБМ). РПОБМдин Ош шаарындагы филиалы жана облустардагы устаканалары. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын жарандары: - кыймылдоого көмөкчү каражаттарга муктаж болгон I, II, III топтогу майыптыгы бар адамдар (чоң адамдар жана балдар) | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2003-жылдын 25-июлундагы № 469 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; 2011-жылдын 25-августундагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө"; 2014-жылдын 27-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Кыймылдоого көмөкчү каражаттарды берүү: - протездик-ортопедиялык буюмдар (колдун, буттун протездери, ортопедиялык аппараттар, ортопедиялык бут кийим, бандаждар, корсеттер, реклинаторлор, Виленский шинасы, Цито шинасы, манжа кармагычтар, лангеттер, батектер, тери шымдар, кошумча бут кийимдер); - тиричилик шаймандары (балдак, таяк), чакан габариттүү платформа (коляска) | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген жайларда; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ДМЧА жана таяныч-кыймылдоочу аппараты бузулган ДМЧА үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү жеткиликтүү болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Жайлар күтүү үчүн орундар, дааратканалар жана санузелдер (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - короодо), жылытуу, суу түтүгү, телефон менен жабдылган. Жайда кызмат көрсөтүүчү зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылган | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана күтүү мөөнөтү - 15 мүнөттөн ашпайт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү, ченөөнү кошкондо: - татаал протездик-ортопедиялык буюмдар - 35 жумуш күндөн ашпайт; - аз татаалдыктагы протездик-ортопедиялык буюмдар - 10 жумуш күндөн ашпайт; - тиричилик шаймандары, чакан габариттүү платформа (коляскалар) - Бишкек шаарында жашагандар үчүн 5 жумуш күндөн ашпайт, региондордо жашагандар үчүн - 30 жумуш күндөн ашпайт. Даяр протездик-ортопедиялык буюмдарды берүү убактысы - 15 мүнөт. Протездик-ортопедиялык буюмдарды пайдалануу мөөнөтү - 1 жыл | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.mlsp.kg; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык бөлүмдөргө, РПОБМге жана Ош шаарындагы филиалына жеке кайрылган учурда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат стенддеринен; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; - телефон боюнча. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт: - ЖМК (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mlsp.kg; - маалымат стенддери, брошюралар жана буклеттер; - жеке кайрылууда жана телефон боюнча байланышуу; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен чогуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, РПОБМдин жана Ош шаарындагы филиалынын, маалымат стенддеринде жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Мамлекеттик кызмат түздөн-түз өндүрүштүк мекеменин ичинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр жана аларды коштоочу адамдар менен пикир алышууда кызматкерлер төмөнкү этиканын негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоого, сабырдуу жана принциптүү болууга, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүүгө, маектешип жаткан адамды уга билүүгө жана анын позициясын түшүнүүгө, ошондой эле жүйөлүү кабыл алынган чечимдерди жүйөлөштүрүүгө тийиш. Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталат | |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр тарабынан аракеттердин тизмеги | Протездик-ортопедиялык буюмдарды алуу үчүн керектөөчү төмөнкүдөй документтерди берет: - медициналык мекеменин врачынын жолдомосу; - паспорт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк (16 жашка чейинки балдар үчүн); - иштеген жеринен маалымкат (иштеп жаткан ДМЧА экинчи протезди алуу үчүн); - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты. Республиканын региондорунан келген адамдар кайрылган учурда, реабилитациялоону алуу жолдомону РПОБМ берет | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы белгиси боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызматты алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн талаптарына шайкештиги: имаратка кирүүнүн жеткиликтүүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графигинин болушу, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө социалдык кызматкердин сыпайылыгы, сылыктыгы жана сабырдуулугу; - акыркы жыйынтыктын (алган кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта берүү | Мамлекеттик кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына ылайык келбегенде; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербегенде | |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлгөн учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн жана РПОБМдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Ф.А.А., жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар белгиленген тартипте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана РПОБМдин жетекчилиги тарабынан каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана жооп жиберүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана РПОБМдин чечимин сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш | |
9. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды жана тиричилик шаймандарын оңдоо (буюмдардын белгиленген тизмегине ылайык) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасы, 13-пункту | |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору (мындан ары - ДМЧА реабилитациялоо борбору). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - РПОБМ). РПОБМдин Ош шаарындагы филиалы жана облустардагы устаканалары | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын жарандары: - кыймылдоого көмөкчү каражаттарын оңдоого муктаж болгон I, II, III топтогу майыптыгы бар адамдар (чоң адамдар жана балдар) | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2003-жылдын 25-июлундагы № 469 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; 2011-жылдын 25-августундагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө"; 2014-жылдын 27-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Оңдолгон протездик-ортопедиялык буюмдар. Оңдолгон тиричилик шаймандары | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген жайларда; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ДМЧА жана таяныч-кыймылдоочу аппараты бузулган ДМЧА үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү жеткиликтүү болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Жайлар күтүү үчүн орундар, дааратканалар жана санузелдер (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - короодо), жылытуу, суу түтүгү, телефон менен жабдылган. Жайда кызмат көрсөтүүчү зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылган | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди берүү жана күтүү убактысы - 15 мүнөттөн ашпайт. Протездик-ортопедиялык буюмдардын жана ортопедиялык бут кийимди оңдоонун жалпы мөөнөтү - 7 жумуш күндөн ашпайт. Оңдолгон протездик-ортопедиялык буюмдарды алуу убактысы - 15 мүнөттөн ашпайт | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.mlsp.kg; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык бөлүмдөргө, РПОБМге жана Ош шаарындагы филиалына жеке кайрылган учурда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат стенддеринен; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; - телефон боюнча. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт: - ЖМК (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mlsp.kg; - маалымат стенддери, брошюралар жана буклеттер; - жеке кайрылууда жана телефон боюнча байланышуу; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен чогуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, РПОБМдин жана Ош шаарындагы филиалынын, маалымат стенддеринде жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Мамлекеттик кызмат түздөн-түз өндүрүштүк мекеменин ичинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр жана аларды коштоочу адамдар менен пикир алышууда кызматкерлер төмөнкү этиканын негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоого, сабырдуу жана принциптүү болууга, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүүгө, маектешип жаткан адамды уга билүүгө жана анын позициясын түшүнүүгө, ошондой эле жүйөлүү кабыл алынган чечимдерди жүйөлөштүрүүгө тийиш. Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталат | |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр тарабынан аракеттердин тизмеги | Протездик-ортопедиялык буюмдарды ал уу үчүн керектөөчү төмөнкүдөй документтерди берет: - медициналык мекеменин врачынын жолдомосу; - паспорт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк (16 жашка чейинки балдар үчүн); - иштеген жеринен маалымкат (иштеп жаткан ДМЧА экинчи протезди алуу үчүн); - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты. Республиканын региондорунан келген адамдар кайрылган учурда, реабилитациялык кызматтарды алуу үчүн РПОБМ ДМЧА реабилитациялоо борборунан жолдомо берет | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы белгиси боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызматты алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн талаптарына шайкештиги: имаратка кирүүнүн жеткиликтүүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графигинин болушу, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө социалдык кызматкердин сыпайылыгы, сылыктыгы жана сабырдуулугу; - акыркы жыйынтыктын (алган кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта берүү | Мамлекеттик кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт, анткени РПОБМге келүү талабы бар | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Эгерде протездик-ортопедиялык буюм, тиричилик шайманы же чакан габариттүү платформа (коляска) оңдоого мүмкүн болбой калса, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат | |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлгөн учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн жана РПОБМдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Ф.А.А., жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар белгиленген тартипте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана РПОБМдин жетекчилиги тарабынан каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана жооп жиберүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана РПОБМдин чечимин сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш | |
10. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоонун жеке программасы боюнча реабилитациялоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасы, 15-пункту | |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору (мындан ары - ДМЧА реабилитациялоо борбору) | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА): - ар кандай патологиялардан улам буттары же колдору кесилген ДМЧА; - таяныч-кыймылдоо аппараты тубаса ооруган ДМЧА; - муундардын ар кандай патологиялары менен ооруган ДМЧА | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө"; - "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2016-жылдын 24-октябрындагы № 560 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасын бекитүү жөнүндө"; - 2011-жылдын 29-июлундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө" | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Мамлекеттик кызматтарды керектөөчүнүн кыймылдоо функциясы бузулган кол-буттарын калыбына келтирүү жана жакшыртуу же компенсациялоо үчүн реабилитациялык иш-чаралардын комплекси, ошондой эле кесилген кол-буттарды протездөө. Кийин тиешелүү документ берүү менен үй-бүлөгө жана коомго адаптациялоо жана интеграциялоо максатында таяныч-кыймылдоочу аппараттын бузулган функцияларын жакшыртуу, турукташтыруу, компенсациялоо (реабилитациялык картадан көчүрмө) | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ДМЧА жана таяныч-кыймылдоочу аппараты бузулган ДМЧА үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү жеткиликтүү болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Жайлар күтүү үчүн орундар, дааратканалар жана санузелдер (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - короодо), жылытуу, суу түтүгү, телефон менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же эгерде алар жайга көтөрүлө албаганда, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн аларга түшөт. Кызмат көрсөтүүчү жерде келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана кезекте күтүү убактысы - 15 мүнөттөн ашпайт. Реабилитациялык кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 1 айдан ашпайт. Протездөөнүн татаалдыгына жараша реабилитациялык кызмат көрсөтүү кошумча 30 жумуш күнгө чейин узартылат | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан, ДМЧА реабилитациялоо борборунан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.mlsp.kg; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын аймактык бөлүмдөрүнө жана ДМЧА реабилитациялоо борборуна жеке кайрылган учурда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүмдөрдө жана ДМЧА реабилитациялоо борборунда маалымат стенддеринен, брошюралардан, буклеттерден. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүмдөрдө жана ДМЧА реабилитациялоо борборунда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт: - ЖМК (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mlsp.kg; - маалымат стенддери, брошюралар жана буклеттер; - жеке кайрылууда жана телефон боюнча байланышуу; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен чогуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында, аймактык бөлүмдөрүнүн, ДМЧА реабилитациялоо борборунун маалымат стенддеринде жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык такталар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) бар. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер төмөнкү этиканын негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоого, сабырдуу жана принциптүү болууга, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүүгө, маектешип жаткан адамды уга билүүгө жана анын позициясын түшүнүүгө, ошондой эле жүйөлүү кабыл алынган чечимдерди жүйөлөштүрүүгө тийиш. Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталат. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар үчүн (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ДМЧА реабилитациялоо борборуна төмөнкүдөй документтер берилет: - реабилитациялоого жолдомо (Үй-бүлөлүк медицина борборунан, медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынан же эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин медициналык бөлүмүнөн); - кандын жана зааранын жалпы анализинин жыйынтыктары; - флюорографияга тартуу; - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы белгиси боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызматты алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн талаптарына шайкештиги: имаратка кирүүнүн жеткиликтүүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графигинин болушу, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө социалдык кызматкердин сыпайылыгы, сылыктыгы жана сабырдуулугу; - акыркы жыйынтыктын (алган кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта берүү | Мамлекеттик кызмат жарым-жартылай электрондук форматта, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынын (www.mlsp.kg) "Суроо-жооптор" бөлүмүндөгү суроолорго жооп бөлүгүндө көрсөтүлөт | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбегенде; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтерди бербегенде; - арыз ээсинде реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн медициналык каршы көрсөтмөлөр бар болгондо | |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлгөн учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн, ДМЧА реабилитациялоо борборунун жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Ф.А.А., жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар белгиленген тартипте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн жана ДМЧА реабилитациялоо борборунун жетекчилиги тарабынан каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана жооп жиберүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн, ДМЧА реабилитациялоо борборунун чечимин сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш | |
11. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Социалдык стационардык мекемелерде социалдык тейлөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасы, 25-пункту | |
2 | Мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелери (мындан ары - ССМ). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары: - психоневрологиялык патологиялары бар балдар; - психоневрологиялык оорулары бар чоң адамдар; - биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар, жалпы оорулары бар балдар жана чоң адамдар; - өзүн-өзү тейлөө жөндөмүнөн толугу менен же жарым-жартылай ажыраган улгайган адамдар; - жетим, жарым-жартылай жетим жана кароосуз калгандар категориясына кирген балдар; - белгилүү жашаган жери жок, буттары же колдору кесилген жарандар | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө"; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө"; "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 273 "Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө" токтому | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Эмерек жана инвентарлар, таза шейшептер, төшөктөр, жеке гигиена каражаттары, ич кийимдер, кийим-кечек жана бут кийимдер менен турак жай аянтын берүү; - баланстуулуктун жана калориялуулуктун талаптарын, санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоо менен кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн жаш курагын жана ден соолугунун абалын эске алуу менен сарамжалдуу, анын ичинде диеталык тамактанууну уюштуруу; - кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн ден соолугун чыңдоого, социалдык реабилитациялоого, жаңы жагдайга адаптациялоого багытталган иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Күн сайын медициналык кароо жүргүзүлөт, күндөлүк жана консультациялык жазууларды чагылдыруу менен оорунун баяны таризделет. Жашоо шарттары имараттардын белгиленген коопсуздук талаптарына, санитардык жана өрткө каршы ченемдерге жооп берет. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн имаратка, тамактануу жана эс алуу жайына, санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү камсыз кылынат. Жума сайын мончо күнү жана шейшептерди, ички кийимдерди алмаштыруу уюштурулат. Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрдүн пенсияларын тариздөө, пенсиялык картаны алуу жана мөөнөтүн узартуу боюнча иш жүргүзүлөт | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга, медициналык кароону жана алгачкы санитардык тазалоону жүргүзүүгө чектүү мөөнөт - 2 сааттан ашпайт; Социалдык стационардык тейлөө боюнча эсепке алуу жөнүндө ССМдин буйругун чыгаруунун чектүү мөөнөтү - 1 саат, керектөөчүнүн жолдомо менен ССМге келген күнү | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык бөлүмдөргө жеке кайрылууда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталарынан; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдө жайылтылат: - жарандарды жеке кабыл алууда; - жалпыга маалымдоо каражаттарында; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында; - аймактык бөлүмдөрдүн маалымат такталарында; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн такталарында, сайттарында жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | ССМде келүүчүлөрдү (кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн ата-энелерин, туугандарын жана мыйзамдуу өкүлдөрүн) кабыл алуу үчүн шарттар бар. Келүүчүлөр ССМдин администрациясынан көрсөтүлүүчү кызматтын көлөмдөрү жана түрлөрү, ССМдин ички тартибинин эрежелери тууралуу маалыматтарды ала алат. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда ССМдин кызматкерлери этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоо, сабырдуу болуу. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш | |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | ССМде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр берилет: аймактык бөлүмдүн жолдомосу; аймактык бөлүм менен комплекттелген төмөнкү документтердин топтому: - жазуу жүзүндөгү арыз, ал эми жашы жете электер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энесинин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы; - турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы (эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык кызматкери тарабынан таризделет); - ДМЧА, анын ичинде ДМЧ балдар үчүн, майыптыгы тууралуу МСЭКтин маалымкатынын көчүрмөсү менен ССМдин тибин аныктоо боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) чечими; - туугандарынын камкорчулуктан жана көзөмөлчүлүктөн баш тартуусу тууралуу арыз. Туугандары, камкорчулары жана көзөмөлчүлөрү жок учурда баш тартуу жөнүндө арыз талап кылынбайт; - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - медициналык карточкадан көчүрмө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык жактан тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген форма боюнча); - үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат; - ВР, ВИЧ/СПИДге, баңгизатка жана алкоголго көз карандылыгына, ичеги-карын инфекцияларын козгогучтарга кандын жалпы клиникалык анализдери (ичеги-карын ооруларынын козгогучтарынын тобуна бактериологиялык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар берилген күндөн тартып эки айдан ашык убакыт өтпөсө жарактуу); - көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы; - ала турган пенсиясынын (жөлөкпулдун) өлчөмү жөнүндө маалымкат; - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кыймылсыз мүлкү бар экендиги тууралуу маалымкаты; - 6x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт (психоневрологиялык ССМ үчүн - 4 сүрөт); - ДМЧА реабилитациялоонун жеке программасынан МСЭК бөлүгүнүн көчүрмөсү; - пенсиялык күбөлүгүнүн көчүрмөсү; - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун, майыптарынын жана аларга теңештирилген адамдардын статусун ырастоочу күбөлүктүн көчүрмөсү | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө ССМдин кызматкерлеринин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүтүндөй жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт, анткени кызмат көрсөтүүнү керектөөчү менен байланышты талап кылат | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - кайра күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы боюнча үчүнчү топтогу майыптыкты алса; - үчүнчү жолку протокол менен таризделген тартип бузуудан же коомдо кабыл алынган укуктук ченемдерге каршы келген жүрүм-турумдан кийин; - ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбөө аныкталса; - медициналык каршы көрсөткүчтөр аныкталса | |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү же анын мыйзамдуу өкүлү кызмат көрсөтүүнүн сапатына канааттанбаган учурда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине, ССМдин администрациясына оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн же анын өкүлүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар белгиленген мөөнөттөрдө каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда кызмат көрсөтүүнү керектөөчү же анын мыйзамдуу өкүлү чечимди сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма каралып турууга тийиш | |
12. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 334 буйругуна ылайык күчүн жоготту | |||
13. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелерине жана социалдык тейлөөгө жолдомолорду берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин), 3-главасы, 24-пункту | |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Социалдык коргоо департаменти (мындан ары - СКД). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары: - психоневрологиялык оорулары бар балдар жана чоң адамдар; - жалпы оорулары бар, биринчи жана экинчи топтогу майыптуулугу бар балдар жана чоң адамдар; - өзүн-өзү тейлөө жөндөмүнөн толугу менен же жарым-жартылай ажыраган улгайган адамдар; - жетим, жарым-жартылай жетим жана кароосуз калгандар категориясына кирген балдар; - белгилүү жашаган жери жок, бутары же колдору кесилген жарандар; - жалгыз жашаган улгайган адамдар; - өзүн-өзү тейлөө жана басып-туруу жөндөмүнөн жарым-жартылай ажыраган жубайлар; - өзүн-өзү тейлөө жөндөмүнөн жарым-жартылай ажыраган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү (мындан ары - ДЧМА) жалгыз жашаган адамдар | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө"; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө"; "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө". - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2013-жылдын 17-майындагы № 273 "Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө"; 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | 1. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемесине жайгаштырууга аймактык бөлүмдүн жолдомосу. 2. Аймактык бөлүмдүн үйүнө барып социалдык тейлөө боюнча эсепке алуу жөнүндө буйругу | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген, күтүү жайлары, дааратканалары (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүн болбогон учурда - сырттагы дааратканалар), жылытуу, суу түтүгү жана телефон бар жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгон учурда, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧА жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган ДЧМА үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган (жайлар, имараттар); - кезек күтүү принциби боюнча. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн бардык керектүү документтер болгон учурда документтерди кароонун максималдуу мөөнөтү 60 мүнөттү түзөт | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык бөлүмдөргө жеке кайрылууда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталарынан; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүдөй жайылтылат: - жарандарды жеке кабыл алууда; - жалпыга маалымдоо каражаттарында; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында; - аймактык бөлүмдөрдүн маалымат такталарында; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн сайтында, маалымат такталарында жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларында маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген таанытмалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле жасоо, сабырдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешип жаткан адамды уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтештирүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган жарандар, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Керектүү документтердин тизмеги: социалдык стационардык тейлөө үчүн: - жазуу жүзүндөгү арыз, ал эми жашы жете электер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энесинин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы; - турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы (эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык кызматкери тарабынан таризделет); - ДМЧА, анын ичинде ДМЧ балдар үчүн, майыптыгы тууралуу МСЭКтин маалымкатынын көчүрмөсү менен ССМдин тибин аныктоо боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) чечими; - туугандарынын камкорчулуктан жана көзөмөлчүлүктөн баш тартуусу тууралуу арыз. Туугандары, камкорчулары жана көзөмөлчүлөрү жок учурда баш тартуу жөнүндө арыз талап кылынбайт; - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - медициналык карточкадан көчүрмө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык жактан тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген форма боюнча); - үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат; - ВР, ВИЧ/СПИДге, баңгизатка жана алкоголго көз карандылыгына, ичеги-карын инфекцияларынын козгогучтарына кандын жалпы клиникалык анализдери (ичеги-карын ооруларынын козгогучтарынын тобуна бактериологиялык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар берилген күндөн тартып эки айдан ашык убакыт өтпөсө жарактуу); - көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы; - ала турган пенсиясынын (жөлөкпулдун) өлчөмү жөнүндө маалымкат; - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кыймылсыз мүлкү бар экендиги тууралуу маалымкаты; - 6x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт (психоневрологиялык ССМ үчүн - 4 сүрөт); - ДМЧА реабилитациялоонун жеке программасынан МСЭК бөлүгүнүн көчүрмөсү; - пенсиялык күбөлүгүнүн көчүрмөсү; - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун, майыптарынын жана аларга теңештирилген адамдардын статусун ырастоочу күбөлүктүн көчүрмөсү; үйүнө барып социалдык тейлөө үчүн: - белгиленген форма боюнча арыз; - турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы; - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - пенсиялык күбөлүк (көчүрмөсү); - жашаган жеринен маалымкат; - медициналык картадан көчүрмө; - майыптыгы тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу (көчүрмөсү); - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жана ага теңештирилген адамдын күбөлүгү (көчүрмөсү); - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечими. Документтердин көчүрмөлөрү аймактык бөлүмдөргө түп нускалары менен чогуу берилет, алар салыштырылып текшерилгенден жана социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына (мындан ары - СЖКМС) киргизилгенден кийин арыз ээсине кайтарылат | |
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бүтүндөй жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга арызды кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлүшү мүмкүн. Кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жиберүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында катталуусу керек. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциялык мүмкүндүгүнө ээ) | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбесе; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербесе | |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, түзүмдүк бөлүмүнүн, ССМ жана СКД жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, аймактык бөлүмү, ССМ жана СКД тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жөнөтүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмүнүн чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда кеминде бир жолку мезгилдүүлүк менен дайыма каралып турууга тийиш | |
14. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I топтогу майыптарга 5 жылда бир жолу ден соолугун чыңдоого санаториялык-курорттук жолдомолорду берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 27-пункт | |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Социалдык камсыз кылуу департаменти (мындан ары - СКД). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүштөр). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | I топтогу майыптуулугу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) санаториялык-курорттук жолдомонун наркы жеңилдиктердин ордуна алуучу акчалай компенсациянын өлчөмүнө кирген алуучулардан тышкары | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтому | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, ажаткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болбогондо - короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүү жана документтерди кабыл алуу убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнү алуунун жалпы мөөнөтү арыз ээсинин кезек күтүп турган ордуна жараша аныкталып, 1 жылдан ашпашы керек. Кезек күтүү жана жолдомолорду алуу убактысы - 15 мөөнөттөн ашык эмес | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө, СКДне жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн, СКДнин маалыматтык такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө, СКДде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телеберүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык бөлүнүшүнүн, СКДнин маалымат такталарына, сайттарына жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат такталары жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнүн жана кызматын көрсөтүү менен жекелештирилген таанытмасы (бейждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылыктык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтештирет. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формаларда жүргүзүлөт | |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Дарыланууга санатордук-курорттук жолдомо алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет: - жолдомо алууга эркин түрдө жазылган жеке арыз; - күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсү жана майыптуулук тобу жана аны дайындоо мөөнөтүн көрсөтүү менен медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын көчүрмөсү; - сунуш кылынган курорттун аталышын көрсөтүү менен санаториялык-курорттук дарылануу үчүн саламаттык сактоо уюмдарынан медициналык көрсөтмөлөрдүн бар экендиги жөнүндө белгиленген формадагы маалымкат; - санаториялык-курорттук мекемеде коштоп жүрүү зарылдыгы жөнүндө I топтогу майып ДМЧА үчүн саламаттык сактоо уюмунун корутундусу; - психикасы бузулгандыгы боюнча майыптуулугу бар ДМЧАга санаториялык-курорттук дарылануусу үчүн психиатрдын корутундусу; - жашаган жеринен маалымкат; - паспорттун көчүрмөсү. Дарылануу мөөнөтү аяктап, санаториялык-курорттук мекемеден кайтып келгенде социалдык өнүктүрүү башкармалыгына санаториялык-курорттук мекемелерде дарылоо мөөнөтүн көрсөтүү менен курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемеси берген, толтурулган жолдомонун кайтарылма талонун тапшырууга милдеттүү. Документтердин көчүрмөлөрү аймактык бөлүнүштөргө анык нускасы менен чогуу берилет, алар салыштырылып текшерилгенден жана социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына (мындан ары - СЖКМС) киргизилгенден кийин арыз берүүчүгө кайра кайтарылат. Кызматты алуу үчүн документтерди берүүдө керектөөчү катыша албаса, ушул функцияны бекитилген социалдык кызматкер аткара алат | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук түрдө арыз берүү жагында берилиши мүмкүн. Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы "Суроо-жооп" бөлүмүндө берилген суроолорго жооптор берилет | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - арыз берүүчү ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбеген; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин топтомунун арыз берүүчү тарабынан толук берилбеген | |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүнүшүнүн жана/же СКДнин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүнүштөрдүн жана/же СКДнин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жана/же СКДнин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек | |
15. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | 5 жылда бир жолу ден соолугун чыңдоого санаториялык-курорттук жолдомолорду берүү: - медициналык көрсөтмөгө ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I топтогу майыпты кошпогон адамга - 50 пайыз жеңилдик; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген II топтогу майыпка - 50 пайыз жеңилдик; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген III топтогу майыпка - 30 пайыз жеңилдик -Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 27-1-пункт | |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Социалдык камсыз кылуу департаменти (мындан ары - СКД). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүштөр). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү төмөнкүлөр болуп эсептелет: - медициналык көрсөтмөгө ылайык I топтогу майып ДМЧАны коштоп жүргөн адам; - II топтогу майып ДМЧА; - III топтогу майып ДМЧА. Жолдомолорду башка адамдарга сатууга жана берүүгө салынат. Санаториялык-курорттук мекеменин врачынын же врачтык-консультациялык комиссиясынын тиешелүү маалымкаты болгон учурда санаторийде жүргөн учурда ден соолугун абалы боюнча туугандарынын коштоосуна жана кошумча тейлөөгө муктаж болгон II же III топтогу майыптарга бир жолдомону эки кишиге пайдаланууга уруксат берилет. Мындай учурда, орун бар болсо, санаторийде дарылануу күндөрүнүн саны койка-күндүн жана жолдомонун наркынын чектеринде эки адамга бөлүштүрүлөт. I топтогу майып ДМЧАны коштоп жүргөн адамга берилүүчү жолдомодо милдеттүү тартипте "коштоочу" деген белги коюлат | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтому | |
5 | Көрсөтүлгөн кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, ажаткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болбогондо - короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана кезек күтүү - 10 мүнөттөн ашык эмес. Жалпы мөөнөтү: - жолдомо болгондо - 1 айдан ашык эмес; - жолдомо болбогондо - 5-6 айдан ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын алуу - 15 мөөнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүү 5 жылда бир жолу берилет | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө, СКДне жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн, СКДнин маалыматтык такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө, СКДде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телеберүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүшүнүн, СКДнин маалымат такталарына, сайттарына жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат такталары жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнүн жана кызматын көрсөтүү менен жекелештирилген таанытмасы (бейждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылыктык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтештирет. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формаларда жүргүзүлөт | |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр тарабынан аракеттердин тизмеги | Дарыланууга санаториялык-курорттук жолдомо алуу үчүн жашаган жери боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгына төмөнкү документтер берилет: - жолдомо алууга жеке арыз; - күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсүн жана майыптуулук тобу жана аны дайындоо мөөнөтүн көрсөтүү менен медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын көчүрмөсү; - сунуш кылынган курорттун аталышын көрсөтүү менен санаториялык-курорттук дарылануу үчүн саламаттык сактоо уюмдарынан медициналык көрсөтүүлөрдүн бар экендиги жөнүндө 088/У белгиленген формадагы маалымкат; - санаториялык-курорттук мекемеде коштоп жүрүү зарыл болгон учурда I топтогу майып үчүн саламаттык сактоо уюмунун корутундусу; - психикасы бузулгандыгы боюнча майыптуулугу бар ДМЧАга санаториялык-курорттук дарылануусу үчүн психиатрдын корутундусу; - жашаган жеринен маалымкат; - паспорттун көчүрмөсү. Документтердин көчүрмөлөрү аймактык бөлүнүштөргө анык нускасы менен чогуу берилет, алар салыштырылып текшерилгенден жана социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына (мындан ары - СЖКМС) киргизилгенден кийин арыз берүүчүгө кайра кайтарылат. Дарылануу мөөнөтү аяктап, санаториялык-курорттук мекемеден кайтып келгенде социалдык өнүктүрүү башкармалыгына санаториялык-курорттук мекемелерде дарылоо мөөнөтүн көрсөтүү менен курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемеси берген, толтурулган жолдомонун кайтарылма талонун тапшырууга милдеттүү | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизинде көрсөтүлөт. II же III топтогу майыптар жолдомонун наркынын тиешелүү түрдө 50 же 70 пайызын санаториялык-курорттук мекеменин кассасына төгөт. Коштоочу адам жолдомонун наркынын 50 пайызын санаториялык-курорттук мекеменин кассасына төгөт | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардан даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы "Суроо-жооп" бөлүмүндө берилген суроолорго жооптор берилет | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - арыз берүүчү ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбеген; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин топтомунун арыз берүүчү тарабынан толук берилбеген | |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүнүштүн, ССМнин, СКДнин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүнүштөрдүн, ССМнин, СКДнин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ССМнин, СКДнин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек | |
16. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка расмий макулдашуулардын алкагында иш издеген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга көмөктөшүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 3-главасы, 4-1-пункту | |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Миграция, анын ичинен иммигранттардын, этностук кыргыздардын жана качкындардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын алкагында адам сатуунун курмандыктарынын маселелери чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары - миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатка ылайык жүргүзгөн мамлекеттик орган (мындан ары - жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) |
|
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандары, ошондой эле иш берүүчүлөр |
|
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 319 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө жобо |
|
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Эмгек контрактынын негизинде кошо изденүүчүнү чет өлкөдө ишке орноштуруу жана эмгек визасын ачуу (виза режими бар өлкөлөрдө) |
|
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүнүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА) жабдылган пандустардын, кармагычтардын (имараттарда, жайларда) болушу; - кезек күтүү принциби боюнча. Жайда күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүндүгү жок учурда - сырттагы ажатканалар), жылытуу, суу түтүгү, телефон болууга тийиш. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар жайга көтөрүлүп чыга албаса, кызматкер арызын кабыл алуу үчүн төмөн түшөт. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
|
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык чыгуу алдындагы даярдыктын жеке жол-жоболору жана убактылуу мөөнөттөр белгиленген (документтерди кароо, тилдик жана кесиптик даярдоолор, чет тилин билүүгө тестирлөө, медициналык текшерүү, визалык колдоо). Жалпы баарына мөөнөттөр: эмгектик контрактка кол коюуга берилген убакыт - 15 күн. Адистер менен жеке аңгемелешүүдө алардын консультациясынын узактыгы 15 мүнөттөн кем эмес убакытты түзөт. Адистердин телефон аркылуу консультациясынын узактыгы 10 мүнөттөн кем эмес убакытты түзөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 6 ай. Документтерди кабыл алууга жана тариздөөгө, кезек күтүүнү кошкондо - 30 мүнөт |
|
Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү |
| ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (зарыл маалыматтардын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган маалымдоо жөнүндө | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан (https://mlsp.gov.kg/); - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан (http://migrant.kg); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (http://portal.ttmduk.kg); - жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 237, Ош шаары, Ленин көчөсү 221 даректери боюнча кайрылган учурда; иштөө убактысы: дүйшөмбү - жума, 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу 12:30дан 13:30га чейин. Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй берилиши мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланышуу аркылуу). Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат акысыз берилет |
|
9 | Мамлекеттик көрсөтүү маалыматты ыкмалары кызмат жөнүндө жайылтуу | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүдөй аркылуу жүзөгө ашырылат: - ЖМКда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында (https://mlsp.gov.kg/); - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында (http://migrant.kg); - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы такталарда, буклеттерде жана брошюраларда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында; - тынымсыз байланыш боюнча - 1899 жана 1977 номерлери; - телефон аркылуу; - жарандарды жеке кабыл алууда; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (http://portal.tunduk.kg); - +996559189900 WhatsApp номери боюнча; - http://migrant.kg сайтындагы чат-ботто; - жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында (Facebook, Instagram). Даректери, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен биргеликте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарында, сайттарында жайгаштырылат |
|
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү |
| ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди баалай жана аргументтештире билүү. Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдерди сактоону, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кызматтык нускама (функциялык милдеттер) сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар менен баарлашуу, ошондой эле аларга кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
|
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
|
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн арыз ээси жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда анкетаны жеке өзү толтурат. Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жумуш издөөчүнүн кайрылуусу боюнча ыйгарым укуктуу кызматкер (консультант): жумуш издөөчүгө кызмат көрсөтүү бөлүгүндө жана ишке орношуунун шарттары жөнүндө керектүү консультацияларды берет, кайрылган жарандарга жана иш берүүчүлөргө чет өлкөлөргө ишке орноштуруу менен байланышкан кызыккан маселелер боюнча маалымдайт; жумуш издөөчүгө жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы бош орундардын маалымат банкын кароо сунушталат. Ылайыктуу бош орун тандалып алынгандан кийин иш берүүчүгө анын талапкерлигин кароого жиберүү үчүн анкета толтурат. Белгиленген формадагы анкета жумушсуз жаран тарабынан колго (кабыл алып жаткан тараптын расмий тилинде) же migrant.kg порталында мамлекеттик кызмат көрсөтүү бөлүмүндө электрондук формада толтурулат. Жумуш издөөчүнүн анкетасын кароонун жыйынтыгы боюнча иш берүүчү аңгемелешүүнү (жеке, онлайн-аңгемелешүү) белгилейт. Иш берүүчү менен болгон аңгемелешүүдөн өткөн учурда ыйгарым укуктуу кызматкер иш берүүчү талап кылса же тандалып алынган бош орунга ишке орноштуруу үчүн милдеттүү шарт болуп саналса, тил билүүсү боюнча тесттен өтүүгө жиберет. Эгерде жумуш издөөчү чет тилдерин билбесе, ага каалаган тил үйрөтүү борборунан окуудан өтүү сунушталат. Иш издөөчү төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш: - толтурулган анкетаны (белгиленген формада); - паспорттун көчүрмөсүн (ID-карта, жалпы жарандык паспорт); - 4 даана сүрөттү (3,5х4,5); - соттуулугунун жоктугу тууралуу маалымкат; - медициналык кароо жөнүндө маалымкатты (белгиленген формада); - квалификациясын ырастоочу документтер (квалификациялуу жумушчулар үчүн): диплом, сертификат, эмгек китепчеси. Иш берүүчү төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш: - персоналды тандап алууга өтүнмөнү; - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү; - уставдын көчүрмөсүн; - салык төлөөчүнү каттоонун көчүрмөсүн; - квотанын бар экендиги жөнүндө ырастама-маалымкатты |
|
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргызстандын жарандары ишке орношо ала турган өлкөлөр менен Кыргыз Республикасы түзгөн макулдашууларга ылайык аныкталат жана монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарында, сайттарында баалардын прейскурантында мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге чагылдырылат |
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында көрсөтүлүшү; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайларынын белгилери боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандарт менен белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик ыйгайлуулуктун, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүк (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө дал келиши |
|
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекетгик электрондук порталы (http://portal.tunduk.kg) аркылуу көрсөтүлөт. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга жумуш издөөчүнүн электрондук анкетасын жөнөтүү үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын жаранынын электрондук санарип колтамгасы аркылуу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын бирдиктүү идентификациялоо тутуму аркылуу тутумга кирүүсү зарыл. Электрондук форматта кызмат "суроо-жооп" режиминде Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg аркылуу көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: migrant.kg сайтына кирүү. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын бирдиктүү идентификациялоо тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын жаранынын электрондук санарип колтамгасы аркылуу жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АМС тутумуна кирүү. 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картаны же булуттагы электрондук кол тамганы колдонуу менен мүмкүн болгон каттоо жок болгон учурда каттоодон өтүү. Тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү тандоо. Суроо-талапты түзүү үчүн ИСНдин маалыматтарын, колдонуучунун паспортунун сериясын жана номерин киргизүү, "издөө" баскычын басуу керек. Киргизилген суроо-талап автоматтык түрдө иштелип чыгат, мамлекеттик кызмат көрсөтүүчүнүн маалыматтык тутумуна жөнөтүлөт жана маалыматтык документ түзүлөт. Онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 5 (мамлекеттик кызмат көрсөтүү толугу менен автоматташтырылган жана жумуш издөөчүдөн анын маалыматтарын ырастаган кандайдыр бир документтерди көрсөтүү талап кылынбайт. Бул маалыматтар башка органдардын маалыматтык тутумдарынан жумуш издөөчүнүн электрондук анкетасын тапшырганда автоматтык түрдө генерацияланат). Жумуш издөөчүнүн толтурулган анкетасын басып чыгаруу мүмкүндүгү бар |
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби |
| ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда каралышы мүмкүн: - эгерде арыз берүүчүнүн статусу ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына ылайык келбесе; - соттуулугу жоюлбаган, издөөдө жүргөн адамдарга; - ишке орношуу үчүн талап кылынган документтердин толук топтомун бербеген адамдарга |
|
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда арыз ээси белгиленген тартипте жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине кайрылууга укуктуу Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жоопту алуу мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда же сапатсыз көрсөтүлгөн учурда арыз ээси жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
|
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен үзгүлтүксүз каралып турууга тийиш |
|
17. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту |
| ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | 2010-жылдын апрель-июнь окуяларынын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөп берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 3-бабынын, 22-пункту |
|
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Социалдык камсыз кылуу департаменти (мындан ары- СКД). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары- аймактык бөлүнүштөр). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
|
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар | 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 2010-жылдын 7-апрелинде - Бишкек жана Нарын шаарларындагы, 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусундагы жана 2010-жылдын июнунда Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү деп таанылган адамдар: - курман болгон адамдын өзүнүн жана асырап алган балдары; - курман болгон адамдын пенсия курагындагы ата-энеси (атасы, энеси), эгерде каза болгон адам жалгыз баласы болсо; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү деп таанылган адамдар |
|
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "2010-жылдын апрель, июнь айларында болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22- февралындагы № 91 "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби жөнүндө" токтому |
|
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кошумча ай сайын социалдык жөлөкпул (мындан ары-КАСЖ) дайындоо тууралуу арыз ээсинин кабарламасы |
|
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧАлар жана кыймылдоо-таяныч аппараты бузулган ДМЧАлар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган имараттар, жайлар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, даараткана (региондордо, борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болгондо-короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар тепкичтен чыга албаса, кызматкер сыртка чыгып, арызын кабыл алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
|
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезекке туруу тартибинде күтүү жана жарандардан документтерди кабыл алуу, арызды 30 минуттан ашпаган убакытта тариздөө. Жарандарга адистердин телефон аркылуу жана жеке кеңешүү жолу менен кеңеш берүүсү 15 мүнөттөн ашпоого тийиш. Документтер толук көлөмдө түшкөн учурдан тартып берилген документтердин аныктыгын текшерүүнү эске алуу менен КАСЖны дайындоо, маалыматтар базасына маалыматты киргизүү, төлөөгө протоколду жана документтерди тариздөө тууралуу маселе 10 иш күндөн кеч эмес мөөнөттө каралып чыгат |
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү |
| ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.kg сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн брошюраларынан, буклеттерден даярдалган маалыматтык такталарынан. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
|
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты- www.mlsp.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштөрдүн такталарында, сайтында жайгаштырылат |
|
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү |
| ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, СКД, аймактык бөлүнүштөрдө кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт |
|
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
|
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) аймактык бөлүнүшкө кайрылышы керек. Арыз ээси төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл: а) курман болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө АКСЖ дайындоо үчүн: - паспорт же ким экенин күбөлөндүргөн башка документ; - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк; - жашаган жеринен маалымкат; - каза болгондугу жөнүндө күбөлүк; - соттук-медициналык экспертизанын көчүрмөсү, окуяларда жабыр тарткан адам деп таануу жөнүндө ички иштер органдарынын же прокуратуранын маалымкаты; - камкордукка/көзөмөлдүккө алуу жөнүндө чечим - жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз жарандын камкорчусу/көзөмөлчүсү жөлөкпул алуу үчүн кайрылса; - курман болгон адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү - курман болгон адамдын ата-энеси жөлөкпул алышы үчүн. Эгерде курман болгон баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китебинен көчүрмө көрсөтүлөт. б) ДМЧА үчүн: - паспорт же ким экенин күбөлөндүргөн башка документ; - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк - жашы жете элек, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн; - жашаган жеринен маалымкат; - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты. КАСЖны алып жаткан учурда керектөөчү паспортту (инсандыгын тастыктаган башка документти) көрсөтүүсү керек |
|
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
|
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы www.mlsp.kg "Суроо-жооп" бөлүмүндөгү суроолорго жооптор берилет |
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби |
| ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартса болот: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайыксыздыгы; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди арыз ээси бербесе |
|
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, СКД, аймактык бөлүнүштүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
|
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш |
|
18. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту |
| ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ай сайын социалдык жөлөкпулдарды белгилөө жана берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-глава, 17-пункт |
|
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган): - калктын социалдык аялуу катмарына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшү (мындан ары – ведомстволук бөлүнүш); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары – аймактык бөлүнүш). Ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
|
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Ар айлык социалдык жөлөкпул (мындан ары – АСЖ) алуучулар: - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү (мындан ары – ДМЧ) 18 жашка чейинки балдар; - бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары – ДМЧА) – пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо; - атасынан же энесинен айрылган балдарга – пенсиялык камсыздоого укугу болбосо; - ата-энесинен айрылган балдарга – пенсиялык камсыздоого укугу болбосо; - ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар – алар 18 айга толгонго чейин; - улгайган жарандар (65 жашка чыккан эркектер, 60 жашка чыккан аялдар) – пенсиялык камсыздоого укугу болбосо; - 55 жашка чыккан баатыр энелер – пенсиялык камсыздоого укугу болбосо |
|
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтому |
|
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Арыз ээсин АСЖ дайындоо жөнүндө же дайындоодон баш тартуу тууралуу маалымдоо. АСЖ дайындоо жөнүндө же дайындоодон баш тартуу тууралуу арыз ээсин кабарлоо АСЖ дайындалган/баш тартылган күндөн тартып 5 иш күндөн кечиктирбестен ага билдирүүнү жиберүү же электрондук почтаны же болбосо мобилдик байланышты пайдалануу менен маалымдалат |
|
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Келүүчүлөргө кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - жандуу кезек күтүү тартибинде; - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык жарандар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары – ДМЧА) үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кирүү шартында; - күтүү үчүн бөлүнгөн жерлерди эске алуу менен. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн аймактык бөлүнүштөрдө кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү илинген такта жайгаштырылат |
|
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жандуу кезек тартибинде күтүү. Жарандардан документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө – 30 мүнөттөн ашпайт. Жарандарга телефон аркылуу жана жеке маектешүү учурунда консультация берүү мөөнөтү – 10 мүнөттөн ашпайт. АСЖ дайындоо жөнүндө же дайындоодон баш тартуу тууралуу чечим бир иш күндүн ичинде, ал эми маалыматты кошумча тактоо талап кылган учурларда – арыз кабыл алынган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде |
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү |
| ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - ведомстволук бөлүнүштөн; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн графикке ылайык аймактык бөлүнүштөн. Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүдөй кабарланышы мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон, “ишеним телефону” аркылуу, адис менен жеке байланышуу учурунда); - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу; - электрондук форматта (кызмат көрсөтүү жана анын жол-жоболору жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында: www.mlsp.gov.kg); - маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
|
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары
| Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар, гезиттер; - коомдук кабылдамалар; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы; Аймактык бөлүнүштөрдө: - маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде; - телефон аркылуу; - түздөн-түз арыз ээси барганда. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кабарлоо жазуу жүзүндөгү кайрылууларга, телефон, “ишеним телефону” боюнча жана адистерге оозеки түрүндөгү жеке кайрылууларга жооп берүү аркылуу республиканын региондорунда калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда жүргүзүлөт. Даректер, телефон номерлери, банк реквизиттери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат |
|
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү |
| ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалымат табличкалары илинет. Калк менен иштеген аймактык бөлүнүштөрдүн бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, объективдүүлүктү камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
|
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн пайдаланылышы жана үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен берилиши мүмкүн |
|
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | АСЖ дайындоодо аймактык бөлүнүштөр тарабынан “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынан төмөнкү маалыматтар суралат: - баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат/күбөлүгү(төрү); - майыптыкты ырастаган медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалыматы; - пенсиялык камсыздоого укугунун жоктугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан маалымат; - ата-энесинин/атасынын же энесинин каза болгондугу жөнүндө күбөлүк же актынын жазуусунан көчүрмө; - жашаган/турган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана). Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди тапшырат: 1) 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар, бала кезинен I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар: - арыз ээсинин паспорту; - баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат/күбөлүгү(төрү) (мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат болбогон учурда); 2) улгайган жарандар (65 жашка чыккан эркектер, 60 жашка чыккан аялдар), баатыр энелер: - арыз ээсинин паспорту; - баатыр эне күбөлүгүнүн ырасталган көчүрмөсү (баатыр энелер үчүн). 3) атасынан же энесинен/ата-энесинен айрылган балдар: - арыз ээсинин паспорту; - баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат/күбөлүгү(төрү) (мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат болбогон учурда); 4) АИВ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар – 18 айга толгонго чейин: - арыз ээсинин паспорту; - баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат/күбөлүгү(төрү) (мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат болбогон учурда); - АИВ/СПИДге чалдыккан энелерден баланын төрөлгөндүгүн ырастаган республикалык СПИД борборунан маалымкат. Зарыл болгон учурда төмөнкү документтер кошумча берилет: - кайрылмандын күбөлүгү – мамлекеттик жөлөкпулга кайрылман же анын үй-бүлө мүчөлөрү кайрылган учурларда; - жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адамга камкорчу/көзөмөлчү дайындоо тууралуу соттун чечими – арызды камкорчу/көзөмөлчү берген учурда; - жарандык мыйзамдардын талаптары боюнча таризделген ишеним кат – арыз ишеним көрсөтүлгөн жак тарабынан берилгенде; - никеге туруу/ажырашуу тууралуу маалымат/күбөлүк же никеге туруу/ажырашуу тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө – арыз ээси тууралуу маалыматтар бала төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн маалыматтарына дал келбеген учурларда – мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат жок болгон учурда; - банктык реквизиттер – мамлекеттик жөлөкпул керектөөчүнүн банктык эсебине которулушу керек болгон учурларда; - 9-форма боюнча маалымкат – “жалгыз бой эне” расмий статусу бар эне каза болгондо томолой жетимдерге социалдык жөлөкпул үчүн кайрылган учурда; - окуган жеринен маалымкат – 16 жашка жеткен курактагы адам атасынан же энесинен (экөөнөн тең) айрылганда социалдык жөлөкпул алууга кайрылган учурда – мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат жок болгон учурда; - жашай туруу укугу – жөлөкпул берүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген өлкөлөрдүн жарандары болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар мамлекеттик жөлөкпулга кайрылган учурда – мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат жок болгон учурда |
|
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт |
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчү үчүн актуалдуулук; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын шайкештиги: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү |
|
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арызды берүү бөлүгүндө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык жарым-жартылай электрондук форматта ишке ашырылышы мүмкүн (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашаган жарандар тарабынан берилүүчү арыздардан тышкары). Эскертүү: кызматтарды алууга электрондук арыз жөнөтүү үчүн portal.tunduk.kg порталына катталуу керек. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы – 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук түрдө толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагаз жүзүндө басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) |
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби |
| ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбесе; - берилген документтер жасалма экендиги аныкталса; - ата-энесинен айрылган балдардан тышкары, АСЖ дайындалууга тийиш болгон адам толук мамлекеттин камсыздоосунда турса; - арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер тизме боюнча толук берилбесе; - тапшырылган документтердин жарактуу мөөнөтү аяктаса; - бузулган документтер берилсе (барактары жулунган, тексти жана мөөрү түшүнүксүз ж.б.) |
|
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда керектөөчү белгиленген тартипте жазуу жүзүндө (электрондук түрдө) төмөнкүлөргө кайрылууга укуктуу: - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана шаардын мэриясынын алдындагы мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө жөнүндө жарандардын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча комиссияга (мындан ары – Комиссия); - аймактык бөлүнүштөргө; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана дата коюлат. Кайрылууну карап чыгуу административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жооп алуу мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 иш күндөн ашпашы керек. Кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогондо, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
|
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш |
|
19. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту |
| ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды дайындоо жана төлөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 3-бабынын, 19-пункту |
|
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Социалдык камсыз кылуу департаменти (мындан ары - СКД) Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары- аймактык бөлүнүштөр). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
|
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды алуучулар: - Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары; - Улуу Ата мекендик согуштун майыптары; - согуштагы эрдиги үчүн сыйланган Советтер Союзунун Баатырлары; - согуштагы эрдиги үчүн Даңк орденинин бардык үч даражасы менен сыйланган адамдар; - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамдар; - концлагердин мурдагы жашы жетпеген туткундары; - "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар; - башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштарда жаракат алган майып аскер кызматчылар; - аскер кызматчылардын ичинен СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда алган жараттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болуп калган адамдар; - башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштук аракеттердин катышуучулары; - Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар жана нур оорусуна кабылган жана ооруган адамдар; - 1986-1987-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар; - Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптык топко кирген адамдар; - Улуу Ата мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизациялоого дуушарланган жана кийин реабилитацияланган жарандар; - Саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиянын кесепетинен жабыркап, реабилитацияланган жарандар; - 1988-1989-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар; - Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен курман болгондордун, нур оорусунун кесепетинен өлгөндөрдүн, каза болгон майыптарынын жана каза болгон 1986-1987-жылдардагы катышуучуларынын үй-бүлөлөрү; - Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында радиациянын таасирине чалдыккан ата-энелериндеги генетикалык өзгөрүүлөрүнөн улам тукум куучу илдеттери жана өнүгүүсүндө аномалиялары бар биринчи жана кийинки эки муундун балдары; - Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптык топко кирбеген адамдар; - Улуу Ата мекендик согушта курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү; - Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү; - Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде алган жараттын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү; - Улуу Ата мекендик согушта каза болгон майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесирлери); - Улуу Ата мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесирлери); - "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган каза болгон адамдардын майып деп табылган, кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесирлери); - "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар; - бала кезинен көрүүсү жана угуусу боюнча (I жана II топтогу майыптуулугу бар) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, көрүү органдарынын ооруларынан (III топтогу майыптуулугу бар) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ошондой эле 2013-жылдын 1- мартына аймактык бөлүнүштөрдө эсепте турган көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар 18 жашка чейинки балдар |
|
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: - "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө"; - "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө"; - "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө"; - "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө"; - 1995-жылдын 28-сентябрындагы № 401 "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укуктары жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө"; - 1996-жылдын 31-июлундагы № 348 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары жөнүндө"; - 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" |
|
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыктары | Жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсация |
|
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧАлар жана кыймылдоо-таяныч аппараты бузулган ДМЧАлар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган имараттар, жайлар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, даараткана (региондордо, борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болгондо-короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар тепкичтен чыга албаса, кызматкер сыртка чыгып, арызын кабыл алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
|
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүү жана документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө 30 мүнөттөн ашпайт. Керектөөчүгө кызматты алуу үчүн керектүү документтерди кабыл алгандан кийин дароо акчалай компенсациянын дайындалышы кабарланат. Компенсация үстүдөгү жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин (12 айга), кийин компенсация алуучулардын жыл сайын кайра катталып туруусу менен чектелет жана ай сайын төлөнөт |
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү |
| ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.kg сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн брошюраларынан, буклеттерден даярдалган маалыматтык такталарынан. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
|
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты www.mlsp.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштөрдүн такталарында, сайтында жайгаштырылат |
|
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү |
| ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт |
|
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
|
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди тапшырат: - жашаган жеринен маалымкат; - салыштырып текшерүү үчүн түпнускасын көрсөтүү менен паспорттун көчүрмөсү; - компенсация алуучунун статусу жөнүндө белгиленген үлгүдөгү күбөлүктүн көчүрмөсү; - чет өлкөлүк жарандын (Россия Федерациясынын жана КМШнын башка мамлекеттеринин жарандары үчүн) жашай туруу укугунун көчүрмөсү. Кошумча төмөнкүдөй документтер берилет: - башка мамлекеттердеги согуштук аракеттердин катышуучулары жана майыптары үчүн, ошондой эле аскердик кызматтын милдеттерин (кызматтык милдеттерин) аткаруу учурунда майып болгон адамдар үчүн согуштук аракеттерге катышканы жөнүндө коюлган белгиси бар аскердик билеттин көчүрмөсү; - экинчи дүйнөлүк согуштун убагында фашисттер жана алардын союздаштары Германиянын жана ага союздаш өлкөлөрдүн аймактарында, ошондой эле мурдагы СССРдин жана Европа өлкөлөрүнүн басып алынган аймактарында түзүшкөн концлагерлерде, геттолордо, мажбурлап кармаган башка жерлерде болгон фактысын ырастаган согуш мезгилиндеги документтердин, же концлагерлердин жашы жете элек (мурдагы СССРдин басып алынган аймактарында улутчулдук куугунтуктоо колдонулган учурга карата 18 жашка чейинки курактагы) туткундары үчүн архивдик жана башка мекемелерден керектүү маалыматтарды камтыган маалымкаттардын же башка документтердин көчүрмөсү; - Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар үчүн аскердик белеттин же ишкананын маалымкатынын катышкан жылдар көрсөтүлгөн көчүрмөсү, ошондой эле Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусу; - "За оборону Ленинграда" медалына, "Жителю блокадного Ленинграда" белгисине күбөлүктөрдүн копиясы; - "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгисине күбөлүктүн копиясы; - саясый жана диний ишенимдери үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын кесепетинен жабыркап, акталган жарандар үчүн, ошондой эле Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында жумушчу колонияларга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизацияланган жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, ошондой эле КМШ мамлекеттеринин прокуратура, сот органдары жана ички иштер органдары берген реабилитация жөнүндө маалымкаттын копиясы; - Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдардын биринчи жана кийинки эки муунундагы балдары (18 жашка чейин) үчүн ата-энеси радиоактивдүү нурланышынын мүмкүн болгон генетикалык кесепети менен шартталган тукум кууган оорулар болгон учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн копиясы, ошондой эле Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин алдындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык регистрдин маалымкаты. Майып болуп калган адамдардын өздүк делолорунда Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын күбөлөндүрүү актысынан көчүрмөнүн копиясы майыптыктын тобун жана майыптыкты белгилөөнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен милдеттүү түрдө болууга тийиш, анын ичинде: - Улуу Ата мекендик согуштун майыптары үчүн, "жаракат (травма) Улуу Ата мекендик согуштун учурунда алынганы" жөнүндө белгиси менен; - аскер кызматчылар үчүн, "жаракат (травма) 2010-жылдын 12-февралындагы аскердик кызматтын милдеттерин аткаруу учурунда алынганы" жөнүндө "аскер жаракаты" белгиси менен; - Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюучулар үчүн, оору ЧАЭСтеги кырсыкка байланыштуу экени жөнүндө белгиси менен, Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусун тиркөө менен. Курман болгондордун жесирлеринин жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн өздүк делолорунда төмөнкүлөр болууга тийиш, алар: - нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - Улуу Ата мекендик согуштун майыбы жана катышуучусу, "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган, майып деп таанылган адам өлгөнү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - аскер кызматчы Улуу Ата мекендик согушта же аскердик кызматтын милдеттерин аткаруу учурунда курман болгондугу жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү; - ички иштер органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгону жөнүндө маалымкаттын же кызмат өтөө учурунда алган жаракаттын, травманын, оорунун кесепетинен кызматтан бошонгондон кийин өлгөнү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен курман болгону жөнүндө маалымкаттын же Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюучу майыптын нур оорусунун кесепетинен өлгөнү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү. Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдардын өздүк делолорунда ордендин китепчесинин же сыйлыктардын күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү болууга тийиш. Андай сыйлыктарга Улуу Ата мекендик согуштун мезгилинде шаарларды жана аймактарды коргоодогу өтөгөн эмгегин жана үлгү болгонун сыйлоо үчүн уюштурулган медалдар кирет, алар: - "За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг."; - "За победу над Германией в Великой Отчечественной войне 1941-1945 гг."; - "За победу над Японией"; - "За отвагу"; - Медаль Ушакова; - "За боевые заслуги"; - Медаль Нахимова; - "За трудовую доблесть"; - "За трудовое отличие"; - "За оборону Москвы"; - "За оборону Одессы"; - "За оборону Севастополя"; - "За оборону Сталинграда"; - "За оборону Киева"; - "За оборону Кавказа"; - "За оборону Советского Заполярья". Сыйлоо жөнүндө документтери жоголуп кетсе, согуштан кийинки мезгилде (1945-1949-жылдарда) сыйлангандыгын эмгек китепчедеги жазуулар боюнча, күбөлүктүн номерин жана сыйлык ыйгарылган күндү көрсөтүү менен же архивдик мекемелердин маалымкаттары менен далилдесе болот. "За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг." медалы менен облустук, шаардык жана райондук мамлекеттик администрациялардын 1988-1995-жылдардагы чечимдери боюнча сыйланган адамдардын өздүк делолорунда медалдардын күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү же аталган чечимдердин көчүрмөлөрү болууга тийиш. - көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧА үчүн - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) маалымкатынын көчүрмөсүн жана МСЭК күбөлөндүрүү актысынан көчүрмөнү майыптуулукту дайындоо мөөнөтүн көрсөтүү менен күбөлөндүрүлөт, андан: - угуусу боюнча ДМЧА үчүн - "бала кезинен угуусу боюнча ДМЧА"-деген жазуусу бар жалпы профилдеги МСЭК берген күбөлөндүрүү актысынан маалымкат жана көчүрмө. МСЭК маалымкаты жана көчүрмө бөлүк тиешелүү МСЭК мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; -биринчи же экинчи топтогу көрүүсү боюнча майыптуулугу бар ДМЧА үчүн - МСЭК маалымкаты жана райондор аралык офтальмологиялык МСЭК берген көчүрмө төмөнкү жазуулары менен: "Көрүүсү боюнча ДМЧА". Тиешелүү офтальмологиялык МСЭК күбөлөндүргөн колу, мөөрү бар МСЭК маалымкаты. Мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн мыйзамдуу өкүлү керектөөчүнүн атынан мамлекеттик кызматты алуу укугуна нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним катты берүүсү зарыл |
|
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтин ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
|
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы www.mlsp.kg "Суроо-жооп" бөлүмүндөгү суроолорго жооптор берилет |
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби |
| ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартса болот: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайыксыздыгы; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтерди арыз ээси бербесе |
|
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
|
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз |
|
III – Бөлүм. Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жумушсуз катары каттоо жана тиешелүү маалымкат берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 1-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары. Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарынын тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жумушу жана маянасы (кирешеси) жок, жумуш издеп жүргөн, ишке кирүүгө даяр, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарына кайрылган Кыргыз Республикасынын эмгекке жарамдуу жарандары жумушсуз катары каттоого турууга укуктуу. Ошондой эле zanyatost.kg порталы жана portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жумуш издөөчү катары катталуу үчүн электрондук арыз берүүгө укуктуу. Маалымкат жумушсуз катары катталган жарандарга portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилет |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (10-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-январындагы № 2 токтому менен бекитилген Жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо тартиби |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жумушсуз катары катталгандыгы жөнүндө маалымкат |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү үчүн шарттар болгондо, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, жайлар); - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жана zanyatost.kg порталы аркылуу электрондук түрдө; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, даараткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда сырттагы даараткана), жылытуу, суу түтүгү, телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү кошо алганда, арыз берүүчүдөн документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Арыз берүүчүнү жумушсуз катары таануу чечими 10 күндүн ичинде кабыл алынат. Кезек күтүүнү кошо алганда, маалымкатты берүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайттарынан; - zanyatost.kg порталынан; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; - аймактык органга жеке кайрылууда; - брошюралардан, буклеттерден, аймактык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат такталарынан. Аймактык органдарда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматтарды жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттары; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайттары; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - zanyatost.kg порталы; - аймактык органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы болгон буклеттер жана брошюралар, такталар; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - жеке кабыл алууда; - телефон аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен бирге эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык органдардын такталарына, сайттарына жана zanyatost.kg порталына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык органдардын кабинеттеринин эшиктеринде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар болот. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин карманышат: сылык, мээримдүү, адептүү, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешинин пикирин угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди таразалап, жүйөлөштүрүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоолору керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар менен пикир алышуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүлөрдү алууда жарандардын жеке маалыматтары жөнүндө маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн колдонулушу мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо талабы боюнча берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аракеттеринин тизмеги | Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоодо жашаган жери же болбосо барган жери боюнча аймактык органдар тарабынан төмөнкүдөй документтер суралат: - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - паспорт (ID-карта); - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилген жашоого уруксат; - качкындын расмий статусу бар жарандар үчүн - качкын күбөлүгү; - кайрылмандын расмий статусу бар адамдар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан бошотулган жана эмгек китепчеси жок адамдар үчүн - аскердик билети; - эмгек китепчеси же камсыздандыруу стажы жөнүндө маалыматтарды камтыган документтери; - кесиптик квалификациясын ырастаган документтери. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүү максатында башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу арыз ээси жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу. Биринчи жолу жумуш издеп жаткан (мурда иштебеген), кесиби (адистиги) жок адамдар паспортун же ким экендигин ырастоочу башка документин жана билими жөнүндө документин (болсо) көрсөтүшөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу болгон кабыл алуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же zanyztost.kg порталы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо талапты кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук арыз жиберүү үчүн өтүнмө ээсинин квалификациялуу электрондук колтамгасы болгондо өтүнмө ээси жеке кабинет аркылуу portal.tunduk.kg же zanyztost.kg порталдарында катталышы керек. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада арызды электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар). Жумушсуз катары катталгандыгы жөнүндө маалымкатты portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан алууга болот |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөнкүлөр жумушсуз катары таанылбайт жана катталбайт: - 16 жашка чыга элек жарандар; - Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына ылайык курагы боюнча пенсия дайындалган жарандар; - аймактык органга алар катталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде аларга ылайыктуу жумуш сунуштоого келбеген жарандар, ошондой эле аларды жумушсуз катары каттоо үчүн аймактык орган тарабынан белгиленген мөөнөттө келбеген жарандар; - аймактык органда алар катталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ылайыктуу жумуштун, анын ичинде убактылуу мүнөздөгү жумуштун эки вариантынан баш тарткан, биринчи жолу жумуш издеп жүргөн (мурда иштебеген) жана кесиби (адистиги) жок жарандар; - кесипке даярдоодон же сунушталган акы төлөнүүчү коомдук жумуштан, анын ичинде убактылуу мүнөздөгү жумуштан эки жолу баш тарткан жарандар; - ишинин жана кирешесинин жоктугу жөнүндө атайылап жалган маалыматтарды камтыган документтерди тапшырган жарандар; - эркиндигинен ажыратылбастан түзөтүү жумуштарына соттун чечими менен, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгон жарандар; - иштеген жарандар |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда арыз берүүчү белгиленген тартипте аймактык органдын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилигинин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге арыз ээси канааттанбаган учурда эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кайрылмандарга күбөлүктөрдү берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасынын 2-пункту |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында кайрылмандын күбөлүгүн берүү кызматын кошо алганда, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзгөн борбордук мамлекеттик органы (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Этностук кыргыздар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (50-берене); "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 629 "Кайрылмандын күбөлүгүнүн бланкынын үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы натыйжасы | Кайрылмандын күбөлүгүн берүү менен "Кайрылман" макамынын ыйгарылышы |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат төмөнкүдөй көрсөтүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармоочтор, менен жабдылган (имарат, жай); - кезек күтүү принциби боюнча. Имаратта күтүү жайлары, даараткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болсо - сырттагы), жылытуу системасы, суу түтүгү, телефон болот. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, же эгерде алар тепкичтен көтөрүлүп чыга алышпаса, анда кызматкер арызын кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келгендерге ыңгайлуу болушу үчүн, кызмат көрсөтүлүүчү жайда кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 2 айга чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт - 20 мүнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан жана анын аймактык органдарынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mz.gov.kg сайтынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын аймактык органдарына жеке кайрылууда; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын маалыматтык такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин www.mfa.gov.kg жана www.dcsmfa.kg сайттарынан. Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык органдарында жарандарды кабыл алуу - алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде - алар кайрылган күнү жана алдын-ала жазылуу аркылуу жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mz.gov.kg сайты; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын коомдук кабылдамасы аркылуу. Даректери, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен бирге, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарына жана сайтына жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин даректери, телефон номерлери жана иштөө режими www.mfa.gov.kg жана www.dcsmfa.kg сайттарында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен баарлашуу | Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык органдарында кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келгендер менен баарлашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди жүйөлөштүрө алуу. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү этиканын ченемдерин сактоону, таламдардын кагылышуусун болтурбай, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу функционалдык милдеттерин аткарышат жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташат. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуусу, көрүүсү боюнча ДМЧА жана таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу адам жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизде гана берилиши мүмкүн |
12 | Тиешелүү документтердин/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан иш-аракеттердин тизмеги | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: - жеке өзү же ишеним берилген адамы аркылуу (нотариус аркылуу таризделген ишеним каты болгон учурда) эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин жооптуу кызматкерлерине кайрылуу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген форма боюнча бланкта өтүнүч катын, ошондой эле кайрылмандын күбөлүгүн берүү жөнүндө анкетаны толтуруу. Өтүнүч берүүчү адам же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылман макамын берүү жөнүндө өтүнүчү менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте легалдаштырылган төмөнкү документтерди берет: - паспорт же аны алмаштыруучу документ; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк; - үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалымкат; нике тууралу күбөлүк. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон учурда, өтүнүч берген адамдын улутун ырастоо үчүн төмөнкү документтердин бири берилет: - жакын туугандарынын биринин (ата-энесинин, балдарынын, бала асырап алгандардын, ата-энелери бир жана ата-энелеринин бири өгөй ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин, чоң атасынын, чоң энесинин, таята-таянесинин, неберелеринин) туулгандыгы тууралуу күбөлүгү; - ата-энесинин никеси тууралуу күбөлүк; - алыс туугандарынын (аталаш ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин) биринин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү. Жогоруда аталган документтерге кошумча төмөнкүлөрдү тиркөө зарыл: - адамдын жүзүн даана чагылдырган 30х40мм өлчөмүндөгү түстүү сүрөт - 2 даана; - тез көктөмө - 1 даана; - кагаз конверт - 1 даана |
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат алыш үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - стандартта белгиленген талаптарга кызмат көрсөтүү шарттарынын дал келиши: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (көрсөтүлгөн кызматтын) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун күткөндөрүнө дал келүүсү; - даттануу жана сунуштар китебинин керектөөчү үчүн жеткиликтүү жайда болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Жарым-жартылай берилет. Документтерди электрондук түрдө тапшырса болот, ал эми кайрылмандын күбөлүгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн жеке өзүнө берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - ушул стандарттын 3 жана 12-пункттарына ылайык келбеген учурда; - кайрылмандын күбөлүгүн берүүгө тоскоолдук болуучу фактылар жөнүндө маалымат ички иштер жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан тастыкталган учурда; - эгерде керектөөчү тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш кылса; - эгерде керектөөчү мамлекеттер аралык, улуттар аралык жана диний касташууну тутандырса; - эгерде керектөөчү Кыргыз Республикасынын эгемендигине жана көз карандысыздыгына каршы чыгып, анын аймагынын биримдигин жана бүтүндүгүн бузууга чакырса; - эгерде керектөөчү террористтик аракеттери же киши өлтүргөндүгү үчүн соттолгон болсо; - эгерде керектөөчү келген максаты тууралуу өтүнүч катын берүү учурунда өзү жөнүндө жалган маалымат берген болсо; - эгерде бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болсо |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү тиешелүү түрдө көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки жана кат жүзүндө кайрылууга укуктуу. Кат жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доонун мазмуну, колу жана берилген күнү көрсөтүлөт. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Кат жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүнүн жооп алуу мөөнөтү, катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда, керектөөчү эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине соттук тартипте даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш |
IV – Бөлүм. Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза тармагында
|
| ||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Майыптык фактысын белгилөө, майыптык тобун, себебин, пайда болуу мөөнөттөрүн аныктоо боюнча - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин), 5-главасы, 2-пункту | |||||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору (мындан ары - РМСЭБ). Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - аймактык МСЭК). Аймактык МСЭКтин тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык МСЭКтин маалымат такталарында жана расмий сайттарында жайгаштырылат | |||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Майыптык фактысын белгилөө боюнча күбөлөндүрүлгөн учурда - Кыргыз Республикасынын жарандары. Кайра күбөлөндүрүлгөн учурда: - I, II жана III топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА); - 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар | |||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтому | |||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын маалымкаты (мындан ары - МСЭКтин маалымкаты) | |||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда берилет: - белгиленген санитардык-гигиеналык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүндө, анын ичинде көрүүсү жана угуусу ДМЧА жана таяныч-кыймыл аппараттары бузулган ДМЧА үчүн пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча; Имаратта күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүндүгү болбогондо - короодогу дааратканалар), жылытуу, суу түтүгү, телефон болот. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же эгерде алар жайга көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн аларга түшөт. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүү жана документтерди кабыл алуу убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес. Документтерди кароо - 1 күндөн ашык эмес, эгерде ДМЧА кошумча текшерүүгө жиберилсе- 10 жумуш күндөн ашык эмес. Акыркы натыйжаны берүүгө убакыт - 10 мүнөттөн ашык эмес | |||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү |
| ||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.mlsp.kg; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүмдөрүнө жеке кайрылууда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, РМСЭБдин, аймактык МСЭКтин маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Жарандарды эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүмдөрүндө, РМСЭБде, аймактык МСЭКте кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mlsp.kg; - маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер; - жарандарды жеке кабыл алуу жана телефон боюнча байланыш; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында, аймактык бөлүмдөрдүн, РМСЭБдин, аймактык МСЭКтин маалымат такталарында жайгаштырылат | |||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү |
| ||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, аймактык бөлүмдөрдө, РМСЭБде, аймактык МСЭКте кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди далилдей билүү. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдерди сактоону, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбай турган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
| ||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн |
| ||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: - кызмат көрсөтүүнү алуучунун кат жүзүндөгү арызы, ал эми жашы жете элек жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энелердин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы; - өздүгүн далилдеген документ (паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү); - ички иштер органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү маалымкат; - жазаны өтөө жерлеринен бошотулган жарандар үчүн - жазаны өтөө жерлеринен бошотуу жөнүндө маалымкат; - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат; - иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же эмгек китепчесинен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (аталган документтердин көчүрмөлөрү медициналык актыга кошулат); - медициналык документтер: медициналык-социалдык экспертизадан өтүүгө саламаттык сактоо уюмунун жолдомосу: 18 жашка чейинки жарандарга - № 088-ду формасы, 18 жаштан улуу жарандарга - № 088-у формасы; амбулатордук карта, стационардык дарылангандыгы жөнүндө көчүрмө, ооруну ырастаган медициналык документтер (консультациялык корутундулар, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары ж.б.); иштеген жарандар үчүн - эмгекке жарамсыздык баракчасы. Айрым учурларда салыштырып текшерүү үчүн түп нускаларын көрсөтүү менен төмөнкү документтердин кошумча көчүрмөлөрү берилет: а) кызматтан бошонгон аскер кызматчылары жана ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн: - оорусу тууралуу күбөлүк же Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер-врачтык комиссиясынын (мындан ары - АВК) же тиешелүү ведомствонун АВКсынын токтому; - аскер кызматынан бошотуу жөнүндө буйрук; б) радиациядан жабыркаган жарандар үчүн: - радиациядан жабыркагандар үчүн таасир этүү фактысын ырастаган баштапкы документ: - аскердик билет; - Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын кесепеттерин жоюучунун күбөлүгү; - радиациянын таасирине кабылган адамдын каттоо картасы; - радиациянын таасиринен ооруп калуунун жана майыптыктын келип чыгышынын себептик байланышын белгилөө боюнча Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусу; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Профпатология борборунан көчүрмө; в) оорунун өндүрүштүк травма менен себептик байланышын белгилөө жана кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын пайыз менен аныктоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: - иш берүүчүнүн мөөрү менен бекитилген жана күбөлөндүрүлгөн Н-1 формасы боюнча өндүрүштө болгон кырсык тууралуу акт; - иш берүүчүдөн өндүрүштөгү кокустуктун кесепеттери тууралуу билдирүү; - жумушка орноштуруу жөнүндө, жумуштун мүнөзү жана шарттары жөнүндө иш берүүчүнүн маалымкаты; г) оорунун кесиптик оору менен себептик байланышын белгилөө жана кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасын пайыз менен аныктоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: - кесиптик оорунун бар экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Профпатология борборунан корутунду; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кесиптик оору (уулануу) учуру боюнча текшерүү актысы (362/у формасы); - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору берген эмгек шарттарынын санитардык-гигиеналык мүнөздөмөсү; - ишке орноштуруу жөнүндө, жумуштун мүнөзү жана шарттары жөнүндө иш берүүчү берген маалымкат. Эмгектик мертинүүнү же кесиптик ооруну ырастаган документтер жок болгон учурда экспертизаны жүргүзүү үчүн негиз болуп бул учурду өндүрүштүк жаракат же кесиптик оору деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими эсептелет. Мөөрлөрдүн жана штамптардын так изи бар документтердин түп нускалары болгондо МСЭК экспертиза жүргүзөт |
| ||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
| ||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - бул стандартта белгиленген талаптарга кызмат көрсөтүү шарттарынын шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
| ||||
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Электрондук форматтагы кызмат көрсөтүү кызмат көрсөтүүгө арызды кабыл алуу бөлүгүндө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу: portal.tunduk.kg көрсөтүлүшү мүмкүн. Кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жиберүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында катталуусу зарыл. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагазга басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) |
| ||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби |
| ||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына ылайык келбесе; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер толук берилбесе |
| ||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБдин, аймактык МСЭКтин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колу жана датасы камтылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык МСЭКтин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБдин, аймактык МСЭКтин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
| ||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралып турууга тийиш |
| ||||
|
| ||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Майыптык белгилеринин болушуна сырттан жана каза болгондон кийин экспертиза жүргүзүү жана майыптык боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөп берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 5-глава, 3-пункт |
| ||||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору (мындан ары - РМСЭБ). Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - аймактык МСЭК). Аймактык МСЭКтин тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жана аймактык МСЭКтин маалымат стенддеринде жайгаштырылат |
| ||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Сырттан болгон экспертизага: - I, II, III топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА). Каза болгондон кийин экспертиза жүргүзүүгө: - Кыргыз Республикасынын жарандары (каза болгондун жакын туугандары) |
| ||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтому |
| ||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Сырттан экспертиза жүргүзүүдө төмөнкүлөр берилет: - күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсү; - медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын маалымкаты (мындан ары - МСЭК). Каза болгондон кийин экспертиза жүргүзүүдө: - МСЭКтин маалымкаты (бир гана жолу) берилет |
| ||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүдөй шарттарда берилет: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүндө, анын ичинде көрүүсү жана угуусу ДМЧА жана таяныч-кыймыл аппараттары бузулган ДМЧА үчүн пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча. Имаратта күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүндүгү болбогондо - короодогу дааратканалар), жылытуу, суу түтүгү, телефон болот. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же эгерде алар жайга көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн аларга түшөт. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
| ||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүү жана документтерди кабыл алуу убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес. Арыздарды кароо - 1 күндөн ашык эмес. Кошумча изилдөөгө жиберилген ДМЧА арызы - 10 жумуш күндөн ашык эмес. Акыркы натыйжаны берүүгө убакыт - 10 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 1 күндөн ашык эмес (бардык зарыл документтер болгондо) |
| ||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү |
| ||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБдин, аймактык МСЭКтин коомдук кабылдамасынан; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.mlsp.kg; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, РМСЭБге, аймактык МСЭКке жеке кайрылууда; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБдин, аймактык МСЭКтин маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Жарандарды эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, РМСЭБде, аймактык МСЭКте кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
| ||||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mlsp.kg; - маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер; - жарандарды жеке кабыл алуу жана телефон боюнча байланыш; - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында, аймактык бөлүмдөрдүн, РМСЭБдин, аймактык МСЭКтин маалымат такталарында жайгаштырылат |
| ||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү |
| ||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, РМСЭБде, аймактык МСЭКте кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди далилдей билүү. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдерди сактоону, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбай турган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
| ||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн |
| ||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызматты көрсөтүү үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: - кызмат көрсөтүүнү алуучунун кат жүзүндөгү арызы, ал эми жашы жете элек жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энелердин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы; - өздүгүн далилдеген документ (паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү); - каза болгондугу жөнүндө белгиленген үлгүдөгү документ; - жазаны өтөө жерлеринен бошотулган жарандар үчүн - жазаны өтөө жерлеринен бошотуу жөнүндө маалымкат; - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат; - иштеген адамдар үчүн эмгек китепчеси же эмгек китепчесинен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (аталган документтердин көчүрмөлөрү медициналык актыга кошулат); - медициналык-социалдык экспертизадан өтүүгө саламаттык сактоо уюмунун жолдомосу 18 жашка чейинки жарандарга - № 088-ду формасы, 18 жаштан улуу жарандарга - № 088-у формасы; - амбулатордук карта, стационардык дарылангандыгы жөнүндө көчүрмө, ооруну ырастаган медициналык документтер (консультациялык корутундулар, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары ж.б.); - иштеген жарандар үчүн - эмгекке жарамсыздык баракчасы |
| ||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
| ||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - бул стандартта белгиленген талаптарга кызмат көрсөтүү шарттарынын шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
| ||||
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Электрондук форматтагы кызмат көрсөтүү кызмат көрсөтүүгө арызды кабыл алуу бөлүгүндө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу: portal.tunduk.kg көрсөтүлүшү мүмкүн. Кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жиберүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында катталуусу зарыл. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагазга басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) |
| ||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби |
| ||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына ылайык келбесе; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер толук берилбесе |
| ||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда кызмат көрсөтүүнү алуучу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБ, аймактык МСЭКтин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колу жана датасы камтылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБдин жана аймактык МСЭКтин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБдин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
| ||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралып турууга тийиш |
| ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
V-Бөлүм. Маалымат берүү тармагында
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-глава, 1-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары. Аймактык органдардын тизмелери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгүнө кызыккан жарандары, ошондой иш берүүчү катары чыккан уюмдар жана жеке жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (10-берене) |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын жарандарынын жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматка кеңири жетүүнү камсыз кылуу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын жана аймактык органдын кызматкерлеринин имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү үчүн шарттар болгондо, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, жайлар); - кезек күтүү принциби боюнча; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жана zanyatost.kg порталы аркылуу электрондук түрдө. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, даараткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда сырттагы даараткана), жылытуу, суу түтүгү, телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жеке кайрылууда консультация берүү убактысы 30 мүнөттөн ашпоого тийиш |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайттарынан; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - zanyatost.kg порталынан; - аймактык органга жеке кайрылууда; - брошюралардан, буклеттерден, аймактык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат такталарынан. Аймактык органдарда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттары; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайттары; - zanyatost.kg порталы; - аймактык органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы болгон буклеттер, брошюралар жана такталар; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - аймактык органга жеке кайрылууда; - телефон аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен бирге эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык органдардын такталарына, сайттарына жана zanyatost.kg порталына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык органдарынын кабинеттеринин эшиктеринде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар болот. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин карманышат: сылык, мээримдүү, адептүү, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешинин пикирин угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди таразалап, жүйөлөштүрүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоолору керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар менен пикир алышуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Купуялуулук талап кылынбайт. Жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматка эркин жетүүгө болот |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аракеттеринин тизмеги | Талап кылынбайт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу болгон кабыл алуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматка эркин жетүүгө болот: - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат "суроо-талап - жооп" режиминде электрондук форматта көрсөтүлөт. Алынган көчүрмөнү басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр керек: 1) portal.tunduk.kg сайтына кирүү; 2) эгерде 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картаны же болбосо булуттуу электрондук колтамганы колдонуу менен катталбаса - каттоодон өтүү; 3) тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү табуу; 4) суроо-талапты түзүү үчүн "жөнөтүү" баскычын басуу керек; 5) киргизилген суроо-талап ошол заматта иштелип чыгат, мамлекеттик кызмат көрсөтүүчүнүн маалымат системасына жиберилет жана көчүрмө түрүндө маалыматтык документ берилет. Онлайн-интерактивдүүлүк баскычы - 5 (мамлекеттик кызмат көрсөтүү толугу менен автоматташтырылган жана арыз ээсинен маалыматтарын ырастоочу кандайдыр бир документтерди берүү талап кылынбайт. Бул маалымат башка органдардын маалымат системаларынан электрондук арыз берүүдө автоматтык түрдө түзүлөт); - zanyatost.kg порталында. Аймактык органдар колдонуучулардын суроо-талабы боюнча жергиликтүү, райондук, региондук масштабда жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты электрондук почта аркылуу жана zanyatost.kg порталы аркылуу өздөрүнүн жеке кабинетине жөнөтө алышат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу каралган эмес |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда арыз берүүчү белгиленген тартипте аймактык органдын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колтамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилигинин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жооп алуу мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге арыз ээси канааттанбаган учурда эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын мамлекеттик маалыматтар банкынан маалымат берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 6-глава, 5-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Балдарды коргоо боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзгөн мамлекеттик орган (мындан ары - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр). Аймактык бөлүмдөрдүн тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүмдөрдүн маалымат стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Ата-энесинин камкордугусуз калган баланы асырап алуучу, камкорчу, көзөмөлчү, багып алуучу ата-эне болууну каалаган 60 жашка чейинки адамдар. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү), багып алуучу ата-эне болууну, ошондой эле баланы асырап алууну, камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөөнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары. Кыргыз Республикасынан сырткары туруктуу жашаган, баланы асырап алууну же камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөөнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары. Баланы асырап алууну, камкорчу (көзөмөлчү) болууну каалаган чет өлкөлүк жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалыматтарды алуу |
6 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн шарттары | Кызматтарды көрсөтүү төмөнкүдөй ишке ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүсү, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана кыймылдоо-таяныч аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустары, кармагычтары бар жабдуулардын (имараттардын, жайлардын) болушу; - кезек күтүү тартибинде. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалар), жылытуу, суу түтүгү жана телефон болот. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар жайга көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү сатып алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Арызды кароо мөөнөтү 14 күндү түзөт. Акыркы жыйынтык берүүнүн жалпы убактысы - 30 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды төмөнкүлөрдөн алууга болот: - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg сайтынан; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын аймактык бөлүмдөрүнө жеке кайрылуу аркылуу; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат стенддеринен, китепчелеринен, буклеттеринен; - Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg сайты; - Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндө: - маалыматтык стенддер, брошюралар, буклеттер; - телефон аркылуу; - түздөн-түз арыз ээси барганда. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоо Кыргыз Республикасынын региондорунда калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда, жазуу жүзүндөгү кайрылууларга жооп берүү, телефон аркылуу, "ишеним телефону" боюнча жана адистерге оозеки түрүндөгү жеке кайрылганда маалымкат жана консультация берүү аркылуу жүргүзүлөт. Даректер, телефон номерлери, банктын реквизиттери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддеринде, расмий сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүмдөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү аймактык бөлүмдөрдүн бардык кызматкерлеринин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөөгө жөндөмдүү болушу зарыл. Кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар менен пикир алмашуу жана аларга кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуунун ыкмалары | Кызмат алууда жарандардын жеке маалыматтары жөнүндө маалымат ачыкка чыгарылбайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланууга жол берилбейт. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтер берилет: - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын же аймактык бөлүмдүн жетекчисинин атына жазуу жүзүндөгү арызы; - текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун көчүрмөсү; - асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) же багып алуучу ата-эне болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду; - баланы өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жаранынын анкетасы; - Кыргыз Республикасынан сырткары туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын жашоо шарттары жана бала асырап алуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана - адамдардын жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта белгиленген талаптарга дал келүүсү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричилик шарттарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматта) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө шайкештиги; - жарандардын даттануулары жана сунуштары үчүн китептин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук жана кагаз форматында да көрсөтүлөт. Электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана маалыматка жетүү үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты аркылуу ишке ашырылат - www.mlsp.gov.kg |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөнкү учурларда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартат: - ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга арыз ээсинин шайкеш келбегендиги; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда; - мамлекеттик кызматты алуучу жөнүндө жалган маалыматтарды аныктоодо |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колун жана датаны камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилде үзгүлтүксүз каралып турууга |
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Баланы асырап алуучу, камкорчу жана көзөмөлчү, багып алуучу ата-эне болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутундуларды, баланы асырап алуунун, камкорчу жана көзөмөлчү болуунун негиздүүлүгү жөнүндө корутундуларды берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 5-глава, 4-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Балдарды коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн мамлекеттик орган (мындан ары - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр). Аймактык бөлүмдөрдүн тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүмдөрдүн маалымат стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Ата-энесинин камкордугусуз калган баланы асырап алуучу, камкорчу, көзөмөлчү, багып алуучу ата-эне болууну каалаган 60 жашка чейинки адамдар. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү), багып алуучу ата-эне болууну каалаган, ошондой эле баланы асырап алууну, камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөөнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары. Кыргыз Республикасынын сыртында туруктуу жашаган баланы асырап алууну же камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөөнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары. Баланы асырап алууну, камкорчу (көзөмөлчү) болууну каалаган чет өлкөлүк жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө"; - 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 "Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө жобону, ошондой эле Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегин бекитүү тууралуу"; - 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 "Багып алуучу үй-бүлө жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн: - баланы асырап алуучу, камкорчу жана көзөмөлчү, багып алуучу ата-эне болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду; - баланы асырап алуунун, камкорчу жана көзөмөлчү болуунун негиздүүлүгү жөнүндө корутунду. Чет өлкөлүк жарандар үчүн - баланы асырап алууга берүү жөнүндө корутунду |
6 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн шарттары | Кызматтарды көрсөтүү төмөнкүдөй ишке ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүсү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустары, кармагычтары бар жабдуулардын (имараттардын, жайлардын) болушу; - кезек күтүү тартибинде. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, жылытуу, суу түтүгү жана телефон болот. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү сатып алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жарандардан документтерди кабыл алуу, арызды тариздөө - 30 мүнөткө чейин. Телефон жана жеке сүйлөшүү аркылуу жарандарга консультация берүү мөөнөтү 10 мүнөттөн ашык |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg сайтынан; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын аймактык бөлүмдөрүнө жеке кайрылуу аркылуу; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат стенддеринен, китепчелеринен, буклеттеринен; - Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - ЖМК (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты - www.mlsp.gov.kg; - маалымат стенддери, китепчелер, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон боюнча байланышуу; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен бирге балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат стенддеринде, сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүмдөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү аймактык бөлүмдөрдүн бардык кызматкерлеринин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алышууда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөөгө жөндөмдүү болууга тийиш. Кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, объективдүүлүктү, камсыз кылуучу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар менен пикир алмашуу жана аларга кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуунун ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизде суроо-талап боюнча гана берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Баланы асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилиши керек: - баланы асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берүү тууралуу арыз; - арыз ээсинин(леринин) паспорт(тор)унун көчүрмөсү(лөрү); - эгерде жубайлар асырап алуучу болсо, нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - жашаган жеринен жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамы жөнүндө маалымкат; - кызмат ордун жана эмгек акысын көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат; - арыз ээсинин ден соолугунун абалы жөнүндө, анын ичинде баңгилик (токсиндик), алкоголдук көз карандылыгы жана психикалык бузулуштары жоктугу тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте таризделген медициналык корутунду; - иштеген же жашаган жеринен мүнөздөмө; - жеке ишкер катары мамлекеттик каттоосу жөнүндө, берилген Бирдиктүү салык декларациясы тууралуу, патенттин негизинде ишкердик жүргүзгөндүгү жөнүндө маалымкат; - турак жайга менчик укугу жөнүндө маалымкат; - жер үлүшүнүн бар экендиги жөнүндө маалымкат; - малы бар экендиги жөнүндө маалымкат; - Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымкат. Керектүү маалыматтар "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу тиешелүү мамлекеттик органдардан суралат. Жашы жете электердин камкорчусу же көзөмөлчүсү болууну каалаган адамдар арыз менен төмөнкүдөй документтерди берет: - арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсүн (же ким экендигин күбөлөндүрүүчү башка документти); - нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн (эгерде арыз ээси никеде турса); - жубайынын камкорчулукка же көзөмөлчүлүккө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун (эгерде арыз ээси никеде турса); - жашаган жеринен жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамы жөнүндө маалымкатты; - камкорчу/көзөмөлчү болууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугунун абалы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегинде каралган оорулардын жоктугу тууралуу мамлекеттик дарылоо-алдын алуучу уюмдун медициналык корутундусун; - иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмөнү; - арыз ээсинин толук өмүр баянын; - кызмат ордун жана эмгек акысын көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкатты; - соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты; - жер үлүшүнүн бар экендиги жөнүндө маалымкатты (зарыл болсо); - малы бар экендиги жөнүндө маалымкатты (зарыл болсо); - жеке ишкер катары мамлекеттик каттоосу жөнүндө; Бирдиктүү салык декларациясын тапшыргандыгы жөнүндө; патенттин негизинде ишкердик иш жүргүзгөндүгү тууралуу маалымкатты (зарыл болсо). Багып алуучу ата-эне болууну каалаган жарандар багып алуучу ата-эне болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду алуу үчүн төмөнкүдөй документтерди берет: - арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсүн; - нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн (эгерде арыз ээси никеде турса); - жубайынын жазуу жүзүндөгү макулдугун (эгер никеде турса); - жашаган жеринен үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамы жөнүндө маалымкатты; - турак жайга менчик укугун ырастоочу документти, же жашаган жеринен үй китепчесинен көчүрмөнү же турак жайды ижарага алуу жөнүндө келишимди; - Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымкатты; - багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого баланы алууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугунун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегинде каралган оорулардын жоктугу тууралуу мамлекеттик дарылоо-алдын алуучу жана медициналык-социалдык уюмдун медициналык корутундусун; - иштеген жеринен мүнөздөмөнү, же жашаган жери боюнча кошуналардын пикирлери (3төн кем эмес). Багып алуучу ата-эне болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду алуу үчүн сураныч менен кайрылган адам паспортун көрсөтүшү керек. КМШга катышуучу мамлекеттердин жарандарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жараны болгон баланы асырап алууну каалаган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү аркылуу ыйгарым укуктуу органга кайрылат жана төмөнкүдөй документтерди берет: - асырап алгысы келген баланын жынысын, жашын жана ал жөнүндө башка маалыматтарды көрсөтүү менен баланы асырап алууну каалагандыгы жөнүндө арызды; - паспорттун көчүрмөсүн, нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн (жубайлар асырап жатса); - ээлеген кызматы жана эмгек акысы жөнүндө иштеген жеринен маалымкатты же кирешелер жөнүндө декларациянын көчүрмөсүн же кирешелер жөнүндө башка документти; - турак жайга менчик укугун же турак жайды пайдалануу укугун ырастаган документти; - соттолбогондугун жана балдарга жасалган катаал мамилеси (зомбулук) фактылары жоктугун ырастаган документти; - тиешелүү мамлекеттин компетенттүү органынын асырап алынган бала кабыл алып жаткан мамлекетке келүүсүнө жана анын ушул мамлекеттин аймагында туруктуу жашоосуна уруксатын; - ден соолугу жөнүндө, анын ичинде баңгизаттык (токсиндик), алкоголдук көз карандылыгы жана психикалык бузулуусу жоктугу тууралуу медициналык корутундуну; - багып алуучу ата-энелерди даярдоо боюнча окуудан өткөндүгүн ырастаган сертификаттын көчүрмөсүн; - потенциалдуу асырап алуучулар жана аккредитацияланган чет өлкөлүк уюмдун ортосундагы мамлекеттер аралык асырап алуу маселелери боюнча кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө макулдашуунун көчүрмөсүн; - социалдык кызматкер тарабынан түзүлгөн потенциалдуу асырап алуучулардын турак жай-социалдык шарттарын изилдөө жөнүндө корутундуну; - потенциалдуу асырап алуучулардын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен: асырап алган баланы чет мамлекетке алып кирүүдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө (элчилигинде) же асырап алуучулар жашаган мамлекетте аккредитацияланган консулдук мекемесинде аны консулдук эсепке тургузууну; Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн (элчилигинин) же консулдук мекемесинин кызматкерлерине асырап алынган баланын жашоо жана тарбиялоо шарттарын текшерүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү; асырап алынган баланы билим берүү мекемесинде окутууну жана асырап алуучулар туруктуу жашаган жерде медициналык эсепке тургузууну; асырап алынган балага карата Кыргыз Республикасынын жарандыгы сактала тургандыгын жана анын 18 жашка чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө (элчилигинде) же консулдук мекемесинде эсепте тургандыгын; аккредитацияланган чет өлкөлүк уюмдар аркылуу, ал эми аккредитацияланган чет өлкөлүк уюм жоюлган (банкрот болгон) учурда башка чет өлкөлүк уюмдар аркылуу балдардын жашоо жана тарбиялоо шарттары тууралуу отчетторду берүүнү. Баланы асырап алуу жөнүндө корутунду алуу боюнча сураныч менен кайрылган адам паспортун көрсөтүшү керек |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын аныктыгы жана өз убагында берилиши; - адамдардын жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта белгиленген талаптарга дал келүүсү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик шарттарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматта) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө шайкештиги; - жарандардын даттануулары жана сунуштары үчүн китептин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн өтүнмөнү кабыл алуу бөлүгүндө кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы - portal.tunduk.kg аркылуу электрондук форматта ишке ашырылат. Эскертүү: кызмат көрсөтүүлөрдү алууга электрондук өтүнмөнү жиберүү үчүн, эгерде квалификациялуу электрондук кол тамгасы болсо, арыз ээси өзүнүн жеке кабинети аркылуу portal.tunduk.kg порталында катталууга тийиш. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракта өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана аны мамлекеттик орган тарабынан кароого кагаз жүзүндө чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгү бар) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөнкү учурларда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартат: - ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга арыз ээси шайкеш келбегенде; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбегенде; - мамлекеттик кызматты алуучу жөнүндө жалган маалыматтар аныкталганда |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колун жана датаны камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, аймактык бөлүмдөр тарабынан жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилде үзгүлтүксүз каралып турууга тийиш |