Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-октябры № 704
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жободо:
– 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 80-пункт менен толукталсын:
“80) күч түзүмдөрүнүн өз ара алмашуучулук принциптерин эске алуу менен коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, калкты жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууга катышат.”;
– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. Коргоо министри Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы аркылуу Куралдуу Күчтөрдү жалпы башкарат.
Коргоо министри Куралдуу Күчтөрдүн бардык өздүк курамынын түз башчысы болуп эсептелет, Коргоо министрлигине жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы, ошондой эле коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат жана өзүнүн ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине жана ушул Жобого ылайык жеке башкаруу негизинде жүзөгө ашырат.”;
– 9-пункттун 2-пунктчасынын он биринчи абзацында “, коргоо министринин орун басары – Куралдуу Күчтөрүнүн Түштүк-Батыш оперативдик кол башчылыгынын кол башчысы” деген сөздөр алып салынсын;
– 10-пунктта:
29-пунктчада “, коргоо министринин орун басары – Куралдуу Күчтөрдүн Түштүк-Батыш ыкчам командачылыгынын кол башчысынын” деген сөздөр алып салынсын;
43-пунктчанын үчүнчү абзацында “, алардын бири Куралдуу Күчтөрдүн Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын кол башчысы болуп эсептелет” деген сөздөр алып салынсын;
– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11. Коргоо министринин орун басарлары коргоо министрине баш иет. Министрдин орун басарлары тапшырылган иш чөйрөсүндөгү жана аларга баш ийген аскердик башкаруу органдарындагы, кошуундардагы, бөлүктөрдөгү жана мекемелердеги милдеттерди чечүү, ошондой эле коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат.
Коргоо министринин орун басарлары аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү берет.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |