Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 1036-т тескемесине) |
Мониторинг жана инспекциялоо (текшерүү) боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо 2024-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары – Инвестор) ортосундагы Кыргыз Республикасында “Торугарт – Жалал-Абад” темир жолун долбоорлоо, куруу, каржылоо, иштетүү жана техникалык тейлөө (мындан ары – Долбоор) боюнча инвестициялык макулдашуунун (мындан ары – Инвестициялык келишим) 10-пунктуна ылайык түзүлгөн Мониторинг жана инспекциялоо (текшерүү) боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары – ведомстволор аралык комиссия) иш тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо Долбоорду ишке ашырууга жана Инвестор, подрядчылар жана субподрядчылар тарабынан ишкердик субъекттерин текшерүүгө кирбеген жана Кыргыз Республикасынын текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө мыйзамдарынын колдонулушуна туура келбеген милдеттенмелердин аткарылышына мамлекеттик мониторингдин өз алдынча формасы катары инспекциялык ишти жүзөгө ашыруунун атайын, өзгөчө тартибин белгилейт.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдети Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Инвестордун, башкы подрядчынын, анын подрядчыларынын жана субподрядчылардын ишине мониторинг жүргүзүүгө же инспекциялоого (текшерүүгө) ниеттенген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, анын ичинде алардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана башка ыйгарым укуктуу органдарынын (мындан ары – мамлекеттик органдар) суроо- талаптарын кароо жана макулдашуу болуп саналат.
4. Ведомстволор аралык комиссия коллегиялык консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
5. Ведомстволор аралык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Инвестициялык макулдашуунун шарттарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги функциялары
6. Ведомстволор аралык комиссиянын ыйгарым укуктары: