Редакцияот 28.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 28-октябры № 240

"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

1-берене

 

"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 8-июлу, № 60-61) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 

21-берененин 1-бөлүгүнүн 30-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"30) өндүрүшү жана төлөмү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу изилдөөлөрдүн соттук-эксперттик, криминалистикалык жана башка түрлөрүн, анын ичинде келишимдик негизде жүргүзүүгө;".

 

2-берене

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 83 (3739) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

2025-жылдын 24-сентябрында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган