КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 28-ноябры № 1036-т
2024-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасында “Торугарт – Жалал-Абад” темир жолун долбоорлоо, куруу, каржылоо, иштетүү жана техникалык тейлөө боюнча инвестициялык макулдашуунун 10-пунктун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мониторинг жана инспекциялоо (текшерүү) боюнча ведомстволор аралык комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Мониторинг жана инспекциялоо (текшерүү) боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын жана мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле иштөө үчүн зарыл болгон маалыматты суроого укуктуу деп белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ведомстволор аралык комиссиянын уюштуруу- методикалык жана башка ишин камсыз кылсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
1-тиркеме
Мониторинг жана инспекциялоо (текшерүү) боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
курамы
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары.