Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 24-ноябры ПЖ № 327
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу
академиясы жөнүндө
Натыйжалуу жана натыйжага багытталган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасын калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына (мындан ары - Академия) ушул Жарлыктын 4-пунктун эске алуу менен уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономдуулук берүүнү караган өзгөчө статус ыйгарылсын.
2. Академия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагынан чыгарылсын.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Академиянын уставы 1-тиркемеге ылайык;
2) Академияны башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
4. Ушул Жарлык күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдык мөөнөттө Академияга карата "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 2-бөлүгүн колдонбоону караган, анын финансылык ишин жөнгө салуучу атайын укуктук режим киргизилсин.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Академиянын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттары жана штаттык санынын чеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларына берилген укуктарга кошумча Академияга төмөнкүдөй укуктар берилет:
- Академиянын камкорчулук кеңеши менен макулдашуу боюнча ички уюштуруучулук-башкаруучулук түзүмүн өз алдынча аныктоо;
- Академиянын ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн статусун жана аталышын, алардын ишин уюштуруу тартибин жана аларды башкарууга жана кызматкерлерге карата талаптарды өз алдынча аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен макулдашуу боюнча Академиянын проректорлорун өз алдынча кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
- камкорчулар кеңеши менен макулдашуу боюнча Академиянын кызматкерлерине жана ишке тартылган адистерге материалдык дем берүү жана атайын өнүктүрүү фондунан жумшалуучу каражаттардын көлөмүн жана шарттарын аныктоо;
- бюджеттен тышкары каражаттарды пайдалануу үчүн казыналык системасынан тышкары мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктарда банктык эсептерди ачуу;
- билим берүү, консультациялык, илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк-коммерциялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка иштен каражаттар түрүндө киреше алууга жана камкорчулар кеңеши менен макулдашуу боюнча аларды Академиянын ишин жакшыртууга жана материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жумшоо;
- акы төлөнүүчү билим берүү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди өз алдынча түзүү жана бекитүү;
- Академиянын юридикалык жак статусу бар ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүнө алардын балансында турбаган, аларга бекитилип берилген материалдык-техникалык базаны капиталдык жана учурдагы оңдоп-түзөөгө, өнүктүрүүгө байланышкан финансылык чыгымдарды аталган бөлүмдөрдүн бекитилген киреше жана чыгаша сметаларынын чегинде жүргүзүүгө укук берүү;
- ыктыярдуу кайрымдуулуктун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен Академияны өнүктүрүү үчүн фонддорду түзүү.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги № 57 "Маалыматтык технологиялардын Улуттук борбору жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Академия:
- юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин жана ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Академиянын кызматкерлеринин штаттык санынын чегин көбөйтүүнү жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып төмөнкүлөрдү карасын:
- Академиянын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну:
административдик-башкаруучу жана башка персоналынын - 100 пайызга;
ректордун, проректорлордун - 50 пайызга;
профессордук-окутуучулук курамдын - 100 пайызга;
- атайын өнүктүрүү фондунун иштеши жана кызматкерлерге материалдык дем берүү үчүн республикалык бюджеттен Академияга эмгек акы төлөө фондунун 50 пайызы өлчөмүндө финансылык каражаттарды бөлүүнү;
2) өзгөчө статуска ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн айрым мамлекеттик билим берүү уюмдарына карата "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 2-бөлүгүн колдонуунун өзгөчөлүктөрүн белгилеген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте демилгелесин;
3) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин жана ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
10. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 1-октябрындагы № 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 2-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-августундагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 130 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
11. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
12. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-ноябрындагы № 93 (3749) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы
Мамлекеттик башкаруу академиясынын башкаруу схемасы