МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-октябрыгдагы № 235 «2024-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция27.10.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 27-октябры № 235

 

2024-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

2024-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 24-сентябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган