Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы N 715 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттарынын системасын түзүүнүн негизги принциптерин, алардын баш ийүүсүн, милдеттерин, отчеттуулугун, аларды күтүүнү жана камсыз кылууну, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт.
2. Аскер комиссариаттары райондордогу жана шаарлардагы аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары болуп саналат.
3. Аскер комиссариаттары өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, коргоо министринин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын буйруктарын, директиваларын, тескемелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Аскер комиссариаттары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына чакыруу жана жиберүү (жеткирүү) үчүн адам жана транспорт ресурстарын даярдоо аркылуу Кыргыз Республикасынын коргонуу жаатындагы маселелерин түздөн-түз чечет.
5. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча райондордо жана шаарларда Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттарын түзөт. Айрым учурларда бир нече аймактык түзүлүштөр үчүн бириктирилген аскер комиссариаттары түзүлүшү мүмкүн. Чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү аскердик кызматка жана окуу жыйындарына уюшкандыкта жиберүү үчүн Республикалык топтоо пункту жана топтоо пункттары түзүлөт.
6. Аскер комиссариаттарынын ишин уюштурууну коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгы жүргүзөт.
7. Аскер комиссариаттары коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген штаттар боюнча кармалат.
8. Аскер комиссариаттарынын штаттык кызмат орундарын аскер кызматчылары менен комплекттөө коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген алардын уюштуруу-штаттык түзүмүнө ылайык аскер комиссарларынын сунушу боюнча Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт. Аскер кызматчыларын тандоо, аларды аскер комиссариаттарынын кызмат орундарына дайындоо, ошондой эле аскер кызматчыларын алардын кызмат орундарынан бошотуу контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жоболорго ылайык жүргүзүлөт. Аскер комиссариаттарынын аскер кызматчыларын атайын даярдоо жана кайра даярдоо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн офицерлерин окутуунун жалпы системасында, ошондой эле атайын курстарда жана жыйындарда жүргүзүлөт.
9. Аскер комиссариаттары Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аскер комиссариаттарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн тартылган дарыгер-адистер, орто медициналык персонал жана техникалык кызматкерлер, байланыш каражаттары, транспорт жана башка материалдык каражаттар менен аскер комиссариаттарын күчтөндүрүү аппаратынын(*) курамы жөнүндө кабарлайт.
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө мобилизациялык жана каттоо-чакыруу маселелери боюнча документтер менен иштөө үчүн аскер комиссариаттарына кирүүгө белгиленген тартипте уруксат берилет.
10. Аскер комиссариаттарынын мобилизациялык даярдыгынын жана кызматтык ишинин абалын текшерүүнү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн комиссиялар жүргүзөт. Текшерүү комплекстүү же айрым элементтер боюнча пландуу жана пландан тышкары жүргүзүлүшү мүмкүн.
11. Аскер комиссариаты юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы менен мөөрү, ошондой эле алыш-бериш эсеби бар.
2-глава. Аскер комиссариаттарынын негизги милдеттери
12. Аскер комиссариаттарынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) адам жана транспорт ресурстарын мобилизациялоо пландарын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын мобилизациялык керектөөлөрүн канааттандыруу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле мобилизациялык жайылтуу базасын (**) өркүндөтүү;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүлүштөрүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарын толук комплекттөө үчүн мобилизациялык ресурстарды дайындоо боюнча Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын наряддарын, аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин өтүнмөлөрүн аткаруу;
3) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык мобилизациялык планда жана тапшырмаларда белгиленген мөөнөттө жана көлөмдөрдө мобилизация боюнча чакыруу, адам ресурстарын жиберүү жана аскердик бөлүктөргө техникаларды жеткирүү;
4) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагында адам ресурстарынын мобилизациясын моралдык-психологиялык камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу;
5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүлүштөрүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарын мобилизациялык план боюнча кепилденген жана сапаттуу комплекттөө максатында адам жана транспорт ресурстарын топтоо;
6) запаста турган жарандарга, транспорт каражаттарына ээ болгон уюмдардын жетекчилерине аскердик абал жана согуш мезгилиндеги мобилизациялоодо иш-аракетке мобилизациялык жазма буйруктарды жана наряддарды тапшыруу;
7) мобилизациялоодо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына өткөрүп берүүгө техникаларды даярдоону пландоодо уюмдарга көмөк көрсөтүү жана аскердик-транспорттук милдеттерди уюштуруунун аткарылышын контролдоо;
8) менчигинин түрүнө карабастан байланыш органдары, байланыш уюмдары менен биргеликте өзгөчө кырдаалдарда жана мобилизация мезгилинде байланыш линияларын пайдалануу тартибин иштеп чыгууга катышуу;
