Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 Жарлыгы менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик
башкаруу академиясынын
уставы
1. Жалпы жоболор
2. Академиянын негизги максаттары жана милдеттери
3. Академиянын ыйгарым укуктары
4. Академиянын билим берүү ишин уюштуруу
5. Академиянын эксперттик-аналитикалык жана илимий-изилдөө ишин уюштуруу
6. Академияны башкаруу түзүмү жана ишин уюштуруу. Академиянын кызматкерлери
7. Академиянын Окумуштуулар кеңеши
8. Академиянын Камкорчулар кеңеши
9. Академиянын мүлкү жана каржылоо. Эсепке алуу жана отчеттуулук
10. Ушул Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби. Академиянын ишин токтотуу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары - Академия) мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасына ээ, кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономия берүүнү караган өзгөчө статуска ээ юридикалык жак болуп саналат.
Академия натыйжалуу билим берүү жана илимий-изилдөө чөйрөсүн түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын кызматчыларын үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө эксперттик-аналитикалык борборун өнүктүрүү максатында түзүлгөн.
2. Академия Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 19-мартындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясы тууралуу" Жарлыгына ылайык Бишкек эл аралык менеджмент жана бизнес мектебин кайра түзүү аркылуу түзүлгөн.
3. Академиянын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Президенти саналат.
4. Академия Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын укук улантуучусу болуп саналат.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызыкчылыктарын көздөгөн орган болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы (мындан ары - Президенттин Администрациясы) саналат.
6. Академия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Билим берүү жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ушул Уставды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин актыларын жетекчиликке алат.
7. Академия уставдык ишин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктук мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук, эл аралык жана башка уюмдар жана жеке адамдар менен кызматташтыкта жүзөгө ашырат.
8. Академия билим берүү, илимий, коммерциялык, административдик жана финансы-экономикалык иштин формаларын жана багыттарын өз алдынча аныктайт, персоналды жана активдерди башкаруу маселелерин кошкондо башкаруучулук чечимдерди кабыл алат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда аныкталган чектерде бюджеттик жана атайын каражаттарды тескейт.
9. Академия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жарандык-укуктук мамилелерде тарап катары чыгууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
10. Академиянын ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлкү, өз алдынча балансы жана сметасы, банктык жана башка финансылык мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү жана мамлекеттик, расмий жана англис тилдериндеги аталыштары түшүрүлгөн мөөрлөрү, штамптары жана бланктары бар.
11. Академия төмөнкүдөй расмий аталышка ээ:
- толук мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы";
- толук расмий тилде: "Академия государственного управления при Президенте Кыргызской Республики имени Жусупа Абдрахманова";
- толук англис тилинде: "Zhusup Abdrakhmanov Academy of Public Administration under the President of the Kyrgyz Republic";
- мамлекеттик тилде кыскартылган: "Мамлекеттик башкаруу академиясы";
- расмий тилде кыскартылган: "Академия государственного управления";
- англис тилинде кыскартылган: "The Academy of Public Administration".
12. Академиянын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек шаары, Панфилов көчөсү, 237.
2. Академиянын негизги максаттары жана милдеттери
13. Академиянын миссиясы - Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү жана улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү максатында инновациялык идеяларды иштеп чыгууга, мамлекеттик жана коомдук процесстерди натыйжалуу башкарууга жөндөмдүү лидерлердин муунун калыптандыруу.
Академиянын негизги баалуулуктары:
- академиялык эркиндик - академиялык программаларды иштеп чыгуу жана түзүү, илимий изилдөөлөрдүн темасын жана аларды жүргүзүү методдорун тандоо укугу, ошондой эле билим алуучулардын өз жөндөмдүүлүктөрүнө ылайык билим алуу укугу;
- академиялык чынчылдык - билим алуучулардын, окутуучулардын жана кызматкерлердин заманбап билим берүүнүн этикалык ченемдерин жана принциптерин сактоосу (чынчылдык, ишеним, акыйкаттык, сый-урмат, жоопкерчилик, плагиатка жол бербөө жана сый акыга билимди баалоону жокко чыгаруу);
- инновациялуулук - мыкты дүйнөлүк жана улуттук билим берүү технологияларынын жана башкаруу практикасынын синергиясынын негизинде уникалдуу билим берүү продукциясын жана программаларын түзүү;
- илимий негиздүүлүк жана кыраакылык - башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн алдын алуучу илимий-аналитикалык базасын жана сунуштамаларды түзүү жана илгерилетүү;
- жоопкерчилик - өзүнүн кесиптик милдеттерин ак ниет аткаруу;
- ачыктык - улуттук жана эл аралык уюмдар менен натыйжалуу коммуникацияны жана кызматташууну өнүктүрүү, тажрыйба жана билим алмашуу;
- кесипкөйлүк - билим алуучуларды, окутуучуларды жана кызматкерлерди даярдоонун так стандарттары жана алардын компетенцияларын туруктуу жогорулатуу;
- коомго кызмат кылуу - өлкөнү жана анын коомдук кызыкчылыктарын өнүктүрүүдө мамлекеттик кызматтын баалуулугун жана анын жогорку миссиясын үйрөтүү.
14. Академиянын негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык башкаруунун натыйжалуулугун камсыз кылуу жана туруктуу өнүктүрүү максатында кесиптик өнүктүрүү жана илимий-изилдөө жана инновациялык ишке тартуу аркылуу Кыргыз Республикасынын лидерлеринин муунун калыптандыруу жана өнүктүрүү саналат.
15. Академиянын негизги милдеттери жана ишинин багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жогорку жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн академиялык программаларын ишке ашыруу;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары жана муниципалдык кызматчылары (мындан ары - мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар), анын ичинде мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизилген адамдар үчүн кошумча кесиптик программаларды ишке ашыруу (кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программалары);
3) Академиянын ишинин багыттары боюнча жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, окутуучуларды жана адистерди кесиптик кайра даярдоо жана стажировкадан өткөрүү;
4) мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери үчүн дүйнөлүк мыкты жетишкендиктерге ылайык келген инновациялык академиялык программаларды жана кесиптик өнүктүрүү программаларын түзүү жана киргизүү, анын ичинде төмөнкүлөрдү пайдалануу менен:
- санариптик билим берүү платформаларын;
- аралыктан билим берүү технологияларын жана дуалдык окутууну;
- окутуунун интерактивдүү жана практикага багытталган формаларын;
- башка формаларды;
5) илимий-колдонмо изилдөөлөрдү жана башка эксперттик, аналитикалык иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
6) Президенттин Администрациясынын ишин эксперттик-аналитикалык жана илимий камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маселелери боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды даярдоо аркылуу, ошондой эле Президенттин Администрациясынын заказы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү, иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү;
7) мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык, маалыматтык-аналитикалык жана илимий-методикалык кызматтарды көрсөтүү;
8) мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын потенциалын өнүктүрүүгө көмөктөшүү, анын ичинде төмөнкүлөр аркылуу:
- илимий конференцияларды, форумдарды, семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу;
- чет өлкөлүк жана Академияда топтолгон илимий жана билим берүү тажрыйбасын илимий эмгектерди, мезгилдүү басылмаларды жана башка басма продукцияларын, аналитикалык материалдарды жана мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн сунуштамаларды жарыялоо аркылуу жайылтуу;
9) төмөнкүлөр аркылуу эл аралык кызматташтыкты жана өнөктөштүктү өнүктүрүү:
- чет өлкөлүк билим берүү жана илимий мекемелер, эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты түзүү жана өнүктүрүү;
- эл аралык билим берүү жана илимий программаларга жана долбоорлорго катышуу;
10) билим берүү программаларынын сапатын эл аралык стандарттарга ылайык келтирүүнү камсыз кылуу, ошондой эле кошумча билим берүү программаларын ишке ашырууга көз карандысыз ички жана тышкы мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
11) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын баалуулуктарын популярдаштыруу, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына кызмат кылуунун коомдук маанилүү идеалдарын илгерилетүү.
16. Академия максатын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн төмөнкү иштерди жүзөгө ашырат:
1) кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча билим берүү кызматтарын көрсөтүү;
2) кошумча билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча билим берүү кызматтарын көрсөтүү: мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кайра даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын керектөөлөрүн аныктоого, пландоого жана болжолдоого көмөктөшүү;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга мамлекеттик билим берүү заказын ишке ашыруу;
5) билим алуучуларды жана угуучуларды окутуу процессин камсыз кылуу, анын ичинде:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн окуу пландарын жана программаларды иштеп чыгуу жана бекитүү;
- окутууга кабыл алуу тартибин аныктоо, билим алуучуларды жана угуучуларды кабыл алуу планын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- окуу сабактарынын түрлөрү боюнча профессордук-окутуучулук курам үчүн окуу, окуу-методикалык жана илимий жүктөмдүн ченемдерин жана көлөмүн бекитүү;
- адистерди илимий-педагогикалык, эксперттик-аналитикалык жана методологиялык ишке тартуу;
- белгиленген тартипте окумуштуулук жана академиялык даражаларды ыйгаруу боюнча диссертациялык, аттестациялык кеңештерди жана комиссияларды түзүү;
- Академиянын окутуучуларын, кызматкерлерин, билим алуучуларын жана угуучуларын мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана/же жогорку окуу жайларына жана илимий уюмдарга, анын ичинде чет өлкөгө стажировкага жөнөтүү;
6) Академияда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды аралыктан окутуу үчүн санариптик чечимдерди, сервистерди жана электрондук контентти кошкондо, санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүү жана ишке киргизүү;
7) мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө, башка чектеш тармактарда илимий жана социологиялык изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү;
8) мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жаатында, башка чектеш тармактарда эл аралык программаларды жана долбоорлорду илимий жана уюштуруучулук камсыздоого, коштоого жана ишке ашырууга катышуу;
9) мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жаатындагы мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүүгө тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана экспертиза жүргүзүүгө катышуу;
10) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик деңгээлине карата базалык квалификациялык талаптарды түзүүгө көмөктөшүү;
11) Академиянын ишинин маселелери боюнча окуу-методикалык, илимий-изилдөө, маалыматтык адабияттарды, анын ичинде кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө иштеп чыгуу, басып чыгаруу, илгерилетүү жана сатуу;
12) мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий-изилдөө, окуу жана басма уюмдары менен кызматташуу;
13) Академиянын материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү жана чыңдоо;
14) уставдык милдеттерди ишке ашыруу максатында санариптик платформаларды түзүү;
15) Академиянын профессордук-окутуучулук курамына, кызматкерлерине, билим алуучуларына жана угуучуларына окутуунун заманбап технологияларына жана санариптик платформаларга жетүүнү, тамак-ашты, медициналык тейлөөнү жана психологиялык колдоону уюштурууну караган жайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүү.
3. Академиянын ыйгарым укуктары
17. Академия милдеттерин жана иш багыттарын ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) билим берүү процессин башкарууга, жаңы академиялык программаларды түзүүгө жана окуу пландарын бекитүүгө, окутуунун ар түрдүү методикаларын жана илимий изилдөөлөрдү колдонууга, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык финансыны, адам ресурстарын жана инфраструктураны башкаруу боюнча административдик ички жол-жоболорду иштеп чыгуу маселелеринде чечимдерди өз алдынча кабыл алууга;
2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын мекемелери жана ишканалары үчүн кадрларды окутуу жана даярдоо жүргүзүлгөн багыттардын формаларын жана тизмегин белгилөөгө;
3) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга заказдарды жайгаштырууга жана аткарууга;
4) мамлекеттик саясат, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү, аналитикалык иштерди жүргүзүүгө заказдарды жайгаштырууга жана аткарууга;
5) санариптик билим берүү платформаларында аралыктан окутуу үчүн электрондук контентти иштеп чыгууга жана жайгаштырууга;
6) белгиленген тартипте окумуштуулук даражаларды ыйгаруу боюнча диссертациялык кеңештерди түзүүгө, докторантураны, аспирантураны, изденүүчүлүктү, анын ичинде PhD докторантурасын уюштурууга;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдү түзүүгө;
8) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу менен алектенген окуу мекемелер тармагынын координациялык-кеңешүүчү органдарын түзүүгө;
9) окуу программаларын ийгиликтүү өздөштүргөн адамдарга тиешелүү документтерди берүүгө;
10) адистерди, анын ичинде штаттан тышкары адистерди окуу процессине, ошондой эле ушул Уставда каралган иштин башка түрлөрүнө тартууга, алардын эмгек акысы келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген чектерде республикалык бюджеттин каражаттарынан жана атайын каражаттардан аныкталат;
11) жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө, өзгөртүүгө жана бузууга;
12) Академиянын сыйлыктарын (ардак грамоталарын, артыкчылык белгилерин) уюштурууга жана ыйгарууга;
13) Академиянын кызматкерлерин жана окутуучуларын өлкөнүн ичине жана чегинен сырткары иш сапарларга жиберүүгө;
14) Академиянын кызматкерлерин жана окутуучуларын ардак наамдарды ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлыктар жана сый акылар менен сыйлоого сунуштоого;
15) Академиянын ишинин негизги багыттарын камсыз кылуу максатында Академиянын каражаттарын тескөөгө;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштурууга жана ишке ашырууга;
17) Академиянын ишинин негизги багыттарын ишке ашыруу үчүн эл аралык жана башка уюмдардын каражаттарын тартууга;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гранттарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каражаттарды тескөөгө;
19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте басма ишин жүргүзүүгө, илимий журналдарды басып чыгарууга, материалдарды жарыялоого;
20) чарбалык, анын ичинде өндүрүштүк иш менен алектенүүгө;
21) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө;
22) ар түрдүү билим берүү программаларын, практикаларды, стажировкаларды уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө жана эл аралык симпозиумдарды, конференцияларды, форумдарды, семинарларды, көргөзмөлөрдү өткөрүүгө;
23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана ушул Уставда аныкталган Академиянын миссиясына, максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген иштин башка түрлөрү менен алектенүүгө;
24) Академияны өнүктүрүү үчүн эндаумент-фондду түзүүгө;
25) Академиянын административдик-башкаруу, профессордук-окутуучулук, илимий, окуу-көмөкчү, техникалык жана тейлөө персоналына материалдык дем берүү үчүн атайын фондду түзүүгө;
26) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү өз алдынча ижарага берүүгө, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн алынган каражаттарды тескөөгө.
18. Академиянын ушул Уставда белгиленген ишинин предметине жана максаттарына жооп бербеген ишти жүргүзүүгө, ошондой эле бүтүмдөрдү жасоого укугу жок.
4. Академиянын билим берүү ишин уюштуруу
19. Академия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде окуу процессин жүргүзүүдө өз алдынчалуулукка ээ.
20. Академияга окууга кабыл алуу Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Академиянын ректору тарабынан бекитилүүчү окууга кабыл алуу эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.
21. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын учурдагы жана келечектеги керектөөлөрүнүн негизинде иштелип чыккан жана Академиянын Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген Академиянын каталогунда берилген окуу пландары жана курстардын программалары боюнча мамлекеттик билим берүү заказынын негизинде жүргүзүлөт.
22. Академияда окутуу республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт же болбосо жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук келишимдердин негизинде акы төлөнүшү мүмкүн.
23. Академияда окутуу мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде жүргүзүлөт.
24. Билим берүү процессинин бардык багыттары боюнча окутуу күндүзгү жана гибриддик формалар боюнча жарым-жартылай же толук көлөмдө аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүгү менен жүргүзүлөт. Академия тарабынан окутуунун башка формалары да каралышы мүмкүн.
25. Академия өз ишинин жана мамлекеттик билим берүү заказынын алкагында:
1) кесиптик билим берүү программалары боюнча билим алуучуларды кезектеги кабыл алууну жарыялайт;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрларынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо пландарын бекитет;
3) Кыргыз Республикасында жана чет өлкөдө билим алуучулардын жана угуучулардын практикаларын жана стажировкаларын уюштурат.
26. Окуу процесси, ошондой эле билим алуучулардын окуудагы жетишкендиктерин (билимди учурдагы контролдоо жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация) текшерүү жүргүзүү формалары жана тартиби Академиянын Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилүүчү окутуу регламенти менен белгиленет.
27. Билим алуучулар менен мамилелерди тариздөө тартиби, ошондой эле билим алуучуларды окуу жайдан чыгаруунун негиздери жана тартиби Академия тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
28. Төмөнкүлөрдү ийгиликтүү аяктаган адамдарга:
- магистрдик даярдоо программасын - мамлекеттик үлгүдөгү дипломдон тышкары санариптик форматтагы институттук диплом (Академиянын диплому) берилет;
- кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программасын - белгиленген үлгүдөгү, санариптик форматтагы тиешелүү документ берилет.
5. Академиянын эксперттик-аналитикалык жана
илимий-изилдөө ишин уюштуруу
29. Академияда эксперттик-аналитикалык жана илимий-изилдөө иштери Президенттин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин заказынын, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жана уюмдар менен келишимдердин негизинде, ошондой эле магистранттардын, аспиранттардын жана докторанттардын илимий диссертацияларынын темаларын иштеп чыгуунун жүрүшүндө аткарылат.
30. Академияда эксперттик-аналитикалык жана илимий-изилдөө иштери республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, гранттардын жана жеке, юридикалык жактар менен жарандык-укуктук келишимдердин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
31. Гранттар боюнча жана келишимдик негизде эксперттик-аналитикалык жана илимий-изилдөө иштерин аткаруудан алынган каражаттар тиешелүү чыгымдар жабылгандан кийин Академиянын материалдык базасын өнүктүрүүгө, кызматкерлерине дем берүүгө жана башка уставдык милдеттерди чечүүгө багытталат.
32. Академия эксперттик-аналитикалык жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнүн алкагында:
1) эксперттик-аналитикалык жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө долбоордук сунуштарды иштеп чыгат, улуттук жана эл аралык конкурстарга катышат;
2) Президенттин Администрациясы менен макулдашылган эксперттик-аналитикалык жана илимий-изилдөө иштеринин келечектеги планын иштеп чыгат жана анын негизинде учурдагы пландарды ишке ашырат;
3) жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдердин негизинде Академиянын штаттагы жана штаттан тышкары кызматкерлеринин, магистранттарынын, аспиранттарынын жана докторанттарынын ичинен убактылуу чыгармачыл жамааттарды түзөт;
4) адистерди жана илимий кадрларды даярдоонун бардык деңгээлдеринде илимий жана эксперттик-аналитикалык изилдөөлөрдүн тематикаларынын Академиянын миссиясына шайкештигин камсыз кылат.
33. Академияда эксперттик-аналитикалык жана илимий-изилдөө ишин уюштуруу жана жүргүзүү Академиянын Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилүүчү тартипте жүргүзүлөт.
34. Эксперттик-аналитикалык жана илимий-изилдөө ишин натыйжалуу жүргүзүү үчүн Академия тарабынан башка илимий-билим берүү жана маалыматтык-аналитикалык уюмдар менен илимий кызматташуунун түрдүү формалары пайдаланылат.
6. Академияны башкаруу түзүмү жана ишин уюштуруу.
Академиянын кызматкерлери
35. Академия анын карамагындагы бөлүмдөрдү кошкондо бирдиктүү билим берүү жана илимий-изилдөө комплекси болуп саналат. Академиянын түзүмүнө: ректор, ректорат, ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөр (филиалдар, өкүлчүлүктөр, институттар, факультеттер, кафедралар, борборлор, департаменттер, бөлүмдөр, жатаканалар жана башка бөлүмдөр, ошондой эле Академиянын Камкорчулар кеңеши менен макулдашылган, ректордун чечимдери менен каралган ишканалар) кирет.
36. Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Администрациясы, Камкорчулар кеңеши, ректор, Окумуштуулар кеңеши Академиянын башкаруу органдары болуп саналат.
37. Академияны уюштуруучунун өзгөчө укуктары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Академиянын ректорун кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
2) Академиянын Уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү.
38. Президенттин Администрациясы Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
1) Академияны өнүктүрүү программасын кароо жана бекитүү, анын аткарылышы жөнүндө Академиянын ректорунун отчетун угуу;
2) ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана багыттарды ишке ашыруу боюнча Академиянын ишин жалпы координациялоо жана көмөк көрсөтүү;
3) Академиянын ректорун кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизүү;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызыкчылыктарын көздөө боюнча башка функциялар.
39. Академия мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен төмөнкүлөр боюнча өз ара аракеттенет:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга мамлекеттик билим берүү заказын түзүү, жайгаштыруу жана ишке ашыруу;
- жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун стратегиялык багыттарын аныктоо;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрларынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча биргелешкен билим берүү программаларын уюштуруу;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн кадрларды даярдоо чөйрөсүндө, анын ичинде санариптик технологияларды, окутуунун заманбап методдорун жана технологияларын ишке киргизүүнүн эсебинен жаңы ыкмаларды илгерилетүү;
- мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу жана изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу маселелери боюнча эл аралык билим берүү институттары менен өз ара аракеттенүү.
40. Академия ички уюштуруучулук-башкаруу түзүмүн өз алдынча аныктайт.
41. Академиянын штаттык санынын чеги жана эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.
42. Академия Академиянын ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн статусун жана аталышын, алардын ишин уюштуруу тартибин, ошондой эле аларды башкарууга жана кызматкерлерге карата талаптарды өз алдынча аныктайт.
Академиянын бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүү формалары жана мазмуну ушул Устав, Академиянын ректору тарабынан бекитилүүчү Академиянын ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жоболору жана уставдары менен аныкталат.
43. Ректор:
1) Академиянын ишин жалпы жетектейт жана Академиянын ишинин жыйынтыктары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) билим берүү, окуу-методикалык, илимий-изилдөө иштери жана маалыматтык-аналитикалык иштер, кадрларды даярдоо, эл аралык байланыштарды жүргүзүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат;
3) Академиянын уюштуруучулук-башкаруу түзүмүн жана Академиянын ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүн башкаруу түзүмүн аныктайт;
4) Академиянын профессордук-окутуучулук курамына, административдик-башкаруу, окуу-көмөкчү, инженердик-техникалык жана башка персоналына кирген кызматкерлерди (мындан ары - Академиянын кызматкери) мөөнөттүү эмгек келишиминин шарттарында кабыл алат, жайгаштырат, бошотот;
5) Президенттин Администрациясы менен макулдашуу боюнча проректорлорду кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
6) юридикалык жактын статусу бар ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, алар менен мөөнөттүү эмгек келишимдерин түзөт;
7) Академиянын Окумуштуулар кеңешинин ишин уюштурат жана жетектейт;
8) Академиянын атынан жарандык-укуктук келишимдерди жана эмгек келишимдерин түзөт;
9) Академиянын финансылык каражаттарын өз алдынча тескейт, акчалай каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылат;
10) Академиянын кызматкерлерин сыйлайт жана аларга карата тартиптик жаза чараларын колдонот;
11) Академиянын сыйлыктары менен сыйлайт жана Академиянын кызматкерлерин ардак наамдарды ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлыктар жана сый акылар менен сыйлоого сунуштайт;
12) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, эл аралык жана башка уюмдарда Академиянын атынан чыгат;
13) үчүнчү жактардын алдында Академиянын кызыкчылыктарын коргоого Академиянын кызматкерлерине жана башка жактарга ыйгарым укуктарды берет жана аларга Академиянын атынан юридикалык жана башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө ишеним каттарды берет;
14) ушул Уставда каралган же андан келип чыгуучу башка маселелерди чечет.
44. Академиянын ректорунун чечими буйрук түрүндө кабыл алынат.
45. Академиянын ректору жок учурда анын милдеттерин Академиянын ректорунун чечими менен аныкталган Академиянын проректорлорунун бири аткарат.
46. Академиянын ректору Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Президенти Академиянын ректорун сунушсуз кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга укуктуу.
Академиянын ректорунун кызмат ордуна талапкерге карата окумуштуулук даражасынын жана окумуштуулук наамынын, жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажынын же болбосо 10 жылдан кем эмес педагогикалык стажынын болушу жөнүндө талап коюлат.
47. Академияда төмөнкүлөр боюнча проректорлордун кызмат орундары каралат:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү боюнча;
2) академиялык жана илимий иш боюнча;
3) финансылык жана инфраструктуралык иш боюнча.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү боюнча биринчи проректордун кызмат ордуна талапкерге карата мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес стажынын болушу жөнүндө талап коюлат.
Академиялык жана илимий иш боюнча проректордун кызмат ордуна талапкерге карата окумуштуулук даражасынын, окумуштуулук наамынын жана 10 жылдан кем эмес педагогикалык стажынын болушу жөнүндө талап коюлат.
Финансылык жана инфраструктуралык иш боюнча проректордун кызмат ордуна талапкерге карата финансылык, мекемелерди башкаруу ишинде 10 жылдан кем эмес стажынын болушу жөнүндө талап коюлат.
48. Академиянын эмгек жамааты өзүнө профессордук-окутуучулук курамды, административдик-башкаруу, окуу-көмөкчү, инженердик-техникалык жана башка персоналды камтыйт.
49. Академиянын кызматкерлери өз компетенциясынын чегинде Академиянын өкүлдөрү болуп саналат.
50. Академиянын кызматкерлеринин ушул Уставда жөнгө салынбаган ишинин маселелери, алардын функциялары, укуктары жана милдеттери, ошондой эле ишти уюштуруу жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Академиянын тиешелүү бөлүмдөрү жана кызмат адамдары жөнүндө уставдарда жана жоболордо, тиешелүү келишимдерде жана кызматтык нускамаларда, жамааттык келишимде, ички тартип эрежелеринде жана башка локалдык ченемдик актыларда аныкталат.
7. Академиянын Окумуштуулар кеңеши
51. Академиянын Окумуштуулар кеңеши Академияны башкаруунун коомдук-кесиптик органы болуп саналат. Окумуштуулар кеңешинин кадрларды тандоо, жайгаштыруу, бошотуу, финансы-чарбалык иштер маселелери боюнча чечимдери сунуштоочу мүнөзгө ээ.
52. Академиянын Окумуштуулар кеңеши 15тен кем эмес адамдан турат. Анын курамына кызмат орду боюнча Академиянын ректору, проректорлору, бөлүмдөрдүн жетекчилери кирет.
Академиянын ректорунун сунушу боюнча Академиянын Окумуштуулар кеңешинин курамына Академиянын профессорлору, доценттери, окумуштуулук даражасы бар окутуучулары жана башка кызматкерлери кириши мүмкүн. Академиянын Окумуштуулар кеңешинин жеке курамы Академиянын ректору тарабынан бекитилет.
Академиянын Окумуштуулар кеңеши өз ишин ушул Уставга жана Академиянын ректору тарабынан бекитилген Академиянын Окумуштуулар кеңешинин иш регламентине ылайык жүргүзөт.
53. Академиянын Окумуштуулар кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Академияны өнүктүрүү программасына ылайык Академияны өнүктүрүүнүн жылдык жана келечекке пландарын бекитүү;
2) Академиянын проректорлорунун жана Академиянын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин отчетторун угуу;
3) окуу пландарын жана окуу процессинин графиктерин, сабактардын тизмегин бекитүү, сабактардын программаларын, аспиранттардын, докторанттардын, изденүүчүлөрдүн жеке окуу пландарын бекитүү тартибин, ошондой эле алардын аткарылышын контролдоо тартибин аныктоо;
4) окутуунун инновациялык технологияларын ишке киргизүүнү кошкондо, окуу процессин уюштуруу жана оптималдаштыруу маселелерин кароо;
5) Академиянын окуу жана илимий бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу маселелери боюнча сунуштарды кароо жана иштеп чыгуу;
6) Академиянын илимий-изилдөө жана окуу-методикалык иштеринин жалпы багытын аныктоо, ошондой эле аспиранттардын жана докторанттардын диссертацияларынын темаларын бекитүү;
7) окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөрдүн делолорун кароо, белгиленген тартипте окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жана алардын окумуштуулук наамдарын бекитүүгө сунуштоо;
8) окумуштуулук даражаларды ыйгаруу үчүн Академиянын илимий-педагогикалык кызматкерлеринин, аспиранттарынын, докторанттарынын жана изденүүчүлөрүнүн делолорун кароо жана диссертацияларды коргоо боюнча адистештирилген кеңештерге сунуштамаларды берүү;
9) Академиянын илимий-педагогикалык кадрларын мамлекеттик сыйлыктарга жана сый акыларга сунуштоо жөнүндө делолорду кароо;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык угуучуларды, аспиранттарды, докторанттарды жана изденүүчүлөрдү кабыл алуу шарттарын жана эрежелерин аныктоо;
11) Академиянын ардактуу профессору жана ардактуу доктору наамдарын кошкондо, ардактуу наамдарды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
12) ушул Уставдан келип чыгуучу башка маселелерди чечүү.
8. Академиянын Камкорчулар кеңеши
54. Академияны өнүктүрүүнүн учурдагы жана келечектеги милдеттерин чечүүгө көмөк көрсөтүү, анын ишин жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн кошумча финансылык жана материалдык каражаттарды тартуу максатында, ошондой эле бул каражаттарды пайдаланууну контролдоо үчүн Академиянын Камкорчулар кеңеши түзүлөт.
55. Академиянын Камкорчулар кеңеши өз ишин көз карандысыздык, ачыктык, коллегиялуулук, ак ниеттүүлүк жана мыйзамдуулук принциптеринде жүргүзөт.
Ректордун төмөнкүдөй чечимдери Академиянын Камкорчулар кеңеши менен макулдашуудан кийин кабыл алынат:
- Академиянын кызматкерлеринин жана ишке тартылган адистердин эмгек акысын төлөөгө багытталуучу атайын эсептин каражаттарынын көлөмү, ошондой эле алардын эмгек акысын төлөөнүн, материалдык дем берүүнүн жана материалдык жардамдын механизмдери жана өлчөмү жөнүндө;
- атайын жана донордук каражаттардын эсебинен сатып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү тескөө, ошондой эле мындай кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн алынган каражаттарды тескөө боюнча;
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча;
- юридикалык жактын укуктары менен түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдү уюштуруу жана алардын уставдарын бекитүү жөнүндө.
56. Академиянын Камкорчулар кеңешинин курамы Президенттин Администрациясынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий, билим берүү жана бизнес коомчулуктардын, коомдук жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен Академиянын сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан 7ден кем эмес адамдан түзүлөт жана бекитилет.
57. Академиянын Камкорчулар кеңеши жөнүндө жобо Академиянын сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилет.
9. Академиянын мүлкү жана каржылоо.
Эсепке алуу жана отчеттуулук
58. Академиянын мүлкү ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилген жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларды кошпогондо, билим берүү максаттарынан тышкары пайдалануу үчүн алынбайт.
Академия ага бекитилип берилген мүлктү мүлктүн ээсинин макулдугу менен гана ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укуктуу.
59. Академия мүлктү эсепке алуу жана отчеттуулук үчүн мезгил-мезгили менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мүлккө инвентаризация жүргүзөт.
60. Академия өз ишинин жыйынтыктарын ыкчам бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну жүргүзөт жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына отчет берет.
61. Академиянын каржылоо булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;
2) жеке каражаттар, анын ичинде билим берүү, консультациялык, илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк-коммерциялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштен валюталык келип түшүүлөр;
3) мамлекеттик жана коммерциялык банктардын кредиттери;
4) ишканалар, уюмдар, коомдук фонддор, жеке жактар (анын ичинде чет өлкөлүк) тарабынан акысыз берилүүчү каражаттар;
5) кадрларды даярдоого юридикалык жана жеке жактар менен келишимдер боюнча алынуучу каражаттар;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган гранттык жана башка каражаттар.
62. Академия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт.
10. Ушул Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби.
Академиянын ишин токтотуу
63. Ушул Уставга өзгөртүүлөр Академиянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилет.
64. Академиянын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны жоюу же кайра уюштуруу аркылуу токтотулат.
65. Академиянын ишин токтотууда анын иш процессинде келип чыккан документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.