Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-апрели № 240
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 453, 2022-жылдын 28-ноябрындагы №663, 2023-жылдын 16-майындагы № 259, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 468, 2024-жылдын 22-февралындагы № 74 , 2024-жылдын 7-октябрындагы № 603, 2025-жылдын 3-мартындагы № 109, 2025-жылдын 4-мартындагы № 112, 2025-жылдын 28-мартындагы № 166, 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 173 , 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 231 , 2025-жылдын 27-июнундагы № 366 , 2025-жылдын 2-июлундагы № 388, 2025-жылдын 24-июлундагы № 438, 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 620, 2025-жылдын 17-октябрындагы № 676, 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 729, 2025-жылдын 12-ноябрындагы № 737, 2025-жылдын 10-декабрындагы № 798, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 857, 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 269, 2026-жылдын 25-июнундагы № 436 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын күтүүгө бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту пайдаланууну катуу чектөө режимин киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кызматтык жеке автотранспорттун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу укугуна ээ кызмат адамдарынын тизмеги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- мамлекеттик органдын жетекчисинин автотранспорттук каражатын кошпогондо, мамлекеттик органдарды тейлөө үчүн нөөмөттүк жеңил автотранспорттун санынын лимити (атайын автомашиналардан башкасы) 2-тиркемеге ылайык;
- жетекчинин автотранспорттук каражатын кошпогондо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөө үчүн нөөмөттүк жеңил автотранспорттун санынын лимити 3-тиркемеге ылайык;
- кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорттун отунду чыгымдоо лимити 4-тиркемеге ылайык.
3. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту төмөнкүдөй пайдаланууга тыюу салынсын:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын функциялык милдеттерин түздөн-түз аткарууга байланышпаган максаттарга, анын ичинде дем алыш жана майрам күндөрү, ошондой эле жумуштан тышкары убакта;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин үй-бүлө мүчөлөрүн тейлөө үчүн.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- төмөнкүлөрдү кошпогондо, пайдаланылуучу нөөмөттүк жеңил автотранспорттун кыймылдаткычынын көлөмү 2700 куб.см ашпоого тийиш:
- ыктыярдуу түрдө берилген, конфискацияланган жана башка жол менен мамлекеттин кирешесине айландырылган автотранспорт каражаттарын;
- ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн кызмат адамдарын тейлөө үчүн кызматтык автотранспортту;
- мамлекеттик мекемеге техникалык же демөөрчүлүк жардам түрүндө акысыз негизде өткөрүп берилген автотранспорт каражаттарын;
- чыгарылган күнүнөн тартып 10 жылдан ашык мөөнөттө пайдаланылган автотранспортту сатып алууга тыюу салынат;
- 1-тиркемеде көрсөтүлгөн кызмат адамдарын кошпогондо, кызмат адамдарын тейлөө үчүн наркы 5000000 сомдон ашпаган жеңил автотранспорт каражаттары (бензин жана электр кыймылдаткычтары менен) сатып алынат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Автотранспорттук ишкана" мамлекеттик мекемесин кошпогондо, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелердин эсебинен мамлекеттик органдардын жана бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын түзүүгө жол берилбейт;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын автотранспорту жумуш убактысы бүткөндөн кийин, саат 20.00дөн кечикпестен (жумуш боюнча чыгууларды кошпогондо) кызматтык гаражда же атайын бөлүнүп берилген кызматтык жерде токтотулууга тийиш, башка учурларда транспорттук каражат үчүн жоопкерчилик келишими түзүлөт;
- мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусунда ири протоколдук иш-чараларды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан аталган иш-чараларды өткөрүү убагында жетишпеген автотранспортту сурап алууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 620, 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 729, 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 269 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- белгиленген лимиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Автотранспорттук ишкана" мамлекеттик мекемеси же жеке ишканалар менен келишимдерди түзүү жолу менен транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү жалдоого;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген ченемдер боюнча компенсация төлөө менен жеке автотранспортту кызматтык максаттарга пайдаланууга.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мамлекеттик органдардын автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Автотранспорттук ишкана" мамлекеттик мекемесинин балансына кабыл алуу укугу жана ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген автотранспорт каражаттарынын лимитинин алкагында анын ыкчам башкаруусунда, анын ведомстволук уюмдарынын чарба жүргүзүүсүндө турган кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорт каражаттарын мамлекеттик органдардын, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын ыкчам башкаруусуна, чарба жүргүзүүсүнө жана мөөнөттүү пайдалануусуна өткөрүп берүү укугу берилсин.
7. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик комиссиялардын жетекчилери:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго эл аралык уюмдар тарабынан каржылануучу, алардын алкагында автотранспорт каражаттары сатып алына турган же бөлүнүп бериле турган долбоорлордун ишке ашырылышын баштоо жөнүндө маалыматты берүүнү камсыздашсын;
- эл аралык уюмдар тарабынан каржылануучу ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында, анын ичинде гранттардын жана каржылоонун башка булактарынын эсебинен сатып алынган же бөлүнүп берилген, ыкчам башкарууда же чарба жүргүзүүдө турган, белгиленген лимиттерге кирбеген автотранспорт каражаттарын ал долбоорлор аяктаганда Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп беришсин.
8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун 2, 3-тиркемелерине ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бошотулган автомашиналары боюнча сунуш киргизсин;
- мамлекеттик органдар менен биргеликте бюджеттик мекемелердин кызматтык автотранспортуна, ошондой эле атайын автомашиналарга инвентаризация жүргүзсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына, сот бийлигинин органдарына жана башка мамлекеттик органдарга автотранспорт каражаттары менен камсыздоонун тартибин жана шарттарын бекитүүдө ушул токтомду жетекчиликке алуу сунушталсын.
10. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн органдарына жана мекемелерине, башка аскердик түзүмдөргө, укук коргоо органдарына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматка, Кыргыз Республикасынын чет жактагы дипломатиялык мекемелерине жана өкүлчүлүктөрүнө карата колдонулбайт.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кызматтык жеке автотранспорттун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу укугуна ээ кызмат адамдарынын ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлары.
6. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басарлары.
7. Мамлекеттик органдын жетекчиси.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү.
9. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары.
10. Республикалык маанидеги шаарлардын мэрлери.
|
| 2-тиркеме |
Мамлекеттик органдын жетекчисинин автотранспорттук каражатын кошпогондо, мамлекеттик органдарды тейлөө үчүн нөөмөттүк жеңил автотранспорттун санынын ЛИМИТИ (атайын автомашиналардан башкасы)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 453, 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 663, 2023-жылдын 16-майындагы № 259, 2024-жылдын 22-февралындагы № 74 , 2024-жылдын 7-октябрындагы № 603, 2025-жылдын 3-мартындагы № 109, 2025-жылдын 4-мартындагы № 112, 2025-жылдын 28-мартындагы № 166, 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 231, 2025-жылдын 27-июнундагы № 366, 2025-жылдын 2-июлундагы № 388, 2025-жылдын 17-октябрындагы № 676, 2025-жылдын 12-ноябрындагы № 737, 2025-жылдын 10-декабрындагы № 798, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 857, 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 269, 2026-жылдын 25-июнундагы № 436 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Негизги персоналдагы жумушчулардын саны (адам) | Нөөмөттүк автотранспорттун саны (бирдик) |
Борбордук аппарат | |
50гө чейин | 1 |
51ден 100гө чейин | 3 |
101ден 175ке чейин | 4 |
176дан 250гө чейин | 6 |
251ден ашык | 9 |
Ведомствого караштуу бөлүмдөр | |
50гө чейин | 1 |
51ден 100гө чейин | 2 |
101ден ашык | 3 |
Аймактык бөлүмдөр | |
- | 1 |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аймактык бөлүмүндө нөөмөттүк автотранспорттун 2 бирдигине чейин уруксат берилет.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө нөөмөттүк автотранспорттун 3 бирдигине чейин уруксат берилет. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу "Е-Дипломат" мамлекеттик мекемесинде нөөмөттүк автотранспорттун 6 бирдигине чейин уруксат берилет.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде төмөнкүлөргө уруксат берилет:
- Борбордук аппаратта - нөөмөттүк автотранспорттун 5 бирдигине чейин;
- ведомстволук бөлүмдө (пробация органы) - 1 бирдик, ошондой эле ар бир аймактык бөлүмгө (бөлүмдөр, башкармалыктар -райондук, шаардык жана облустук органдар) 1 бирдиктен нөөмөттүк автотранспорт;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндө функцияларды жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүмдө - "Тилектештик автобусу" долбоорун ишке ашыруу үчүн атайын жабдуулары бар нөөмөттүк автотранспорттун 3 бирдигине чейин.
- аймактык бөлүмдөрдө (Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы, Ош юстиция башкармалыгы) - 2 бирдикке чейин нөөмөттүк автотранспорт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинде 8 бирдикке чейин нөөмөттүк автотранспортту жана 16 бирдикке чейин атайын жабдуусу бар нөөмөттүк автотранспортту баланста кармап турууга уруксат берилет.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппаратында нөөмөттүк автотранспорттун 4 бирдигине чейин уруксат берилет.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинде нөөмөттүк жана кызматтык автотранспорттун 11 бирдигине чейин уруксат берилет (региондук бөлүмдөрдү эске алуу менен).
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында нөөмөттүк автотранспорттун 12 бирдигине чейин уруксат берилет. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктарында нөөмөттүк автотранспорттун 2 бирдигине чейин уруксат берилет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясында нөөмөттүк автотранспорттун 2 бирдигине чейин уруксат берилет.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын (мындан ары -Кызмат) борбордук аппаратында нөөмөттүк автотранспорттун 6 бирдигине чейин уруксат берилет.
Автомобилдердин күйүүчү майына, аларды оңдоого жана техникалык тейлөөгө чыгымдар Кызматтын атайын эсебине түшкөн каражаттын эсебинен жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда нөөмөттүк автотранспорттун 5 бирдигине чейин, алардын ичинен нөөмөттүк автотранспорттун 1 бирдиги Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасын коштоо үчүн (мамлекеттик күзөт) (иш сапардык чыгымдарды эсепке албастан) уруксат берилет.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын борбордук аппаратында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорттун 6 бирдигине чейин уруксат берилет.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин борбордук аппаратында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорттун 7 бирдигине чейин уруксат берилет.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин борбордук аппаратында нөөмөттүк автотранспорттун 4 бирдигине уруксат берилет.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорттун 12 бирдигине чейин уруксат берилет.
|
| 3-тиркеме |
Жетекчинин автотранспорттук каражатын кошпогондо,
жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөө
үчүн нөөмөттүк жеңил автотранспорттун санынын ЛИМИТИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 468, 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 173 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | Нөөмөттүк автотранспорттун саны (бирдик) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Ош шаарынын мэриясы | 5 |
Бишкек шаарынын мэриясы | 8 |
Райондук мамлекеттик администрациялар | 3 |
Облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэриялары | 3 |
Айылдык аймактар | 1 |
Эскертүү: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын транспорттук тейлөө райондук мамлекеттик администрациялардын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын эсебинен, нөөмөттүк автотранспорттун бекитилген лимитинин чегинде жүзөгө ашырылат.
4-тиркеме |
Кызматтык жана нөөмөттүк автомашиналардын отунду чыгымдоо ЛИМИТИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 663, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 468, 2025-жылдын 2-июлундагы № 388, 2025-жылдын 24-июлундагы № 438 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, Бишкек шаарынын мэрине бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 500 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
2. Калктуу конуштары алыс жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 550 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасына, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасына бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 840 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке албастан).
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 500 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
5. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасына бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 500 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
6. Кыргыз Республикасынын Омбудсменине (Акыйкатчысына) бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 500 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
7. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директоруна бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 500 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 1500 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына бекитилип берилген нөөмөттүк автотранспорт үчүн айына 780 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
10. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарларына, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басарларына бекитилип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 300 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке албастан).
11. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бекитилип берилген кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорт жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга бекитилип берилген нөөмөттүк автотранспорт үчүн айына 300 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
12. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппаратына бекитилип берилген нөөмөттүк жана кызматтык автотранспорт үчүн айына 300 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке албастан).
13. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин борбордук аппаратына бекитилип берилген нөөмөттүк жана кызматтык автотранспорт үчүн айына 550 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).
14. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин региондук бөлүмдөрүнө бекитилип берилген нөөмөттүк автотранспорт үчүн айына 480 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).".
15. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлоруна бекитип берилген кызматтык автотранспорт үчүн айына 300 литр (иш сапар чыгымдарын эсепке алуу менен).