9) жол кыймылынын коопсуздугу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү менен биргеликте транспорт каражаттарынын техникалык абалын көзөмөлдөө жана контролдоо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мобилизациялоо боюнча жеткирүү үчүн арналган техниканы аскер комиссариаттарынын тизмеси боюнча тандалган мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүүгө катышуу;
10) аскер комиссариаттарын согуш мезгилинин штаттарына чейин комплекттөө үчүн арналган, аскер комиссариаттарын күчтөндүрүү аппаратына тартылуучу запаста турган жарандар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, уюмдардын кадрдык жана аскердик-каттоо органдарынын кызматкерлери, мобилизациялык иш-чараларды камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка даярдоо, аларды чакыруу жана өз ыктыяры менен аскердик кызматка кирүүсү, ошондой эле аларды аскердик жыйындарга чакыруу боюнча ишке тартылган дарыгер-адистер, орто медициналык персонал жана техникалык кызматкерлер менен практикалык сабактарды өткөрүү;
11) уюмдарды мобилизациялык даярдык, аскердик каттоо жана брондоо маселелери боюнча комплекстүү же айрым элементтер боюнча текшерүү;
12) согуш мезгилинде жарандарды милдеттүү жалпы окутуучу окуу пункттарын түзүү боюнча иш-чараларды пландоо;
13) алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
14) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте запаста турбаган жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууну уюштуруу;
15) аскердик кызматта турбаган жарандардын арасынан контракт боюнча аскердик кызматка алуу, ошондой эле аскердик жыйындарга чакыруу үчүн талапкерлерди тандоо;
16) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюуда, аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууда, аскердик кызматка кирүүдө жана аскердик жыйындарга чакырууда өз убагында медициналык күбөлөндүрүүнү, медициналык текшерүүнү жана медициналык кароону камсыз кылуу;
17) орто жана кесиптик билим берүүнүн билим берүү мекемелерине, коомдук бирикмелерге жарандарды аскердик кызматка милдеттүү жана ыктыярдуу даярдоого көмөк көрсөтүү жана практикалык жардам көрсөтүү;
18) кесиптик билим берүүнүн аскердик мекемелерине тапшыруу үчүн жарандарды тандоо;
19) жарандарды каттоону уюштуруу жана укук коргоо органдары менен биргеликте аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруудан качкан жана аскердик кызмат өтөө жерин өз эрки менен таштап кеткен адамдарга карата чараларды көрүү;
20) аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон, запаста турган, запаска киргизилбеген, аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш эмес, бирок аскердик каттоого турууга милдеттүү жарандарды аскердик каттоо, ошондой эле согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында пайдаланылышы мүмкүн болгон уюмдардын транспорт каражаттарын жана жарандардын жеке транспорт каражаттарын, байланыш каражаттары менен жабдылган автомобилдерди каттоо, менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдарда каттоонун жүргүзүлүшүн контролдоо;
21) Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтырууну тариздөө;
22) коопсуздук кызматынын органдары тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн материалдарды даярдоо жана аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон, запаста турган жарандарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына аскердик кызматка кирүү жана кесиптик билим берүүнүн аскердик мекемелерине окууга тапшыруу үчүн жарандарды тандоо;
23) Ата Мекенди коргоо же башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге, өзгөчө кырдаалдар зоналарындагы кыйроолордун, кырсыктардын кесепеттерин жоюуга катышкан запаста турган жарандарды каттоону жүргүзүү; аларга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан сыйлыктарды тапшыруу боюнча ишти уюштуруу;
24) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана диний бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттары менен аскер кызматчыларын, аскердик кызматтан бошотулган жарандарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык-укуктук коргоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
25) аскердик кызматтан бошотулган, аскердик кызмат өтөөдө курман болгон же каза болгон жарандарга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген жеңилдиктерди, кепилдиктерди жана компенсацияларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
26) аскердик кызматтан бошотулган жарандарга жана башка адамдарга алардын же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Улуу Ата Мекендик согушка, башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге, башка согуштук аракеттерге катышкандыгын ырастаган архивдик документтерди, ошондой эле алган жаракаттын, контузиялардын, мертинүүнүн жана оорулардын аскердик кызматты өтөөгө байланышкан себебин аныктоо боюнча маселелерди чечүүдө документтерди издөөгө көмөк көрсөтүү;
27) аскердик кызматты өтөөдө курман болгон же каза болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөсүнө же туугандарына кабарлоо;
28) аскердик гарнизон жок жерлерде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган аткаруу бийлигинин органдарынын аскер кызматчыларынын жана пенсионерлеринин сөөгүн коюуга көмөк көрсөтүү жана сөөк коюуну уюштуруу;
29) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана диний бирикмелердин Ата Мекенди коргоодо курман болгондорду издөө жана атын эстеликке калтыруу боюнча иштерине катышуу;
30) калкты аскердик-патриоттук тарбиялоого катышуу жана жарандардын аскердик кызматка ыктыярдуу кирүүсүн камсыз кылуу максатында маалыматтык-жарнамалоо иштерин жүргүзүү;
31) компетенциясынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзүү.
3-глава. Аскер комиссарынын укуктары жана милдеттери
13. Аскер комиссары аскер комиссариатынын кызматтык ишин уюштурат жана анын ишин жетектейт.
14. Райондун, шаардын аскер комиссары коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын башчысына баш иет жана райондун, шаардын аскер комиссариатынын өздүк курамынын түздөн-түз башчысы болуп саналат. Ал анын кол алдындагы өздүк курамдын кызматтык милдеттерин аныктайт.
15. Аскер комиссары:
1) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды чыгарат;
2) коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын комиссияларынын жыйналыштарына катышат;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча аскер комиссариатын күчтөндүрүү аппаратын мобилизациялык иш-чараларды даярдоого жана аткарууга тартат;
4) өзүнүн компетенциясынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жаза берет, ал эми зарыл болгон учурларда материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берет.
16. Аскер комиссары жеке башчы болуп саналат жана төмөнкүлөр үчүн жооп берет:
1) аскер комиссариатынын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын уюштуруу жана кармоо;
2) аскер комиссариатына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу;
3) кол алдындагы өздүк курамды командирдик даярдоону, тарбиялоону, аскердик тартипти жана моралдык-психологиялык даярдоону уюштуруу;
4) курал-жарактардын, аскердик техниканын, материалдык баалуулуктардын, так отчеттуулук бланктарынын жана аскер комиссариатынын күнүмдүк ишин жетектөө боюнча иштелип чыгуучу документтердин абалы жана сакталышы;
5) аскер комиссариатында мамлекеттик жана аскердик сырдын сакталышын камсыз кылуу жана жашырындуулук режиминин абалын кармоо;
6) аскер комиссариатын күчтөндүрүү аппаратын жана мобилизациялык жайылтуу базаларын даярдоо.
17. Аскер комиссары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) коргоо жаатындагы мамлекеттин саясатын билүүгө жана аны ырааттуу түрдө ишке ашырууга;
2) жеке кесиптик даярдыгын жана аскер комиссариатын башкаруу методдорун дайыма өркүндөтүүгө;
3) кадрлар менен ишти билгичтик менен жүргүзүүгө, ойлоп табуучулук жана рационализатордук иштерди жетектөөгө;
4) күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкты кармоо жана өркүндөтүү боюнча иш-чараларды пландоого жана алардын аткарылышына жетүүгө, райондун, шаардын аймагында мобилизацияны жүргүзүү планына өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду өз убагында киргизүүгө;
5) курал-жарак, аскердик техника жана башка материалдык каражаттар менен толук камсыз кылууга жетүүгө, аларды туура эксплутациялоону уюштурууга;
6) аскер комиссариатын күжүрмөн даярдыктын ар кандай даражасына келтирүү боюнча сабактарды жана машыгууларды өткөрүү методикасын өркүндөтүүгө, өздүк курамдын билим алуусуна жана өздөрүнүн милдеттерин аткаруусуна жетүүгө;
7) аскер комиссариатынын чыныгы абалын ар тараптуу билүүгө, тизмелик курам, саптык курам жөнүндө, ошондой эле аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын бар экендиги жана абалы жөнүндө так маалыматтарды дайыма билүүгө;
8) күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкты уюштуруу боюнча милдеттерди пландоого жана өз убагында коюуга;
9) кол алдындагы офицерлердин кесиптик билимин, методикалык чеберчилигин жана педагогикалык маданиятын дайыма өркүндөтүүгө;
10) өздүк курам жана күчтөндүрүү аппараты менен, анын ичинде кабарлоо, мобилизациялык ресурстарды топтоо жана жиберүү пункттарында өздүк курамды окуу программасына толук камтууга жетүү менен окууларды, машыгууларды, сабактарды жеке өзү уюштурууга жана өткөрүүгө;
11) кол алдындагыларды командирдик, мобилизациялык даярдыктын жүрүшүндө контролдоого жана аларга зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө, даярдыкка жарышуу, ошондой эле кол алдындагыларды окутуунун жана тарбиялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүүчү бардык жаңы, алдынкы принципти ишке киргизүүгө, окутуу үчүн шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жана окуу-материалдык базаны өркүндөтүүгө;
12) Ата Мекенди коргоого моралдык жана психологиялык даярдыкты калыптандырууга жана кармоого, аскер кызматчыларында аскердик милдетти, Аскердик анттын ыйыктыгын жана бузулбай тургандыгын түшүнүүнү, каармандыкты, чыдамкайлыкты, тапкычтыкты, кыраакылыкты, аскердик шериктештик сезимдерин жана өз ара жардамдашуу сапаттарын өнүктүрүүгө;
13) улуттар аралык байланыш маданиятын өркүндөтүүгө, аскердик жамаатты бириктирүүгө жана ар түрдүү улуттагы жоокерлердин ортосундагы достукту чыңдоого кам көрүүгө, алардын улуттук сезимдерин, салт-санаасын жана үрп-адаттарын эске алууга жана урматтоого;
14) кол алдындагыларга сезгичтик жана көңүл буруу менен мамиле кылууга, өз ара мамилелерде адепсиздикке жана оройлукка жол бербөөгө, алардын жеке кадыр-баркын урматтоо менен жогорку талап коюучулукту жана принциптүүлүктү айкалыштырууга, аскер кызматчыларынын, аскердик кызматтан бошотулган жарандардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн тиричилик маселелерин чечүү, укуктук жана социалдык коргоону камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүгө, техникалык жана чыгармачылыктын башка түрлөрүн өнүктүрүү үчүн, маданий өсүү жана эс алуу, ден соолукту чыңдоо жана дене-бойду өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө, зарыл болгон учурда улук башчылардын алдында алар үчүн өтүнүүгө;
15) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставынын жоболорун жетекчиликке алуу менен өздүк курамдын бекем аскердик тартибин жана жогорку моралдык-психологиялык абалын кармоого;
16) сабактар, жумуштар же башка иш-чаралар башталгандан мурда бул үчүн коопсуз шарттар түзүлгөндүгүнө, ал эми кол алдындагылардын коопсуздук талаптарын өздөштүргөндүгүнө жана аларды аткаруу үчүн жетиштүү практикалык көндүмдөргө ээ экендигине ынанууга;
17) өздүк курамды суткалык нарядда кызмат өтөөгө ар тараптан даярдоого, ички кызмат өтөөнү контролдоону уюштурууга, суткалык наряд кызматынын абалын жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга;
18) курал-жарактардын, ок-дарылардын жана башка материалдык каражаттардын сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле курал-жарактардын, аскердик техниканын техникалык абалы жана эксплуатациялоо боюнча иш-чараларды уюштурууга жана аткарылышын контролдоого;
19) курал-жарактарды жана аскердик техниканы каттоону жана сактоону уюштурууга, материалдык каражаттарды алууну, сактоону жана каттоону өз убагында камсыз кылууга, аскердик мүлктүн жоголушун, жетпей калышын, бузулушун жана уурдалышын алдын алууга, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга;
20) өздүк курамга берилүүчү акчалай үлүштүн толук жетүүсүн камсыз кылууга, материалдык жана акча каражаттарын үнөмдүү жана сарамжалдуу сарптоого, финансылык тартипти сактоого;
21) аскер кызматчыларынын ден соолугун сактоо, өздүк курамды медициналык камсыз кылууну өркүндөтүү жана тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө;
22) туруктуу жайгашкан пункттарда айлана-чөйрөнү коргоо, бекитип берилген жер участокторун максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды көрүүгө;
23) мыйзамдарды, аскердик уставдардын жоболорун так билүүгө, аларга ылайык туура аракеттенүүгө жана кол алдындагылардан аларды сактоону талап кылууга;
24) өзүндө жана кол алдындагыларда ишке жөндөмдүүлүктү, коюлган милдеттерди чечүүгө илимий мамилени, өзүнүн ишинин жыйынтыгына сын көз карашты калыптандырууга;
25) кол алдындагылардын ортосунда ишти жана милдеттерди бөлүштүрүүгө, буйруктардын аткарылышын контролдоого, өздүк курам менен үзгүлтүксүз байланышты кармоого;
26) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, ишканалардын жамааттары, согуштун жана Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери менен тыгыз байланышта аскердик салтты кармоо жана көбөйтүү менен өзүнө берилген укуктардын чегинде өз ара аракеттенүүгө. Бул максатта эмгекчилерди, коомчулуктун өкүлдөрүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүн чакыруу менен чогулуштарды, аскердик ритуалдарды, спорттук майрамдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө;
27) офицерлерге таянып жеке башкарууну бардык мүмкүнчүлүктөр менен бекемдөөгө, алар менен биргеликте өздүк курамдын күч-аракетин коюлган милдеттерди активдүү жана чыгармачылык менен аткарууга багыттоого;
28) өздүк курамдын жана бөлүмчөлөрдүн арасында мелдештерди уюштурууга, аскер комиссариаты тарабынан чечилүүчү милдеттерди ийгиликтүү аткарууга аскер кызматчыларын мобилизациялоо максатында аларды жетектөөгө;
29) кол алдындагылар менен мобилизациялык даярдык, жалпы кызматтык иш, аскердик тартиптин абалы, ички тартипти кармоо боюнча системалуу жыйынтык чыгарууга жана аларды жакшыртуу боюнча чараларды аныктоого. Жашоонун жана тиричиликтин ушул жана башка маселелерин кеңешмелерде дайыма кароого, тиешелүү милдеттерди чечүүдө аларга карата иштелип чыккан сунуштарды эске алууга;
30) жеке маектешүү аркылуу өздүк курамды ар тараптан изилдөөгө, кол алдындагылардын иштиктүү жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аларды күн сайын тарбиялоого;
31) кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү мекемелерине тапшыруу үчүн талапкерлерди тандоону жетектөөгө;
32) аскер кызматчыларынын белгиленген которууларынын маалымдуулугун камсыз кылууга, тажрыйбалуу жана жаш кадрларды айкалыштыруу аркылуу кадрлар резервин жана жетекчиликтин ишин улантуу үчүн шарттарды түзүүгө;
33) кол алдындагыларды эрдиги, көрсөткөн туура демилгеси, тырышчаактыгы жана кызматтагы артыкчылыгы үчүн сыйлоого жана кош көңүлдөрдү катуу жазалоого;
34) жарандык персоналдын эмгек ишине байланышкан маселелерди чечүүдө эмгек мыйзамдарын, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктарын так жетекчиликке алууга;
35) аскер кызматчыларынын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жарандык персоналдын адамдарынын, ошондой эле башка жарандардын аскер комиссариатынын компетенциясына кирген маселелер боюнча кайрылууларын кароого;
36) коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле аскер комиссариатындагы коррупциялык көрүнүштөргө чара көрүү жана алдын алуу системасын түзүүгө;
37) аскер комиссариаты тейлеген аймакта өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коргонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук актыларынын жана ушул Жобонун талаптарын аткарууга;
38) аскер комиссариаты тейлеген аймакта адам жана транспорт ресурстарын мобилизациялоо планын аткарууну уюштурууга жана аны өз убагында тактоого;
39) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын мобилизациялык муктаждыктарын канааттандыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды даярдоого;
40) жарандарды, ошондой эле запаста турган жарандарды белгиленген тартипте анык аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууга жана жиберүүгө, мобилизация жарыяланган учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мобилизациялык тапшырмада аныкталган мөөнөттөрдө жана көлөмдөрдө техниканы жеткирүүгө, ошондой эле аскердик жыйындарга чакырууга;
41) запастагы аскерге милдеттүүлөрдүн брондолушун контролдоого;
42) аскер комиссариатынын мобилизациялык жайылтуу базасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын уюштурууга;
43) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүлүштөрүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарын мобилизациялык план боюнча кепилденген жана сапаттуу комплекттөө максатында адам жана транспорт ресурстарын топтоо боюнча иштерди жетектөөгө;
44) аскер комиссариаты тейлеген аймакта жайгашкан мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, ошондой эле комплекттөөчү кошуундар жана аскердик бөлүктөр менен аскер комиссариатынын өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга;
45) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жарандардын альтернативдик кызмат өтөө жерин аныктоого;
46) альтернативдик кызматтын кызматчыларын каттоону, чакыруу, кызмат өтөө, запаска бошотуу мезгилинде аскердик-каттоо жана башка каттоо документтерин жүргүзүүнү уюштурууга;
47) аскердик-патриоттук тарбиялоо боюнча ишке, калк арасында аскердик кызматты пропагандалоого катышууга;
48) мобилизациялык даярдык, аскердик каттоо жана брондоо маселелери боюнча уюмдарды комплекстүү текшерүүнү уюштурууга жана аларга катышууга;
49) мамлекеттик сыйлыктар боюнча сунуштарды киргизүү жана запаста турган жарандарга тапшыруу боюнча ишти уюштурууга;
50) жетектөөчү документтерге ылайык табелдик жана башка отчетторду өз убагында жана сапаттуу берүүнү камсыз кылууга;
51) аскер комиссариатынын өздүк курамынын кесиптик даярдыгын уюштурууга жана жүргүзүүгө;
52) аскер комиссариатынын күжүрмөн, мобилизациялык даярдыгынын жана кызматтык ишинин абалын текшерүүгө жана талдоого, аларды өркүндөтүү боюнча чараларды аныктоого;
53) кол алдындагы аскер кызматчыларынын жана жарандык персоналдын адамдарынын иштиктүү жана моралдык-психологиялык сапаттарын эске алуу менен аскер комиссариатынын өздүк курамын даярдоону жана тарбиялоону жетектөөгө;
54) аскер комиссариатындагы аскердик жана эмгек тартибинин абалына системалуу талдоо жүргүзүүгө жана кылмыштардын, жоруктардын, окуялардын, аскердик тартипти бузуулардын алдын алуу, ошондой эле өздүк курамдын арасында өлүм жана жаракат алуу учурларын болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө; кол алдындагылар тарабынан жасалган бардык кылмыштар, жоруктар, бузуулар, окуялар жана аскердик тартипти бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик уставдарынын талаптарына ылайык команда боюнча баяндоого;
55) кол алдындагы аскер кызматчылары тарабынан аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда, курал-жарак, ок-дарылар жана аскердик техника менен иштөөдө, сабактарды, ок атууларды, окууларды жана жумуштарды өткөрүүдө коопсуздук талаптарынын аткарылышын контролдоого;
56) күн тартибин жана кызматтык убакыттын регламентин белгилөөгө, аскер комиссариатында ички тартипти кармоого жана өткөрүү режимин сактоону талап кылууга;
57) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин ченемдерин, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук актыларын аскер комиссариатынын ишине тиешелүү бөлүгүндө аскер комиссариатынын өздүк курамына өз убагында билдирүүгө;
58) жарандык персоналды тандоону жана жайгаштырууну жетектөөгө;
59) төмөнкүлөрдү контролдоого:
- өрткө каршы коопсуздуктун талаптарынын аткарылышын, аскер комиссариатына бекитип берилген имараттардын, жайлардын жана аймактын күтүлүшүн жана туура эксплуатацияланышын;
- аскердик каттоо документтерин, жеңилдиктерге укук берүүчү күбөлүктөрдү жана башка документтерди берүүнүн мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн;
- жарандардын альтернативдик кызмат өтөөсүн, алардын мыйзамдарда белгиленген акча каражаттарын төлөөсүнүн жүрүшүн, кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөгөн, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда бошотулган жарандарды запаска өз убагында бошотууну;
- аскердик же альтернативдик кызмат өтөбөгөн, мөөнөттү кийинкиге калтырууга же чакыруудан бошотууга мыйзамдуу укугу жок жарандардын (жыйырма беш жана андан жогорку курактагы) мобилизациялык резервдин жыйындарынан өткөндүгү үчүн республикалык бюджеттин эсебине акчалай төгүмдү өз убагында төлөөсүн;
- жыйырма эки жаштан баштап жана андан жогорку курактагы жарандарды аскердик бөлүктөрдө мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүү үчүн чакырууну жана топтоо пункттарына жиберүүнү, ошондой эле алардын кайра келүүсүн уюштурууну;
- альтернативдик кызматтын кызматчылары тарабынан акчалай төгүмдү өз убагында төлөөнү. Альтернативдик кызматтын кызматчыларынын кызматты өтөөсүн жана өзүнүн функциялык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруусун;
- шаар аралык телефондук сүйлөшүүлөргө, моторесурстарга, кызматтык автомобилдер үчүн аныкталган күйүүчү-майлоочу материалдарга акча каражаттарынын ашыкча сарпталышына жол бербөөнү.
18. Аскер комиссарына жана анын кол алдындагы кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Жободо, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук актыларында каралбаган милдеттерди жүктөөгө жол берилбейт.
19. Аскер комиссариаттарынын жана чакыруу комиссияларынын кызмат адамдары жарандарды аскердик кызматка, альтернативдик кызматка, мобилизациялык резервге чакыруу, жарандарды альтернативдик кызматка, аскердик жана альтернативдик кызматка жараксыз деп аныктоо боюнча мыйзамсыз чечими үчүн жоопкерчиликтин тиешелүү түрлөрүнө тартылат.
4-глава. Аскер комиссариаттарын материалдык, техникалык, финансылык жана башка камсыздоонун түрлөрү
20. Аскер комиссариаттарын материалдык, техникалык, финансылык жана башка камсыздоонун түрлөрү менен камсыз кылуу коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
21. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аскер комиссариаттарын курал-жарак, ок-дарылар, аскердик техника, күйүүчү-майлоочу материалдар, камсыздоонун башка түрлөрү жана материалдык каражаттар менен камсыз кылат.
22. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) аскер комиссариаттарын жана топтоо пункттарын белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга шайкеш келген кызматтык имараттар; зарыл болгон мүлкү жана инвентарлары бар, чакыруу жана топтоо пункттары, медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон инструменттер жана медициналык мүлк менен жабдылган башкаруу пункттарына ылайыкталган көмөкчү жана чарбалык жайлар менен камсыз кылат;
2) аскер комиссариаттарына жана топтоо пункттарына бөлүнгөн имараттарды жана жайларды учурдагы жана капиталдык оңдоодон өткөрөт, ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөйт;
3) аскер комиссариаттарын, чакыруу жана топтоо пункттарын тейлеген персоналды күтүүнү камсыз кылат;
4) аскердик кызматка, топтоо пункттарына чакырылган жарандарды жана запаста турган жарандарды чакыруу учурунда, ошондой эле мобилизациялык жайылтуу боюнча окууларды жана машыгууларды өткөрүү үчүн топтоо пункттарына жеткирүү үчүн транспорт берет;
5) жарандарды чакыруу участокторуна каттоо жана аларды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу мезгилинде медициналык персоналга жана техникалык кызматкерлерге орточо эмгек акыны жана иш сапардык чыгымдарды төлөйт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аскер комиссариаттарына аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча турак жайларды жана аскер комиссариаттарынын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон транспорт каражаттарын да берет.
(*) Аскер комиссариатын күчтөндүрүү аппараты - бул Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мобилизациялык ресурстарды кабарлоону, чакырууну жана жиберүүнү кепилденген жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча аскер комиссариаты тарабынан ишке тартылган жарандардын керектүү саны. Күчтөндүрүү аппаратынын курамы аскер комиссариаты тарабынан аткарылуучу милдеттердин көлөмүнө жараша аныкталат.
(**) Аскер комиссариатынын мобилизациялык жайылтуу базасы - бул башкаруунун, байланыштын жана кабарлоонун зарыл болгон каражаттары, транспорт, мүлк жана жабдуулар менен жабдылган башкаруу пункттарынын, кабарлоо участокторунун (штабдарынын), мобилизациялык ресурстарды топтоо жана жиберүү пункттарынын, күйүүчү май куюу пункттарынын, өздүк курамдын жылынуу жана тамактануу пункттарынын системасы. Бул базанын курамы аскер комиссариаты тарабынан аткарылуучу милдеттердин көлөмүнө жараша аныкталат.