Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 352 токтому менен бекитилди) |
2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча
программаны ишке ашыруунун иш-чаралар планы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар /Аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа (продукт) | Каржылоо булактары | Жооптуу аткаруучулар |
| |
| ||||||||
Экономиканын артыкчылыктуу тармактарына инвестицияларды тартуу |
| |||||||
Транспорттук-логистикалык долбоорлорду ишке ашыруу |
| |||||||
1 | Транспорттук инфратүзүмгө жеке инвестицияларды тартуу | 1.1. МЖӨ принциптеринде акы төлөнүүчү авто жолдорду куруу чөйрөсүндө МЖӨ долбоорлорун демилгелөө жана ченемдик базаны түзүү
| 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Транспорт чөйрөсүндө МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууну баштоо
| Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ТКМ, ПИУА караштуу МЖӨ борбору |
| |
1.2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 722 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| |||||||
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык) |
| |||||||
2 | Темир жол инфратүзүмүн чыңдоо | 2.1. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол курулушун баштоо | 2024-жылдын 31-декабрына чейин | Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын жогорулатуу | Инвестицияларды тартуу | ТКМ, “КТЖ” УК” МИ, ПИУА |
| |
3 | Логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүү | 3.1. Чүй облусунда мультимодалдык транспорттук-логистикалык терминалдын курулушун баштоо | 2024-жылдын 31-декабрына чейин | Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын жогорулатуу | Жеке инвестициялар | ПИУА, ТКМ |
| |
3.2. “Нарын” ЭЭЗ аймагында соода-логистикалык комплекстин курулушун баштоо | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын жогорулатуу | Жеке инвестициялар | ЭКМ, ПИУА, МБК |
| |||
3.3. Мамлекеттик чек араларда жайгашкан контролдук-өткөрүү пункттарын модернизациялоо жана жаңылоо | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | 12 контролдук-өткөрүү пунктун модернизациялоо
| Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жана эл аралык донорлордун каражаттары | ЧК, МБК |
| |||
3.4. Чет өлкөлүк рыноктордо өнөр жай продукциясын илгерилетүү үчүн логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүү
| 2023-жылдын 30-октябрына чейин | Республиканын региондорунда 12 соода-логистикалык борборду түзүү, анын ичинде “Түндүк” жана “Түштүк” айыл чарба продукциясынын эки ири соода-логистикалык борбору, конкреттүү максаттагы продукттар менен 7 региондук логистикалык пункт | Жеке инвестициялар-дын эсебинен | АЧМ, ЭКМ, ПИУА |
| |||
Туризм |
| |||||||
4 | Туристтик секторго инвестицияларды тартуу
| 4.1. Туризм обьекттерин куруу жана өнүктүрүү үчүн жер участокторун бөлүп берүү жана пайдалануу жол-жоболорун жеңилдетүү
| 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Туристтик обьекттерди куруу үчүн шарттарды жеңилдетүү | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ТД |
| |
5 | Тоо-лыжа туризмин өнүктүрүү | 5.1. Биосфералык аймактын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугун эске алуу менен Ысык-Көл облусунда тоо-лыжа кластеринин курулушун баштоо
| 2024-жылдын 31-декабрына чейин | Ысык-Көл облусуна тоо-лыжа базасын жана коштоочу туристтик-рекреациялык инфратүзүмдү куруу | Инвесторлордун каражаттары | ТД, ЭКМ, ПИУА, КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
| |
Энергетика |
| |||||||
6 | Энергетикалык коопсуздукту жана инвесторлор үчүн энергияны жетиштүү көлөмдө камсыздоо
| 6.1. Электр энергиясын өндүрүүнүн өсүшүн камсыздоо | 2023-жылдын 1-декабрына чейин | КР энергиялык системасынын белгиленген кубаттуулугун 400 МВт көбөйтүү | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде, донорлордун жана энергетикалык компаниялардын каражаттары | ЭМ, “УЭХК” ААК (макулдашуу боюнча) |
| |
7 | Бааларды түзүүнү оптималдаштыруу жана инвесторлор үчүн электр энергиясына жетүүнү жеңилдетүү аркылуу энергетика секторунун натыйжалуулугун жакшыртуу | 7.1. Инвесторлор үчүн электр тармактарына кошулуу жол-жоболорунун санын, убактысын жана чыгымдарын азайтуу | 2024-жылдын 31-декабрына чейин | Кызмат көрсөтүүчү өзү тарабынан иштерди жүргүзүүнү жана бардык зарыл болгон уруксаттарды алууну караган түшүнүктүү жана ачык-айкын методологиянын негизинде коммуналдык компаниялардын тармактарга кошулуу үчүн акы төлөө жол-жобосун киргизүү | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ЭМ, ОЭКД, “УЭХК” ААК (макулдашуу боюнча)
|
| |
7.2. Жаңы генерациялоочу энергетикалык кубаттуулуктарды, анын ичинде ЭКБны киргизүүнү эске алуу менен 2022–2025-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясатты, калктын аялуу катмары үчүн даректүү колдоо чараларын жана керектөөчүлөрдү энергия системасына жогорку жүктөмдөрдү азайтууга түрткү берүүчү чараларды иштеп чыгуу | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Электр жана жылуулук энергиясына жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясатты кабыл алуу | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде | ОЭКД, ЭМ, “УЭХК” ААК (макулдашуу боюнча)
|
| |||
8 | Кыргыз Республикасынын аймагында чакан ГЭСтерди куруу
| 8.1. Өлкөнүн аймагында чакан ГЭСтерди жана башка ЭКБ объекттерин куруу боюнча 10дон кем эмес долбоорго ТЭН иштеп чыгуу
| 2025-жылдын 31-декабрына чейин | Кыргыз Республикасынын аймагында чакан ГЭСтерди жана башка ЭКБ объекттерин курууга 5тен кем эмес инвестициялык конкурстарды өткөрүү | Республикалык бюджеттин каражаттары, жеке өнөктөштүн каражаттары, гранттык каражаттар | ЭМ, ПИУА, “УЭХК” ААК (макулдашуу боюнча) |
| |
Агроөнөр жай комплекси |
| |||||||
9 | Атаандаштык артыкчылыктары жана экспорттук потенциалы бар айыл чарба продукциясынын жаңы түрлөрүнө өтүү
| 9.1. Бал өндүрүш секторун өнүктүрүүнүн интеграцияланган программасын ишке киргизүү | 2026-жылдын 1-декабрына чейин | Бал өндүрүшүн 20 %га көбөйтүү | Донорлордун каражаттары, ички жана тышкы инвестициялар
| АЧМ, өнөктөштөрү менен ЮНИДО (макулдашуу боюнча) |
| |
9.2. Мөмө-жемиштерди кайра иштетүү секторун өнүктүрүүнүн интеграцияланган программасын ишке киргизүү, анын ичинде продукциянын экспортко багытталган жаңы түрлөрүн өндүрүүнү өнүктүрүү | 2026-жылдын 15-декабрына чейин | Мөмө-жемиштерди кайра иштетүү продукциясын өндүрүү 20 %га көбөйтүү
| Донорлордун каражаттары, ички жана тышкы инвестициялар
| АЧМ, өнөктөштөрү менен ЮНИДО (макулдашуу боюнча) |
| |||
9.3. Кыргыз Республикасында аквакультураны өнүктүрүү боюнча программаны ишке киргизүү | 2026-жылдын 31-декабрына чейин | Товардык балыктарды өндүрүүнү жылына 200 миң тоннага чейин көбөйтүү | Инвесторлордун каражаттары | АЧМ |
| |||
10 | Ата мекендик тамак-аш азыктарынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу | 10.1. Тамак-аш азыктарынын сапатынын жана коопсуздугунун эл аралык стандарттарын пайдаланууну ишке киргизүү | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Тамак-аш азыктарынын сапаты жана коопсуздугу боюнча эл аралык сертификаттарды тамак-аш өнөр жайынын 30 ишканасы тарабынан алуусу | Донордук долбоорлордун жана жеке инвесторлордун каражаттары | АЧМ, ЭКМ, ССМ |
| |
10.2. Айыл чарба тармагына, анын ичинде кооперативдерге (каттоо, иш жүргүзүү боюнча ченемдик базаны өркүндөтүү жолу менен) мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана эл аралык электрондук товардык-сырьёлук биржаларга чыгууну кошо алганда, түшүмдү фьючерстик каржылоо механизмдери | 2023-жылдын 30-ноябрына чейин | Айыл чарба кооперативдеринин өндүрүштүк көлөмүн 25 %дан кем эмес көбөйтүү | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын жана донордук каражаттардын чегинде | АЧМ, ЭКМ, ФКК, «КФБ» ЖАК (макулдашуу боюнча) |
| |||
Кен казуу тармагы |
| |||||||
11 | Жергиликтүү калк менен талаш-тартыш кырдаалдарынын санын азайтуу
| 11.1. Жер казынасын пайдалануучулардын жергиликтүү коомчулуктун алдындагы социалдык жоопкерчилигин стандартташтыруу
| 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Социалдык пакеттин стандарттык формаларын иштеп чыгуу
| Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ЖРЭТКМ, МКЖӨБМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
|
| |
12 | Инвесторлор үчүн тоскоолдуктарды азайтуу | 12.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү, “Б” категориясын (маанилүү обьекттер) жана “В” категориясын (маанилүү обьекттер) жоюу | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Бир катар кендерди өздөштүрүүгө инвестициялар тартуу | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ЖРЭТКМ, ММБФ |
| |
Жеңил өнөр жайы |
| |||||||
13 | Эл аралык стандарттын талаптарына ылайык аккредитация-ланган жеңил өнөр жай продукциясын сыноо боюнча лабораторияны иштетүү | 13.1. Лабораторияларды куруу жана ишке киргизүү боюнча долбоорду ишке ашыруу механизмин иштеп чыгуу (түз инвестициялар/МЖӨ)
| 2023-жылдын 1-июлуна чейин | Жеңил өнөр жай ишканалары өзүнүн продукциясына сертификаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ
| Түз инвестициялар | ПИУА, ПИУА караштуу МЖӨ борбору |
| |
14 | Жеңил өнөр жай чөйрөсүнө кластерлерди иштеп чыгуу | 14.1. Текстиль жана булгаары өнөр жайы чөйрөсүндө кластерлерди өнүктүрүү боюнча 2ден кем эмес мастер-пландарды иштеп чыгуу
| 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Жеңил өнөр жай чөйрөсүндөгү кластерге бизнести тартуу үчүн иш-чаралар планы даярдалды жана ЭКМ буйругу менен бекитүү | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ЭКМ, ПИУА |
| |
14.2. “Технополис” өнөр жай зонасынын базасында инвестициялык лотту түзүү жана жеңил өнөр жай продукцияларынын белгилүү брендин кармоочулары – потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Инвестор менен инвестициялык макулдашууларды түзүү | Түз инвестициялар | ПИУА, ЭКМ |
| |||
15 | Товарлардын импортуна, жагымсыз тышкы факторлорго көз карандылыкты азайтуу жана ата мекендик өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү | 15.1. Кыргыз Республикасында өнөр жай зоналарынын базасында биргелешкен өндүрүштү уюштуруу боюнча чет өлкөлүк кездеме жана фурнитура өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Инвесторлор менен инвестициялык макулдашууларды түзүү | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ПИУА, ЭКМ |
| |
16 | Сырьёнун импортуна болгон көз карандылыкты азайтуу | 16.1. Кыргыз Республикасынын аймагында уяң жүндүү кой породаларын өстүрүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө дүйнөлүк жүн өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Кыргыз Республикасынын аймагында уяң жүндүү кой породаларын өстүрүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө ниеттердин протоколуна кол койдуруу | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | АЧМ, ПИУА |
| |
Инвестициялык мыйзамдарды жакшыртуу |
| |||||||
17 | Чет өлкөлүк инвесторлордун иши үчүн ийгиликтүү эл аралык тажрыйбага туура келбеген чектөөлөрдү алып салуу
| 17.1. Ар кандай ченемдик актыларда чет өлкөлүк инвестордун аныктамасын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык унификациялоо. Чет өлкөлүк инвесторлорго айыл чарба багытындагы жерлерди узак мөөнөткө ижарага берүү мүмкүнчүлүгүн берүү. Ысык-Көл облусунун туристтик объекттерине инвестицияларды ишке ашырууда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн чектөөлөрдү алып салуу | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | КР Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамына, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР Мыйзамына жана башка ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү
| Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ПИУА, ЭКМ, АЧМ, ММБФ |
| |
18 | Стратегиялык (казык) инвесторлорду тартуу | 18.1. Улуттук мыйзамдарды өзгөртүүдөн улам жеңилдиктерди жана иммунитетти берүү мүмкүнчүлүгү менен Өкмөт жана стратегиялык инвесторлордун ортосундагы инвестициялык келишимдердин ролун күчөтүү | 2026-жылдын 31-декабрына чейин | Инвестициялык макулдашууларга кол койгон стратегиялык инвесторлор үчүн өзгөчө иштөө режими каралган “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” КР Мыйзамына жана башка ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ПИУА |
| |
19 | Инвесторлор үчүн стабилдештирүү режимин киргизүү | 19.1. “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” КР Мыйзамында каралган стабилдештирүү макулдашууларын практикада ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2022-жылдын 31-декабрына чейин | Инвесторлор менен КР Министрлер Кабинетинин ортосунда жыл сайын 10дон кем эмес стабилдештирүү режими жөнүндө макулдашууларга кол коюу | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ПИУА, ЭКМ |
| |
20 | Эркин экономикалык зоналарга инвестицияларды тартуу | 20.1. Төмөнкүлөр каралган “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” КР Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу: – ЭЭЗ катышуучуларынын төлөмдөрүнүн толук тизмеги; – ЭЭЗ аймагында тыюу салынган иштин түрлөрүнүн жабык тизмеги; – башкы дирекциянын ролун администрациялыктан башкаруучулукка алмаштыруу; – ЭЭЗ субъекттеринин катышуусу менен ЭЭЗ дирекциясынын жетекчилигин конкурстук тандоо, ошондой эле ЭЭЗ башкаруу үчүн башкарууга адистешкен бөтөн уюмдарды тартууга мүмкүндүк берүүчү ченемдер; – ЭЭЗ аймагында финансы-кредиттик мекемелердин филиалдарынын жалпы шарттарда иштеши; – салыктык жеңилдиктерге эмес, инфратүзүмдүн сапатына жана инвестицияларга көмөктөшүүгө таянуу менен ЭЭЗди көп максаттуу индустриялык зоналарга трансформациялоо | 2026-жылдын 31-декабрына чейин | “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” КР Мыйзамын кабыл алуу | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ПИУА |
| |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык) |
| |||||||
21 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 722 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||||
22 | Инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү механизмин жакшыртуу жана инвесторлордун укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатуу
| 22.1. “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, анда инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу органдын ролун эске алуу менен инвесторлордун даттанууларын кароо тартиби каралууга тийиш | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ПИУА, ЭКМ |
| |
22.2. Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча функциялар бекитилген “Бизнес-акыйкатчы жөнүндө” КР Мыйзамын кабыл алуу | 2022-жылдын 31-декабрына чейин | “Бизнес-акыйкатчы жөнүндө” КР Мыйзамын кабыл алуу | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ЭКМ, ПИУА |
| |||
Фонддук рынок, инвестициялык фонддор жана башка механизмдер аркылуу инвестицияларды тартуу |
| |||||||
23 | Капиталдарга жана мүлккө легалдаштыруу жүргүзүү | 23.1. Капиталды жана мүлктү легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Экономикага инвестицияларды көбөйтүү | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ЭКМ, ЮМ, МСК, МБК, ФКК, ФЧМК |
| |
24 | Жарандардын инвестицияларын тартуу | 24.1. Жеткиликтүү финансылык инструменттерди түзүү жана камсыздандыруу механизми аркылуу ата мекендик компаниялардын баалуу кагаздарына инвестицияларды коргоону камсыз кылуу | 2023-жылдын 1-августуна чейин | Ата мекендик компаниялардын баалуу кагаздарына жарандардын инвестицияларын жыл сайын 5 % дан кем эмес көбөйтүү | Жеке инвестициялар | ЭКМ, ФКК, ФМ, КАС (макулдашуу боюнча) |
| |
24.2. Потенциалдуу инвесторлор үчүн баалуу кагаздар сунушун жогорулатуу | 2024-жылдын 31-декабрына чейин | Фонддук биржа аркылуу бардык мамлекеттик акционердик коомдордун акцияларынын 30 %дан кем эмесин сатуу | Жеке инвестициялар | ЭКМ, ММБФ |
| |||
25 | Венчурдук инвестицияларды тартуу | 25.1. Венчурдук ишти өнүктүрүү үчүн жарандык, салыктык, банктык жана инвестициялык фонддор жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2025-жылдын 31-декабрына чейин | Финансылык стартаптарды көбөйтүү | Жеке инвестициялар | ЭКМ, ПИУА |
| |
Эмгек мыйзамдары |
| |||||||
26 | Жумушчу күчтөрүнүн квалификациясын жогорулатуу | 26.1. Квалификациялардын улуттук алкагын киргизүүнү, бизнес-ассоциациялардын окуу пландарын аныктоого катышуусун жана башка механизмдерди кошо алганда, иш берүүчүлөр менен кесиптик-техникалык билим берүү системасынын ортосунда тыгыз байланышты түзүү | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн квалификациясын жана эмгек көндүмдөрүн жогорулатуу | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | БИМ, ЭСКММ, ЭКМ, БАИ (макулдашуу боюнча) |
| |
27 | Инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу | 27.1. Белгилүү суммадан ашкан инвестицияларды жүзөгө ашырууда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жашап турууга уруксатты жөнөкөйлөтүп алуу механизмин киргизүү | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жашап турууга уруксатты жөнөкөйлөтүп алуу боюнча ченемди аныктоо | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ПИУА,ЭКМ, ЭСКММ, СӨМ, УКМК |
| |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык) |
| |||||||
28 | Эмгек мыйзамдарын эң мыкты эл аралык тажрыйбага шайкеш келтирүү
| 28.1. Кызматкердин жана иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын балансын караган, ошондой эле пайдаланылбаган же начар пайдаланылган, бирок ошол эле учурда өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун төмөндөткөн ченемдерди алып салуу менен КР Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2022-жылдын 31-декабрына чейин | Эмгек келишимдеринин санын көбөйтүү, мыйзамдуу эмес жумушка орношууларды кыскартуу | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ЭСКММ, ЭКМ, ПИУА |
| |
Туруктуу инвестицияларды тартуу |
| |||||||
29 | Экологиялык жактан таза инвестицияларга дем берүү | 29.1. Экологиялык жактан таза (жашыл) инвестициялар түшүнүгүн мыйзамдарга киргизүү | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Экологиялык жактан таза (жашыл) инвестициялар үчүн түшүнүктү жана критерийлерди аныктаган ЧУАларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ЭКМ, ЖРЭТКМ, ПИУА |
| |
29.2. Калдыктарды башкаруунун заманбап экономикалык механизмдерин иштеп чыгуу жана улуттук мыйзамдарга киргизүү: – экологиялык ишкердикке жана жаратылышты коргоо ишине дем берүүчү преференциялар системасын; – калдыктарды утилдештирүү жана кайра иштетүү маселелерин чечүүгө байланыштуу инвестициялык долбоорлордун бизнес-пландарын колдоого багытталган жеңилдетилген кредиттер системасын | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Калдыктар менен иштөө жаатында башкаруунун экономикалык механизмдерин киргизүү үчүн “КР мыйзам актыларына (“Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “КР инвестициялар жөнүндө”, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” ж.б. КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамын кабыл алуу | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ЖРЭТКМ, ПИУА, ЭКМ, ФМ |
| |||
29.3. Жашыл климаттык фонддон каржылоо алуу үчүн талаптарга жооп берген инвестициялык сунуштардын пакетин даярдоо жана ишке ашыруу
| 2022-жылдын 31-декабрына чейин | Кыргыз Республикасы менен Жашыл климаттык фонддун ортосунда кызматташтык программасын кабыл алуу | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ПИУА |
| |||
Инвесторлор менен иштөө боюнча институционалдык механизмдерди өркүндөтүү |
| |||||||
30 | Инвестициялык долбоорлорду даярдоодо жана ишке ашырууда инвесторлорду колдоону камсыз кылуу | 30.1. Инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча ПИУА координациялоочу ролун чыңдоо максатында инвестицияларды тартуу үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын функцияларына ревизия жүргүзүү | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | ПИУА координациялоочу ролун жана статусун жогорулатуу | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ПИУА, ЭКМ, ТИМ |
| |
31 | Жергиликтүү деңгээлде инвесторлорду колдоону күчөтүү | 31.1. Жергиликтүү деңгээлде инвестицияларды тартуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын ролун, жоопкерчилигин жана ресурстарын күчөтүү үчүн ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2022-жылдын 31-декабрына чейин | “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамына жана башка ЧУАларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ЭКМ, ПИУА, МКЖӨБИМА, КРП ЫУӨ |
| |
32 | Инвестицияларды тартуу үчүн инфратүзүмдү жана шарттарды түзүү
| 32.1. Жалпы республика боюнча жана ар бир облуста инвесторлор үчүн санариптик платформаларды жана электрондук жол көрсөткүчтөрдү түзүү
| 2024-жылдын 31-декабрына чейин | ПИУА сайтында жайгаштырылган санариптик платформалар жана республика, ошондой эле айрым облустар боюнча электрондук жол көрсөткүчтөрдү түзүү | Донорлордун каражаттарын тартуу | ПИУА, КРП ЫУӨ |
| |
32.2. Өнөр жай ишканалары үчүн инвестициялык пакеттердин (инвестициялык лоттордун) системасын киргизүү, анын ичинде инвесторлорго даяр инфраструктурасы жана иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү зарыл болгон документтери бар жер тилкесин берүү | 2026-жылдын 31-декабрына чейин | Кеминде 4 инвестициялык лотту даярдоо | Донорлордун каражаттарын тартуу | ПИУА, ЭКМ, ЖРЭТКМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
| |||
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык) |
| |||||||
33 | Инвесторлорго жол-жоболук жана административ-дик жүктү азайтуу | 33.1. Инвесторлорго бирдиктүү мамлекеттик орган аркылуу консультациялык, юридикалык жана административдик кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык спектрин алууга мүмкүндүк берүүчү “бирдиктүү терезе” системасын киргизүү | 2026-жылдын 31-декабрына чейин | Инвесторлор үчүн “бирдиктүү терезе” системасын ишке киргизүү | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ПИУА, КР министрлик-тери жана ведомстволо-ру |
| |
34 | Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндө инвесторлорго көмөк көрсөтүү | 34.1. Инвесторлордун даттанууларын карап чыгуу жана коштоп жүрүү тартибин иштеп чыгуу | 2023-жылдын 31-декабрына чейин | Инвестициялык талаш-тартыштарды кароо жагынан инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу органдын функцияларын кеңейтүү | Министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде | ПИУА, ЭКМ |
| |
Кыскартуулардын тизмеси
ЭКБ – энергиянын кайра жаралуучу булактары
ЖАМА – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги
МКЖӨБИМА – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
УКМК – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
ФЧМК – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы
МБК – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы
МСК – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы
“КТЖ” УК” МИ – «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы
МЖӨ – мамлекеттик-жеке өнөктөштүк
ОЭКД – Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча департамент
ТД – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти
“КФБ” ЖАК – “Кыргыз фондулук биржа” жабык акционердик фонду
БАИ – Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчы институту
КР – Кыргыз Республикасы
ККА – “Камсыздандыруучулардын кыргыз ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси
ТИМ – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
ССМ – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
БИМ – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
АЧМ– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги
ТКМ – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
ЭСКММ – Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
ЭКМ – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
ЭМ – Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
ЖРЭТКМ – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
СӨМ – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги
ЮМ – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
ФМ – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ПИУА – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик
ЧУА – ченемдик укуктук акт
ЖӨБО – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
“УЭХК” ААК – “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коому
ЧК – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы
КРП ЫУӨ – Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
ЭЭЗ – эркин экономикалык зоналар
ОМТС – орто мөөнөттүү тарифтик саясат
Финкөзөмөл – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы
ТЭН – техникалык экономикалык негиздеме
ММБФ – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд
ЮНИДО – Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму