ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-декабрындагы № 764 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302»Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция01.12.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 1-декабры № 764

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 31-майындагы № 302 “Бирдиктүү

казыналык эсеп системасындагы атайын жана

депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик

мекемелердин каражаттары жөнүндө”

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун “з” пунктчасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 “Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:

жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун тиркемесинде:

– 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 201, 202-пункттар менен толукталсын:

“

201

Утилдештирүү жыйымы

ЖРЭТКМ

 

202

Токой чарбасындагы жоготуулардын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар

Мамлекеттик мекемелер

 

”;

– 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 61, 62-пункттар менен толукталсын:

 

“

61

Накталай эмес эсептешүүнү техникалык колдоо үчүн төлөм

 

Мамлекеттик мекемелер

 

62

Өзгөчө кырдаалдарды

алдын алуу жана жоюу иш-чараларына түшүүчү каражаттар

 

ӨКМ

 

”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 94 (3751) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы   

 

 

 

А.А. Касымалиев