Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-октябры № 712
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына, “Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. жогоруда көрсөтүлгөн Программанын 1-тиркемесинде:
- 82-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 83-пункт менен толукталсын:
“
83 | “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАК * Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 882-т тескемесине ылайык “Кыргызалтын” ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн | 200100,0 | 100,0 | 100,0 |
”;
2) жогоруда көрсөтүлгөн Программанын 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
“
3 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Ала- Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы |
”;
3) жогоруда көрсөтүлгөн Программанын 3-тиркемесинде:
– 42-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 85 (3741) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |