ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 713 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-сентябрындагы № 633 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 1-ноябры № 713

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 179-беренесинин 4-бөлүгүн, "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 85 (3741) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев