КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-октябры № 709
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 22-мартындагы № 151 “Өзгөн” мамлекеттик
тарыхый-маданий музей-коругун түзүү жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо жана өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 151 “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы жана Өзгөн шаарынын мэриясы менен биргеликте:”;
– төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“Өзгөн шаарында жайгашкан археологиялык эстеликтерди, анын ичинде үч мавзолейди, мунараны жана биринчи шахристанды (Саид Бурханиддин Кылыч мазарын), ошондой эле аянты 3,5 га коргоо зонасын “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун балансына өткөрүп берүү жолу менен бул объекттерди сактоо, реставрациялоо жана музейлештирүү боюнча иштерди жүргүзүүнү камсыз кылсын;
археологиялык эстелик – экинчи шахристан (Н. Азнабакиев атындагы парк) жайгашкан, археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткан аянты 0,12 га жер тилкесин “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун балансына өткөрүп берсин.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 84 (3740) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |