Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-октябры № 675
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 185 “Маданият,
искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин
кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары
жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 “Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
“22. Ушул токтомдун 10-тиркемесинин 3-главасы 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет деп белгиленсин.”;
2). 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги дем берүүчү эмгек акы фондун түзсүн:
– ведомстволук мекемелерде – өндүрүмдүүлүгү, жогорку квалификациясы, функционалдык милдеттерин сапаттуу аткаргандыгы жана олуттуу иш тажрыйбасы үчүн эмгек акы төлөө фондунун чегинде жалпы эмгек акы фондунун 30 пайызына чейинки өлчөмүндө;
– балансында же ыкчам башкаруусунда спорттук курулмалар турган мекемелердин административдик-башкаруучулук персоналына – ар бир база үчүн 10 пайызга чейинки үстөк акы.”;
3) жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын карасын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 80 (3736) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| Тиркеме |
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт
мамлекеттик агенттигинин ведомстволук
мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык
маяналарына эселөө коэффициенттери
1. Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция,
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция,
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция, Спорттун
олимпиадалык оюн түрлөрү боюнча жана спорттук-
массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык"
дирекциясы, "Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо
комплекси" мекемеси
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 3,00 |
2 | Директордун орун басары | 2,50 |
3 | Ат майдандын башчысы | 2,40 |
4 | Башкы бухгалтер | 2,20 |
5 | Бухгалтер | 1,90 |
6 | Ат майдандын бухгалтери | 1,90 |
7 | Кадр боюнча адис | 1,90 |
8 | Юрист | 1,90 |
9 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 1,80 |
10 | Басма сөз катчысы | 1,80 |
11 | Методист | 1,80 |
2. "Допингге каршы улуттук борбор" допингге
каршы аракеттенүү боюнча дирекция
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 3,00 |
2 | Бөлүм башчы | 2,40 |
3 | Башкы бухгалтер | 2,20 |
4 | Юрист | 1,90 |
5 | Мамлекеттик сатып алуулар боюча адис | 1,80 |
6 | Инспектор | 1,80 |
3. Шералы Сыдыков атындагы Республикалык
спорт колледжинин, Региондук олимпиадалык
резерв мектебинин административдик-
башкаруу персоналы
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
РСК, РОРМ | ||
1 | Директор | 2,50 |
2 | Директордун орун басары | 2,20 |
3 | Спорттук-ден соолукту чыңдоо лагеринин башчысы | 2,00 |
4 | Башкы бухгалтер | 2,00 |
5 | Юрист | 1,90 |
6 | Мамлекеттик тил боюнча адис | 1,80 |
7 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 1,80 |
8 | Кадр боюнча адис | 1,80 |
9 | Бухгалтер | 1,80 |
10 | Методист | 1,80 |
11 | Программалык камсыздоо инженери | 1,80 |
|
Эскертүү: РСК - Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжи; РОРМ - Региондук олимпиадалык резерв мектеби. | |
4. Балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин,
адистештирилген балдар-өспүрүмдөр
олимпиадалык резерв мектептеринин, балдар-
өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык
мектептеринин жана балдар-өспүрүмдөр
паралимпиадалык резерв мектептеринин
административдик-башкаруу персоналы
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери | |
АБӨОРМ | БӨСМ | ||
1 | Директор | 2,30 | 2,10 |
2 | Директордун орун басары | 2,00 | 1,90 |
3 | Башкы бухгалтер | 1,95 | 1,80 |
4 | Методист | 1,75 | 1,60 |
5 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 1,75 | 1,60 |
|
Эскертүү: АБӨОРМ - адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби; БӨСМ - балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби. | ||
5. Машыктыруучу-окутуучулук курам
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Башкы машыктыруучу | 3,20 |
2 | Улук машыктыруучу | 3,10 |
3 | Жогорку билими бар машыктыруучу | 3,00 |
4 | Атайын орто билими бар машыктыруучу | 2,40 |
5 | Атайын билими жок машыктыруучу | 2,20 |
6. Спорт боюнча инструктор
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Спорт боюнча инструктор | 1,90 |
Эскертүү:
Спорт боюнча инструкторлорго иштеген жылдары үчүн үстөк акынын өлчөмү дене тарбия жана спорт мекемелеринин административдик-башкаруу персоналынын кызматтык маяналарына карата иштеген жылдары үчүн үстөк акынын бекитилген өлчөмүнө ылайык, ал эми бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн - ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленет.
7. Машыктыруучу-окутуучулук курамдын
кызматтык маяналарына үстөк акылардын
өлчөмдөрү
1. Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекцияда, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектептеринде, спорт колледждеринде, балдар-өспүрүмдөр спорт мектептериндеги спорттук өркүндөтүү жана жогорку чеберчилик топторунда иштеген спорт боюнча машыктыруучу-окутуучуларга кесиптик чеберчилиги үчүн кызматтык маянасынын 15 пайыз өлчөмүндө пайыздык үстөк акы төлөнүп берилет.
2. "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкери" ардактуу наамы бар спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналарына иштеген жылдары, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн үстөк акылар ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленет.
3. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу" же "Кыргыз Республикасынын спортуна эмгек сиңирген чебер" спорттук наамы бар спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналарына 800 сом өлчөмдө үстөк акы белгиленет.
4. Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинде жана Региондук олимпиадалык резерв мектебинде машыктыруучуга спортчуларды даярдагандыгы жана өткөрүп бергендиги үчүн ошол спортчу колледжде окуган бүткүл мезгилде ар бир спортчу үчүн кызматтык маянасына 10 пайызга чейин кошумча акы төлөнөт. Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекцияга спортчуларды өткөрүп бергендиги үчүн машыктыруучуга ар бир спортчу үчүн кызматтык маянасына 20 пайызга чейин кошумча акы төлөнөт.
5. Спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналары жыл ичинде жогорку натыйжаларды көрсөткөн спортчуларды даярдагандыгы үчүн төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жогорулатылат:
№ | Иш-чаранын аталышы | Үстөк акынын өлчөмү, % менен | ||
100 %га чейин | 75 %га чейин | 50 %га чейин | ||
Ээлеген орундар | ||||
1 | Олимпиадалык оюндар, Паралимпиадалык оюндар жана Сурдалимпиадалык оюндар | 1 жана 2 | 3 жана 4 | 5 жана 6 |
2 | Өспүрүмдөрдүн олимпиадалык оюндары | 1 | 2 жана 3 | 4 жана 5 |
3 | Чоңдор арасында дүйнөлүк чемпионат | 1 жана 2 | 3 жана 4 | 5 |
4 | Дүйнөлүк универсиада | 1 | 2 | 3 |
5 | Майыптар арасында дүйнөлүк чемпионат | 1 | 2 | 3 |
6 | Азия оюндары | 1 | 2 | 3 |
7 | Азия чемпионаты | - | 1 | 2 жана 3 |
8 | Дүйнөлүк чемпионат: |
|
|
|
- жаштар арасында (U-20, U-22, U -23) | - | 1 жана 2 | 3 жана 4 | |
- кадеттер (өспүрүмдөр) арасында (U- 15, U-17) | - | 1 | 2 жана 3 | |
9 | Азия чемпионаты: |
|
|
|
- жаштар арасында (U-20, U-22, U-23) | - | 1 | 2 жана 3 | |
- кадеттер (өспүрүмдөр) арасында (U- 15, U-17) | - | 1 | 2 жана 3 | |
Эскертүү:
- спорттун олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрү боюнча үстөк акылардын өлчөмдөрү 50 пайызга аз. Кызматтык маяналарга бардык үстөк акылар эмгек акы фондунун чегинде белгиленет;
- жогоруда көрсөтүлгөн натыйжаларга жетишкен спортчулардын тизмеси дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү республикалык ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.".