Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 28-октябры № 238
Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 451-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Соода-сатык келишиминде сатуучу товарды берген күндөн баштап сатып алуучунун товардын баасына ылайыктуу, керектөөчү кредит чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган талаптарды эске алуу менен суммага пайызды төлөө милдеттенмеси каралышы мүмкүн.";
2) 734-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Керектөөчү кредиттик келишимин түзүүгө байланыштуу келип чыккан укуктук мамилелерге карата ушул параграфтын жоболору керектөөчү кредит чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.";
3) 736-3-статьяда:
а) 1-пунктта "банк" деген сөз "кредит берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кредит берүүчү кредиттик келишимди түзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды эске алуу менен, ар бир конкреттүү заем алуучу менен пайыздардын, эгерде кредиттик келишимде комиссиялык сый акы төлөө милдеттүүлүгү каралса, комиссиялык сый акынын өлчөмүн, аны чегерүүнүн мезгилдүүлүгүн жана төлөө мөөнөттөрүн өз алдынча аныктайт.";
4) 738-9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Ушул главанын жоболору керектөөнү каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен керектөө максаттары үчүн мурабаха келишимин түзүүгө байланыштуу келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат.";
5) 738-14-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мурабаха келишиминин предметине үстөк баа Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарын сактоо менен төмөнкүдөй түрдө белгилениши мүмкүн:";
6) 738-24-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Ушул главанын жоболору керектөөнү каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен керектөө максаттары үчүн иджара же иджара мунтахийя биттамлик келишимин түзүүгө байланыштуу келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат.";
7) 738-31-статьянын 4-пунктунун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ижара төлөмү иджара келишими колдонулуучу мезгилди камтыган бир жолку төлөм түрүндө же болбосо иджара келишими колдонулуучу белгилүү бир мезгилдер үчүн бөлүп төлөө түрүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды сактоо менен белгиленет жана алдын ала төлөө катары толук төлөнүшү же иджара келишими колдонулуучу мезгилге барабар, андан ашык же андан кем мезгил ичинде бөлүп төлөө менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.";
8) 738-35-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Ушул главанын жоболору керектөөнү каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен керектөө максаттары үчүн истиснаа жана жарыш истиснаа келишимдерин түзүүгө байланыштуу келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат.";
9) 738-38-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Истиснаа келишиминин предметинин баасы истиснаа келишими түзүлгөн учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды сактоо менен аныкталат жана акчалай же материалдык каражаттар түрүндө төлөнүшү мүмкүн.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 300-1-берене менен толукталсын:
"300-1-берене. Банктар жана финансы-кредиттик уюмдар тарабынан керектөөчү кредит чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан иши лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банк же финансы-кредиттик уюму тарабынан керектөөчү кредит чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жоболорун бузуу -
банкка же финансы-кредиттик уюмга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".
3-берене.
"Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 108-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 25-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Комиссиялык сый акынын жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдүн өлчөмү кредиттик союздар тарабынан, эгерде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында башкача белгиленбесе, өз алдынча белгиленет.
Пайыздык чендин өлчөмү кредиттик союздар тарабынан, эгерде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында башкача белгиленбесе, өз алдынча белгиленет.";
2) 30-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул статьяда каралган таасир этүү чараларынан тышкары Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу.".
4-берене.
"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акынын жана төлөмдүн өлчөмү, эгерде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында башкача белгиленбесе, микрофинансы уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленет.
Пайыздын ставкасынын өлчөмү, эгерде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында башкача белгиленбесе, микрофинансы уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленет.";
2) 28-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сүткордук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонууга;";
3) 35-статьянын 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Улуттук банк микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге карата ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сүткордук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.";
3) З5-3-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк микрофинансылык уюмга Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, ошондой эле сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.".
5-берене.
"Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 949-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзамдын колдонулушу "Керектөөчү кредити жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берилген кредит берүүнү жана каржылоолорду кошпогондо, насыячыларга - сүткорлук иштин аныктамасына туш келген пайыздарда, үстөк баа менен каржылоону жүзөгө ашыруучу, карызга зайымдарды жана насыяларды берүүчү (менчигинин түрүнө карабастан) жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.";
2) 2-берененин 2-бөлүгү "пайыздык коюмдарды" деген сөздөрдөн кийин "/үстөк бааларды" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 3-берене "пайыздык коюмдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", каржылоо боюнча үстөк баанын" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 4 жана 5-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) жогорку пайыз/үстөк баа - чектүү жол берилүүчү пайызга/үстөк баага барабар же андан жогору пайыздык коюмдун/үстөк баанын мааниси (жылдык, номиналдык пайыздык мааниде);
2) зайым - бир тарап (насыячы) башка тараптын (зайымчынын) менчигине акчалай жана/же материалдык каражаттарды өткөрүп берген, ал эми зайымчы насыячыга пайыздарды төлөө менен жана ансыз акчалай жана/же материалдык каражаттарды ошол эле өлчөмдө кайтарып берүүгө милдеттенген милдеттүү мамилелердин түрү;
3) зайымчы - кайтарып берүү жана акы төлөө шарттарында насыя, зайым, каржылоо аркылуу акчалай жана/же материалдык каражаттарды насыячыдан алуучу жеке же юридикалык жак;
4) насыя - насыячы тарабынан зайымчыга келишимде каралган өлчөмдө жана шарттарда берилүүчү акча каражаттары, зайымчы кайтарып берүүгө жана аларга пайыздарды төлөөгө милдеттенет;
5) насыячы - кайтарып берүү жана акы төлөө шарттарында насыя, зайым, каржылоо аркылуу акчалай жана/же материалдык каражаттарды зайымчыга берүүчү жеке же юридикалык жак;
6) чектүү жол берилүүчү пайыз/үстөк баа - ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн жактар тарабынан берилүүчү, алардын жогорулоосу мамлекет тарабынан таанылбаган, ушул Мыйзамда каралган тартипте белгиленген кредиттин жана насыянын пайыздык ставкасынын, каржылоо боюнча үстөк баанын (жылдык, номиналдык пайыздык мааниде) өлчөмү;
7) сүткорлук иш - келишимде көрсөтүлгөн акчалай жана/же материалдык каражаттарды пайдалангандыгы үчүн жогорку пайыздарды/үстөк бааны караган мөөнөттүүлүк, кайтарып берүү жана акы төлөө негизинде акчалай жана/же материалдык каражаттарды келишим менен берүү боюнча жеке жана юридикалык жактардын иши;
8) сүткорлуктун пайыздык коюмдары - насыя келишими же зайым келишими боюнча пайыздык коюмдар, ошондой эле пайыздарды/үстөк баадан ашкан өлчөмдө каржылоо боюнча чектүү жол берилүүчү үстөк баа (жылдык, номиналдык пайыздык мааниде);
9) сүткорлук - акчалай жана/же материалдык каражаттарды жогорку пайыздар/үстөк баа менен насыяга, зайымга, каржылоого берүү;
10) каржылоо - бир тараптын (насыячы) экинчи тарапка (зайымчыга) исламдык каржылоо принциптерине ылайык келген келишимдик мамилелердин негизинде акча каражаттарын, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүсү.
5-берене. Зайымчынын насыячы менен өз ара мамилелери
1. Зайымчынын насыячы менен мамилелери насыя келишиминин же зайым келишиминин, каржылоо келишиминин негизинде (кагаз же электрондук түрдө), жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Келишимде келишим түзүп жаткан тараптардын негизги шарттары: башкача айтканда келишимдин предмети; тараптардын укугу, милдеттери жана жоопкерчилиги; насыя, зайым боюнча пайыздарды төлөөнүн шарттары жана тартиби; каржылоо боюнча үстөк баалар; жылдык эсептөөдөгү гана пайыздык коюмдун/үстөк баанын өлчөмү; операцияларды жүргүзүү үчүн коюмдар жана/же тарифтер; келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби; мөөнөттөр; келишимдин шарттарын аткарбагандыгы, өз убагында аткарбагандыгы үчүн санкциялар; тараптардын келишүүсү боюнча башка шарттары каралат.";
5) 6-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Чектүү жол берилген пайыздын/үстөк баанын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталуучу орточо өлчөнгөн номиналдык пайыздык коюмга жараша эсептелет, ага 12 пайыз кошулат.";
б) 2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын жана башка финансы-насыялык уюмдардын колдонуудагы кредиттери/каржылоо боюнча орточо өлчөнгөн номиналдык пайыздык коюм Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жарым жылдык негизде эсептелет жана анын расмий веб-сайтында жарыяланат.";
в) 4 жана 5-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Зайымчынын насыячы алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо насыянын же зайымдын/каржылоонун бүткүл иштөө мезгили үчүн эсептелген үстөк айыптын (айып пулдардын, туумдардын) өлчөмү, эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү жактар үчүн банк мыйзамдарында башкача белгиленбесе, берилген кредиттин же зайымдын/каржылоонун суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.
5. Сот тартибинде кредит келишими же зайым келишими боюнча пайыздар боюнча, каржылоо келишими боюнча үстөк баа боюнча зайымчынын карызынын суммасын аныктоодо, эгерде кредиттик келишим же зайым келишими/каржылоо келишими боюнча, кредит боюнча же зайым боюнча бир кыйла төмөн пайыздык коюм/каржылоо келишими боюнча үстөк баа белгиленбесе, сот ушул Мыйзамга ылайык келишим түзүлгөн датага карата аныкталган чектүү жол берилген пайызды/үстөк бааны колдонот.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, эгерде насыя келишиминде/каржылоо келишиминде жол берилүүчү чектен ашкан пайыздын коюмдун/үстөк баанын (жылдык номиналдык пайыздык мааниде) өлчөмү аныкталса, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү жактарга карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.".
6-берене.
"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-берененин 1-бөлүгүндө:
а) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Пайыздык ставканын, комиссиялык сый акынын өлчөмдөрү жана банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтер, эгерде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында башкача каралбаса, банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар тарабынан өз алдынча белгиленет.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Улуттук банк банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактардын банктык кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон пайыздык ставканын, комиссиялык сый акынын жана тарифтердин өлчөмүнө карата чектөөлөрдү жана тыюу салууларды колдонууга укуктуу, ошондой эле монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндө кошумча талаптарды, анын ичинде пайыздык ставканын, комиссиялык сый акынын жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин экономикалык негиздүүлүгүнө карата талаптарды белгилейт.";
2) 85-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн бузулушу таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.".
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |