Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 744 токтомуна) |
Ээлегенде толук жекече, жамааттык (бригадалык) материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишимдер түзүлүшү мүмкүн болгон кызмат орундарынын жана иштердин БОЛЖОЛДУУ ТИЗМЕГИ
1-глава. Кампалардын жана сактоо жайларынын кызматкерлери
1. Сактоо камераларынын башчылары, кампачылар:
1) кампалардын башчылары жана алардын орун басарлары;
2) таразачылар.
2. Товардык жана товар жөнөтүү участокторунун начальниктери, материалдык баалуулуктарды түздөн-түз тейлөөчү улук товар жүргүзүүчүлөр жана товар жүргүзүүчүлөр.
3. Төмөнкүлөр боюнча кампаларда, базаларда (мунай базаларда), автомай куюучу станцияларда, муздаткычтарда, тамак-аш блокторунда, сактоочу жайларда, даярдоо (кабыл алуу) пункттарында, товардык жана товар жөнөтүү участокторунда, сактоочу камераларда, кампаларда жана гардеробдордо материалдык баалуулуктарды кабыл алуу, сактоо жана берүү боюнча иштер:
1) дарылоо-алдын алуу жана санаториялык-курорттук мекемелерде, пансионаттарда, кемпингдерде, эс алуу үйлөрүндө, мейманканаларда, жатаканаларда, транспорттогу эс алуу бөлмөлөрүндө, балдар мекемелеринде, спорттук-ден соолукту чыңдоо жана туристтик уюмдарда, лагерлерде болгон адамдарга, ошондой эле транспорттогу жүргүнчүлөргө материалдык баалуулуктарды берүү (кабыл алуу) боюнча;
2) жүргүнчүлөрдү ташуучу кемелерди, вагондорду жана самолетторду жабдуу боюнча.
2-глава. Соода, коомдук тамактануу жана тиричиликтик тейлөө кызматкерлери
4. Кассирлер:
1) кассир, билет кассири, соода залынын кассири, эксперт-кассир;
1) контролер (сактык банкынын) жана кассирдин милдеттерин аткаруучу башка кызматкерлер.
5. Күрөөкананын контролеру жана күрөөкананын товар жүргүзүүчүсү.
6. Камсыздандыруу агенти жана мөөнөтү өтүп кеткен жана башка накталай суммалардын эсептери боюнча төлөмдөрдү алуучу, камсыздандыруунун ар кандай түрлөрүндө кардарлардан төлөмдөрдү кабыл алуу жана тариздөө боюнча операцияларды жүргүзүүчү агент.
7. Дүкөндөрдүн башчылары жана алардын орун басарлары:
1) сатып алуу пункттарынын башчылары;
2) дүкөндөрдүн товардык секцияларынын (бөлүмдөрүнүн), заказдар бөлүмдөрүнүн башчылары жана алардын орун басарлары;
3) соода ишканаларынын цехтеринин жана участокторунун начальниктери жана алардын орун басарлары.
8. Коомдук тамактануу ишканаларынын башчылары жана алардын орун басарлары:
1) өндүрүштүн башчылары, директорлор жана алардын орун басарлары;
2) цехтердин (участоктордун) начальниктери жана алардын орун басарлары;
3) залдардын улук администраторлору жана администраторлору (метрдотелдер);
4) бармендер, буфетчилер жана официанттар.
9. Сооданын формаларына жана ишкананын (уюмдун) профилине карабастан товарларды (продукцияларды) сатуу (берүү), аларды сатууга даярдоо боюнча иштер.
10. Калктан төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн кабыл алуу жана акчаны касса аркылуу эмес төлөө боюнча иштер.
11. Соода жана акча автоматтарын тейлөө боюнча иштер.
12. Калктан маданий-тиричилик багыттагы предметтерди жана башка материалдык баалуулуктарды сактоого, оңдоого жана бул предметтерди (баалуулуктарды) даярдоо, калыбына келтирүү же сапатын жакшыртуу, аларды сактоо жана алар менен башка операцияларды аткаруу менен байланышкан башка операцияларды аткаруу үчүн кабыл алуу, калкка маданий-тиричилик багыттагы предметтерди ижарага берүү боюнча иштер.
3-глава. Даярдоо жана жабдуу түзүмдөрүнүн кызматкерлери
13. Даярдоо пункттарынын башчылары: сепаратордук бөлүмдөрдүн башчылары.
14. Жабдуу, сатып алуу жана жеткирүү боюнча агенттер:
1) коммерциялык агент, кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча агент, соода агенти, соода брокери, жүктөрдү ташуу боюнча экспедитор-коммивояжерлер;
2) инкассаторлор.
4-глава. Дарыкана, медициналык жана административдик-чарбалык мекемелердин кызматкерлери
15. Дарыкана мекемелеринин башчылары жана алардын орун басарлары:
1) дарыкана мекемелеринин бөлүм башчылары жана алардын орун басарлары;
2) биринчи топтогу дарыкана пункттарынын башчылары;
3) провизорлор-технологдор (рецепторлор-контролерлор), фармацевттер (кол менен жасоочулар);
4) саламаттык сактоо мекемелеринин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн улук медициналык айымдары.
16. Административдик-чарбалык бөлүмдөрдүн башчылары, чарба башчылары жана материалдык баалуулуктарды сактоочу имараттардын коменданттары.
5-глава. Транспорт жана экспедиция кызматкерлери
17. Ишканага же мекемеге таандык болгон автомобиль транспортунун сакталышына жооптуу айдоочулар.
18. Жүктү, багажды, почта жөнөтмөлөрүн жана башка материалдык жана акчалай баалуулуктарды жеткирүү (коштоп жүрүү) үчүн кабыл алуу жана иштеп чыгуу, аларды жеткирүү (коштоп жүрүү), берүү (тапшыруу) боюнча иштер.
19. Транспортто жүктөрдү коштоого байланышкан иштер.
6-глава. Баалуу металлдар, таштар жана башка баалуулуктар менен иштөө
20. Баалуу металлдарды, асыл таштарды, синтетикалык корунду жана алардан жасалган буюмдарды сатып алуу, сатуу, алмашуу, ташуу, жеткирүү, жөнөтүү, сактоо, иштеп чыгуу, өндүрүш процессинде колдонуу боюнча иштер.
7-глава. Айыл чарбасындагы иштер
21. Айыл чарба жана башка жаныбарларды өстүрүү, семиртүү, багуу жана көбөйтүү боюнча иштер.