Конституциалык МыйзамКүчүнө кире элек

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-октябрындагы № 246 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы

Редакция31.10.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 31-октябры № 246

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

1) 9-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын ченемдери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишине колдонулбайт.»;

 

2) 40-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишин лицензиялоону, көзөмөлдөөнү жана жөнгө салууну жүргүзбөйт.».

 

2-берене

 

Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 84 (3740) саны менен жарыяланды

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

2025-жылдын 24-сентябрында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган