ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 712 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция31.10.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 31-октябры № 712

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына, “Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы  №  999-VII  токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. жогоруда көрсөтүлгөн Программанын 1-тиркемесинде:

- 82-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 83-пункт менен толукталсын:

“

83

“Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАК

* Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 13-октябрындагы № 882-т тескемесине

ылайык “Кыргызалтын” ААКтын уставдык капиталына салым

катары киргизүү үчүн

200100,0

100,0

100,0

”;

2) жогоруда көрсөтүлгөн Программанын 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

“

3

Кыргыз Республикасынын Президентинин

Иш башкармасына караштуу “Ала- Тоо Резорт”

мамлекеттик ишканасы

Кыргыз Республикасынын Президентинин

Иш башкармасы

”;

3) жогоруда көрсөтүлгөн Программанын 3-тиркемесинде:

–     42-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 85 (3741) саны менен жарыяланган.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев