Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 27-октябры № 235
2024-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2024-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 24-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |