Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 11-ноябры ПЖ № 308
Кыргыз Республикасынын Президентинин
өзгөчөлүк белгилери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентин расмий иш-чараларда жана чет мамлекеттердин башчылары жана дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү менен жолугушууларда протоколдук тааныштырууну камсыз кылуу максатында, тарыхый жана эл аралык практиканын алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагы өзгөчөлүк белгиси жана Кыргыз Республикасындагы президенттик бийликтин символу болуп саналат деп белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка киришкенде тапшырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын техникалык өзгөчөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын түп нускасынын турган жери Кыргыз Республикасынын борбор шаары – Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясындагы анын кызматтык кабинети болуп саналат;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын дубликаты республиканын борбор шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясынын үстүнө, Кыргыз Республикасынын Президенти башка резиденцияларда болгон убакта алардын үстүнө, Кыргыз Республикасынын Президентинин транспорт каражаттарына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен катар орнотулат;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы салтанаттуу жана башка аземдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагынын дубликаты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен катар орнотулушу мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул Жарлыкка ылайык багыты боюнча пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин байрагын (түп нускасын жана дубликаттарын) жана анын учтугун даярдоону камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 85 “Кыргыз Республикасынын Президентинин айырма белгилери жөнүндө” Декрети күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 90 (3746) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |