Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК
САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН
БУЙРУГУ
2025-жылдын 13-ноябры № 648
Салык кызматынын органдарынын формалык кийиминин маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобонун 9-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 1-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Салык кызматынын органдарынын формалык кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин сыпаттамасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Салык кызматынын органдарынын формалык кийимдерин жана айырмалоо белгилерин кийип жүрүү эрежелери 2-тиркемеге ылайык.
2. Юридикалык башкармалык:
– ушул буйрук жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөсүн эки нускада кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө анын жарыяланган булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Маалыматтык саясат башкармалыгы ушул буйрукту “Эркин-Тоо” гезитине расмий жарыялоону камсыз кылсын.
4. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
5. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өздүк курамына жеткирсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
7. Ушул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 91 (3747) саны менен жарыяланды
Төрага |
| А.Н. Шыкмаматов |
|
| Тиркеме 1 |
Салык кызматынын органдарынын формалык кийиминин
жана айырмалоо белгилеринин сыпаттамасы
Глава 1. Формалык кийимдин негизги элементтеринин
сыпаттамасы
1. Формалык фуражка
Фуражка кочкул көк кездемеден, ал эми тегерете кыры жана төбөсү жашыл милтеден даярдалат. Кырына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби (мындан ары – Мамлекеттик герб) түшүрүлгөн эки кичине топчуга филиграндан кош өрүлгөн боо тагылат, кырында алтын жалатылган кокарда жайгашкан. Фуражканын маңдайкы калканчы кара, лакталган.
Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси жана андан жогору атайын наамы бар адамдардын фуражкасынын кебинде Кыргыз Республикасынын герби жайгашкан.
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн кырындагы маңдайкы калканчынын үстүндө алтын жалатылган филиграндык боодон тышкары симметриялуу жайгашкан эки эмен бутактары түрүндөгү алтын түстөгү саймалуу жасалга бар. Жайкы фуражка ак же боз түстө болушу мүмкүн.
Айымдарга фуражканын ордуна ак же кочкул көк түстөгү, кырлары көк-жашыл түстөгү тегерек формадагы (берет же пилотка) баш кийим берилет.
2. Кепка
Кепка-бейсболка кочкул көк түстөгү кебез кездемеден тигилет. Кепканын алдыңкы бөлүгүндө салык кызматынын органдарынын эмблемасы жайгашкан.
3. Кулакчындуу тумак
Тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы (мандай кыры, желкеси кулакчындары менен) боз түстөгү каракүлдөн тигилген. Төбөсү төрт кыйыктан туруп, маңдай кыры жана кулакчындуу желкеси (ич жагы) кочкул көк түстөгү күдөрүдөн жасалат. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөр жана тегерек төбөдөн турат. Маңдай кырынын алды жагында Мамлекеттик герб түшүрүлгөн кокарда жайгашкан.
4. Бапак
Бапак кесилген конус түрүндөгү алкактан жана алкактын үстүңкү кырынан 4 см чыгып турган калпактан (төбөдөн) турат. Алкагы боз түстөгү табигый каракүлдөн жасалат. Калпак төрт кыйыктан туруп, кочкул көк түстөгү ноотудан тигилет. Төбөсүнүн үстү жагындагы тигиштерине эни 5-6 см болгон алтын түстөгү околуу тасма кайчылаш бастыра тигилген.
Бапактын алкагынын алды жагынын дал ортосуна кокарда бекитилет.
Эркектер үчүн бапак жогорку курамдагы жана салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамы бар адамдарга гана берилет.
Жогорку курамдагы жана салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамы айымдар үчүн боз түстөгү табигый каракүлдөн тигилген берет берилет.
5. Галстук
Галстук кочкул көк же кара түстөгү жибек сымал, курч бурч менен аяктаган узун трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн турат.
6. Кочкул көк же кара түстө галстук-бант үстү тик бурчтуу түйүн жана тик бурчтуу формада илинген эки лентадан турат. Жашыруун бекиткичтин жардамы менен формалык көйнөктүн жакасынын астына бекитилет.
7. Мээлей – суук мезгилде колду коргоого арналган, кара түстөгү, мех менен жылууланган кышкы форма кийиминин элементи.
8. Моюн орогуч – жылдын суук мезгилинде моюнду сууктан коргоо үчүн колдонулуучу, жоолук түрүндөгү кышкы формалык кийимдин элементи, боз же ак түстө (форманын комплектине жараша) жасалат.
9. Сырт көйнөк
Кыска жеңдүү көйнөк ак же көгүш түстөгү кездемеден тигилип, кайырма жана тик жакалуу, бүктөмү жана жапкычы бар эки төш чөнтөктүү. Алды этегине чейин ачык жана кайып тигилген планкадагы бекиткич менен жасалат. Учасы кокеткалуу. Чөнтөктөрдүн капкалдырыктары жана куру топчуга топчуланат, ал эми бели резина менен бекемделет.
Узун жеңдүү көйнөк ак же көгүш түстөгү кездемеден тигилип, кайырма жана тик жакалуу, бүктөмү жана жапкычы бар эки төш чөнтөктүү. Алды этегине чейин ачык жана кайып тигилген планкадагы бекиткич менен жасалат. Учасы кокеткалуу. Чөнтөктөрдүн капкалдырыктары жана куру топчуга топчуланат, ал эми бели резина менен бекемделет.
Айымдар үчүн сол жагына топчуланат.
10. Күндө кийилүүчү шым же юбка менен китель
Китель кочкул көк түстөгү габардинден тигилет. Китель Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн үч топчуга топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, жылмакай жээктүү, учасы тигиштүү жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеңи кадимкидей кош тигиштүү. Кителде Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн кичирээк өлчөмдөгү топчуларга капкалдырыктуу, Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн каптама жан чөнтөктөрү жана Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн чоң өлчөмдөгү топчуларга топчуланган капкалдырыктаруу төш чөнтөктөрү бар.
Кителдин кайырма жакасына салык кызматынын органдарынын символикасына окшош бүркүт түрүндөгү металл символ бекитилет, мында бүркүттөрдүн баштары карама-каршы тарапка багытталат.
Жогорку курамдагы жана салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары бар адамдар үчүн китель кочкул көк түстөгү габардинден, эки жакка кымтыланма, Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн алты топчусу бар, алардын экөө топчуланат, каптал тилик чөнтөктөрү, капкалдырыктуу жана тилик төш чөнтөгү бар, учасынын этеги тиликсиз жасалат. Жакасы жана кайрылган жең учу жазылыгы 2,5 мм болгон көк-жашыл милте менен кыйылган. Айымдар үчүн китель сол жагына топчуланат.
Жогорку курамдагы атайын наамы бар адамдар үчүн китель формалык кийимдин айырмалоочу элементи болуп саналган лавр-эмен бутактары түрүндөгү алтын оюмунун саймалуу сүрөттөрү менен кооздолгон. Жакасынын ар бир тарабында төмөнкү четин бойлой симметриялуу бирден оюм-чийим жайгашкан, андан 1-1,5 см аралыкта; оюм-чийимдин узундугу 8–10 см, туурасы 2–2,5 см. Бутактары көлөмдүү рельефтик эффект жаратуучу жалбырактардын жана желелердин деталдуу чиймелери менен ийри формага ээ. Кайрылган жең учунда сайма бири-бирине багытталган бир нече ийри бутактардан турган тегерек формада жасалган. Ар бир бутактын узундугу 7–9 см, бийиктиги 2–3 см, саймалардын ортосу жеңдин четинен 5–7 см аралыкта жайгашкан.
Шымдын багалеги кое берилип, манжетсиз тигилген, улук жана орто курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн эни 2,5 мм болгон жашыл милте менен бастырылган. Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн шымдын милтелеринен 0,5 см аралыкта бүткүл узундукка формалык шымдын сырткы тигиши боюнча эни 2,2 см болгон көк-жашыл түстөгү тилке бастырылып тигилет.
Айымдарга форма шым берилиши мүмкүн. Айымдар үчүн шымдын ордуна юбка кийүүгө болот.
Орто жана улук курамдагы атайын наамдары бар айымдар үчүн китель жана юбка кочкул көк түстөгү костюмдук кездемеден тигилет.
Юбка тизеге чейин түз.
11. Жайкы китель
Жайкы китель күндө кийилүүчү китель шым (юбка) сыяктуу эле, болгону ачык боз түстөгү кездемеден тигилет.
12. Жайкы көйнөк
Жайкы көйнөк кочкул көк түстөгү кездемеден тигилет, тигилген кыска жеңдери менен түз, этеги көк-жашыл түстөгү милте менен кыюуланган. Төш чөнтөктөрү каптама болуп, “бант” бүгүштүү жана топчуга топчулануучу капкалдырыктары бар. Жакасы кайырма лацкандары менен, топчулары белине чейин бүчүлөнөт, көйнөктүн каптал чөнтөктөрү тилик жалбырактуу кыюуланган, көйнөктүн этеги алды жагында беттеме бүгүштүү, белинде тоголуу куру бар.
13. Эркектердин камуфляж түстүү кездемеден тигилген жайкы күрмөсү
Камуфляждуу кочкул-бирюза түсүндөгү кездемеден тигилген погондору бар күрмө (кочкул-бирюза түсүнүн 4 өңүнөн турган градациясы менен), боору борттук жашырын сыдырмалуу жана металл тырс этмелүү. Өңүрү сооруга чейин, белине чоймо өткөрүлгөн кашат салынган, капкалдырыктуу каптама төш чөнтөгү жана кыюусу бар ички тилик чөнтөгү бар. Жакасы кайырма, илгичинин алдына металл тегерекчелерден жел кирме көзөнөкчөлөр салынган. Өңүрү түз тигилип, тууралжын кокеткалуу. Жеңине кош тигиш салынган орнотулма, манжеталуу.
Шым камуфляждалган кочкул-бирюза (кочкул-бирюза түстүн 4 өңүнөн турган градациясы менен) түсүндөгү кездемеден түз тигилген, кашаты менен туташ бычылып, топчу менен топчулануучу илгичтери бар. Шымдын капталдарында капкалдырыктуу жан чөнтөктөрү бар.
Кепка камуфляждалган кочкул-бирюза (кочкул-бирюза түстүн 4 өңүнөн турган градациясы менен) түсүндөгү кездемеден тигилип, сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан жана маңдайдан турат. Кепканын эки капталына металл тегерекчелерден жел кирме үчтөн көзөнөкчө салынган, маңдайынын так ортосуна кокарданын астына металл тегерекчелерден жел кирме бир көзөнөкчө салынган.
14. Эркектердин камуфляж түстөгү кышкы кездемеден жасалган бушлаты
Төмөнкү температура шарттарында колдонууга арналган түз силуэттеги, узун кышкы бушлат. Төрт түстүү градация менен камуфляждалган кочкул бирюза өңүндөгү, эскирүүгө туруктуу кездемеден жасалган. Сырткы кездеме суудан жана кирден коргоочу материалдан тигилген.
Борбордук бекиткич, бышык металл сыдырмасы менен жашырылган, металл илгичтери бар кенен шамал өткөрбөй турган тилке менен жабылган. Өңүрлөрү төрт чөнтөктүү: үстүңкүлөрү – кнопкалуу капкалдырыктуу каптама, астылары – тилик тилик, жылууланган, колду сууктан коргойт.
Учасы горизонталдуу кокетка менен түз. Белдеги ички тарткыч көлөмдү жөндөөгө жана жылуулукту сактоого мүмкүндүк берет.
Жакасы бийик, артка жылдырылган, жылууланган, илгич менен көтөрүлгөн абалда көтөрүү жана бекитүү мүмкүнчүлүгү бар. Жакасында тешикчелерди орнотуу үчүн металл блоктор менен кооздолгон желдетүүчү тешиктер бар. Зарыл болгон учурда алынып салынуучу жылуулатылган капюшонду алып да коюуга болот.
Жеңдери кайып тигилген, эки тигиштүү, ички трикотаж манжеттери жана туурасын жөндөө үчүн кнопкалуу тышкы тарткычтары бар.
Бушлаттын ички бети - көп катмарлуу, жогорку жылуулуктагы синтетикалык изоляцияны колдонуу менен (мисалы, тинсулейт же ушуга окшош) жылуулатылган. Ички чөнтөктөрү сыдырма.
Ийиндерине – негизги камуфляж кездемеден тигилген погондор тагылат.
15. Айымдардын шымдуу жайкы костюму
Жайкы костюм кочкул көк түстүү кездемеден тигилет, денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштө жакет, бир жагына кымтыланма кыска жеңдүү, кайрылган жең учу көк-жашыл түстүү милте менен бастырылган, бүчүлөмөсү “көрүнбөгөн” кайырма жакалуу лацкандары менен, рамкаланган тилик жан чөнтөктөрү, учасы бир тигиштүү төш чөнтөгү тилик жалбыракчалуу.
Шым түз жан чөнтөктөрү, бел кур каптал тигишинде көк-жашыл милте басылган.
16. Күрмө
Күрмө күңүрт-көк түстөгү жарым-жартылай жүн кездемеден тигилет, сыдырма салынган тилик жан чөнтөктөрү бар, кайырма жакалуу, бел кур жана ичилик салынган. Өңүрлөрү кокеткалуу, кокеткалар бастыра тигилген тигиштерге капкалдырыктуу “беттеме” бүгүлүү чөнтөктөр салынган. Учасы ортосунда тигиши бар кокеткалуу. Жеңи кош тигиштүү, учтарына тилиги бар манжета салынган.
Чөнтөктөрдүн капкалдырыктары, манжеттер жана кур Кыргыз Республикасынын Герби түшүрүлгөн формалык топчуларга топчуланат.
Айымдар үчүн күрмөнүн формасы ушундай эле.
17. Кышкы пальто
Пальто эки жакка кымтыланма, денеге кыналып турат, ичине ватин салынган, Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн алтын түстүү алты формалык топчуга топчуланат, жакасы кайырмалуу лацкандары менен, жеңдери кош тигиштүү. Улук жана орто курамдагылар үчүн күңүрт-көк түстөгү драптан тигилет.
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн пальто бозомтук-көгүш түстөгү драптан, 1-рангдагы салык кызматынын кеңешчиси деген атайын наамдары бар адамдар үчүн кочкул-көк түстөгү драптан. Жакасы каракүл, жеңдери тилик, кош тигиштүү, тиликке Кыргыз Республикасынын Герби түшүрүлгөн алтын түстүү кичине өлчөмдөгү экиден топчу кадалган.
Айымдар үчүн пальто денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштө, бир жагына кымтыланма, жакасы кайырма Кыргыз Республикасынын Герби түшүрүлгөн төрт формалык топчуга топчуланат.
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар айымдар үчүн пальто денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштө бозомтук-көгүш түстөгү кездемеден тигилет, 1-рангдагы салык кызматынын кеңешчиси деген атайын наамдары бар айымдар үчүн күңүрт-көк түстөгү кездемеден тигилет, эки жакка кымтыланма, ичине ватин салынган. Жакасы кайырма, жаканын жогорку бөлүгүнө, кайрууларына, манжеттерине жана жеңине каракүл салынган. Пальто Кыргыз Республикасынын Герби түшүрүлгөн алты формалык топчуга топчуланат.
Пальтонун кайырма жакасына салык кызматынын органдарынын символикасына окшош бүркүт түрүндөгү металл символ бекитилет, мында бүркүттөрдүн баштары карама-каршы тарапка багытталат.
18. Эркектердин кышкы күрмөсү
Күрмө кочкул көк түстөгү жылууланган кездемеден тигилет, жасалма мех жакалуу жана чыгарып коймо капюшону бар, түз тигилген, боору сыдырма жана кнопкалар салынган. Өңүрлөрүндө бел сызыгы боюнча ички тилкелери, капкалдырыктуу каптама төш чөнтөгү жана капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү бар, жакасы кайырма, жасалма мехтен. Учасы бел сызыгы боюнча ички тилкелер менен туташ бычылган. Жеңдери орнотулма, кош тигиштүү. Жеңинин учу ичин карай бүгүлүп, туюк тигилген.
19. Плащ
Плащ күңүрт көк түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, төрт топчуга ичинен топчулануучу бир жагына кымтыланма, ичилик салынган, тогоо менен курчалуучу куру бар. Жакасы кайырма, кесик каттамдуу. Өңүрлөрү кокеткалуу, кыюуланган тилик чөнтөктүү. Учасы кокеткалуу жана тигиш дал ортосунан өтүп, тилик болуп бүтөт. Жеңи кош тигиштүү, уч жагы тигилген жең тарткычтуу, анын бош учтары бүчүлүккө топчуланат.
Плащтын кайырма жакасына салык кызматынын органдарынын символикасына окшош бүркүт түрүндөгү металл символ бекитилет, мында бүркүттөрдүн баштары карама-каршы тарапка багытталат.
20. Жазгы-күзгү куртка
Жазгы-күзгү куртка күңүрт көк түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, бир жагына кымтыланма, кыюуланган тилик чөнтөктүү клапандары топчуга топчуланат. Төш чөнтөктөрүнө сыдырма салынган. Жакасы кайырма. Бүчүлүгү тигилүүчү кырында, жеңдери бир тигиштүү, алды жагы пластмасса топчуларга топчуланат. Куртканын белинде – көмүскө тартма. Капюшону жана синтепон ичилиги топчуларга топчуланат. Жакасына, кырына, жеңдин учтарына, чөнтөктөрүнө жана клапандарына кооздолуучу тигиш жүргүзүлгөн.
21. Сыйлыктар планкасы
Сыйлыктар планкасы (ордендердин жана медалдардын планкасы) бул сыйлык үчүн белгиленген тиешелүү түстөгү жана үлгүдөгү муар тасмасы менен капталган тик бурчтуу металл же желим түрүндөгү негиз болуп саналат. Планка формага тагууга арналган.
Сыйлыктар планкалары кызмат адамынын төшүнүн сол жагына, кителдин төш чөнтөгүнүн үстүндө бир же бир нече катар жайгаштырылат, сыйлыктардын улуктугу тартибинде – борбордон сырткы четине чейин жайгаштырылат. Бир нече катар жайгаштырылганда, үстүнкү катар астыңкы катарга караганда көбүрөөк же бирдей сандагы планкаларды камтышы керек.
Планкалар атайын бекиткичтин же кармоочу негиздин жардамы менен формалык кийимге бекитилет. Кызматкердин алган мамлекеттик же ведомстволук сыйлыктарына ылайык келбеген планкаларды тагынууга жол берилбейт.
22. Бут кийим
Бут кийим иш стилине ылайык келиши керек, катуу, жабык, жылмакай териден же сырткы көрүнүшү жана сапаты боюнча окшош башка материалдардан жасалышы керек.
Кара же кочкул күрөң түстө, классикалык тамандуу (резина же булгаары), декоративдик элементтери жок, кызматтык стилге ылайык келген бут кийимдерге уруксат берилет.
Эркектер үчүн үстү жабык, боолуу же боосу жок, такасы жапыз же такасы жок бут кийим.
Айымдар үчүн жабык типтеги бут кийим, моделдүү же классикалык, 5 смден жогору эмес ыңгайлуу такалуу, буттун башы жана согончогу жабык болушу керек. Суук мезгилде ичи жылууланган кара булгаары өтүк кийүүгө уруксат берилет. Эркектер үчүн кончу кыска өтүк; айымдар үчүн кончу узун.
Конструкцияда “сыдырма” тибиндеги бекиткич каралууга жана кийимдин жалпы формасына ылайык келүүгө тийиш.
Глава 2. Айырмалоо белгилеринин сыпаттамасы
23. Айырмалоо белгилер болуп: кокарда, тулкудагы кокарда, эмблема, колго тагылган шеврон, погондор, топчулар эсептелет.
24. Кокарда
Кокарда металлдан жасалган, бир бүтүн штампталган, стилдештирилген лавр жалбырактарынан жасалган алтын түстүү гүлчамбар түрүндө, гүлчамбардын ичинде алтын түстүү томпок сүйрү розетка жайгашкан, анын борборунда Кыргыз Республикасынын герби жайгашкан, гербдин четинен кокарданын четтерине чейин гофрленген бети бар.
Борбордо кокарданын капталдарын баш кийимге бекитүү үчүн клямер коргойт.
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн кокарда эмен жалбырактары менен алкакталат.
25. Эмблема
Эмблема алтын түстүү, металлдан, толук куюлуп жасалат. Контуру рельефтелген, контурдун ортосунда салык кызматынын органдарынын символика белгилеринин элементтери тартылган.
26. Топчулар
Топчулардын чөйчөкчөсү, түпчөсү, көзөнөгү же илмечи бар, алтын түстө, металлдан жасалат.
Үстүңкү бет жагы томпок Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтик сүрөтү тартылган.
Топчунун диаметри 14 жана 22 мм.
Алтын, кочкул-көк жана көк түстөгү пластмассадан жасалган топчуга уруксат берилет.
27. Жеңге тагылуучу шеврон
Шеврон жүндөн же пахтадан жасалган кездемеден жасалат. Шеврондун жалпы контуру сүйрү, төмөнкү бөлүгүндө тегеректелген бурчтары менен тигинен узартылган, формасы калканга окшош. Күңүрт-көк түстүн фонунда төмөнкү бөлүгүндө салык кызматынын органдарынын символикасына окшош ак бүркүт жайгашкан. Бүркүттүн жогору жагында ак түстөгү “КЫРГЫЗСТАН САЛЫК КЫЗМАТЫ” деген жазуу бар. Бүркүттүн башына окшош түстөгү геометриялык фигуралар коюлган: ортоңку бөлүгүндө үч ромб, эки капталында тегерек фигуралар. Көрсөтүлгөн элементтер бүркүттүн башынын үстүндө сүйрү композицияда жайгашкан. Кантовкасы жашыл түстөгү ичке сызык менен жасалат.
Салык кызматынын органдарынын эмблемасы болгон жеңге тагылган белги (шеврон) кийим формасынын бардык түрүнө тагылат жана сол жеңдин сырткы бетинин ортосуна, жеңдин жогорку чекитинен 8 см аралыкта жайгаштырылат.
Шеврондун бийиктиги 9 см, туурасы 7 см.
28. Погондор
Ийинге тагылма погондор кителге, күрмөгө, пальтого, плащка, сырт көйнөккө кадалат. Погон жумшагыраак, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине жарыш кетет.
Погондун узундугу 12-16 см, жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн погондун эни 4-5,5 см, ал эми 1-рангдагы салык кызматынын кеңешчисинен салык кызматынын кичи инспекторуна чейинкилер үчүн 5,5 см. Погондун четтери, төмөн жагынан башкасы көк-жашыл нооту менен милтеленет, милтенин эни – 2,5 мм.
Погондун түсү күңүрт-көк, ал эми ак түстөгү көйнөккө – күмүш же ак түстө болот.
Салык кызматынын 1, 2, 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчилеринин погондору өзгөчө өрүлгөн көк түспөл волокадан даярдалат, жарык чагылдыргыч тилкеси жок, ич жагы нооту менен кыюланат.
Салык кызматынын 1-рангдагы мамлекеттик кеңешчисинин погонунун талаачасына ар биринин диаметри 25 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу 3 жылдызча тигилет.
Салык кызматынын 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметрлери 25 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу 2 жылдызча тигилет.
Салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметри 25 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу бир жылдызча тигилет.
Салык кызматынын 1, 2, 3-рангдагы кеңешчилеринин погондору ич жагы нооту менен кыюуланып, кочкул-көк түспөл волокадан даярдалат. Погондун талаачасында көк-жашыл түстөгү эки жарык чагылдыргыч тилке болот. Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметри 20 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу 3 жылдызча бекитилет.
Салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметри 20 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу 2 жылдызча бекитилет.
Салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметри 20 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу 1 жылдызча бекитилет.
Салык кызматынын 1, 2, 3-рангдагы инспекторлорунун погондору ич жагы нооту менен кыюуланып, кочкул-көк түспөл волокадан даярдалат. Погондун талаачасында көк-жашыл түстөгү бир жарык чагылдыргыч тилке болот.
Салык кызматынын 1-рангдагы погондун талаачасына диаметри 13 мм болгон алтын түспөл 4 жылдызча бекитилет.
Салык кызматынын 2-рангдагы погондун талаачасына диаметри 13 мм болгон алтын түспөл 3 жылдызча бекитилет.
Салык кызматынын 3-рангдагы погондун талаачасына диаметри 13 мм болгон алтын түспөл 2 жылдызча бекитилет.
Жогорку, улук, орто курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн параддык погондор алтын түстүү волокадан жасалат.
Салык кызматынын кызматчыларынын погондорундагы жылдыздар аскер кызматчыларынын погондорундагы жылдыздардын жайгашуусуна окшош жайгаштырылат.
Погондордо жогорку кең бурчунун жанында алтын түстүү томпок бүркүт белгиси орнотулат, буга бул белги салык кызматынын органдарынын символикасына окшош жакага бекитилген учурлар кирбейт. Белги погондун бетине перпендикуляр жайгаштырылат, мында эки ийиндеги погондордогу бүркүттөр бир тарапка — алдыга, кароо багыты боюнча багытталат.
Бүркүттүн алтын түстүү томпок белгиси салык кызматынын органдарынын формалык кийиминин милдеттүү элементи болуп саналат жана 15ке 15 мм өлчөмүндө даярдалат.
Глава 3. Комплекттердин саны жана формалык кийимдерди кийүү мөөнөтү
№ | Формалык кийимдин аталышы | Комплекттин саны | Кийүү мөөнөтү (жыл) |
1 | Формалык фуражка | 1 | 3 |
2 | Берет, пилотка (бирөөсүн) | 1 | 3 |
3 | Кепка | 1 | 3 |
4 | Кулакчындуу тумак | 1 | 5 |
5 | Бапак | 1 | 3 |
6 | Каракүлдөн тигилген берет | 1 | 3 |
7 | Галстук | 1 | 3 |
8 | Мээлей (же ичи мех мээлей) | 1 (пара) | 4 |
9 | Кашне | 1 | 3 |
10 | Узун жеңдүү сырт көйнөк | 2 | 1 |
11 | Кыска жеңдүү сырт көйнөк | 2 | 1 |
12 | Күндө кийилүүчү китель | 1 | 2 |
13 | Багалеги кое берилген шым (юбка) | 1 | 1 |
14 | Жайкы китель | 1 | 2 |
15 | Жайкы көйнөк | 1 | 1 |
16 | Камуфляж түстүү кездемеден тигилген күрмө | 1 | 3 |
17 | Камуфляж түстүү кездемеден тигилген шым | 1 | 1 |
18 | Камуфляж түстүү кездемеден тигилген кепка | 1 | 3 |
19 | Эркектердин камуфляж түстүү кездемеден тигилген кышкы бушлаты | 1 | 3 |
20 | Айымдардын жайкы костюму үчүн жакет | 1 | 2 |
21 | Айымдардын жайкы костюму үчүн шым | 1 | 1 |
22 | Күрмө | 1 | 3 |
23 | Кышкы пальто | 1 | 3 |
24 | Эркектердин кышкы күрмөсү | 1 | 3 |
25 | Плащ | 1 | 4 |
26 | Жазгы-күзгү куртка | 1 | 3 |
27 | Кышкы өтүк | 1 (пара) | 2 |
28 | Кыска кончтуу өтүк (туфли), айымдардын туфлиси | 1 (пара) | 2 |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетине караштуу
Мамлекеттик салык кызматынын
2026-жылдын 30-июнундагы № П-288
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК
САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН
БУЙРУГУ
2025-жылдын 13-ноябры № 648
Салык кызматынын органдарынын
формалык кийиминин маселелери жөнүндө