КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 31-октябры № 246
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын ченемдери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишине колдонулбайт.»;
2) 40-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишин лицензиялоону, көзөмөлдөөнү жана жөнгө салууну жүргүзбөйт.».
2-берене
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 84 (3740) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2025-жылдын 24-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |