Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 1-декабры № 764
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 31-майындагы № 302 “Бирдиктүү
казыналык эсеп системасындагы атайын жана
депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик
мекемелердин каражаттары жөнүндө”
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун “з” пунктчасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 “Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:
жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун тиркемесинде:
– 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 201, 202-пункттар менен толукталсын:
“
201 | Утилдештирүү жыйымы | ЖРЭТКМ |
|
202 | Токой чарбасындагы жоготуулардын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар | Мамлекеттик мекемелер |
|
”;
– 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 61, 62-пункттар менен толукталсын:
“
61 | Накталай эмес эсептешүүнү техникалык колдоо үчүн төлөм
| Мамлекеттик мекемелер |
|
62 | Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу иш-чараларына түшүүчү каражаттар
| ӨКМ |
|
”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 94 (3751) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |