Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 24-ноябрындагы № 752
токтому менен бекитилди)
Сезондук жумуштардын тизмеги
1. Айыл чарба жумуштары:
1) жазгы-талаа жумуштары (минералдык жана органикалык жер семирткичтерди себүү, кыртышты даярдоо, айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы айдап-себүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу);
2) айыл чарба жаныбарлары үчүн тоют даярдоо;
3) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо боюнча жыйым-терим иштери;
4) күзгү-талаа иштери (ным топтоочу сугат, кыртышты күздүк айдоого даярдоо, күздүк эгинди айдоо, минералдык жана органикалык жер семирткичтерди себүү, кыртышты күзгү айдоо, шүдүгөр кылып айдалган жер).
2. Кант кызылчасынан кумшекер чыгаруу менен түздөн-түз байланышкан иштер.
3. Мал көп союлган мезгилде этти кайра иштетүү менен байланышкан иштер.
4. Мөмө-жемиштер, жер-жемиштер жана жашылчалар тегиз бышкан мезгилде аларды жыйноо жана кайра иштетүү менен байланышкан иштер.
5. Жылытуу системаларын, анын ичинде мештерди, казандарды жана башка түзүлүштөрдү тейлөө менен байланышкан иштер.
6. Өсүмдүктөргө, газондорго кам көрүү боюнча иштер жана өсүмдүктөрдүн өсүшүн жана аймактын эстетикасын колдоо менен байланышкан башка иштер.
7. Коноктордун кийимдерин жана жеке буюмдарын кабыл алуу, сактоо жана берүү менен байланышкан иштер.
8. Өсүмдүктөрдү сугаруу, сугат системаларын орнотуу жана тейлөө, кыртыштын нымдуулугун контролдоо жана жабдууларды тейлөө боюнча иштер.
9. Токой чарбасындагы иштер:
1) кыртышты даярдоо, айдап-себүү жана көчөт отургузуу;
2) токой өсүмдүктөрүн өстүрүү жана питомниктердеги иштер;
3) талаа токой жайгаштыруу иштери.
10. Геологиялык чалгындоо жана ага байланыштуу иштер:
1) пайдалуу кен чыккан жерлерди геологиялык сүрөткө тартуу жана издөө;
2) пайдалуу кен чыккан жерлерди геологиялык чалгындоо (кошумча чалгындоо);
3) геофизикалык иштер;
4) адистештирилген (тематикалык) геологиялык изилдөөлөр;
5) топогеодезиялык жана топомаркшейдердик иштер.