Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25 сентябрындагы № 3546-VII токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам долбоорлоруна
адистештирилген экспертизалардын айрым түрлөрүн жүргүүзү боюнча СТАНДАРТТАР
1-глава. Жалпы Жоболор
§ 1. Стандарттардын колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Стандарттар:
1) укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык адистештирилген экспертизаларды (мындан ары - экспертиза) жүргүзүүнүн негизги принциптерин жана тартибин белгилейт;
2) экспертизаларды жүргүзүүдөгү милдеттүү талаптарды аныктайт;
3) экспертизаларды жүргүзүү чөйрөсүндө кесипкөй терминдерди аныктайт.
2. Мыйзам долбоорлорунун экспертизаларынын башка түрлөрү ушул Стандарттарды колдонууга кирбейт жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
3. Ушул Стандарттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилген мыйзамдардын долбоорлоруна экспертизаларды жүргүзүүдө колдонулат.
4. Ушул Стандарттар колдонуудагы мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертизаларды жүргүзүүдө колдонулушу мүмкүн.
§ 2. Экспертиза түшүнүгү
5. Эксперттердин мыйзам долбоорлорун ушул Стандарттардын талаптарына ылайыктыгына талдоо жана баалоо жүргүзүү боюнча иштери экспертиза болуп саналат.
6. Экспертиза Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык жана тартипте жүргүзүлөт.
7. Экспертизаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперти же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдарда бекитилген учурларда, мыйзам долбоорун даярдоого түздөн-түз катышпаган, сырттан тартылган (чакырылган) көз карандысыз эксперттер (жеке жана юридикалык жактар) жүргүзөт.
§ 3. Экспертизанын предмети
8. Экспертиза өткөрүүдө эксперт чечүүсү зарыл болгон эксперттик милдет (суроолордун тизмеги) экспертизанын предмети болуп саналат.
9. Жүргүзүлүп жаткан экспертизанын түрүнө жараша жана мыйзам долбоору менен жөнгө салынуучу мамилелердин мүнөзүн эске алуу менен экспертиза өз ичине бир же бир нече эксперттик милдеттерди камтышы мүмкүн.
§ 4. Экспертизанын максаттары, милдеттери жана принциптери
10. Укук колдонуу практикасында натыйжалуу колдонуу үчүн кабыл алынуучу мыйзамдардын сапатын жогорулатуу экспертизанын негизги максаты болуп саналат.
11. Экспертизанын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мыйзам долбоорунун сапатына, негиздүүлүгүнө, мыйзам чыгаруу техникасынанын талаптарынын сакталышына баало жүргүзүү;
2) мыйзам долбоорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына, конституциялык мыйзамдарына, кодекстерине, мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайыктуулугун баалоо;
3) мыйзам долбоорунун жоболорунун колдонулушун жана натыйжалуулугун баалоо;
4) потенциалдуу укуктук коллизияларды, кайталоолорду же башка ченемдик укуктук актылар менен карама-каршылыктарды аныктоо жана баалоо;
5) мыйзам долбоорун кабыл алуунун укуктук, социалдык, экономикалык, экологиялык жана башка кесепеттерин аныктоо жана баалоо;
6) экспертиза жүргүзүүдө коюлган башка милдеттерди кароо.
12. Экспертиза төмөнкү принциптердин негизинде жүргүзүлөт:
1) мыйзамдуулук;
2) адамдын, жарандын жана юридикалык жактын укуктарын сактоо жана эркиндиктерин урматтоо;
3) айкындуулук;
4) компетенттүүлүк;
5) кызыкчылыктардын кагылышына жол берилбестик;
6) берилген ыйгарым укуктардын чегинде көз карандысыздык;
7) объективдүүлүк;
8) мыйзам долбоорун талдоонун жана баалоонун толуктугу үчүн жоопкерчилик.
13. Жүргүзүлүп жаткан экспертизанын түрүнө жана мыйзам долбоору жөнгө салуучу мамилелердин мүнөзүнө жараша экспертиза атайын максаттарга жана принциптерге ээ болушу мүмкүн.
§ 5. Экспертизанын милдеттүүлүгү
14. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдарда жана ушул Стандарттарда каралган учурларда экспертиза милдеттүү тартипте жүргүзүлөт.
15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматы экспертизалардын натыйжалары менен төмөнкүдөй эксперттик корутундуну милдеттүү түрдө берет:
1) алар жооптуу комитеттерде каралганга жана биринчи окууга киргизилгенге чейин мыйзам долбооруна жана мыйзам долбоорлорунун пакетине;
2) мыйзам долбоорун экинчи окууга карата даярдоонун жүрүшүндө киргизилген түзөтүүлөргө;
3) экинчи окуу жол-жобосуна кайтарып берилген мыйзам долбооруна карата келип түшкөн түзөтүүлөргө;
4) мыйзам долбоорун кароо мөөнөтүн комитет узарткандан кийин 10 күндүн ичинде киргизилген түзөтүүлөргө;
5) Президенттин каршы пикири менен кайтарылган мыйзамга;
6) Президенттин каршы пикирлери боюнча макулдашуу тобу тарабынан даярдалган мыйзамдын текстине.
§ 6. Экспертиза жүргүзүүнүн укуктук негизи
16. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдер, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө”, “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө”, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары экспертиза өткөрүүнүн укуктук негизи болуп саналат.
2-глава.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин (мындан ары – Комитет) жана эксперттин укуктары менен милдеттери
§ 7. Комитеттин укуктары
17. Комитет төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте мыйзам долбоорунун экспертизасын алууга;
2) эксперттик корутунду боюнча эксперттерден түшүндүрмө алууга;
3) мыйзам долбоору боюнча Комитеттин корутундусун даярдоодо эксперттик корутундуну пайдаланууга;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин жөнгө салуучу мыйзамдарда каралган башка укуктарга да ээ.
§ 8. Комитеттин милдеттери
18. Комитет төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мыйзам долбоорун жана анын коштоочу документтерин кароонун жыйынтыктары боюнча Комитеттин корутундусунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматы жана/же көз карандысыз эксперттер тарабынан мыйзам долбооруна жүргүзүлгөн адистештирилген экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштарын чагылдырууга;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин жөнгө салуучу мыйзамдарда каралган башка милдеттерди аткарууга.
§ 9. Эксперттин укуктары
19. Эксперт төмөнкүлөргө укуктуу:
1) экспертизанын предметине тиешелүү материалдар менен таанышууга, анын ичинде, эгерде мыйзам долбооруна карата материалдар, экспертизанын предметине жана объектисине тиешелүү маалыматтар базасы жана маалыматтардын башка булактары коммерциялык, кызматтык же мамлекеттик жашыруун сырды камтыса, белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган маалыматтарды алууга;
2) экспертизанын предметине жана объектисине тиешелүү маалыматтарды жана материалдарды өз алдынча чогултууну жүзөгө ашырууга;
3) мамлекеттик, илимий органдардан жана мекемелерден, кесиптик уюмдардан жана мекемелерден кошумча маалыматтарды суроого.
20. Эксперт кызматтык нускамаларда, эмгектик же жарандык-укуктук келишимде каралган башка укуктарга да ээ.
§ 10. Эксперттин милдеттери
21. Эксперт төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мыйзам долбооруна экспертиза жүргүзүүгө жана эксперттик корутунду даярдоого;
2) эксперттик корутунду боюнча түшүндүрмө берүүгө;
3) экспертиза жүргүзүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон, мыйзам тарабынан корголуучу мамлекеттик, кызматтык же коммерциялык сырлардын категориясына киргизилген маалыматтарды ачык жарыялабоого.
22. Эксперт кызматтык нускамада, эмгектик же жарандык-укуктук келишимде каралган башка милдеттерди да аткарат.
3-глава.Укуктук экспертиза
§ 11. Укуктук экспертизанын объектиси, максаты жана милдеттери, эксперттерге коюлуучу талаптар
23. Бардык мыйзам долбоорлору укуктук экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.
24. Укуктук экспертизанын максаты мыйзам долбоорунун төмөнкүлөргө шайкештигин белгилөө үчүн Стандарттардын талаптарына туура келишинбаалоо болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү эл аралык келишимдерге, эларалык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерине;
3) Кыргыз Республикасынын укуктук тутумуна жана мыйзамдарына;
4) мыйзам долбоорун даярдоо жана жол-жоболоштуруу эрежелерине, анын ичинде мыйзам чыгаруу техникасынын жана укук ченемдеринин логикалык түзүмүнүн талаптарына.
25. Укуктук экспертизанын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мыйзам долбоорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын укук тутумуна жана мыйзамдарына шайкештигин баалоо;
2) мыйзам долбоорун эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайык келүүсүн баалоо;
3) мыйзам долбоорун даярдоонун жана жол-жоболоштуруунун эрежелерине, мыйзам чыгаруу техникасынын жана укук ченемдин логикалык түзүмүнүн талаптарына шайкеш келүүсүн баалоо;
4) башка ченемдик укуктук актылар менен болгон потенциалдуу укуктук коллизияларды, кайталоолорду же карама-каршылыктарды аныктоо жана баалоо;
5) мыйзам долбоорунун “декларативдик” жана маалымдама жоболорун аныктоо жана алардын негиздүүлүгүн жана зарылдыгын баалоо.
26. Юридикалык билими жана квалификациясы бар, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды даярдоо, талдоо жана баалоо, аларга укуктук экспертиза жүргүзүү чөйрөсүндө кесиптик тажрыйбага ээ болгон адамдар мыйзам долбоорлоруна укуктук экспертизаны жүзөгө ашыруучу эксперттер болууга тийиш.
§ 12. Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкештигин баалоо
27. Мыйзам долбоорунун жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүгө тийиш. Экспертиза өткөрүүдө эксперт төмөнкүлөрдү аныктоосу зарыл:
1) мыйзам долбоорунун максаттары, милдеттери жана укуктук жөнгө салуу предмети Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен белгиленген конституциялык түзүлүштүн негиздерине, принциптерине жана ченемдерине карама-каршы келбестигин;
2) эгерде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми бул мыйзамга карата шилтеме болуп саналган учурда мыйзам долбоорунун жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбестигин;
3) мыйзам долбоорунун жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын конституциялык органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясын белгилөөчү ченемдерине карама-каршы келбестигин;
4) мыйзам долбоорунда камтылган терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Конституциясындагыда камтылган терминдерге жана түшүнүктөргө карама-каршы келбестигин.
§ 13. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайыктыгын баалоо
28. Мыйзам долбоорунун жоболору эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайык келүүгө тийиш.
29. Экспертиза өткөрүүдө эксперт төмөнкүлөрдү аныктоосу зарыл:
1) мыйзам долбоорунун жөнгө салуу предметине тиешелүү эл аралык укуктук ченемдер толук өлчөмдө аныкталгандыгын;
2) мыйзам долбоорунун жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбегендигин;
3) мыйзам долбоорунун жоболору эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине карама-каршы келбегендигин;
4) мыйзам долбоорунда ал кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди шайкеш келтирүүгө (жакындаштырууга, унификациялоого) анда тоскоолдук жаратуучу жоболордун бар/жок экендигин;
5) мыйзам долбоорунда ал кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга тоскоол болуучу жоболордун бар/жок экендигин;
6) мыйзам долбоорунда ал кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден келип чыгуучу эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга тоскоолдук жаратуучу жоболордун бар/жок экендигин;
7) мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболорун имплементациялоого багытталган жоболордун бар/жок экендигин;
8) ушул мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболорун имплементациялоонун зарылдыгынын бар/жок экендигин;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди шайкеш келтирүүгө (жакындаштырууга, унификациялоого) тоскоолдук жаратуучу же эл аралык келишимдердин максаттарына, милдеттерине жана ченемдерине, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине карама-каршы келүүчү жоболорду болтурбоо максатында мыйзам долбооруна, же болбосо колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн зарылдыгынын бар/жок экендигин.
30. Экспертиза өткөрүүдө мыйзам долбоорунун жоболорунун 1969-жылдын 23-майындагы Эл аралык келишимдердин укугу жөнүндө Вена конвенциясынын жана “Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайыктыгын баалоо да жүргүзүлөт.
31. Экспертиза жүргүзүүдө экспертке төмөнкүлөр зарыл:
1) мыйзам долбоорунун жоболору ылайык келүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимди аныктоо;
2) анын жоболорунун аутенттүүлүгүн жана расмийлүүлүгүн белгилөө үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдин тилин аныктоо;
3) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдин күчүнө кирүүчү так датасын, ошондой эле колдонуу мөөнөтүн аныктоо;
4) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге кошумчалардын бар же жок экенин аныктоо;
5) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдин колдонулушун токтоткон учурдун болгонун же болбогонун аныктоо.
§ 14. Кыргыз Республикасынын укуктук тутумуна жана мыйзамдарына ылайыктыгын баалоо
32. Мыйзам долбоорунун жоболору Кыргыз Республикасынын укуктук тутумуна жана мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
33. Экспертиза өткөрүүдө эксперт төмөнкүлөрдү аныктоосу зарыл:
1) мыйзам долбоорунун максаттарын, милдеттерин жана укуктук жөнгө салуу предметин;
2) мыйзам долбоорунун укуктук жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик базасынын абалын;
3) белгиленген коомдук мамилелерди мыйзам чыгаруу менен жөнгө салуунун зарылдыгын;
4) тандалып алынган ченемдик укуктук актынын негиздүүлүгүн;
5) мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун принциптерине ылайыктуубу;
6) мыйзам долбоорунун жоболорунун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине ылайыктуубу;
7) мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын укуктук тутуму жана колдонуудагы мыйзамдары үчүн терс натыйжаларга алып келбейби;
8) мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жана кемтиктерди четтетүүгө түрткү береби;
9) мыйзам долбоору бир эле маселелер боюнча мурда чыгарылган мыйзамдардын көптүгүн жоюуга көмөктөшөбү.
§ 15. Мыйзам долбоорун даярдоо жана жол-жоболоштуруу эрежелерине ылайыктыгын баалоо
34. Мыйзам долбоорунун жоболору мыйзам долбоорун даярдоо жана жол-жоболоштуруу эрежелерине, анын ичинде мыйзам чыгаруу техникасынын жана укук ченемдеринин логикалык түзүлүшүнүн эрежелерине ылайык келүүгө тийиш.
35. Экспертиза өткөрүүдө эксперт төмөнкүлөрдү аныктоосу зарыл:
1) жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын түздөн түз козгоочу, же жеке ишкердик ишти жөнгө салуучу мыйзам долбоорун коомдук талкуулоо үчүн милдетүү түрдө жарыялоо тууралу талап аткарылганбы, ошондой эле андай жарыялоонун белгиленген тартиби сакталганбы;
2) ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү (мындан ары – ЖТТ) жөнүндө талап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү методикасына ылайык аткарылганбы жана мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоо жөнүндө Аналитикалык кат тиркелгенби;
3) “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жалпы техникалык регламенттерди иштеп чыгуу тартибине карата талаптар аткарылганбы;
4) мыйзам долбоору үчүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүүсүн, же болбосо анын киреше бөлүгүнүн кыскаруусун караган каржылоо булагын аныктоо боюнча талаптар аткарылганбы;
5) мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына ылайык мыйзам чыгаруу техникасынын эрежелерине ылайык келеби;
6) мыйзам долбоору төмөнкү бөлүктөрдөн турган укук ченеминин логикалык тутумунун талаптарына туура келеби:
- гипотезадан: бул укуктук ченемдин колдонулуш шарттарынын баяндамалышы;
- диспозициядан: гипотеза менен каралган шарттар болгондо жетекчиликке алынууга тийиш болгон жүрүм-турум эрежеси;
- санкциялардан: гипотезада каралган шарттар болгондо укук ченемдердин диспозициясын бузган адамдар үчүн келип чыгуучу натыйжалар.
36. Эксперт укук ченемдердин логикалык түзүмүнүн бөлүктөрү айрым учурларда мыйзам долбоорунун ар кыл беренелеринде же мыйзамдын башка долбоорунда болуп калышы мүмкүн экенин эсине алып коюусу зарыл.
37. Эксперт мыйзам долбооруна тиркелген документтердеги маалыматтарды баалоосу зарыл. Атап айтканда, бул каржы-экономикалык эсептөөлөр, жүргүзүлгөн илимий жана башка адистештирилген экспертиза актылары, статистикалык маалыматтар, кабыл алынып жаткан мыйзамдын колдонулушунун мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, юридикалык жана башка кесепеттеринин болжолу.
38. Эксперт негизги мыйзам долбоорун колдонууга киргизүүнүн тартибин аныктоочу жана негизги мыйзам долбоорунун жоболору менен бирдикте анын айрым жоболорун колдонуунун өзгөчөлүгүн белгилөөчү мыйзам долбоорунун жоболорун баалоосу керек.
§ 16. Тыянактар жана сунуштар
39. Жүргүзүлгөн укуктук экспертизанын натыйжалары боюнча эксперт төмөнкү жыйынтыктардын бирине токтолгон экспертиза корутундусун даярдайт:
1) мыйзам долбоору ушул Стандарттарда камтылган талаптарга ылайык келет;
2) мыйзам долбоору ушул Стандарттарда камтылган талаптарга ылайык келбейт;
3) мыйзам долбоорунун айрым жоболору ушул Стандарттарда камтылган талаптарга ылайык келбейт жана жеткире иштеп чыгууну талап кылат.
4-глава. Укук коргоочулук экспертиза
§ 17. Укук коргоочулук экспертизанын объекти, максаты жана милдеттери
40. Адам укуктарын коргоонун бирдиктүү стандарттарын камсыз кылуу максатында адамдын жашоо тиричилигинын бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзам долбоорлорунун бардыгы укук коргоо экспертизасынан өткөрүлүүгө тийиш.
41. Мыйзам долбоорунун адам укуктарын коргоонун стандарттарына ылайыктыгын баалоо укук коргоо экспертизасынын максаты болуп саналат.
42. Укук коргоо экспертизанын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мыйзам долбоорунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык укуктарга ылайыктуулугун баалоо:
- мыйзам долбоорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына, адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин баалоо;
- мыйзам долбоорунун эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык келүүсүн баалоо;
2) адам укуктарын коргоо көз карашынан алганда мыйзам долбоорун ишке ашыруунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баалоо;
3) аларды адам укуктарын коргоо стандарттарына ылайык келүү максатында мыйзам долбоорунун жоболорун жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу.
§ 18. Адам укуктарын камсыз кылууга негиз болуучу принциптер
43. Мыйзам долбоорлорунун укук коргоочулук экспертизасы адам укуктарын камсыз кылуунун негиз болуучу төмөнкү принциптерине негизделет:
1) адам укуктары ага төрөлгөндөн тартып таандык болот, алар бөлүнгүс жана ажырагыс болуп саналышат;
2) адам укуктары универсалдуу, теңчилдик, анын ичинде эркектер менен аялдардын тең укуктуулук принцибине негизделген;
3) адам укуктары Кыргыз Республикасынын юрисдикциясы алдында турган ар бир адамга кепилдик кылынган;
4) адам укуктары ‒ жогорку баалуулук, ал эми аларды урматтоо, сактоо жана коргоо ‒ мамлекеттин милдети;
5) бардык адамдар өз кадыр-баркында жана укуктарында теңчиликтүү жана бири-бирине карата бир туугандык мамиледе болууга тийиш, мында демократиялык коомдо зарыл болгон бир адамдын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин тийиштүү деңгээлде тааныганда жана урматтаганда гана жол берилет;
6) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында негизги укуктар жана эркиндиктер бирдей болууга тийиш, аларды жөнгө салуу ‒ мамлекеттик бийлик органдарынын, ал эми камсыз кылуу жана коргоо ‒ мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешип жүргүзүүчү предмети;
7) жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жана эркиндиктер өздөрүнүн мааниси боюнча тең нарктуу, бирдиктүү (бөлүнгүс) жана өз-ара байланыштуу.
§ 19. Эксперттерге коюлуучу талаптар
44. Адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана эл аралык стандарттарды билүүсү, ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укук коргоочулук экспертиза жүргүзүү көндүмдөрү, ошондой эле адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү кесиптик тажрыйбасы бар адамдар мыйзам долбоорлоруна укук коргоочулук экспертизаны жүзөгө ашыруучу эксперттер болууга тийиш.
§ 20. Адам укуктарын коргоо стандарттары түшүнүгү
45. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жана ченемдеринде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында камтылган адам укуктарын коргоо боюнча укуктук ченемдер адам укуктарын коргоонун стандарттары болуп саналат.
46. Адам укуктарын коргоонун стандарттары адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин тизмегин, алардын мазмуну менен жол берилүүчү чектөөлөрдү, ошондой эле аларды коргоонун механизмдерин белгилейт жана аныктайт.
47. Адам укуктары жана эркиндиктери бардык мыйзамдардан жана мыйзамга баш ийген актылардан артыкчылыкка ээ, ошондон улам укук коргоочулук экспертизаны жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган адам укуктарын коргоо стандарттарын жетекчиликке алуу зарыл.
48. Адам укуктарын коргоонун стандарттары Кыргыз Республикасынын Конституциясында, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде каралган стандарттардан турат.
49. Укук коргоочулук экспертиза ченемдик укуктук актылардын белгиленген иеархиясы боюнча адам укуктарынын стандарттарына ылайыктыгына карата жүргүзүлүүгө тийиш.
§ 21. Укук коргоочулук экспертизаны жүргүзүү баскычтары
50. Мыйзам долбооруна укук коргоочулук экспертиза төмөнкү негизги этаптарга ылайык жүргүзүлөт:
1) мыйзам долбоору тарабынан козголуучу адам укуктарынын алкагын белгилөө;
2) экспертизага камтылган укуктар алкагындагы мыйзамдарды талдоо;
3) мыйзам долбоорунун жоболорунун адам укуктарын коргоо стандарттарына ылайыктыгын баалоо.
§ 22. Мыйзам долбоорунун таасирине дуушар болгон адам укуктарынын чөйрөсүн белгилөө
51. Бул этапта эл аралык ченемдерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган адамдын бардык укуктарынын жана эркиндиктеринин негизинде мыйзам долбоорунда козголуучу адам укуктарынын чөйрөсү белгиленет.
§ 23. Экспертиза камтыган укуктар алкагындагы мыйзамдарды талдоо
52. Укук коргоочулук экспертиза жүргүзүүнүӊ бул этабында төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча каралып жаткан адам укуктары алкагын коргоо стандартын белгилөө;
2) Кыргыз Республикасы үчүн колдонуудагы эл аралык укуктун ченемдери боюнча каралып жаткан адам укуктары алкагын коргоо стандартын белгилөө;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган адам укуктарын коргоонун стандартын ал укуктарды коргоонун эл аралык укуктарда белгиленген стандарты менен салыштыруу.
53. Эл аралык укукта бекитилген адам укуктарын коргоонун стандарты төмөнкүлөрдү талдоо жолу менен аныкталат:
1) эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин;
2) адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердеги ченемдерди;
3) эл аралык жумшак укуктун ар кандай актыларындагы ченемдерди.
54. Эл аралык ченемдерди талдоодо Кыргыз Республикасында адам укуктары менен эркиндиктери эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун тутумдаш бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен таанылары жана кепилденерине таянуу керек.
55. Колдонуу үчүн мамлекеттик ички укуктук актыны чыгарууну талап кылбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жоболору Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат.
Башка учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишими менен бир катарда, көрсөтүлгөн эл аралык келишимдин жоболорун жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алынган тийиштүү мамлекеттик ички укуктук актыны да колдонуу керек.
56. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген адам укуктарын коргоо стандарты Кыргыз Республикасынын Конституциясынан баштап, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын талдоо жолу менен аныкталат.
57. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык укуктун актыларына ылайыктыгын талдоого алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары эл аралык мыйзамдарга караганда кем эмес укуктарды кепилдеши керек экенин эсепке алуу зарыл. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары көбүрөөк укуктарды кепилдеши мүмкүн.
58. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тутумдук бөлүгү катары жарыялоо бул ченемдердин эл аралык маанисин өзгөртпөйт. Ошондуктан адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттарын колдонууда, өзгөчө аларды чечмелөөдө эл аралык актылардын өздөрүндө эле эмес, эл аралык сот жана башка органдардын чечимдеринде да бекемделген жалпы принциптерди жетекчиликке алуу зарыл.
59. Эгерде алар жалпыга маалымдоо үчүн расмий жарыяланбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талдоо адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин, милдеттерин козгоочу мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук акыларга негиздене албайт, бул жөнүндө тиешелүү жазуу экспертизалык корутундуда милдеттүү түрдө чагылдырылууга тийиш.
60. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган адам укуктарын коргоо стандарты менен Кыргыз Республикасы кошулган же болбосо ратификациялаган эл аралык укук актысында белгиленген эл аралык стандартта каралгандагыдан көбүрөөк кепилдиктер белгиленген учурда, дал ошол стандарт колдонулат, а эгерде кепилдиктер аз болсо - анда эл аралык стандарт колдонулуучу болуп саналат.
§ 24. Мыйзам долбоорунун жоболорунун адам укуктарын коргоо стандарттарына ылайыктыгын баалоо
61. Укук коргоочулук экспертизаны өткөрүүнүн бул этабында мыйзам долбоорунун төмөнкүлөргө ылайыктыгын баалоо керек:
1) концепциянын адам укуктарын коргоонун тиешелүү стандартынын негизинде турган концепцияга, негизги идеяга жана максаттарга;
2) Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоонун белгиленген стандартына;
3) аракеттеги мамлекеттик институттардын компетенцияларынын бул мыйзам долбоорунда каралган ыйгарым укуктардын ылайыктыгы;
4) адамдын тиешелүү укугун ишке ашыруу жана коргоо жол-жобосунун натыйжалуулугуна;
5) анда каралган адам укуктарын чектөөлөрдүн жол берилишине.
62. Мыйзам долбоорунун жоболорун ушул чөйрөдө сактоо зарыл болгон укуктарды коргоо стандарты менен салыштырууда башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук коопсуздукту жана тартипти, аймактык бүтүндүктү камсыз кылуу, Конституцияда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда конституциялык түзүлүштү коргоо максаттарында гана жол берилүүчү, мыйзам долбоорунда каралган адам укуктары менен эркиндиктерин чектөөлөргө жол берилишине көңүл буруу зарыл.
63. Адам укуктарын чектөөнү караган мыйзам долбоору төмөнкү негиз болуучу талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) мыйзам күчүнө киргенден кийин, ар бирине жеткиликтүү болууга тийиш;
2) тиешелүү укуктук ченемдерди колдонуу жөнүндө жетиштүү маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ар ким ээ болууга;
3) укуктук ченем жетиштүү деңгээлде так жана түшүнүктүү баяндалууга тийиш.
64. Эгерде мыйзам долбоорунда чектөө каралса, анда бул чектөөлөрдүн зарылдыгы демократиялык коомдо аныкталат.
65. Чектөөлөрдүн зарылдыгын талдоодо көздөлгөн максаттардын укуктарды жана эркиндиктерди чектөөдө колдонулуучу каражаттардын теңдештиги текшерилет. Чектөөлөр минималдуу жана корголуп жаткан максаттарга пропорционалдуу болууга тийиш. Мында адамдын укуктары менен эркиндиктеринин түпкү маани-маңызы козголбошу керек.
66. Мында укуктардын айрым категориялары эч кандай жагдайларда чектелүүсү мүмкүн эмес экениндигин эске алуу керек. Мындай укуктарга: жашоо укугу, кыйноолордон же катаал, адамкерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамилелерден же жазалардан, келишимдик милдеттенмелерди аткарбаган учурларда кулчулуктан эркин болуу укугу, жазык мыйзамдарынын кайтара күчүн колдонбоо укугу, анын укук субъектилик укугун таануу укугу, эркин ойлонуу, абийир жана дин тутуу эркиндигинин укугу кирет.
67. Мыйзам долбоорунун жоболорун адам укуктарын коргоонун тиешелүү стандартына салыштырууда, адам укуктары менен эркиндиктеринин жеткиликтүү, натыйжалуу, максатка ылайыктуу жана адекваттуу болушу керек болгон укук коргоо каражаты менен камсыз кылынышын текшерүү зарыл.
68. Мыйзам долбоорунда ар ким мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана кызмат адамдарынын, анын укуктарын жана эркиндиктерин бузган кандай гана болбосун аракеттерине (аракетсиздиктерине) Кыргыз Республикасынын сот органдарына жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоонун эл аралык органдарына даттанууга укуктуулугу бекемделиши керек.
69. Мыйзам долбоорунда козголгон укуктар мамлекет тарабынан канчалык деңгээлде төмөнкү процесстик ченемдерде бекитилүү менен коргоого алынганын текшерүү зарыл:
1) даттанууларды максималдуу тез кароо;
2) арыз ээсин даттануу берүүдө мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу;
3) тынч элдешүү макулдашуусуна келүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоо;
4) соттун чечимин аткарбаган кызмат адамдарына аларды ээлеген кызмат орундарынан бошотууга чейин жогорулатылган талаптарды коюу;
5) моралдык зыяндардын ордун толтуруу жана башка.
70. Соттук коргоого укук бардык башка укуктар менен эркиндиктердин кепилдиги болуп саналат жана кандайдыр бир, өзгөчө кырдаал киргизилген учурларда дагы чектөөлөргө алынбайт.
§ 25. Тыянактар жана сунуштар
71. Укук коргоочулук экспертизасынын натыйжалары боюнча эксперт эксперттик корутунду түзүп, анда төмөнкүлөр камтылат:
1) мыйзам долбоорунун адам укуктарын коргоо стандарттарына, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин ченемдерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин баалоо;
2) адам укуктарын коргоо көз карашынан алганда мыйзам долбоорун ишке ашыруунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баалоо;
3) адам укуктарын коргоо стандарттарына ылайык келтирүү максатында мыйзам долбоорунун жоболорунун жакшыртуу боюнча сунуштамалар.
72. Экспертизалык корутунду төмөнкү тыянактардын бирин камтыйт:
1) мыйзам долбоору каралып жаткан адам укуктарынын чөйрөсүндө коргоо стандартына толук өлчөмдө ылайык келет;
2) мыйзам долбоору каралып жаткан адам укуктарынын чөйрөсүндө коргоо стандартына толук эмес өлчөмдө ылайык келет жана жеткире иштеп чыгууну талап кылат;
3) мыйзам долбоору каралып жаткан адам укуктарынын чөйрөсүндөгү коргоо стандартына толук өлчөмдө ылайык келбейт, адам укугунун бузулушуна алып келет.
73. Эксперттин тыянагы экспертизалык корутундуда негизделиши керек.
Зарыл болгондо эксперт мыйзам долбооруна карата каралып жаткан адам укуктарынын чөйрөсүн коргоо стандартына ылайык келген жоболорду туюнтуу менен сунуштамаларрды даярдоого тийиш.
5-глава. Гендердик экспертиза
§ 26. Гендердик экспертизанын объекти, максаты жана милдеттери
74. Укуктарды, милдеттерди, мүмкүнчүлүктөрдү жана жыныстык таандыгына карабастан адамдардын жоопкерчиликтерин жөнгө салууда теңсиздиктерди болтурбоо максатында адамдын жашоо тиричилигинин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу бардык мыйзамдардын долбоорлоруна гендердик экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш.
75. Мыйзам долбоорунун жоболорунда укуктардын, милдеттердин, жоопкерчиликтердин, мүмкүнчүлүктөрдүн, эркектер жана аялдар үчүн теңчиликтүү өнөктөштүк мамилелердин жана бирдей маанилүү жыйынтыктардын сакталуусун, аларда гендердик басмырлоого жол берилбөөсүн баалоо гендердик экспертизанын максаты болуп саналат.
76. Гендердик экспертизанын негизги милдеттери:
1) гендердик теңчиликти камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик жөнгө салуунун абалы менен байланышкан, кабыл алынуучу чечимдердин негиздүүлүгүн камсыз кылуучу объективдүү фактыларды, жагдайларды жана кырдаалдарды белгилөө;
2) гендердик теңчиликти сактоо жагынан мыйзам долбоорун кабыл алуунун мүмкүн болуучу кесепеттерин, ошондой эле аларды кепилдөө, коргоо жана иш жүзүндө камсыз кылуу механизмдерин талдоо жана баалоо;
3) мыйзам долбоорунда гендердик теңчиликтин аныкталган бузууларын четтетүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу.
§ 27. Гендердик экспертизанын атайын принциптери
77. Гендердик экспертизанын атайын принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жыныстык таандыктыгына карабастан адамдын эркин жашоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу адам укуктарын сактоо;
2) жашоонун бир кыйла басмырлоочу чөйрөсүндө бир жыныстагы адамдарды коргоого багытталган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболоруна ылайык гендердик басмырлоо болуп саналбаган ченемдерди колдонуу;
3) жынысына карабастан адамдарга карата гумандуу жана адилет мамиле жасоо.
§ 28. Эксперттерге коюлуучу талаптар
78. Гендердик экспертизаны жүзөгө ашыруучу эксперттер төмөнкүдөй болууга тийиш:
1) гендердик теңчилик жана адам укуктарынын теориясы чөйрөсүндө билимдерге ээ болууга;
2) гендердик теңчиликке жетүүдө жолтоо болуучу (маданий, диндик, институционалдык, экономикалык, саясый жана башка) бөгөттөрдү ажырата билүүгө;
3) гендердик теңчиликке жетүүдө тоскоолдуктарды жеӊилдетүү жана жоюу боюнча эл аралык жана улуттук тажрыйбаны билүүгө.
§ 29. Гендердик теңчилик категориялары
79. Гендердик теңчилик категориялары төмөнкүдөй бөлүнөт:
1) аялдар менен эркектердин укуктарынын жана милдеттеринин теңдиги;
2) аялдар менен эркектердин бирдей жоопкерчилиги;
3) аялдар менен эркектер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр;
4) адамдын жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрүндө аялдар менен эркектердин теңчиликтүү өнөктөштүк мамилелери;
5) аялдар жана эркектер үчүн бирдей натыйжалар.
§ 30. Гендердик экспертиза жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
80. Гендердик экспертиза жүргүзүүдө төмөнкүлөр зарыл:
1) долбоордун гендердик теңчиликке жетишүү жаатындагы мамлекеттик саясатка ылайыктыгын текшерүүнү жүзөгө ашыруу;
2) өлкөдөгү учурдагы гендердик абалды, мыйзамдын долбоорунун жоболорунун ар кыл социалдык топторго ар кандай таасир этүүлөрүн эсепке алуу;
3) эркектер менен аялдардын ар кыл социалдык-экономикалык абалдарын жана ролдорун эсепке алуу;
4) тиешелүү чөйрөдө жана коомдо аялдар менен эркектердин ар кандай статусун мүнөздөгөн статистикалык жана башка маалыматтарды жана көрсөткүчтөрдү эске алууга.
§ 31. Гендердик экспертиза жүргүзүүнүн баскычтары
81. Гендердик экспертиза жүргүзүүнүн биринчи баскычында эксперт төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
1) кабыл алынышы ар башка жыныстагы адамдар үчүн ар кандай кесепеттерге алып келүүчү жоболорду бөлүп көрсөтүү менен мыйзам долбоорунун жөнгө салуу предметин аныктоо;
2) мыйзам долбоорунун жоболорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана гендердик теңчилик маселелерин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын ченемдерине ылайыктыгына талдоо жүргүзүү;
3) мыйзам долбоорунун жоболорунун эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайыктыгына талдоо жүргүзүү;
4) мыйзам долбоорунун жоболорун гендердик теңчиликтин ар бир категориясы менен салыштыруу;
5) мыйзам долбоорунда колдонулган терминдердин жана түшүнүктөрдүн туура пайдаланылышын текшерүү.
82. Гендердик экспертиза жүргүзүүнүн экинчи баскычында эксперт төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
1) гендердик талдоонун жардамы менен мыйзам долбоору кабыл алынган учурда ар башка жыныстагы адамдар үчүн күтүлүүчү гендердик-социалдык өнүгүүнү же терс кесепеттерди аныктоо;
2) гендердик басмырлоонун ар кандай формаларына жол бербөө максатында мыйзам долбоору кабыл алынган учурда ар кандай социалдык топтордогу аялдар жана эркектер үчүн келип чыгышы мүмкүн болгон кесепеттерди болжолдоо жана жалпылоо;
3) гендердик тең салмакталган жоболорду бышыктоо максатында мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын иликтөө, ошондой эле тиешелүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.
83. Гендердик талдоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) аялдардын да, эркектердин да социалдык-экономикалык, саясий, маданий, ошондой эле башка абалынын жана ролунун айырмачылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу үчүн зарыл болгон статистикалык жана башка маалыматтарды жыйноо;
2) ар кандай жыныстагы адамдардын ресурстарга жана ыңгайлуулуктарга жетүү мүмкүнчүлүктөрүн жана даражасын аныктоо жана аларга контроль кылуу;
3) эркектердин жана аялдардын практикалык жана стратегиялык муктаждыктарын жана талаптарын изилөө;
4) эркектер менен аялдардын стратегиялык кызыкчылыктарына байланыштуу чектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн табуу;
5) өлкөдөгү учурдагы гендердик абалды, мыйзам долбоорунун жоболорунун аялдардын жана эркектердин ар кандай социалдык топторуна тийгизген таасирин баалоо.
84. Мыйзам долбоорунун жоболорунун ар кандай жыныстагы адамдарга белгилүү бир таасир этүүнүн жол берилишин жана таасирин баалоо гендердик талдоонун натыйжасы болуп саналат.
85. Гендердик экспертизанын жүрүшүндө мыйзам долбооруна мыйзам долбоору жөнгө салуучу коомдук мамилелер чөйрөсүндө басмырлоо абалында калган жыныстардын биринин адамдарын колдоо үчүн атайын убактылуу чараларды белгилөөчү жоболорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн аныктоо зарыл.
§ 32. Тыянактар жана сунуштар
86. Экспертизалык корутундуну негиздөө үчүн эксперт төмөнкүдөй баа берүүлөрдү колдонот:
1) мыйзам долбоору гендердик жактан сезимтал - мыйзам долбоору жашоонун белгилүү бир чөйрөсүндө жыныстардын басмырланган абалдагы статусун көтөрүү жолу менен гендердик теңчиликти камсыз кылууга көмөктөшөт, айрым жоболордун эркектерге жана аялдарга таасир этүү айырмачылыктарын эсепке алат;
2) мыйзам долбоору гендердик жактан төмөнкүгө багытталган - мыйзам долбоору аларга белгилүү бир артыкчылыктарды максаттуу берүү жолу менен жыныстардын биринин кыйла төмөнкү статусунун кесепеттерин өзгөртүүгө жөндөмдүү же басмырлоочу абалда турган жыныстардын биринин адамын колдоо үчүн убактылуу атайын чараларды белгилеген жоболору бар;
3) мыйзам долбоору гендердик бейтараптуу - мыйзам долбоору гендердик бөлүнүүгө таасир этпейт, гендердик теңсиздиктин тереңдешине алып келбейт жана эркектерге да, аялдарга да бирдей таасир тийгизет;
4) мыйзам долбоору дискриминациялуу - аялдар менен эркектер үчүн укуктардын, милдеттердин, жоопкерчиликтердин, мүмкүнчүлүктөрдүн, тең өнөктөштүк мамилелердин жана натыйжалардын теңдигинин чектөөчү жоболорун камтыйт жана андан ары иштеп чыгууну талап кылат;
5) мыйзам долбоору эркектердин же аялдардын пайдасына гендердик асимметрияга ээ, башкача айтканда, мыйзам долбоорунун айрым жоболору жыныстардын бирине белгилүү артыкчылыктарды берет, бирок ошол эле учурда гендердик теңчиликти камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык дискриминациялык болуп саналбайт;
6) мыйзам долбооруна убактылуу атайын чараларды белгилөөчү жоболорду киргизүү керек.
87. Экспертизалык корутунду төмөнкү тыянактардын бирин камтыйт:
1) мыйзам долбоору эл аралык милдеттенмелердин жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына толук өлчөмдө ылайык келет;
2) мыйзам долбоору эл аралык милдеттенмелердин жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбейт жана жеткире иштеп чыгууну же жалпысынан четке кагууну талап кылат.
6-глава. Коррупцияга каршы экспертиза
§ 33. Коррупцияга каршы экспертизанын объектиси, максаты жана милдеттери
88. Коррупцияга каршы экспертизадан бардык мыйзамдардын долбоорлору өтүүгө тийиш.
89. Мыйзам долбоорунун жоболору, аларда коррупциогендик факторлор камтылбаганын баалоо жолу менен коррупциялык ченемдердин пайда болуусунун алдын алуу коррупцияга каршы экспертизанын максаты болуп саналат.
90. Коррупцияга каршы экспертизанын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мыйзам долбоорунун жоболорунун коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүгө карата жалпы талаптарга ылайык коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келишин талдоо жана баалоо;
2) мыйзам долбоорунун жоболорун Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык күчүнө кирген коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жоболоруна шайкештигин талдоо жана баалоо;
3) коррупцияга каршы экспертизаларды жүргүзүүнүн атайын талаптарына ылайык алардагы коррупциогендик факторлордун мазмунуна мыйзам долбоорунун жоболорун талдоо жана баалоо;
4) коррупциогендик факторлорду четтетүү жана мыйзам долбоорунун ченемдерин укуктук колдонуунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу:
- мыйзам долбоорунун коррупциогендик факторлорду камтыган жоболорун алып салуу же өзгөртүү;
- мыйзам долбоорунун ченемдерин бир түрдүү түшүнүүнү камсыз кылуучу, аларды каалагандай чечмелөөнү жокко чыгаруучу жоболорду мыйзам долбооруна киргизүү.
§ 34. Эксперттерге коюлуучу талаптар
91. Мыйзам долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертизаны жүргүзүүчү эксперттер юридикалык билими жана квалификациясы бар, коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жогорку деңгээлде билген, коррупциогендик факторлорду талдоо жана баалоо, ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү тажрыйбасы бар адамдар болууга тийиш.
§ 35. Коррупцияга каршы экспертизанын этаптары
92. Коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнүн этаптары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мыйзам долбоорунун жоболорунун коррупцияга каршы экспертизанын жалпы талаптарына ылайыктыгын баалоо;
2) мыйзам долбоорунун жоболорунун коррупцияга каршы экспертизанын атайын талаптарына ылайыктыгын баалоо.
36. Коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүгө карата жалпы талаптар
93. Коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүгө карата жалпы талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мыйзам долбоорунун жоболорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган ченемдерине ылайыктыгына талдоо жана балоо жүргүзүү;
2) мыйзам долбоорунун жоболорунун коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясатка жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган программалык документтерге ылайыктыгына талдоо жана балоо жүргүзүү;
3) мыйзам долбоорунун жоболорунун Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболоруна ылайыктыгына талдоо жана балоо жүргүзүү;
4) мыйзам долбоорунун жоболорунун Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайыктыгына талдоо жана балоо жүргүзүү;
5) мыйзам долбоорунда колдонулган түшүнүктөрдүн жана терминдердин пайдаланылышынын тууралыгын текшерүү.
§ 37. Коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүгө карата атайын талаптар
94. Мыйзам долбоорунун жоболорун аларда коррупциогендик факторлордун, анын ичинде төмөнкүлөрдүн камтылышына баалоо коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнүн атайын талабы болуп саналат:
1) мыйзам долбоорунун бланкттык жана (же) шилтеме жоболорунун болуусу;
2) ведомстволук жана (же) локалдык ченем чыгаруу боюнча кеңейтилген укуктарды болуусу;
3) мыйзам долбоорунун жоболорунун күчөтүлгөн талаптарынын (администрациялык бөгөттөрдүн) болуусу;
4) кызмат адамынын дискрециондук ыйгарым укуктарынын болуусу;
5) жалпы элдик органдардын, кызмат адамдарынын компетенцияларын «укуктуу» деген туюндурмада аныктоо;
6) сынактык жана аукциондук жол-жоболордун жоктугу;
7) кызмат адамдары үчүн адистештирилген, деталдаштырылган баяндалган тыюулардын жана чектөөлөрдүн жоктугу;
8) жалпы элдик органдар, кызмат адамдары тарабынан жасалган укук бузуулардын белгиленген курамдарынын, ошондой эле алардын айкын жоопкерчиликтеринин жоктугу;
9) маалыматка жетүү жол-жоболорунун жоктугу;
10) жалпы элдик органдарга, кызмат адамдарына контролдун, анын ичинде коомдук контролдун жоктугу;
11) «кызыкчылыктардын кагылышуусу» болушу.
12) административдик жол-жоболордун жоктугу же толук эместиги - административдик органдар, кызмат адамдары тарабынан белгилүү бир аракеттерди жасоо тартибинин жана (же) чечим кабыл алуу тартибинин жоктугу;
13) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралбаган учурларда жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү тыюу салууларды жана чектөөлөрдү белгилөө.
38. Тыянактар жана сунуштар
95. Жүргүзүлгөӊ коррупцияга каршы экспертизанын натыйжалары боюнча эксперт экспертизалык корутунду даярдайт, анда ал төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
1) алардын тизмегин көрсөтүү менен мыйзам долбоорунун жоболорунда коррупциогендик факторлордун болушу же жоктугу жөнүндө өзүнүн тыянактарын баяндоо;
2) мыйзам долбоорунун коррупциогендик факторлорду камтыган жоболорун алып салуу же өзгөртүү боюнча негизделген сунуштарын даярдоо.
7-глава. Экологиялык экспертиза
§ 39. Экологиялык экспертизанын объектиси, максаты жана атайын принциптери
96. Экологиялык экспертизадан төмөнкү мыйзамдардын долбоорлору өткөрүлүүгө тийиш:
1) жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экологиялык коопсуздук жана калктын саламаттыгы чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу жоболорду камтыган;
2) жерлердин, токойлордун, суу объекттеринин, экотутумдардын жана башка жаратылыштык же жаратылыштык-чарбалык объекттердин укуктук статустарын өзгөртүүгө багытталган жоболорду камтыган;
3) экономиканын, анын ичинде өнөр жай, транспорт, шаар куруунун тигил же бул тармактарынын өнүгүшүн жөнгө салуучу жоболорду камтыган;
4) туруктуу өнүгүүнү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин козгогон жоболорду камтыган.
Мыйзам долбоорлорунун көрсөтүлгөн тизмеги толук болуп саналбайт.
97. Мыйзам долбоорунун экологиялык тобокелчиликтерин төмөндөтүү жана эсепке алуу аркылуу жаратылыш ресурстарынын жана айлана чөйрөнүн абалынын калктын саламаттыгына тийгизүүчү мүмкүн болгон терс таасирлеринин алдын алуу экологиялык экспертизанын максаты болуп саналат.
98. Экологиялык экспертизаны жүргүзүүдө эксперт “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” жана “Экологиялык экспертиза жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген принциптерди жетекчиликке алат.
§ 40. Экспертке коюлуучу талаптар
99. Төмөнкүлөргө ээ болгон адамдар мыйзам долбоорлоруна экологиялык экспертизаны жүргүзүүчү эксперттер болууга тийиш:
1) айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, туруктуу өнүгүү жана экологиялык коопсуздук чөйрөлөрүндө теориялык билимдерге;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана экологиялык коопсуздук чөйрөлөрүндө эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин билген;
3) экологиялык кризисти жеңилдетүү, климатты өзгөртүү, жашыл экономика жана экологиялык маселелерди чечүү жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү боюнча улуттук жана эл аралык тажрыйбаны билген;
4) ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экологиялык экспертиза жүргүзүү тажрыйбасы бар.
§ 41. Экологиялык экспертизанын этаптары жана атайын талаптары
100. Экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн этаптары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мыйзам долбоорунун жоболорунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана экологиялык коопсуздук чөйрөлөрүндөгү жалпы таанылган принциптерге жана ченемдерге ылайыктыгын баалоо;
2) мыйзам долбоорунун жоболорунун экологиялык экспертизанын атайын талаптарына ылайыктыгын баалоо.
101. Экологиялык экспертизаны жүргүзүүдө эксперт төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
1) мыйзам долбоорунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген экологиялык талаптарга жана эл аралык экологиялык талаптарга ылайыктыгын белгилөө;
2) ар башка субъекттердин айлана чөйрөнү коргоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруу жөндөмдүүлүгүнө мыйзам долбоорунун таасирин аныктоо;
3) мыйзам долбоорунун жоболорунун экологиялык баа берүүнүн тутумдук бөлүктөрүнө: жаратылыш ресурстарын пайдаланууга, жаратылышты коргоого, экологиялык коопсуздукка жана калктын саламаттыгына таасир этүүсүн аныктоо;
4) коомдук экологиялык таламдарды, келечек муундардын укуктарын, мамлекеттин жаратылыш ресурстарына болгон укуктарын (аларды сактоо жана калыбына келтирүү) коргоону эске алуу менен мыйзам долбоорун ишке ашыруунун экологиялык кесепеттерин, анын ичинде узак мөөнөттүү мезгилдеги кесепеттерин аныктоо.
§ 42. «Жаратылыш ресурстарын пайдалануу» бөлүгүнө карата талаптар
102. Жаратылыш ресурстарынын абалы - жаратылышты керектөөнүн табигый булактарынын (токойлордун, пайдалуу кен байлыктар корунун, айбанаттардын өндүрмөлүк түрлөрүнүн) абалынын өлкөнүн өнүгүүсү жана экономикалык өсүшү үчүн базаны аныктоочу сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрү.
103. Бул бөлүккө карата талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Мыйзам долбоору жаратылыш ресурстарын пайдаланууга мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды аларды пайдаланууга боюнча иш менен айкалыштырууга жол берилбестик принциби сакталганбы;
2) мыйзам долбоорун иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталган жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча эрежелер жана чек коюулар, чектөөлөр эсепке алынганбы;
3) мыйзам долборлорунун жоболору айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын кайра өндүрүү жана жүргүзүлүп жаткан иштердин жаратылыш ресурстарына тийгизген таасиринин мониторинги боюнча чаралардын каралышы, ал иш-чараларды каржылоонун булактарынын аныкталганбы;
4) жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн мыйзам долбоорунда ставкалары менен ченемдери даанабы жана Кыргыз Республикасынын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен жаратылыш ресурстарына жана экотутумга таасир этүүгө карата эл аралык стандарттарга ченемдеш болуп саналабы;
5) айлана чөйрөгө зыян келтиргендиги үчүн чаралар терс таасирлерди болтурбай коюу үчүн жетиштүү болуп саналабы;
6) мыйзам долбоорунда жаратылышты пайдалануу аймагында жашаган жергиликтүү коомчулук үчүн жаратылыш ресурстарын бөлүштүрүүгө адилеттүү жетишүү механизми каралганбы;
7) жаратылышты пайдалануу жана жаратылышты коргоонун салттуу түрлөрүн сактоо принциби сакталгандыгы;
8) мыйзам долбоорунда жаратылыш ресурстарынын табигый жаңылануусуна тоскоол болуучу аракеттерди жана иштерди чектөөнүн механизмдери каралганбы.
§ 43. «Жаратылышты коргоо» бөлүгүнө карата талаптар
104. Экотутумдун абалы - адамдын жашоосу менен саламаттыгы жана жаратылыш ресурстарынын калыбына келүүсү үчүн зарыл шарттарды кармап туруучу жаратылыштын өз-алдынча калыбына келүү системаларынын абалынын сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрү.
105. Бул бөлүккө карата талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) экологиялык тутумдардын абалына, аныничинде климаттын өзгөрүүсүнүн контекстинде мыйзамды колдонуунун оң жана терс кесепеттерин талдоонун болуусу;
2) мыйзам долбоорундагы экотутумдардын түшүмдүүлүгүн төмөндөтүүгө жана экотутумдардын милдеттерин аткарууга (кыртыш түзүү, суу бөлүштүрүү, аба-ырайын тескөө) багытталган жоболорду алып салуу;
3) мыйзам долбоорунун өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарынын жана объекттеринин абалына терс таасирин тийгизүүчү жоболорун жоюу;
4) терс таасирлерди азайтуу жана калыбына келтирүү боюнча чаралардын болуусу;
5) айлана-чөйрөгө зыян келтиргендик үчүн терс таасирлерди болтурбай коюу үчүн жетиштүү болгудай чаралардын болуусу;
6) табигый экотутумдарга жана ландшафтардын эстетикалык ажайыптыгына таасир тийгизилген учурда кабарлоо жана коомчулуктун катышуу механизиминин болуусу;
7) улуттук же эл аралык коргоо статусу бар ландшафттарын кошо алганда, мыйзам долбоорунун баалуу же жетишсиз корголгон райондорго таасир этүү деңгээлине баа берүүнүн болуусу;
8) өзгөчө коргоодогу жана табигый экотутумдардын аянттарын арбытууга багытталган жоболордун болуусу;
9) өзгөчө коргоодогу жана табигый экотутумдардын абалын начарлатууга же аянттарын азайтууга багытталган жоболорду жоюу.
§ 44. «Экологиялык коопсуздук жана калктын саламаттыгы» бөлүгүнө карата талаптар
106. Экологиялык коопсуздук жана калктын саламаттыгынын деңгээли ‒ адамдын жана коомдун аларга антропогендик жана табыгый таасир этүүлөрдүн натыйжасында пайда болгон тобокелдиктерден коргоп калуунун шарты менен каражаты катары инсандын, коомдун, айлана чөйрөнүн жашоо үчүн маанилүү кызыкчылыктарынын корголуу абалынын критерийлери жана көрсөткүчтөрү.
107. Бул бөлүккө карата талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) экологиялык коопсуздукка жана калктын саламаттыгына таасир этүүнүн мүмкүн болгон тобокелдиктерин табуу, болжолдоо жана баалоо, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнүн болжолун эске алуу менен;
2) калктуу конуштардагы айлана чөйрө көрсөткүчтөрүнүн сапатынын начарлашына багытталган жоболордун жол берилбестиги;
3) болжолдонгон экологиялык таасирлердин жана натыйжалардын мүнөзүн: узактыгын, кайра калыбына келүүсүн, көлөмүн жана өлчөмүн баалоонун болуусу;
4) мыйзам долбоорунун экологиялык коопсуздукка жана калктын саламаттыгына тийгизген таасири жөнүндө жаратылышты коргоо органдарынын жана саламаттык сактоо органдарынын корутундуларынын болуусу;
5) айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген экологиялык укуктарды кошкондо, коомдук экологиялык кызыкчылыктардын болушу.
§ 45. Тыянактар жана сунуштар
108. Жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжалары боюнча эксперт экспертизалык корутунду даярдайт, анда ал төмөнкү тыянактардын бирин чыгарат:
1) мыйзам долбоору экологиялык жактан позитивдүү болуп саналат ‒ мыйзамды кабыл алуунун жана колдонуунун натыйжасы экотутумдардын абалынын жакшыруусуна жана айлана-чөйрө менен калктын саламаттыгынын абалына тийүүчү терс таасирлердин жоюлушуна алып келет;
2) мыйзам долбоору экологиялык бейтарап болуп саналат - мыйзамды кабыл алуунун жана колдонуунун натыйжасы айлана-чөйрөнүн жана калктын саламаттыгынын абалын начарлатпайт;
3) мыйзам долбоору экологиялык терс таасирлүү болуп саналат - мыйзамды кабыл алуунун жана колдонуунун натыйжасы түздөн-түз же кыйыр түрүндө айлана-чөйрөнүн жана калктын саламаттыгынын абалынын начарлашына алып келиши мүмкүн.
109. Зарыл болгондо эксперт мыйзам долбооруна карата экологиялык жактан жагымдуу жоболорду камтыган сунуштарды даярдоого тийиш.
8-глава. Экспертизаны уюштуруу тартиби
§ 46. Экспертиза дайындоо үчүн негиз
110. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын ченемдери жана талаптары экспертиза жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
§ 47. Мыйзам долбоорун коштоочу документтер
111. Эксперт экспертизанын материалдарын төмөнкүлөр менен кошо алгандан кийин экспертиза жүргүзүүгө киришет:
1) мыйзам долбоорунун тексти;
2) демилгечинин коштомо каты;
3) мыйзам долбооруна маалымкат-негиздеме, анда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
- мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери жөнүндө;
- мыйзамдын колдонулушунун мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттери жөнүндө;
- коомдук угуунун, коомдук талкуулоонун натыйжалары жөнүндө;
- мыйзам долбоорунун мыйзамдарга ылайык келиши жөнүндө;
- мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдар көбөйгөн учурда каржылоо булактары жөнүндө;
- эгерде мыйзам долбоору жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгосо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесин бириктирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмеси (ассоциация, союз) менен консультациялардын жана талкуулардын натыйжалары жөнүндө;
4) салыштырма таблица, эгерде мыйзам долбоору менен колдонуудагы мыйзамга түзөтүүлөр киргизилип жатса;
5) киргизилип жаткан мыйзам долбоорунан келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген методикага ылайык жүргүзүлгөн ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо;
7) башка зарыл материалдарды.
§ 48. Экспертиза өткөрүүнүн мөөнөтү
112. Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүүдө экспертизадан өткөрүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
9-глава. Эксперттик корутунду
§ 49. Эксперттик корутунду түшүнүгү
113. Мыйзам долбоорунун ушул Стандарттарда белгиленген талаптарга ылайыктыгы же ылайык эместиги жөнүндө негизделген тыянактарды камтыган, эксперт тарабынан даярдалган документ жана сунуштамалар экспертизанын корутундусу болуп саналат.
114. Эксперттик корутунду мыйзам долбоорун Комитеттин же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында кароонун милдеттүү шарттарынын бири болуп саналат.
115. Тыянактар жана сунуштар мыйзам долбоорунун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана башка материалдардын конкреттүү жоболоруна шилтемелер менен коштолууга тийиш.
§ 50. Эксперттик корутунду даярдоо, жол-жоболоштуруу жана мазмуну
116. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперти тарабынан даярдалган эксперттик корутундуга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтын жетекчиси же анын орун басары кол коет.
Көз карандысыз эксперт тарабынан даярдалган эксперттик корутундуга эксперт кол коет.
117. Экспертиза корутундусунда төмөнкүдөй милдеттүү маалыматтар камтылуусу тийиш:
1) мыйзам долбоорунун аталышы, жөнгө салуу предмети жана анын негизги жоболорунун баяндалышы менен бирге мыйзам долбоору жөнүндө маалыматтар;
2) Комитеттин аталышы, мыйзам долбоорун киргизген мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектиси жөнүндө маалыматтар;
3) экспертизанын түрү (түрлөрү);
4) экспертизанын предмети;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына шилтемелер;
6) талдоонун натыйжалары, эксперттин тыянактары менен сунуштары жана алардын негиздемеси.
Экспертизанын корутундусуна эксперттин көзкарашы боюнча башка материалдар тиркелиши мүмкүн.
Ушул Стандарттарда колдонулуучу терминдердин жана түшүнүктөрдүн
ГЛОССАРИЙИ
Коррупцияга каршы экспертиза – мыйзам долбоорлорунда коррупциялык факторлорду аныктоо, алардын коррупциялык деңгээлин баалоо жана аларды четтетүүгө же чектөөгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу максатында аны талдоо жана баалоо.
Бланктык ченем ‒ жалпы элдик органдарга, кызмат адамдарына жүрүм-турум эрежелерин, тыюу салууларды, чараларды жана башкаларды өз алдынча белгилөө укугун берген ченем.
Убактылуу атайын чаралар ‒ жашоонун бир кыйла басмырланган чөйрөсүндөгү гендердик көнүмүш түшүнүктөргө кабылган жыныстардын биринин адамдарын колдоого багытталган уюштуруучулук, мыйзамдык, институционалдык мүнөздөгү чаралар. Бул чаралар басмырлоо деп эсептелбейт жана эркектер менен аялдардын ортосунда иш жүзүндө теңчиликке жетишилгенде жокко чыгарылышы керек (мисалы, энеликти коргоого багытталган атайын чараларды көрүү басмырлоо деп эсептелбейт).
Гендер – ар башка жыныстагы адамдардын ээ болгон, социалдык жактан бекемделген жүрүм-туруму; саясатты, экономиканы, укукту, идеологияны жана маданиятты, билим берүүнү жана илимди кошо алганда, турмуштун бардык чөйрөлөрүндө көрүнүп турган аялдар менен эркектердин ортосундагы мамилелердин социалдык аспекти.
Гендердик талдоо ‒ иштеп жаткан же сунуш кылынган программалар, мыйзамдар, мамлекеттик саясий багыт менен коомдун жана мамлекеттин бардык чөйрөлөрүндө аялдарга жана эркектерге көрсөтүлүүчү аркыл таасирлерди баалоо процесси.
Гендердик басмырлоо ‒ адамдардын жыныс белгилери боюнча укуктарын жана кызыкчылыктарын чектөөчү кандай болбосун айырмалоо, жокко чыгаруу же артыкчылык берүү; саясий, экономикалык, социалдык, маданий, жарандык же коомдук жашоонун башка кандай гана болбосун тармактарында эркектер менен аялдардын теңчилигин жүзөгө ашырууну же пайдаланууну алсыратууга же ажыратууга багытталган,
Гендердик мамиле ‒ биргелешкен иштердин ар кыл түрлөрүн жүзөгө ашыруудагы же алака жасоодогу ар кыл жыныстагы адамдардын ортосундагы алакалардын жана жүрүм-турумдардын мүнөзү.
Гендердик теңчилик ‒ жашоонун саясый, экономикалык, эмгектик, социалдык, коомдук жана маданий чөйрөлөрүндө адамдарга өз жөндөмдүүлүктөрүн жынысына карабастан эркин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүчү, аялдар менен эркектердин тең укуктук статусу жана аны ишке ашыруунун бирдей мүмкүнчүлүгү.
Гендердик теңукуктуулук ‒ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдетүүчү жагдайларды кошпогондо, ар кыл жыныстагы адамдардын укуктарынын, милдеттеринин жана жоопкерчиликтеринин мыйзам алдындагы теңдиги.
Гендердик экспертиза ‒ улуттук мыйзамдарга мониторинг жүргүзүү жана коомдук укуктук талдоо, ошондой эле аялдар жана эркектер үчүн аларда мүмкүнчүлүктөрдүн, укуктардын, милдеттердин, жоопкерчиликтердин, теңөнөктөштүк мамилелердин теңчилигинин жана теңчилик натыйжалардын сакталышына ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун баалоо, гендердик басмырлоону болтурбоо.
Дискрециондук ыйгарым укуктар ‒ кызмат адамы өзү ыктыяры менен жүзөгө ашыра алган ыйгарым укуктар.
Кызмат адамы ‒ жалпы элдик органдын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча белгилүү алкактагы милдеттерди аткаруучу, жалпы элдик органда иштөө үчүн дайындалган же шайланган адам.
Мыйзам чыгаруу техникасы ‒ мыйзам долбоорлорун даярдоо жана жол-жоболоштуруу эрежелеринин тутуму. Ченем чыгаруу техникасынын түрү, б.а. ченемдик укуктук актылардын мазмунун жана түзүмүн иштеп чыгууда, жана аларды турмушка ашырууда да колдонулуучу белгилүү ыкмалардын, эрежелердин, усулдардын жыйындысы.
Мыйзам долбоорунун коррупциогендик жоболору ‒ мыйзам долбоорунун коррупциянын пайда болуусуна жана өсүүсүнө көмөк болуучу коррупциогендик факторлор камтылган жоболору.
Коррупциялык укук бузуу ‒ кызмат адамынын өз статусун коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы, өзү үчүн да, ошондой эле башка адамдар үчүн да пайда (мүлк, кызмат көрсөтүү же жеңилдик жана (же) артыкчылык, анын ичинде мүлктүк эмес да) табуу менен байланышкан кандай гана болбосун мыйзамсыз пайдалануу же көрсөтүлгөн адамга ошондой пайданы мыйзамсыз берүү.
Коррупциогендик факторлор ‒ мыйзам долбоорунун жоболоруна киргизилген, колдонуудагы мыйзамдын ченемдери катары аларды ишке ашыруу процессинде коррупциялык укук бузууларды жасоого көмөктөшүүчү (түрткү берүүчү) шарттар, мүмкүнчүлүктөр.
Коррупция ‒ бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын материалдык, кандай болбосун башка бакубатчылыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул бакубатчылыктарды жана артыкчылыктарды жеке жана юридикалык жактарга берүү максатында айрым адамдар же топтор менен укукка каршы туруктуу байланыштарды түзүүдөн турган, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч түзүүчү атайылап жасалган жосун.
Эл аралык ийкемдүү укук ‒ аркыл эл аралык уюмдардын, сот жана башка эл аралык органдардын эл аралык-укуктук ченемдерди конкреттештирүүчү, толуктоочу, түшүндүрүүчү актылары.
Адам укуктарынын жана эркиндиктеринин эл аралык стандарттары ‒ жарыяланган укуктарды таанууда жана камсыз кылууда мамлекеттер багыт алуусу тийиш болгон, дүйнөлүк коомчулук тарабынан иштелип чыккан ченемдик минимум.
Тең укуктарды бузуу ‒ кемсинтүү, жек көрүү түрүндө көрүнүүчү активдүү же пассивдүү жүрүм-турум, ошондой эле адамдын жыныстык таандыктыгына байланыштуу укуктарын чектөө же артыкчылыктарды берүү.
Адам укуктарынын жана эркиндиктеринин ажыратылгыстыгы – Конституцияда жана эларалык ченемдерде жарыяланган адам укуктарынын эч бири мамлекет тарабынан алынып салынышы же чектөөлөрдүн негизин көрсөтпөстөн көлөмдө чектелиши мүмкүн эмес.
Адам укуктарынын тартып алынбастыгы ‒ ар бир адамга укуктар белгилүү бир мамлекеттин жараны болгондугу үчүн эмес, адам болгондугу үчүн энчиленген.
Шилтеме чен-өлчөм ‒ кандай эрежелерди аткаруу зарылдыгы жалпы таризде аталган чен-өлчөм, ал эми бул эрежелердин дайындуу мазмуну башка ченемдик укуктук актыларда берилет.
Укуктук экспертиза – мыйзам долбоорунун жоболорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына, Кыргыз Республикасынын укуктук тутумуна жана мыйзамдарына, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайыктуулугун, ошондой эле мыйзам долбоорун даярдоонун жана жол-жоболоштуруунун эрежелерине, мыйзам чыгаруу техникасынын талаптарына жана укук ченемдеринин логикалык түзүмүнүн шайкештигине талдоо жана баалоо.
Адам укуктары жана эркиндиктери ‒ адамдын мамлекеттик жана башка бийликтин өкүлдөрү менен өз ара мамилелеринде анын беделин сактоочу адептик-укуктук ченемдердин жыйындысы.
Укук коргоо экспертизасы – мыйзам долбоорунун жоболорунун эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайыктуулугун талдоо жана баалоо.
Практикалык муктаждыктар жана керектөөлөр ‒ аялдардын жана эркектердин күнүмдүк турмушунун реалдуу шарттарынан келип чыккан муктаждыктар жана керектөөлөр, анын негизинде гендердик топторго коом тарабынан ыйгарылган гендердик ролдор жатат. Бул ролдор эркектерге караганда аялдарга жүктөлгөн ата-энелик жана үй-бүлөлүк милдеттерди камтыйт.
Көз карандысыз эксперт ‒ мыйзам долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү үчүн тартылган жана атайын билимдерге жана кесиптик тажрыйбага ээ адам (адамдардын тобу).
Жалпы элдик органдар ‒ мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде түзүлгөн мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар, мекемелер жана уюмдар.
Жалпы элдик органдардын, кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары - укуктук актылардын негизинде жалпы элдик органдарга, кызмат адамдарына бекитилип берилген укуктар жана милдеттер.
Ченем чыгаруу ыйгарым укуктары ‒ адамдардын чектелбеген тобу үчүн жүрүм-турум эрежелерин белгилөөчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктар.
Көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктар ‒ иштин мыйзамдуулугун, анын ичинде укук субъекттеринин иш тартибин (мисалы, инспекция, текшерүү, контроль, көзөмөл) текшерүү максаттарында жүзөгө ашырылуучу ыйгарым укуктар.
Жаратылыш ресурстары ‒ адамдын жаратылышты керектөөсүнүн табыгий булактары (жер, суу, токой ресурстары, пайдалуу кендер, минералдык заттардын корлору, радиоактивдүү материалдар, айбанаттар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, алардын компоненттери жана башка жаратылыш байлыктары, ошондой эле адам кыйыр колдонуучу - рекреациялык, эстетикалык жана башка ыңгайлуулуктар);
Жаратылышты пайдалануу ‒ жаратылыш ресурстарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануунун бардык түрлөрүнүн жана абалын баалоо жана коргоо чараларынын жыйындысы;
Натыйжанын теңдиги – теңдик түшүнүгү, ага ылайык эркектер менен аялдар бирдей (бирдей) натыйжаларга жетишүү үчүн алардын шарттары ар башка болгондуктан, аларга карата ар кандай мамиле жасоо керектиги таанылат.
Тең укуктар ‒ мамлекет тарабынан кепилденген, Кыргыз Республикасынын Конституциясында, эларалык келишимдерде, мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда бекемделген аялдардын жана эркектердин укуктарынын теңдиги, башкача айтканда, эки жыныстын тең адамдарынын бирдей юридикалык абалдарынын болуусу, бардык жарандык, саясий, экономикалык, социалдык, маданий жана башка укуктарды жүзөгө ашырууда тең укуктуулукту камсыз кылуу.
Тең мүмкүнчүлүктөр - гендердик теңчиликке айкын жетишүү үчүн зарыл болгон мыйзамдык, уюштуруучулук, экономикалык чаралардын тутуму.
Тең өнөктөштүк мамилелер – ар кыл жыныстагы адамдардын кызматташуусу же мамлекеттик жана коомдук турмушка биргелешип катышуусу.
Тең жоопкерчилик - жыныстык таандыктыгына карабастан адамдын мамлекет тарабынан алдын ала аныкталган тиешелүү милдеттерди аткаруусу жана аларды аткарбагандыгы үчүн мыйзам алдында тең жоопкерчилик тартуу жөндөмдүүлүгү.
Туруктуу өнүгүү ‒ турмуштук керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн азыркы жана келечектеги муундардын өкүлдөрүнө мүмкүн болгон максималдуу, татыктуу тең адепки шарттарды кепилдеген өнүгүү. Туруктуу өнүгүү концепциясы экологиялык коопсуздук жана социалдык адилеттүүлүк принциптери менен айкалышкан экономикага негизденет.
Экологиялык коопсуздук ‒ инсандын, коомдун жашоо үчүн маанилүү кызыкчылыктарынын корголуу абалы, адамдын жана коомдун жашоо шарты менен каражаты катары айлана-чөйрөнүн антропогендик жана жаратылыштык таасир этүүлдөрдүн натыйжасында пайда болуучу коркунучтардан корголуу абалы.
Экологиялык тутумдар (экотутумдар) ‒ заттардын жана энергиялардын алмашуу процесстерин жүзөгө ашыруучу, айлана-чөйрөнүн бирдиктүү, туруктуу өз-ара байланыштагы, өзүн-өзү өстүрүүчү, өзүн-өзү теске салуучу, өзүн-өзү калыбына келтирүүчү табигый компоненттеринин жыйындысы, экотутумдук кызмат көрсөтүүлөрдү калыптандыруу жана жашоону жандандырып улантуу үчүн зарыл чөйрөнү кайра жаратуу жана кармап туруу үчүн мүмкүн болгон табигый механизмдер. Табигый (адепки), өркүндөтүлгөн (өзгөртүлгөн), трансформацияланган (кайра түзүлгөн) экологиялык тутумдарды айырмалашат.
Экотутумдук кызмат көрсөтүүлөр ‒ ааламдык деңгээлде жашоо үчүн зарыл шарттарды кармап турууга өбөк түзүп жатышкан бардык тирүү жандарга, анын ичинде адамга да көрсөтүлүүчү кызматтар. Экотутумдук кызмат көрсөтүүлөр өзүнө төмөнкү функцияларды камтыйт: жөндөө (мисалы, аба-ырайын калыптандыруу жана кармап туруу, жаратылыш чөйрөсүн булгануулардан тазалоо, өзгөчө кырдаалдардын тобокелчиликтерин төмөндөтүү), камсыз кылуу (мисалы, тамак-аш, суу, күйүүчү май, жаратылыш ресурстары), колдоо (мисалы, органикалык заттарды синтездөө, кыртыш түзүү).
Экологиялык тобокелчилик ‒ жаратылыш объекттеринин жана факторлорунун кандай гана болбосун (атайыланган же кокустуктан, кичинеден же кырсыктуу) антропогендик өзгөрүүлөрүнүн айлана-чөйрө жана калктын саламаттыгы үчүн жагымсыз кесепеттеринин мүмкүндүгү.
Экологиялык экспертиза – мыйзам долбоорунун жоболорунун айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, экологиялык коопсуздуктун ченемдерине ылайыктуулугун талдоо жана баалоо, кабыл алынган учурда, ченемдик укуктук актынын долбоорунун жоболорунун айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна мүмкүн болуучу терс кесепеттерин аныктоо, алдын алуу, чектөө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык мыйзам долбоорлоруна адистештирилген экспертиза жүргүзүү ыйгарым укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматы.