Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-ноябры № 729
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 "Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк
автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча
чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн транспорт каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- төмөнкүлөрдү кошпогондо, пайдаланылуучу нөөмөттүк жеңил автотранспорттун кыймылдаткычынын көлөмү 2700 куб.см ашпоого тийиш:";
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү, төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- ыктыярдуу түрдө берилген, конфискацияланган жана башка жол менен мамлекеттин кирешесине айландырылган автотранспорт каражаттарын;
- ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн кызмат адамдарын тейлөө үчүн кызматтык автотранспортту;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 87 (3743) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |